Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Экономика

2021-2022-жылдагы кышкы туризмдин ачылышы. Ноябрь, 2021-жыл. Каракол.
2021-2022-жылдагы кышкы туризмдин ачылышы. Ноябрь, 2021-жыл. Каракол.

Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрүндө Ысык-Көлдөгү Каракол тоо-лыжа базасы эс алуучуларга толуп, мейманканаларда орун жетишпей жатат.

Мейманкана, конок үйлөрдө орун жок, базада узун кезек орун алганын эс алуучулар социалдык тармактарга жазып чыгышты. Мындан сырткары чет өлкөгө эс алууга кеткен кыргызстандыктардын саны да өткөн жылга салыштырмалуу арбын экенин туристтик компаниялар белгилеп жатышат.

Жаңы жыл майрамын улай кыргызстандыктар тогуз күн (1-9-январь) эс алат. Майрамдан кийинки узак эс алуу күндөрдү көпчүлүк кыргызстандыктар муз тээп же мүмкүнчүлүгү барлар чет өлкөлөргө чыгып саякаттоону туура көрүшөт.

Жеке ишкер Мээрим Шаамырзаева учурда Караколдо эс алып жаткандардын бири. Ал Бишкекте "издеген" кышты Караколдо тапканына кубанып жатканын жашырган жок.

"Караколдо эс алып жатабыз. Эл аябай көп, аябай... Кассада, асма жолго (канатная дорога) бир сааттай күтүп араң жетип атабыз. Каникулга карап бүт эле ушул жакка келишиптир. Кар жок го деп корктук эле, бирок лыжа тепкен жагында жакшы эле кар бар экен".


Соңку айларда аба ырайы жылуу болуп, Бишкектин тегерегинде кардын жоктугу көптөгөн эс алуучулардын агымын Каракол тарапка бурду. Коронавирус инфекциясынан улам чет өлкөлүк эс алуучулардын ордун азыр ички туристтер, Бишкек жана башка аймактардан барган эс алуучулар толтуруп жатканын жеке ишкер, Караколдогу "Мацуноки" жапон мейманканасынын негиздөөчүсү Советбек Качкынбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда Орусия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны жылдагыдан кыйла аз.

"Көбүнчө эле бишкектиктер, чет өлкөлүктөр өтө эле аз. Орусия, Казакстандан бир аз келип турат. Жылда эле окшош көрүнүш. "Кристмас" майрамына байланыштуу көбүнчө 24-декабрдан баштап 30-31ине чейин Кыргызстанда жашап-иштеп жаткан европалыктар келет. Ал эми 1-январдан 10-январга чейин жалаң кыргызстандыктар келет. Аларды деле эки категорияга бөлмөкмүн. Ушул даталар эс алуу күндөр болгондуктан, алдын ала орунду буюртма кылып койбосо көчөдө кала турганын түшүнгөндөр бар. Болбосо "орун жок" деген сөздөрдү уга берип, 4-5 саат убактысын бекер коротуп алышы мүмкүн. Күтүүсүз нерсе күтүп келгендер дагы жок эмес. Кээ бирлери "Дордойдон" шуба тандагандай эле келишет. Ошондуктан бош убактысы бар адамдар каникулга туштабай, 10-январдан кийин келгени дурус. Ошол учурда убактысын кезек күтүп өткөрбөйт", - деди ишкер.

Дүйнөлүк коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанда туризм тармагы көп жоготууга учурады. Туризм департаментинин буга чейин айтканына караганда, бул тармактагы жоготуулар өткөн жылы 80% жеткен. Бул сектордун ишмердүүлүгүнүн 15% жакыны, тилекке каршы, жабылганы такталды. Кээ бирлери убактылуу мөөнөткө, ал эми кээ бирлери мындан ары иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калгандыктан жабылганын билдиришкен.


Туроператорлор бирикмесинин аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, учурда кышкы-жайкы туризмге суроо-талап өстү, эми кыргыз бийлиги ушуну пайдаланып инвесторлорго шарт түзүп бериши керек.

"Туризм деген эмне? Биринчиден, акчаны тамак-аш жана башка нерселерге кетиребиз. Качан ашык акчабыз болгондо ошондо бул жакка барып муз тээп келели, саякаттайлы дейбиз. Эл көп дегенибиз - бул элде ашыкча акча бар, бирок кайсы эл, биздин жергиликтүүлөрбү же казактарбы түшүнүксүз. Суроо-талап жогору болуп "Каприз" жетишпей жатса, Караколдон тышкары дагы башка кайсы жакка база ачса болот деген жолдорду издешибиз керек. Жыргалаң, Кеминге база ачсак дегендей... Эми өкмөт ошого кызыктырып, инвесторлорду колдоп шарт түзүп берсе жакшы болот. Дагы эле "кустуруу" дей берсе, инвестор дагы келбейт", - деди Сапаров.

