Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Экономика

Каттамга чыкпаган кичиавтобустар. Бишкек. 3-июнь, 2021-жыл.
Каттамга чыкпаган кичиавтобустар. Бишкек. 3-июнь, 2021-жыл.

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустар эки күндөн бери каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго көтөрүп берүүнү талап кылышууда. Шаар мэриясы кенемтени толтуруу үчүн райондук акимчиликтерди, муниципалдык мекемелерди жүргүнчүлөрдү ташууга милдеттендирди.


Башкалаада жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосу 3-июнда да уланды. Алар шаар бийлигинен жол кирени азыркы 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылып жатышат. Шаарда бир нече жерде чогулган айдоочулар күйүүчү май, азык-түлүк менен кошо эле автоунаа тетиктери, оңдоо иштери кымбаттаганын, 10 сомдук жол кире менен иштөө өзүн актабай калганын айтышууда.

Өзүн Мирлан деп тааныштырган айдоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча айдоочулардын дээрлик 80% банктан насыя алып иштейт, көбү машинаны ижарага алып жүргүнчү ташыйт:

“1,5 миң сом калат. Кошумча тетик, лицензия, патент, камсыздандыруу кагазын алабыз. Мунун баары ошонун ичинде. Андан тышкары бала-чаканы багыш керек. Балдар “тигини алам, муну алам” дейт. Ошонун баарын эсептеп келгенде дээрлик эч нерсе калбайт бизге”.

Кичи автобустар борбор калаадагы коомдук транспорттун негизги түрү. Алар жеке компанияларга таандык. Бишкек мэриясы эл ташыган жалпы төрт миңге чукул кичиавтоунаа бар экенин билдирүүдө. Айдоочулардын айтуусунда, учурда 1,5 миңдин айланасында гана кичиавтобус бар, алардын да баары каттамга чыкпайт. Мирлан аттуу айдоочу буларды билдирди:

"Көчөдө маршрутка аз, көптө келет, эл батпай калып жатат деген дооматтарды биз да угуп жатабыз. Мунун баарына акчанын жетишсиздиги себеп. Себеби, азыр күнүмдүк тапканыбыз тамак-аштан артпай жатат. Кокус, машине сынып калса, аны оңдотууга ашыкча акча жок. Машине үйдө турат. Айла жок кредит аласың. Анын пайызы өсөт. Көпчүлүк айдоочулар машинесин тапшырып, Орусияга иштегени кетишти. Мурда төрт миң маршрутка болсо, азыр бир жарым миңге да жетпейт. Үч-төрт жыл мурда биздин линияда 45-50 машине бар эле. Азыр 30га да жетпейт. Графикте 30 машине деп турса, 15-20 машине гана чыгат, анын да айрымдары түштөн кийин бузулат".


"Мэриянын кызматкерлери эл ташыды. Алардын ишин ким кылат?"

Бишкек шаарында бүгүн, 3-июнда 140 троллейбус жана 110 автобус каттамга чыкты. Мындан тышкары мэрия кичи автобустардын кенемтесин толтуруу үчүн райондук акимиаттарды, муниципалдык мекемелерди аймактарда жүргүнчүлөрдү ташууга милдеттендирди. Мэриянын басма сөз кызматкери Назгүл Жамгырчиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, алар жүргүнчүлөрдү бекер ташышат:

"Шаардагы төрт райондук администрацияга жеке автоунаалар менен элди акысыз ташууну уюштуруу тапшырмасы берилди. Мындан тышкары "Манас" аэропорту төрт автобус, "Дордой" ассоциациасы, Ички иштер министрлигинин автобустары элди акысыз ташып иштеп жатышат. Мэрия колдон келгенче жүргүнчү ташуу көйгөйүн жеңилдетүүгө аракет кылууда".

Бишкек мэриясынын эл ташууга чыгарылган унаасы. 3-июнь, 2021-жыл.
Бишкек мэриясынын эл ташууга чыгарылган унаасы. 3-июнь, 2021-жыл.

Кичиавтобустар каттамга чыгуусун токтоткон эки күндөн бери Бишкек мэринин дарегине көп сын-пикирлер айтылууда. Мэриянын аппарат кызматкерлерин, райондук администрацияларды эл ташууга чыгарган аргасы да сынга кабылды. Журналист Аскер Сакыбаева мэрияны абалды тескей албады деп сындады:

"Кол алдындагы кызматкерлерди киши ташыганы чыгарып жиберсе, алардын ишин ким аткарат? Муну менен бул көйгөй чечилбейт. Айрым транспорту бар мекемелер жардам берип жатыптыр. Бирок алар канча күн элди акысыз ташый алат? Мэр өзү ким, ал эмне кылып жүрөт деген суроо бүгүн көп берилип жатат. Бишкекте Бакыт Кудайбергенов деген мэр бар экенин мен бүгүн билдим. Демек, мэр жакшы иштеген жок, эл анын ишинен кабарсыз. Эгер мэр ушул форс мажор кырдаалдан пайдаланып, шаар үчүн, шаардыктар үчүн жакшы иш кылууну кааласа, анда эл ташыган менчик компаниялар менен жеке сүйлөшүп, аларга талап кылууга тийиш. Макул болбогондорун лицензиясынан ажыратып, башка кызматташууну каалаган компанияларды тартса болот. Бүгүнкү күнү мэр шаардагы эл ташууну менчиктеп алган бир нече мафиялык ишканалардын сөзүнөн чыга албай калган сыңары".

Жол кире 15 сом болот

Бишкектин мэри Бактыбек Кудайбергенов 3-июнда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, маселени шаар кеңеш гана чече аларын билдирди. Анын айтуусунда, жол акысын 15 сомго көтөрүү боюнча сунуш шаар кеңешине берилген:

"Мэрия өз алдынча транспорт баасын көтөрө албайт. Бул артыкчылык Бишкек шаардык кеңешинде. Апрелдеги шайлоо жокко чыгып калды, азыркы шаардык кеңештин депутаттары бар. Биз бүгүн атайын токтом долбоорун аларга бердик. Алар өздөрүнүн сайтына жайгаштырышты. Эми бир ай талкууланышы керек экен. Депутаттар менен жолугуп, сүйлөшүп атабыз. Алар жакынкы күндөрү карап берүүгө макул болушту".

Депутат Бактыбек Турусбеков өзгөчө кырдаал киргизилген учурду эске алып, маселени эртелетип чечүүнү талап кылды. Дагы бир депутат Бейшеналы Нурдинов шаар кеңешинин депутаттары бул маселени эрте чечип берүүгө тийиштигин эскертти:

"Азыркы кеңештеги депутаттардын жарымынан көбү кайра шайлоого баратат. Эгер алар шаардыктардын транспорт маселесин чечүүгө аракет кылбаса, кайдыгер караса, анда алар шайлоодо элден добуш үмүт этпей эле коюшсун. Ошондуктан, алардан талап кылуу керек, тез арада чогулуп, бул маселени чечип беришсин!".

Айдоочулардын иш таштоосу канчага уланары азырынча белгисиз. 25-апрелде мэрия шаар ичиндеги жол акыны 19 сомго көтөрүү боюнча сунушун коомдук талкууга чыгарып, мэриянын расмий сайтына илген. Кийинчерээк сунуш алынып салынган.

Лицензия оңой эмес

Дээрлик миллион тургуну бар калаада муниципалдык автобустар жана троллейбустар жетишсиз. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шаарга газ жана электр менен жүрүүчү автоунааларды алып келүүгө мэриядагы коррупциялашкан бир ууч топ тоскоолдук жаратып жатат деген пикирде. Депутат 2-июндан бери айдоочулардын иш таштоосунун артында да транспорттук мафия турат деп эсептейт:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Шаарга бир нече жылдан бери газ, электр менен жүргөн автоунааларды алып келели, бизге каттам линияларын бергиле" деп суранып жүргөн ишкерлерибиз бар. Алар шаардагы киреше жакшы түшкөн каттамдарды сурашкан экен. Негизги маселе ошол линияларда. Мэриядагы, шаардык кеңештеги айрым адамдар линияларды ээлеп алышыптыр. Биз иш таштаган айдоочулардын айрымдары менен да жолуктук. Алардын айтуусунда, иштейм деген айдоочуларга да бут тосуулар болуп жатыптыр. Демек, мунун артында кызыкдар бир тарап бар".

Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу иштерин 44 ишкана жүргүзөт. Алардан лицензиясын алып, эл ташуу укугу чектеп коюу оңой эмес. Бул тууралуу Транспорт жана жол министринин орун басары Алмаз Тургунбаев 3-июнда парламентте билдирди:

"Лицензиясын алып салууга укугубуз жок. Эгер иштебесе, сот аркылуу алынат. Маселени чечүү үчүн чоң көлөмдөгү автобустар керек. Ага чамабыз чак. Автобус алып келем деген ишканаларга салыктан жеңилдик берүү керек. Аларды алып келгенче маршруттук сынактарга катышкан фирмаларга тарифти сунуштоо жагын да киргизүү керек. Мындан атаандаштык күч алмак, бирок фирмалар ич ара сүйлөшүп алышы да мүмкүн деген чочулоо бар".

Миллиондорду жалмаган автоунаалар

Өлкө эгемендик алгандан бери Бишкекте коомдук транспорт көйгөй болуп келүүдө. Шаарды жетектөөгө келген ар бир жаңы жетекчи бул маселени чечүүгө аракет кыларын убада берет. Донорлордун акчасына жана карызга бир нече жолу автобус жана троллейбустар алып келинген. Бирок бузулган автобустарды оңдоого каражат жок деген негиз менен жүздөй автобус эл ичинде "автобустардын көрүстөнү" деп аталган жерде токтоп турат.

Бишкектин көчөсүндөгү троллейбус.
Бишкектин көчөсүндөгү троллейбус.

Мэриянын маалыматына караганда, акыркы жолу, 2017-жылы Бишкекке Кытайдан "Ютонг" үлгүсүндөгү 60 автобус алып келинген. Ага шаардык бюджеттен 382 млн. 577 миң сом сарпталган. Алардын айрымдары техникалык абалына байланыштуу каттамга чыкпай турат.

2017-жылы Бишкек мэриясы шаардагы жүргүнчү ташыган 1000ге жакын кичи автобустун ордуна троллейбус жана чоң автобустарды жүргүзүү пландалып жатканын билдирген. Ал кездеги шаар башчы Албек Ибраимов коомдук автоунаа Кытай берген насыяга алынарын, 50 троллейбус сатып алууга тендер экинчи кварталда жарыяланарын, ал эми 300-500 автобус күзгө чейин келерин маалымдаган. Бирок мунун канчасы ишке ашканы белгисиз.

2018-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алган. Транспортторду тендерден уткан Орусиянын “Тролза Маркет” жана Беларустун “Белкоммунмаш” заводдору Кыргызстанга жеткирип беришкен. Ага канча каражат сарпталганы ачык айтылган эмес.

2015-жылы Бишкекке троллейбус сатып алуу үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 7,5 млн. доллар алынары кабарланган. Ошол кезде вице-мэр Геннадий Милицкий мунун ичинен 5 млн. доллар насыя түрүндө, калганы кайтарымсыз карыз түрүндө алынарын айтып, бул каражатка троллейбус паркы толукталарын билдирген.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан Бишкек мэриясы бир нече жыл мурун да троллейбус сатып алуу үчүн 15 млн. доллар алган. Анын 10 миллиону насыя, калганы грант түрүндө берилген.

Бишкек шаарындагы коомдук транспорт көйгөйүн чечүүнүн түрдүү жолдору сунушталып жүрөт. Бирок аягына чыккандары жокко эсе. Мэриянын алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору 2017-жылы кичи автобустарды шаар сыртына чыгарууну сунуштаган. Сунушталган долбоорго ылайык, калаанын борбордук бөлүгүн тейлөө үчүн 220 троллейбус, 490 автобус алып келинмек. Ал эми кичиавтобустардын саны эки-үч эсе азаймак. Демилгечилер бул долбоорду ишке ашыруу менен шаардын экологиялык абалын да жакшыртуу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок белгисиз себептер менен бул сунуш мэрия тарабынан каралбай келе жатат.

2016-жылы Бишкек мэриясы менен аутсорсинг системасында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын ортосунда меморандум түзүлгөн. Ага ылайык, компания беш жылда 80 адамга чейин бата турган "Hengtong" үлгүсүндөгү жалпы 100 автобус алып келүүгө милдеттенме алган. Алардын жол акысы жана жеңилдиктери кадимки муниципалдык автобустар сыяктуу болмок. Макулдашууда көрсөтүлгөн бир каттам ишке ашканы менен, экинчи каттамга келгенде келишпестик чыккан.

Буга кошумча «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы мэрия алардан ар бир автобус үчүн айына 1500 сомдон акча сурап жатканын, мындай талап баштагы келишимде каралбаганын айтууда. Мэрия болсо бул эреже өзүн-өзү каржылаган муниципалдык автопарктын жобосуна ылайык киргизилип жатканын кабарлап, меморандумду жокко чыгарган. Бул үчүн компания ишин көрсөтүлгөн мөөнөттө кеч баштаганын жүйө кылган.

Бишкекке 350 автобус келет

Бишкектин азыркы башчысы Бактыбек Кудайбергенов да ушундай эле система менен борбор калаадагы каттам линиялары жергиликтүү ишкерлерге берилип жатканын кабарлады. Ал ишкерлер Өзбекстандан 350 автобус алып келүүнү сунуштап жатканын 3-июнда парламентте билдирди.

"Биздин ишкерлер менен чогуу Өзбекстандын "Самарканд-авто" заводу менен "Ицузу" маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Аларды биздин, кыргызстандык ишкерлер өз акчасына алып келишет. Аутсорсинг система менен биз аларга шаардан каттам линиясын беребиз. Биринчи партиясы - 50 автобус ушул айдын аягына чейин алып келиниши күтүлүп жатат. Калганын толугу менен октябрдын аягына чейин келет деп убада беришкен".

Кудайбергеновдун маалыматына караганда, Европа өнүктүрүү банкынан 33 млн евро автобус сатып алууга өтүнмө берилген. Анын ичинен 8 млн. евро грант түрүндө. Калганы 1% үстөк менен 12 жылга алынат.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кабарлагандай, башкалаада 109 кичиавтобустук каттам бар. 11 автобустук жана 11 троллейбустук каттам жүрөт.

Өзбекстанда күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. Ал эми коңшу Казакстанда ысыктан жана кургакчылыктан бодо мал кырылып жатканы кабарланды. Күндүн катуу ысышы Түркмөнстанда да байкалууда.

Казакстандын Мангыстау облусунда жашаган Бердимурат Төрекенов социалдык тармактарда өлгөн жылкыларынын сүрөтүн коюп, аймактагы бир нече калктуу конуштарда ысыктын жана кургакчылыктын кесепетинен бодо малга суу жетпей кырыла баштаганын билдирди.

"Мал ысыкка чыдабай жерге жата калып атат. Жылкынын териси агарып кеткен. Өлөйүн деп тура албай жатат", - деди Төрекенов.

Анын бул билдирүүсү дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, кургакчылык жана катуу ысык менен алпурушкан чабандарга бийлик колдоо көрсөтүшү керек деген сунуштар айтылган.

Казакстандык Tengrinews.kz сайты 2-июнда өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин мал чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү бөлүмүнүн жетекчиси Эркебулан Ахметовго таянып, дыйкан чарбаларына жем-чөп жеткирүү боюнча атайын өнөктүк башталганын жазды.

Аткаминер акыркы үч жылда жай өтө ысык болуп жатканын белгилеген.

"Кышында кар аз жаады, жаан-чачындын нормасы орточо деңгээлден төмөн болду. Күн ысык болуп, жаан жаабаганы үчүн чөп күйүп кетти. Айрыкча акыркы үч жылда кургакчылык болууда", - деди Ахметов.

Коңшу Өзбекстанда да күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. "Узгидромет" 1-июнда кабарлагандай, соңку күндөрү Бухара облусунда абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлдү. Бул аймакта акыркы жолу 1967-жылы 40 градустан ашкан ысык болгон.

Күндүн ысышы Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда. Күндүн табына байкоо салган адистердин божомолунда, мындай аба ырайы апта соңуна чейин сакталат.

Шаршембиде болсо Өзбекстандын Жизак жана Навои облустарында болгон катуу шамал айрым үйлөрдүн чатырын учуруп кеткени кабарланды. Мындай кум аралашкан шамал баш калаа Ташкентте да катталган. Адистер мындай чаңдуу бороон Борбор Азиянын бардык аймактарында, өзгөчө жайдын чилдесинде кадимки көрүнүш экенин белгилешет.

Түркмөнстанда метеорологдор жакынкы күндөрү өлкөдө абанын температурасы 55 градуска жетиши мүмкүн экенин эскертишти.

Ашхабад шаары.
Ашхабад шаары.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттери, ушул күндөрү өлкөнүн Мары облусунда күн катуу ысып, каза болгондор көбөйгөнүн айтышат .

"Биздин айылдарда ушул күндөрү каза болгондор көп, күн сайын 2-3 адам каза болот. Адамдар ысыкка туруштук бере албай өлүп жатышат", - деди атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун.

Жергиликтүү серепчилер аптап ансыз деле экономикалык кризис менен алпурушкан түркмөнстандыктарга дагы бир сокку алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Түркмөнстандагы катуу ысык табыгий катаклизмге гана эмес, элдин жакырчылыгына жана экономиканын таңкыстыкка кептелери айтылууда.

Дүйнөлүк эксперттер климаттын өзгөрүшүнөн Кыргызстан да четте калбаганын белгилеп келет. Акыркы күндөрү борбор калаада күн катуу ысып жатканы байкалат.

Мындан бир канча ай мурда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары, ардактуу консул Женифер Такер Бишкекте өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жыйында Кыргызстан дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнөн, атмосферанын ысышынан жапа чеккен өлкөлөрдүн сап башында турарын билдирген. Анын айтымында, акыркы 20 жылдан бери өлкөдөгү абанын орточо температурасы барган сайын көтөрүлүүдө.

«Эң эле пессимисттик божомолдор боюнча ушул кылымдын аягына чейин Кыргызстандагы орточо абанын температурасы 0,8 градустан 1 градуска чейин көтөрүлөт, - деген ал. - Мындай өзгөрүү Кыргызстандын флорасы менен фаунасына өтө чоң таасир этет. Өлкөнүн табигый керемет кооздугу менен бай биотүрдүүлүгүн эле талкалап тим болбой, климаттын ысып кетиши калкынын 65% мал чарбачылыгы менен жан баккан өлкөдө жашоо-турмуш, киреше булагына да өтө терс таасир этерин тез эле көрүүгө болот».

Акыркы жылдары окумуштуулар Жер планетасындагы температура ысый баштаганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Климаттын өзгөрүшү дүйнөдө бир топ табигый апааттарга жол ачууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2000-жылдан бери дүйнөдө сел, жер көчкү, цунами эки эсе көбөйгөн. 2000-жылдан 2019-жылга чейин жер жүзүндө 7348 жаратылыш кырсыгы катталып, 1980-1999-жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болгон. Бул кырсыктардын дээрлик жарымы же үч миңге жакыны Азия континентинде болду. Климаттын өзгөрүшүнөн улам болгон зилзала жана цунамилер 6600 деп эсептелди.

Абанын ашыкча ысышынан 165 миң адам каза болуп, 4,2 миллиард адам жаратылыштагы кырсыктардан жабыркаган. Мындай табигый апааттар дүйнө экономикасына акыркы 20 жылда 3 триллион доллар зыян алып келгени БУУнун акыркы отчётунда жазылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG