Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Экономика

Жаңы-Өзөн. 3-январь, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөн. 3-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай шаарчасы - Жаңы-Өзөндө газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг жекшембиден бери токтой элек. Ал эми казак бийлиги Жаңы-Өзөндө көгүлтүр от "кескин кымбаттабайт" деген билдирүү таратты.

2-январда Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотушкан. Алар суюлтулган газдын баасынын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылышкан.

Чогулгандардын айтымында, 31-декабрда калаада суюлтулган газдын баасы 100 теңге болсо, 1-январдан тарта 120 теңгеге көтөрүлгөн.

Жаңы-Өзөн шаарында чогулгандар облус жетекчиси Нурлан Ногаев менен шаар акими Максат Ибагаровду бааны турукташтыруу жана күйүүчү майдын тартыштыгын болтурбоо боюнча чара көрүүгө чакырышты.

Жаңы-Өзөн шаарында митингге чыккандар. 3-январь, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөн шаарында митингге чыккандар. 3-январь, 2022-жыл.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Энергетика министрлиги өлкөдө суюлтулган газды керектөө жыл сайын өсүп жатканын, ал эми өндүрүш көлөмү мурунку жылдардагы деңгээлде сакталып калганын, бааны арзандатуу мүмкүн эместигин билдирген.

Мындай жоопко канаттанбаган митингчилер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, социалдык маселени тез арада чечүүнү суранышты.

Жекшембиден бери нааразылык акциясына чыгып жаткан жаңы-өзөндүктөрдү Актау шаарынын миңдеген тургуну да колдоп, митингге чыгышты. Алар "Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттерине ызгаардуу суукка карабай шаардагы "Ынтымак" аянтында түнөшкөнүн, бирок полиция аларды күч менен кууп жатканын айтышты.

"Бул жерге жекшемби күнү саат 20:00 чамасында чогулганбыз, азыр таңкы саат 10:00 болуп калды, дагы эле турабыз. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн бири да биз менен сүйлөшүүгө келген жок. Биз да кечээ кечинде жолду жапканбыз, миңден ашык адам чогулду. Түн ичинде алардын көбүн полиция жана ОМОНдор аянттан күч менен алып кетишкен. Жакын жердеги дүкөн даараткананы жаап, интернетти өчүрүп салган. Бизди кармап, ажаатканага киргизбей коюшту. Газдын баасын 60 теңгеге түшүрүү талабы аткарылмайынча, күтөбүз", - дешти Актау шаарында "Ынтымак" аянтына чогулгандар.

Акцияга чыккандар жаратылыш ресурстарына бай Казакстандын батыш аймагындагы калктын көбү мунай-газ тармагында иштебегендиктен кирешеси төмөн экенин эскертишти.

Ал эми Нур-Султандагы Кенесарынын эстелигине Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды колдоо үчүн келген үч адамды полиция кармап кетти. Күч түзүмдөрү окуя болгон жерди видеого тартууга уруксат бербей, “Азаттыктын” журналистинин иштөөсүнө тоскоолдук кылганы кабарланды.

Социалдык тармактарда тараган видеого караганда, борбор калаанын акимчилигине жакын жерде да кармалгандар болду. Андагылар дагы баанын көтөрүлүшүнө каршы чыгышты. Полиция жана жарандык кийимчен айрым бир адамдар митингчилердин жанына келип, «жыйналыш мыйзамсыз экенин» айтып, кийинчерээк алардын баарын күч менен автобуска салып, алып кетишкени белгилүү болду.

Дүйшөмбүдө эртең менен казакстандык оппозициячыл активист Жанболат Мамай элди Алматы шаарынын борбордук аянттына митингге чыгууга чакырды. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин Алматынын ички иштер башкармалыгы Мамайды шаардык тергөө бөлүмүнө «кылмыш иши боюнча» жооп берүү үчүн чакырганы айтылды

Казакстандын Чымкент шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 3-январь, 2022-жыл.
Казакстандын Чымкент шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 3-январь, 2022-жыл.

Ал арада Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Мангыстау облусунун социалдык-экономикалык абалын карай турган өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн, өкмөт Жаңы-Өзөндөгү кырдаал боюнча чара көрө турганын расмий сайтында кабарлады.

"Учурда Мангыстау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери газдын литрин 120 теңгеден 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча активдүү чечим кабыл алышты. Баанын туруктуулугун камсыз кылуу жана газдын баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча чаралар көрүлөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Муну менен катар президент Токаев "Твиттердеги" баракчасына “Жарандар жергиликтүү жана борбордук бийликтерге ачык талаптарды коюуга укуктуу, бирок бул мыйзамга, тактап айтканда, тынчтык митингдер жөнүндөгү мыйзамга ылайык жасалышы керек” деп жазды.

Мангыстаулуктар көгүлтүр оттун баасын арзандатуу талабы менен биринчи жолу чогулуп жаткан жок. 2020-жылы январда Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын баасы 55 теңгеден 65 теңгеге көтөрүлүп, шаардык акимчиликтин алдына чогулган тургундар газдын баасын 55 теңгеге арзандатууну талап кылышкан.

Жаңы-Өзөндө суюлтулган газды чыгарган жападан-жалгыз газ иштетүүчү завод бар. Мындан он жыл мурун да облуста эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын жети айга созулган иш таштоосун полиция 16-декабрда тараткан. Анда расмий маалыматтар боюнча 17 адам каза болгон. Жаңы-Өзөндө андан бери газдын баасы бир нече эсе кымбаттаган.

Кытай Эл Республикасынын (КЭР) лидери Си Цзинпиндин Бээжиндин ортосундагы чоң экрандагы кайрылуусу.
Кытай Эл Республикасынын (КЭР) лидери Си Цзинпиндин Бээжиндин ортосундагы чоң экрандагы кайрылуусу.

Бир жылда эмнелер гана өзгөрбөйт! “COVID-19 эпидемиясын бастык” деген триумфтук маанайда турган Кытайдын бийлиги 2020-жылдын декабрында Евробиримдик менен ири соода-инвестициялык макулдашууга жетишип, дагы бир геосаясий жеңишти багындырды. Бул ошол учурда АКШда иш баштоого даярданып жаткан Жо Байдендин администрациясы үчүн олуттуу белги эле. Бирок кийин 2021-жылдын Бээжин үчүн өз планы бар экенине күбө болдук.

2022-жылы Кытайдын дүйнөлүк аренадагы ролу кандай болот? Бул суроого "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиш жооп издеди. Талдоону кыргызчага Эрнист Нурматов которду.

Узаган жылдын корутундусу

Кытайдагы уйгур азчылыгына карата репрессияларга байланыштуу Кытай Эл Республикасы (КЭР) менен Евробиримдик (ЕБ) бири-бирине санкциялык сокку жасашкандан кийин 2021-жылдын май айында ЕБ менен болгон макулдашуу белгисиз мөөнөткө сандыкка катылды. Кийин Бээжин кытай провинциясы деп санаган Тайва Европа менен байланыштарын чыңдай баштады. Аралчадагы мамлекеттин тышкы иштер министри Жозеф Ву октябрда Борбордук Европа өлкөлөрүндө кайталангыс дипломатиялык турне жасады.

Узаган жылы Кытай ошондой эле 2,7 млн. калкы бар кичинекей мамлекет – Литва менен курч тирешке барды, ал дагы кытай-европа мамилелерине таасир этти. Литва Кытай түртмөлөгөн “17+1 форматынан” чыгып, Тайван менен ымаласын жакшыртууга өттү. Бээжиндин каары Вильнюска каршы пропагандалык өнөктүктү жана экономикалык санкцияларды күчөтүп, анын соңу дипломатиялык ажырым менен бүттү. 15-декабрда Литванын Кытайдагы элчилиги жабылды.

Сыягы Европанын Кытай алакасы боюнча так планы жок окшойт. Бирок 2021-жылдагы окуялар көпчүлүк европалык саясатчыларды жана аткаминерлерди кылчактабай, ачык жана катуу ооз ачууга мажбур кылгансыды. Бул чыр Кытайдын Борбордук Европадан баштап Түштүк Азияга чейинки ар кайсы мамлекеттердеги тышкы саясатына мүнөздүү болгон дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрү менен стратегиялык эсептеринин аралашмасын көрсөттү.

Европа Биримдигинин жана Кытайдын желеги.
Европа Биримдигинин жана Кытайдын желеги.

Бирок акыркы 12 айда Бээжин үчүн баары эле ийгиликсиз болуп калган жок. Орусия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу кытай бийлигин Кремл менен кыйла жакындоого алып келди. АКШнын жана анын союздаштарынын Ооганстандан башаламан чегиниши, ал жакта талибдердин бийликке кайтып келиши Кытай үчүн бул өлкөдө жана чөлкөмдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Ошол эле маалда жаңы тобокелчиликтерди да туудурду.

Эми кирип келген жыл Кытайдын соңку саясий тарыхындагы эң маанилүү жылдардан болушу мүмкүн. Көпчүлүк болжолдорго ылайык, анын азыркы лидери Си Цзиньпин бул жылы саясатта калыптанган салтты бузуу менен өлкөнүн жана башкаруучу партиянын лидери катары өзүнүн кызматын дагы белгисиз мөөнөткө узартып, жеке бийлигин бекемдейт.

Анда эл аралык аренада келерки жылы Кытайдан эмнени күтсө болот? Эксперттер мындан беш ыктымал тенденцияны көрүп турушат.

Этияттанган экспансия

Ооганстанда бийликке кайрадан талибдердин келиши жана Пакистанда кытай жарандарына карата кайталанган чабуулдар Бээжинди Борбордук жана Түштүк Азияда кызыкчылыктарын жана өз жарандарынын коопсуздугун коргоодо олуттуу ой калчоого мажбурлады. Кытай өкмөтү чөлкөмдөгү террордук коркунучтарды мурдатан эле козгоп келет, бирок адатта аларды уйгур экстремисттик топторунун ишмердүүлүгү менен байланыштырчу. Борборазиялык режимдер менен, эми болсо талибдер менен катышын жакшырткандан кийин Бээжин ички жана тышкы коопсуздук көйгөйүн бир кароого умтулууда.

“Кытай бийлиги азырынча бул жаатта аларды Кытайдын өзүндөгү кырдаалга таасир эте турган нерселер гана көбүрөөк ойлондурарын көрсөткүсү келип жатат”,- дейт Лондондогу эл аралык коопсуздук боюнча иликтөөлөр институтунун директору Раффаэлло Пантуччи.

Кытай түзгөн көпчүлүк байланыштар узаган жылда кыйла өркүндөгөнсүдү. Маселен, октябрда КЭР Тажикстандын коопсуздук күчтөрү үчүн жаңы базаны жана машыгуучу борборду каржылай турганы жарыяланды. "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" иликтөөсү көрсөткөндөй, тажик-ооган чек арасындагы, иш жүзүндө кытай базасы болуп саналган объектиде Кытайдын таасири дагы өсүп жатат.

Тажикстандын аймагында курулган Кытайга караштуу аскердик база.
Тажикстандын аймагында курулган Кытайга караштуу аскердик база.

Пантуччинин сөзүнө караганда, “Кытай коопсуздук багытында кызматташууну дагы да тереңдетүү үчүн жергиликтүү бийлик менен өтө этияттык жана акырындык менен мамиле кылганды жактырат. Бирок чөлкөмдө экономикалык жана саясий таасири арткан Бээжин коопсуздук жана коргонуу тармагына да, мындан да көбүрөөк киришип калбайбы деген суроо жаралат”.

2021-жылы Бээжин байланыштарынын торун да кеңейтүүнү улантты. Мында коңшу мамлекеттердин коопсуздук күчтөрүн даярдоо тутумуна салынган инвестициялар, мисалы ошол эле издөөдө жүргөн адамдарды кармап берүү тууралуу өз ара келишимдер жөнүндө сөз болуп жатат. Берегидей макулдашууларды КЭР акыркы жылдары 59 мамлекет менен түздү.

Бээжин менен Москва үчүн жаңы доор

Кытай менен Орусиянын лидерлери Си Цзинпин жана Владимир Путин 15-декабрда видеобайланыш аркылуу бир жарым сааттык сүйлөшүү өткөрдү. Анда алар эки тараптуу мамилени жогорку деңгээлде баалашты жана аны дүйнөгө антибатыш бирдиктүү фронту катары көрсөтүштү. Анткени эки мамлекеттин тең Батыш өлкөлөрү менен мамилеси сезилерлик начарлап кетти. Формалдуу түрдө Кытай менен Орусия өнөктөш болбогону менен эки лидердин кеби анын тескерисин айтып турат.

Путин анда, “биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун жаңы үлгүсү ички иштерге кийлигишпөө жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды урматтоо” деди. Си болсо “эл аралык аренада Кытайдын турмуштук кызыкчылыктарын коргоодогу олуттуу колдоосу үчүн” ага ыраазычылык билдирди.

Владимир Путин менен Си Цзинпиндин видео сүйлөшүүсү
Владимир Путин менен Си Цзинпиндин видео сүйлөшүүсү

"Өз ара колдоо" дегени маселен, Австралия, Улуу Британия жана АКШ кирген AUKUS аскердик союзунун түзүлүшүн Владимир Путин сынга алганда билинген. Өз кезегинде Си Цзинпин да, Москванын коопсуздук тармагы жана НАТОнун Европанын чыгышына жылышы боюнча Батышка койгон талаптар топтомун жактап чыккан.

“Эки өлкө бириккен альянс курууну каалашпаганы менен бири-бирине жакындап жатат. Экөө тең бири-биринин кызыкчылыктарына каршы келбеген маселелерде өз ара колдоосун күчөтүшүүдө”,-деп белгилейт Раффаэлло Пантуччи.

Бир эсе мурдагы советтик өлкөлөрдө Бээжиндин саясий-аскердик кызыкчылыктары өсүп баратканын, ал Москваны сөзсүз камтама кыларын эске алуу менен орус-кытай өнөктөштүгү канчага чейин мындай тыгыз сакталып каларын айтуу кыйын. Анүстүнө тараптардын ар биринде чөлкөмдөгү экономикалык кызматташтыкты камтыган өз долбоору бар эмеспи. Орусияныкы Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ), Кытайдыкы “Бир алкак, бир жол” демилгеси. Оптимисттик риторикага жана тыгыз иштешүү тууралуу убадаларга карабай бул долбоорлор кесилишкен жерде маселелер аз эмес. Маселен, бажыдагы тарифтерде учураган каршылыктарды атаса болот.

Бирок азырынча Орусия менен Кытайды “бириктирген бир душман” бар.

“Эки өлкөнүн тең Батыш менен мамилеси начарлоодо жана ал динамика алардын өз ара мамилесине формалдуу болсо да бекемирээк негиз берет”,-деп эсептейт Раффаэлло Пантуччи.

“Курдун” таралгасын тазалоо

10 жылга жакын убакыттан бери “Бир алкак, бир жол”, же “Бир кур, бир жол” демилгеси Кытайды дүйнөлүк экономиканын ордосуна айлантууга мүмкүндүк берди. Долбоордун алкагында жаңы автомагистралдардын жана көпүрөлөрдүн курулушу, оптикалык-була байланыш линияларынын жана 5G стандартындагы жаңы мобилдик линиялардын тартылышы, куурлардын жана порттордун салынышы – мына ушунун бүт баары дүркүрөп жаткан кытай экономикасынын жана аны менен чогуу саясий таасирдин артышынын символу болуп калды. “Кур жана жолдун” күчү менен салынган инвестициялар миллиарддаган долларларды чапчыйт, а географиялык арышы – Латын Америкасынан Борбордук Европага чейин созулат.

Бирок бардык нерсенин көмүскө жагы болот. Кытай экспансиясы инвестиция жеткен өлкөлөрдө (реципиент-өлкө) карыздын көбөйүшүн жана коррупциянын өркүндөшүн шарттады. “Кур жана жолдун” көпчүлүк долбоорлору техникалык көз караш менен алганда максатка ылайыксыз, туура эмес ойлонулган же экологиялык коопсуз болуп чыга келди. 2016-жылдан бери аларга салынып жаткан инвестициялар улам-улам кыскарууда. Андан сырткары өзүнүн өтө масштабдуу демилгесинин алкагында Бээжин эми арзаныраак деп саналган тейлөө, соода, маданият жана искусство сыяктуу – “жумшак күчкө” басым жасай баштады. Башка жагынан алганда Жапониянын, АКШнын жана Евробиримдиктин эл аралык жаңы долбоорлору – кошумча атаандаштар пайда болду.

Кытай менен Казакстандын ортосундагы темир жол терминалы - "Кур жана жол" долбоорунун бир объектиси.
Кытай менен Казакстандын ортосундагы темир жол терминалы - "Кур жана жол" долбоорунун бир объектиси.

“Түпкүлүгүнөн алганда “Кур жана жол” кайсы бир деңгээлде абстракт уу, так эмес долбоор. Маселен, ар бир кытай инвестору түрдүү долбоорлор менен келип туруп, аны “Кур жана жол” долбоорунун бир бөлүгү деп атай бериши мүмкүн. Бул демилгени бирдиктүү, бүтүн нерсе катары кабылдаштын кереги жок. Анын түрү өзгөрө берет, а жалпы максаты бир – бүткүл дүйнөгө, бардык жактан Кытайдын таасирин жайылтуу”,-дейт Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ - ОБСЕ) Бишкектеги Академиясынын изилдөөчүсү Нива Яу.

Яунун сөзүнө караганда, 2022-жылы бул демилгени өркүндөтүү биринчи кезекте ошол эле “soft power” же, “жумшак күч” секторуна байланыштуу, анын ичинде гуманитардык долбоорлор аркылуу байкалат. Аз жыл мурдагыга салыштырмалуу Бээжин азыр дүйнөлүк коомчулуктун көзүндө Кытайдын образын жакшыртуу максатын коюп жатат. Эми ар кайсы өлкөлөрдүн саясий элиталарын “сатып алууга” караганда, айталы, медициналык жабдууларды жеткирүү, же жаңы жумуш орундарын түзүү сыяктуу нерселерге көбүрөөк көңүл бурулат.

“Кайсы бир деңгээлде “Кур жана жол” бара-бара “коомчулук үчүн гана ойной баштайт” (“играет на публику) десе болот. Эгер Кытай “жумшак күчкө” салым жасоону чындап улантса, анда анын жыйынтыгы да өтө ыкчам көрүнө түшөт”,-деп эсептейт Нива Яу.

“Көк жал карышкырлар” аң уулоосун улантат

Дүйнө жүзүндө Кытайдын терс образы, ал тургай эми ал саясий түскө ээ болуп жатканы – Бээжин үчүн чынында чоң көйгөй. Эл аралык Pew Research Center борборунун өнүккөн өлкөлөрдө жакында жүргүзгөн сурамжылоосу, алардын экөөндө – Грекия менен Сингапурда гана жооп бергендердин көбү Кытайдын саясатына оң баа берерин көрсөткөн.

“Дүйнөдө Кытайдын образы анча жагымдуу эмес экени шексиз жана бул кырдаал жакын арада өзгөрүшү күмөн”,-деп белгилейт Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун өкүлү Чарлз Данст.

Пандемиянын башында Италия, же Сербия сыяктуу өлкөлөрдө популярдуулук жараткан Бээжиндин “COVID дипломатиясынын” (ред. COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө берген жардамдары) эффекти күтүлгөндөн кыска болуп калды.

Кытайдын “Бир кур – бир жол” долбоору Евразия жана Африка картасында.
Кытайдын “Бир кур – бир жол” долбоору Евразия жана Африка картасында.

Тескерисинче, Кытайдын саясатын сындаган башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарына, компанияларына, саясатчыларына, аткаминерлерине жана коомдук ишмерлерине басым жасаган, агрессивдүү стилди карманган, “көк жал карышкырлар” ("волки-воины") деп аталган кытай дипломаттары эч жакка жоголгон жок. Кытайдын мындай өкүлдөрүнүн айрымдары ал тургай коронавирустун келип чыгышы жана COVID-19 пандемиясынын өөрчүшү тууралуу дезинформация жасаганы да маалым.

Ушул өңүттө, маселен пандемиянын келип чыгышы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылган Австралия менен КЭРдин ортосунда келишпестик чыккан жайы бар. Коронавирус дүйнөгө тараган Кытай ага жооп кылып австралиялык экспортко чектөөлөрдү киргизип, маанилүү товарларга тарифтерди көтөргон.

“Кытайдын өнөктөштөрү анын экономикалык байланыштарды саясий басым үчүн пайдаланып жибермей адатына дайыма кабатыр болушат. Бирок Си Цзинпиндин сырткы саясаттагы агрессивдүү стилин жана кытай улутчулдугунун өөрчүшүн эске алуу менен Бээжин бул адатынан 2022-жылы да баш тартпайт”,-деп белгилейт Чарлз Данст.

COVID жок болсо, соода да жок

Кытай – “нөлүнчү COVID” (ред. “нулевой COVID” – вирусту алгач жуктурган маанисинде) стратегиясын карманган өлкөлөрдүн бири. Бул деген кайсы бир жерде вирустун түрү бир эле адамда пайда болсо, бүтүндөй шаарларды жаап салат дегенди түшүндүрөт. Коронавирустун жаңы мутациясынын, ыкчам тарап жаткан “омикрон” штаммынын пайда болушу менен бул ыкма дагы да сакталат деп күтсөк болот.

Кытай менен коңшулаш Борбор Азиядагы өлкөлөр үчүн бул терс жаңылык. Пандемияга чейин ыкчам өнүгүп келген чек аралаш аймактардагы соода, локдаундардын жана кытай тараптын катуу көзөмөлүнүн айынан утуру жабыр тартып турмакчы.

“Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын соода-экономикалык мамилесиндеги кыйынчылыктар жакынкы убакытта да сакталып кала берет. Албетте, көп нерсе пандемиянын мындан аркы өөрчүшүнөн көз каранды”,-дейт бул маселеде Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Тимур Умаров.

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө бекети.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө бекети.

Сөз жок, кээ бир учурларда бул маселелер саясий деңгээлге чейин чыгып кетүүдө. Маселен, Кыргызстандын өкмөтү эки тараптуу сооданын көлөмүн пандемияга чейинки көрсөткүчкө жеткирүүнү, жок дегенде жакындатууну өтүнүп жатат. Бишкек ал тургай жүк ташуучу автоунааларды эпидемиологиялык текшерүүдө Кытайдын катаал стандарттарына туура келген жаңы система сунуштады.

Тимур Умаровдун сөзүнө караганда, Кытай менен сооданы жандантуу темасы анын түндүк-батыш тараптагы башка коңшулары менен да актуалдуу бойдон кала берет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG