Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Экономика

Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду 17-январда коррупцияга шектүү катары кармады.

Кубанычбеков Бажы кызматынын башына былтыр октябрда келген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

“Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат кайсы компанияларга жеңилдик берилгени, бул ишке дагы кимдер аралашканы тууралуу маалымат берген жок.

Бажы кызматы же Кубанычбековдун жакындары да бул иш боюнча азырынча үн ката элек.

Бажы кызматынын башчысынын кармалышы Кыргызстанда эң коррупцияланышкан деген сындан башы чыкпаган мекемедеги жемкорлук кайрадан коомчулуктун талкуусуна чыкты.

Адилет Кубанычбеков былтыр декабрь айында “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан. Ал “аткезчилик менен алектенем деген ишкерлер башка жакка барышы керек” деп, коррупцияга каршы күрөшүү үчүн журналисттерди жардамга чакырган.

“Биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде каалагандай иштегиле деп үч жыл жеңилдик убакыт берилген. 2016-2017-2018-жылдары бажы тармагында маселе болгонун көргөн жокпуз. Бирок 2019-жылдан тарта көйгөй башталды. Анткени бизге берилген жеңилдик мөөнөтү бүттү. Мындан ары таза иштешибиз керек. Бүткүл бизнеске кайрылгым келет, аткезчиликке чоң согуш жарыялап, ал токтоду. Эми Кыргызстанда аткезчилик менен иштейм дегендер башка жакка барсын”.

Ай айланбай өзү жемкорлукка шек саналып кармалганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр 26-октябрда дайындалган. Аты-жөнү коомчулукка анчалык белгилүү эмес, мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын бул кызматка келиши көп суроону пайда кылган.

Ал тууралуу азыноолак гана маалыматтар бар. 2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан Silk Way деп аталган ири текстил-логистикалык борборунун курулушунун башталышында анын жетекчиси Адилет Кубанычбеков экени белгилүү болгон.

Юстиция министрлигинин сайтында Адилет Кубанычбеков Кубанычбекович деген ысымга байланыштуу алты ишкана катталган. Алар мунай иштетүүдөн баштап, электр энергиясы, жүк ташуу, жеңил өнөр жай жана логистика менен алектенген компаниялар. Арасында “Амин Инвест” курулуш компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулган. Ага катталган компаниялардын көпчүлүгү 2018-жылдан кийин ачылган.

Айрымдар Адилет Кубанычбеков кызматка дайындалгандан кийин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын талаптары бузулганын, мамлекеттик кызматкер жеке ишкерлик менен алектене албай турганын айтып чыгышкан.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

“Ал кишинин бизнеси Кыргызстандагы жүктү тариздеген эң чоң логистикалык борбор. Эми ал жерге бажынын башчысы болуп туруп кандай мамиле кылат? Карышкырга кой кайтарткандай эле болуп калат. Канча жылдан бери бажы боюнча иликтөө болуп жатат. Андыктан эл “ким келди, Матраимовдун адамдары эмеспи” деген сыяктуу суроолорго көңүл бурат. Бийликтин капчыгы алмаштыбы? Жаңы келген бала бизнестен сырткары таанымал эмес. Эмне максатта кызматка келди?”, - деп суроо берген жарандык активист Нурсултан Акылбек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчилигине бул тармактан түшкөн каражатты 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлганын айткан.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да, өкмөт да колунан келген жардамын берет. Бирок, бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9% эсептебегенде) кийинки жылы 105 млрд сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз”.

2019-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом акчаны бюджетке төгүп берген.

Ражабалиев былтыр 28-ноябрда өткөн Жогорку Кенешке шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутаттыкка шайланды. Анын соттуулугу жоюлганы белгилүү болгон.

Алматы. 16-январь, 2022-жыл.
Алматы. 16-январь, 2022-жыл.

Алматыдагы кыргызстандык мигранттар акырындап жай турмуш калыбына келе баштаганын айтып жатышат. Шаардагы ири базарларда соода кылгандардын дүкөндөрү ачык. Айрым мигранттар көчөгө чыккандан дале кооптонуп жатканын билдиришти.

14-январда кыргызстандык Айгүл Сартбаева эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковду казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылы көздөй алып кетишкенин, ошол бойдон дайыны табылбай жатканан "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу айтып чыкты.

"Азаттык" Сартбаева менен байланышканда ал Чолпонбек Сыдыковдун дареги дагы эле билинбей жатканын ырастады.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Сыдыков боюнча казак тарапка 15-январда нота жөнөтүлдү:

"Таксисттин айтымында, ал жигит Алматы-Бишкек жолунда кетип баратканда кармалган. Ошол маалымат боюнча азыр ал кай жерде экенин издеп жатабыз".

Арипов ошондой эле кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп кармалганы айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу тууралуу да Казакстандан жооп ала албай жатканын кабарлады.

22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева окуя 10-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кетип, аны казак чек арачылары кармап кеткенин айтууда. Ал 14-январда президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылган.

Казакстанда жай турмуш акырындап калыбына келүүдө. Башаламандыктан кийин көпчүлүк дүкөндөр иштей баштады, ири соода борборлору ачылууда. Эл оозунда "Барахолка" деп аталган Алматыдагы эң ири базарда кеңсеси жайгашкан кыргызстандык ишкер Азамат соода жүрө баштаганын "Азаттыкка" билдирди.

"Шаар акырындап калыбына келип жатат. Мекендештер арасында "мынча киши кармалды, суракта отурат" деген сөз боло элек. Базардагылар дүкөндөрүн ачып, соода-сатык башталды. Албетте, Алматыдагы кыргыздардын арасында "үйдөн чыкпай отурабыз" дегендер бардыр, бирок мигранттардын дээрлик көпчүлүгү күнүмдүк иштерине кайтты. Эч кандай басым көргөнүбүз жок".

Алматы шаары. 12-январь, 2022-жыл.
Алматы шаары. 12-январь, 2022-жыл.

Ушул эле калаада көп жылдан бери жашап-иштеген Талант учурда коменданттык саат эрежеси тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын, кайсы бир деңгээлде кооптуу абал сакталып турганын айтып берди.

"Шаарда абал туруктуу. Бирок 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режими уланат. Кечки 11ден кийин коменданттык саат эрежеси кирет. Дүкөндөр кечки саат 6да эле жабылып калат. Албетте, бул ыңгайсыздыкты жаратууда. Ошондой эле өзгөчө биз, кыргыздар мурункудай көчөгө чыгып, сейил бактарга барбай үйдө отурабыз. Себеби документтерди текшерип, бир жакка салып кетишсе дайыны табылабы, табылбайбы белгисиз болуп жатат. Андыктан азырынча үйдө эле отуралы деп чечтик".

Ал арада Алматы шаарында башаламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык ишембиде абактан бошотулду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, алар көп жылдан бери ошол жакта иштеп жүргөнүн айтып, Казакстандын аймагында каларын билдиришкен.

Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан тогуз кыргызстандык кармалган. Алардын баары чыкты, башка кармалгандар тууралуу маалымат жок. Эки жаран каза болуп, 300дөйү Кыргызстанга эвакуацияланды.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда 100 миңге жакын кыргызстандык жашап эмгектенет. Бейрасмий маалыматтарга караганда, бул сан алдаганча көп. Кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү Нур-Султан, Алматы жана Чымкент сыяктуу шаарларда иштешет.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына тез эле жайылып кетти. Кийин ал башаламандыктар жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында катталды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Ал эми акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана социалдык теңсиздикке каршы нааразылыкка чыкканын” айтып келатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG