Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:59

Экономика

Аламүдүн районундагы каналдардын бири

Чүй облусунун үч районунун дыйкандары айдоо талаалары суу жетпей күйүп баратканын айтып, эки жолу митингге чыгышты. Өкмөт болсо суу жылдагыдан аз келип жаткандыгын айтууда. Мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп эскерткендер да бар.

Сокулук районундагы төмөнкү зонада жайгашкан Октябрь айыл өкмөтүндө беш гектар жерге беде жана жүгөрү айдаган Сайфулла Асроровдун айдоо талаасы суу жетпей куурап калды. Асроров жыл сайын гектарынан эки жүздөн ашык боо чөп алчу.

“Бул жерге беде эккенбиз. Быйыл сугарылбагандыктан беде жок, жердин баары кургап, абал ушул. Бир айдан бери суунун артынан чуркап жүрөбүз, бир тамчы суу берилбейт. Меники эле эмес, жалпы райондо абал ушундай. Бүт элдин бары сууну талашып, урушуп жатышат. Жанымдагы кошунанын арпасы бир карыш чыгып, баш алды, ага комбайн кирбейт. Эгин-тегиндин баары күйүп кетти”.

Чүй облусунун төмөнкү зонасында гана суу тартыш эмес. Чүйдүн жогорку зонасы саналган тоо этектей жайгашкан Аламүдүн районунун Арчалы, Кайырма, Кашка-Суу, Байгелди айылдарынын тургундары суу берүүнү талап кылып, Ала-Арча суу бөлүштүрүүчү түйүнүнө чейин барышты.

“Мурун бул жакка келчү эмеспиз. Эч ким талашпай эле акчасын төлөп, сууну алчубуз. Быйыл суунун башына чейин келип отурабыз”, - деди Арчалы айылынын тургуну Мелисбек Тентимишов.

Аламүдүн районунун Кайырма айылынын тургуну Алмамбет Усупов болсо 2,5 гектар жерге беде жана кожогат (малина) айдаган. Ал 20 күндүн ичинде суу болбосо, эмгек текке кетет деп кооптонуп турат.

“Биз дагы бул жакка келчү эмеспиз. Чөптүн биринчи чабыгы өзү эле жердин нымы, жаан-чачын менен чыгат. Экинчи чабыктын биринчи суусу дагы бериле элек. Айылдагы эл мал менен жашайт. Быйыл чөп кандай кымбат болуп жатканын көрүп жатасыңар".

Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун дыйкандары буга чейин эки жолу өкмөт үйүнүн алдына суу берүүнү талап кылып акция өткөрүшкөн.

Алар суу бөлүштүрүүдө баш-аламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатат деген нааразылыгын билдиришкен.

Өкмөт абалды беш-алты жылда кайталанып туруучу тартыштык катары түшүндүрүүдө. Маалыматка караганда, буга тоолордун башы жылыбай, мөңгүлөрдүн ээрибей жатканы да түрткү болду.

15-июнда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Суу ресурстары агенттиги суунун аз кирип жатканын көрсөтүү үчүн Чүй облусундагы төрт райондун айдоо талаалары сугарылган Ала-Арча, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кегети дарыяларынын башына, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына журналисттерди алып барды.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Алмаз Сокеев быйыл жылдагыдан эки-үч эсе аз суу келип жатканын айтат.

“Азыр көрүп жатканыңыздардай дарыяларда эки-үч эсе суу аз болуп жатат. Аламүдүн, Ала-Арча суулары секундасына 10-12 куб метр суу берчү эле, азыр секундасына 2-3 куб метр гана суу келип жатат. Быйыл жалпы Кыргызстан боюнча суу 40% аз келүүдө. Ага тоонун башы жылыбай, мөңгү ээрибей жатканы себеп”.

Ала-Арча, Аламүдүн сууларын Бишкек шаары дагы сугат үчүн колдонот. Чүй облусунун дыйкан талаалары күйүп бараткандыктан, 15-июнда башкалаага да сугат үчүн суу берүү беш күнгө токтотулду.

Ала-Арча суу бөлүштүрүүчү түйүнүнүн башчысы Абдрахман Жумашов азыркыдай кырдаал 1978-жылдары болгонун эске салды. Сокулук жана Аламүдүн райондорунун 9-10 миң гектар жерин сугарган Ала-Арча суусу мурдагы жылдары секундасына 7-8 куб метр суу берсе, быйыл 3 кубр метр гана суу келүүдө.

"Жакшы болгондо бул маалда 10-12 куб метр суу келип калат. Негизи, 7-8 куб метр суу берчү. Азыркы 3 куб метр суу 9 миң гектар жерге бөлүнүп жатат".

Ысык-Ата жана Кегети сууларында дагы ушундай эле абал. Ысык-Ата суу сактагычына топтолгон суу толугу менен агызылып, учурда 2,5 куб метр суу секундасына агып чыгууда. Ал эми Чүй жана Ысык-Ата районундагы тогуз миң гектардан ашуун жерди сугарчу Кегети суусу секундасына 1 куб метр гана суу берүүдө.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Алмаз Сокеев мөңгүлөр ээрип, суу кириши үчүн абанын түнкү температурасы 20 градуска жетиш керектигин, Кыргызгидромет агенттиги болсо июль айынын башында гана бул температурага жетиши мүмкүн деп божомолдоп жатканын айтты.

Ал суу сордуруп чыккан кудуктарды көбөйтүү аркылуу абалдан чыгуу керек деп эсептейт:

“Министрлер кабинетинин башчысы бул маселе боюнча жыйын өткөрдү. Биринчи кезекте суу сордуруп чыгарган кудуктарды иштетели деп жатабыз. Бүгүн биринчи суу соруп чыгарган кудукту ишке киргизебиз. Чүй облусунда жалпы миңдей суу соргон кудуктар бар. Жакын арада жаңы кудуктарды ишке киргизебиз жана эскилерин оңдойбуз. "Эмнеге мурда кылган жоксуңар?" деген суроо пайда болушу мүмкүн. Азыр дыйкандар жерден пайда көрүп, акча санап калды. Биздин эл сууга төлөгөнгө даяр. Азыр өздөрү "суу сордуруп чыгарып берсеңер электр энергиясына, оңдоп-түзөөгө төлөйбүз" деп жатышат. Азыр биздин агенттик Катардын фонду менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Алар бекер суу соргон кудуктарды коюп берүүгө даяр”.

Айыл чарба жана өнөр жай министрлиги суу тартыштыгын чечүү үчүн дыйкан чарбаларды ирилештирүү, тамчылатып сугаруу сыяктуу инновациялык технологияларды пайдаланууга убакыт келгенин айтууда.

“Быйылкы жыл суу системасындагы олуттуу көйгөйлөрдү көрсөтүп койду. Эски советтик ирригация системасын жаңылап, оңдош керек. Жылына 5 млрд. сом бөлүнүш керек, тилекке каршы, мамлекеттик бюджеттен миллиард сом гана бөлүнөт. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын иштерин күчөтүш керек. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири - мурда колхоз-совхоздордогу талааларда 4-5 арык болсо азыр дыйкан чарбаларга бөлүнүп, 30-35 арык бар. Андан суу жоголууда. Мындан тышкары жаңы инновациялык технологияга өтпөсө болбойт. Жаан, тамчылатып сугаруу ыкмасы азыркы учурда абдан үнөмдүү жана пайдалуу технология экенин көрсөтүүдө. Айыл чарба министрлиги бул иштер боюнча атайын стратегия иштеп чыгып, медиа аркылуу жеткизели деп жатабыз”, - деди Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов.

Эксперт Абдулла Ташиев маселени чечүү үчүн эң биринчи мөңгүлөрдүн ээришин токтотуп калууну сунуштоодо:

"Жердеги нымды сактоо үчүн Кыргызстанга эң аз дегенде 2 млрд. дарак отургузуш керек. Кышында жөн эле агып кетип жаткан сууларды топтоонун жолун ойлошубуз зарыл. Мисалы, Гималайда кышында аккан сууну түтүк менен бийик тоого чыгарып, тоңдурат. Жазында жердин бары ным болуп жатып калат. Жер астындагы суулар агып кетип жатат. Түштүк Кореяда 5 миң метр тереңдиктен сууну сордуруп алган кудуктар бар. Ошондой кудуктарды пайдаланып, аны шамал менен иштетсе болот. Тамчылатып сугаруу жакшы, бирок ушул басык менен кете берсек, тамчылатып сугарууга дагы суу жок калат. Алгач суунун булагын түзүп алышыбыз керек”.

Чүй облусунун митингге чыккан жашоочулары "Кыргызстан Казакстанга суу сатып жатат" деген пикир айтышкан. Суу ресурстары агенттиги мындай дооматтарды четке кагып, Чу суусунун 42% Казакстан колдонорун билдирди.

16-июнда суу көйгөйү, дыйкандардын маселеси парламент жыйынында көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетинен антикризистик план талап кылышты.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. Быйыл 10-июнга карата суу сактагычта 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG