Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кумтөр долбоорунун ишине байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышын талкуулады.
Мындан сырткары кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда кол коюлган «Инвестицияларды өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык макулдашуунун» аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту.
Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Боронов Кумтөр келишими башынан эле "ээрге кыйшык отурганын", азыркы өкмөт мурдагылардын катасын оңдоп жатканын айтты.
«Центерра Голд Инк.» чалгындоо ишине жана жер астынан кенди алууга 24 миллион доллар бөлүп жатканын кабарлады.
Депутат Кожобек Рыспаевдин кендерде өкмөттүн үлүшү жок деген сынына мындан кийин кайсы кен иштетилбесин өкмөттүн үлүшү болот деген жооп узатты.
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Кумтөр кени иштетилип баштаган 1997-жылдан 2018-жылга чейин кенден 374,3 тонна алтын өндүрүлгөнүн маалымдады. Андан тышкары быйыл дагы 12 тонна алтын казып алынган.
"Бүгүнкү күндө борбордук карьерде 77 тонна 595 килограмм, Сары-Төрдө 16 тонна 614 килограмм, түштүк батыш карьеринде 10 тонна 136 килограмм алтындын запасы бар. Жалпысынан 104 тонна 345 килограмм алтын бар. Андан тышкары дагы 23 тоннадай алтын бар деген божомол бар. Советтер Союзунда чалгындалгандан кийинки маалыматтар боюнча кенде 716 тонна алтын болгон", - деди Осмонбетов.
Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим күчүнө киргени ушул жылдын 27-август күнү маалым болгон.
Канадалык компания эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жарыялаган.
Айлана-чөйрөнү коргоону жана инвестицияны өнүктүрүүнү көздөйт деп айтылган бул келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган.
Исаковдун отставкасынан кийин бийликке келген Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт ал келишимди "өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт" деп баалап, макулдашуунун шарттары боюнча "Центерра" менен жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган. Натыйжада Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү ушуга чейин узартылып келди.
Абылгазиевдин айтымында, Исаковдун тушунда кол коюлган Стратегиялык келишимде "Центерра" кыргыз тарапка баш-аягы 87 миллион доллар гана берүүгө макул болсо, эми бул сумма 150 миллион долларга көтөрүлдү.
"Бул эми 2026-жылга чейин келип түшө турган каражаттар. Анын ичинде жыл сайын түшө турган жана бир жолу келе турган төлөмдөр бар. Эң башкысы мурдагы кол коюлган макулдашуу менен азыркы биз жетишкен макулдашуунун алкагында 63 миллион доллар каражатты ашыкча алууга жетиштик. Аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз", - деген Абылгазиев.
2010-жылы бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар Кумтөр боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда же 2009-жылы түзүлгөн "келишим өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деген бүтүмгө келип, аны кайрадан карап чыгууну сунушташкан. Ошондой эле кенде экологиялык маселелер көп экени, аймакта мөңгүлөр эрип жатканы белгиленген.
Натыйжада "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтү менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүп, 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү сыяктуу бир катар сунуштар айтылган. Бирок алар боюнча Кыргызстандын ичинде да, “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө да орток пикир табылган эмес.
2012-2013-жылдан тарта Кыргызстанда Кумтөрдү иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү башталган. Экотехинспекция Кумтөрдө “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”, “жер катмары бузулган”, “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган.
2016-жылдын май жана июнь айларында Бишкектин район аралык соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырып, “Кумтөр Голд Компаниге” айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сомдук же кеминде 100 миллион доллар доо койгон.
2016-жылдын 30-майында “Центерра” кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз деп белгилеп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.