Пандемияга байланыштуу чет өлкөгө эс алууга чыккан кыргызстандыктардын саны кескин кыскарган. Ага салыштырмалуу жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө үй-бүлөсү менен башка өлкөгө эс алууга чыккан кыргызстандыктардын саны акырындап өсүп жатат. Алардын катарында ишкер Банур Абдиева дагы бар. Ал үй-бүлөсү, 80ден ашкан апасы менен Түркиянын Каппадокия аймагында эс алып жатканын жана бул жерди тандаган себебин айтып берди:

"Биз беш киши болуп келдик. Үч балам, апам жана мен. Абдан кызыктуу тарыхый, маданий жерлерди көрүп атабыз. Негизи Түркияга саякаттоо биздин элге ыңгайлуу, кызмат көрсөтүү мыкты деңгээлде. Баасы да ыңгайлуу, анча кымбат эмес".


Туркомпаниялар ассоциациясынын жетекчиси Эрмек Мырзабеков учурда кыргызстандыктар барып жаткан өлкөлөрдү атады.

"Кышкы мезгилде кыргызстандыктар көбүрөөк чыгып жаткан өлкөлөрдүн сап башында Бириккен Араб Эмираты, өзгөчө Дубай турат. Анткени пандемия учурунда шарты ыңгайлуу, коопсуздук жогорку деңгээлде сакталган. Экинчиден, Дубайга турлардын баасы жакшы, кымбат эмес. Андан кийинки орунда Египет турат. Ал жакта аба ырайы аябай жакшы, түз каттам бар. Кыргызстандыктардын эң сүйүктүү өлкөсү - Түркия. Кышкы мезгилге карабай ушул өлкөнү тандап жатышат, экскурсиялык турларды тандашат. Анын үстүнө кышында бул өлкөгө турлар кыйла арзан болот".

Учурда чет өлкөгө барып эс алуу үчүн турлар 300 доллардан башталат. Калганы талаптарга, шарттарына жана жерине жараша баа жогорулап кете берет.

Эс алуучулар. Бишкектин четиндеги тоо-лыжа базаларынын бири. 2020-жыл.
Эс алуучулар. Бишкектин четиндеги тоо-лыжа базаларынын бири. 2020-жыл.

Британиялык The Guardian басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттай турган мамлекеттердин катарына кошкон. 2020-жылы CNN телеканалы Кыргызстанды туристтердин эс алышына ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги туристтер үчүн кызыктуу 24 өлкөнүн бири деп атаган эле. Анткен менен Европанын айрым өлкөлөрү коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу катуу чараларды көрүп жатат. Ошол себептүү быйыл да сырттан келген чет элдик туристтер саналуу.

Президент Садыр Жапаров 1-январда Караколдогу базада лыжа тээп жүргөн жеринен кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандагы кышкы туризмге чакырды. Ал Каракол тоо-лыжа базасы дүйнөдөгү ондукка кирген база экенин, трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөрүн белгилеген. Андан тышкары Чүй өрөөнүндө Орловка, ЗИЛ, Нооруз, Кашка-Суу жана Чуңкурчак деген тоо-лыжа базалары бар экенин айткан.


Кыргызстанда 23 лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Алматы. 4-январь, 2022-жыл.
Алматы. 4-январь, 2022-жыл.

Казакстанда каршылык акциялары уланып жаткан чакта Orda.kz жана КазТАГ маалымат агенттиктеринин сайты ачылбай калды.
Orda.kz сайтынын башкы редактору Гүлнара Бажкенованын айтымында, сайт эки саат мурда ачылбай калган.

“Биз болгону жаңылыктарды гана жазып жаттык. Ооба, ыкчам, толук бердик. Бирок бардыгы адискөй журналистиканын гана алкагында болду, эч кандай чакырык жасаган жокпуз. Андай кылуунун кандай кажети бар? Силер ушундай ыкма менен каршылык акцияларын токтото алабыз деп жатасыңарбы?!” - деп ал "Телеграм" каналына жазды.

Бажкенова алардын сайты “каршылык акциясына чыккандар Токаевдин жана Назарбаевдин отставкасын талап кылганы жазылгандан кийин” жабылып калды деп эсептейт.

Кечке жуук эл аралык КазТАГ маалымат агенттигинин да сайты өлкө аймагында ачылбай калган. Агенттиктин өзүнүн "Телеграм" каналында алар “маалымат министрлиги акциялар тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылганда андан баш тартышканын” билдирди. Ошондон кийин сайты ачылбай калган. Учурда эки сайт тең өлкөдөгү каршылык акцияларын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу чагылдырууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Өкмөт Мангистау облусунун тургундары үчүн суюлтулган газды 50 теңгеге чейин арзандатууга макул болду.

Вице-премьер Ералы Тугжанов башында турган өкмөттүк комиссия 4-январда Актау шаарынын Ынтымак аянтында чогулган эл менен жолукту. Ал чогулгандарга суюлтулган газдын бир литри жергиликтүү жашоочулар үчүн 50 теңге болгонун айтты. Тугжанов “аянтка чогулгандардын бири дагы жоопкерчиликке тартылбайт” деп өкмөттүн атынан сөз берди.

Анткен менен каршылык акциясына чыккандар митингдерди токтотпой турганын, ал эми газдын баасын арзандатуу коюлган талаптардын бири экенин айтышууда.

Актауда митингге чыккандардын лидерлеринин бири Есберди Асауов “Азаттыктын” казак кызматына аянтка 10 миңге жакын киши чогулганын айтты.

Алар элге жумуш берип, калктын жашоо деңгээлин көтөрүүнү талап кылып жатышат. Андан сырткары Нур-Султанда отурган бийликти толук алмаштыруу талаптары дагы айтылды. Айрымдары абакта отурган саясий туткундарды дагы бошотууну талап кылышууда.

Полиция 4-январдын кечинде Нур-Султандагы каршылык акцияларын чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” казак кызматынын дагы бир журналисти Дархан Омирбекти кармады.

Аны каякка алып кеткени азырынча белгисиз. “Азаттык” полициянын шаардык департаментинен комментарий ала алган жок. Буга чейин “Азаттыктын” Алматыдагы бюросунун башчысынын милдетин аткаруучу Касым Аманжол да окуяларды чагылдырып жүргөн учурда кармалып, эки сааттай убакыттан кийин кайра коё берилген.

Казакстандын Мангыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында демонстранттар 4-январга оогон түнү дагы аянттан тараган эмес. Актауда митингчилер чатырларды жана боз үй тигип, аянтта жүздөгөн адамдар жүрдү. Акцияга коңшулаш облустардын, анын ичинде Актөбө, Орал, Чымкент шаарларынын тургундары да келгени кабарланды.

Жергиликтүү активисттердин айтымында, Жаңы-Өзөн шаарында шейшемби күнү эртең менен аянтка эки миңдей демонстрант чогулду. Митингчилер суюлтулган газдын баасын литрин 50 теңгеге чейин арзандатуу, келечекте газ тартыштыгын болтурбоо үчүн кепилдик берүүнү, ошондой эле шаар жана облус акимдерин - Максат Ибагаров менен Нурлан Ногаевди кызматтан алууну талап кылууда.

Актаунун тургуну Есберды Асауовдун айтымында, 3-январда Жаңы-Өзөн шаарында чогулгандарга облус жетекчиси Нурлан Ногаев келген. Аянтка чогулган алты миңдей кишинин арасында аялдар жана балдарын ээрчите келгендер болгон.

Шаар акимчилигинин алдындагы Ынтымак аянтына чогулган митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышты.

Суюлтулган газдын баасын төмөндөтүү үчүн чыккандар эми саясий талаптарды дагы коюп жатат. Асауовдун айтымында, митингчилер резолюция кабыл алышты. Анда коррупцияны жоюу, фабрикаларды жана заводдорду курууну, жумушсуздукту кыскартуу талаптары камтылган.

Социалдык тармактарга тараган видеодо Актауда чогулган жүздөгөн кишилер “Чал, кет!" (“Старик, уходи!”) кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Алар өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылган.

Актау тургуну Есберды Асауов митингчилер “Чалдар кетсин!” (“Старики, уходите!”) деп кыйкырып турушканын айтып берди. Полиция митингчилердин от жагып, ысык тамак даярдашына мүмкүнчүлүк берген эмес.

Бүгүн эртең менен Ынтымак аянтын полиция курчоого алган. Аянтка кирип чыгууга бөгөт коюлду.

“Каршылык акциясына чогулгандардын көбү жаштар. Бир нече жолу мастарга шылтап, бизге чагым уюштурганга аракет кылышты. Бирок, биз ага жол бербейбиз”,-дейт Есберды Асауов.

Митингге катышкандардын бири Амин Елеусинов түнү бою Актау шаарындагы аянтта болгонун айтып, алар “системанын бардык кишилеринин” отставкасын талап кылып жатышканын билдирди.

4-январда Актауга вице-премьер-министр Ералы Тугжанов баштаган комиссия келери белгилүү болду. Түштөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттер" баракчасына Актауда өкмөттүк комиссия “иштей баштаганын” айтып, демонстранттар “жоопкерчиликти жана диалогго даярдыгын көрсөтүшү керек” деп жазды.

Активисттердин айтымында, Актау шаарындагы аянтта мобилдик интернет иштебей калды. Социалдык тармактарда буга чейин Актауга коңшу облустардан аскер кызматкерлери менен эки учак жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Актаудагы митингчилер жергиликтүү коопсуздук кызматкерлерин көрүшкөнүн айтышты.

Актаудагы митингге 13 чакырым алыстыктагы Мангышлак станциясынан (Мунайлы району) жөө келгендер көп. Башка облустардын шаарларынан, анын ичинде Чымкент, Орал шаарларынан келгендер бар деп айтылууда.

  • Өткөн түнү Мангистау облусунун административдик борбору Актау шаарында демонстранттарды полициянын курчоого алып турду. Адегенде, акциянын катышуучулары акимчиликке жанаша жайгашкан борбордук көчөлөрдүн бирин тосуп, көп өтпөй полиция аларды кайра аянтка сүрүп салган.

  • Дүйшөмбү күнү Каракыян районунун Жетибай айылынын тургундары бул айылды аралап өткөн, Жаңы-Өзөн менен Актау шаарларын бириктирген жолду бөгөп алышты. Ошондой эле дүйшөмбү күнү жаңыөзөндүктөрдү колдогон адамдар Курык айылынан (Каракыя районунун административдик борбору) чыга беришин жана ага кире беришин жаап салганы кабарланган. Натыйжада, Курык портунан коңшу облустарга жана башка өлкөлөргө барууга тийиш болгон жүк ташуучу машинелер чыга албай калган.

Мангыстаулуктар көгүлтүр оттун баасын арзандатуу талабы менен биринчи жолу чогулуп жаткан жок. 2020-жылы январда Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын баасы 55 теңгеден 65 теңгеге көтөрүлүп, шаардык акимчиликтин алдына чогулган тургундар газдын баасын 55 теңгеге арзандатууну талап кылышкан.

Жаңы-Өзөндө суюлтулган газды чыгарган жападан-жалгыз газ иштетүүчү завод бар. Мындан он жыл мурун да облуста эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын жети айга созулган иш таштоосун полиция 16-декабрда тараткан. Анда расмий маалыматтар боюнча 17 адам каза болгон. Жаңы-Өзөндө андан бери газдын баасы бир нече эсе кымбаттаган.

Митингчилер Самара - Чымкент жолун тосууга аракет кылды

Батыш-Казакстан облусунун Орал шаарында жүздөгөн кишилер экинчи күн катарынан нааразылык акциясына чогулду. Түшкө жуук шаардагы “Дина” дүкөнүнүн алдына кишилер чогула баштаган. Бул гипермаркет шаардын чет жакасында, Самара - Чымкент эл аралык автожолуна жакын жайгашкан. Митинг өтүп жаткан жерге көп сандагы полиция кызматкерлери тартылды. Мобилдик интернет иштебей калганы айтылууда.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, митинчилердин лидерлери деле жок, талаптары дагы башаламан. Алар Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо иретинде топтолушканын айтышты. Ошондой эле баалардын өсүшү Казакстандын бардык аймагына мүнөздүү көрүнүш экенин белгилешкен.

Акцияда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатуу (Жаңы жылдан 110 теңгеге көтөрүлдү), баалардын өсүшүн токтотуу жана жогорку бийликти “элдин көйгөйүн чече албаса, кызматтан кетирүү” талаптары коюлуп жатат. Митинг өтүп жаткан жерге Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Бакытжан Нарымбетов келди.

Уралдагы митинг, Батыш-Казакстан облусу. 4-январь, 2022-жыл.
Уралдагы митинг, Батыш-Казакстан облусу. 4-январь, 2022-жыл.

Митингчилер эл аралык трассаны бөгөп салууга аракет кылышты. Бирок, күч түзүмдөрү алардын алдын тосуп, жолго өткөргөн жок. Ошондон кийин алар жөө шаарды көздөй бет алды. Алар шаардын борбордук бөлүгүнө чейин алты чакырымдай жолду басып өтөт.

“Алар жолду бойлоп тизилип баратышат. Бирок, ары-бери өткөн автоунааларга тоскоолдуктар жаралды. Анткени жакында жааган кардан кийин тротуарлар жана жолдун жээги тазаланбай калган”, - деп билдирди “Азаттыктын”кабарчысы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG