Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:05

Экономика

Асыл тукум "Арашан" кочкорлору
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:46 0:00

Кыргызстанда малдын санына эмес, сапатына көңүл бурган чарбалар көбөйүүдө. Ушул тапта этти жана сүттү арбын берген бодо мал менен катар эле эти көп, жүнү сапаттуу койлорду, асыл тукум жылкыларды көбөйтүп жаткан 263 чарба бар.

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку кездери малдын санынан сапатына көңүл бурган чарбалар көбөйө баштады. Учурда этти жана сүттү арбын берген бодо мал менен кошо эттүү, уяң жүндүү кой, асыл тукум жылкы баккан 263 ферма бар.

Наркы 50 миң доллардан ашкан кочкор

Гиссар менен кыргыз койунун аргындашуусунан алынган "Арашан" породасындагы кочкор былтыр Казакстандагы көргөзмөдө 16 миң долларга сатылган. Ушундай эле породадагы эки жашар кочкордун баасы учурда 50 миң доллардан жогору бааланууда.

Асыл тукум "Арашан" кочкорлору
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:46 0:00

"Кыргыз койчулары" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирлан Сатыбеков Бишкектин жанындагы Арашан айылында чарбачылык кылат. Бул чарбадагы мал жайлоого чыгып кеткен. Биз барганыбызда сатыкка коюлган он чакты ири кочкор менен азыноолак козулуу кой калыптыр.

"Бул беш жаштагы кочкор, Таластан алып келгенбиз. Мурда "Гигант" деген кочкорубуз бар эле, Казакстанга сатылып кеткен, бул ошонун тукумунан. Дагы бир эки жашар кочкорубуз атактуу "Гулливер" аттуу кочкорубуздун козусу. "Гулливерди" биз эки жыл мурун Чымкенттеги айыл чарба көргөзмөсүндө 16 миң долларга сатканбыз. Биздин кочкорлордун баасы эки миң доллардан жогору кетет. Эки-үч айлык козулар 500 доллардан өйдө. Ушул тапта Беловодскиде "Шарпер" деген дагы бир кочкорубуз бар. Аны 50 миң долларга бербей койгонбуз".

Базардагы койлор. Бишкек.
Базардагы койлор. Бишкек.

Ондогон жылдык мээнеттин үзүрү

"Кыргыз койчулары" коомдук бирикмеси гиссар породасындагы кой менен кыргыз койун аргындаштырып "Арашан" породасындагы койду жайылтуу аракетин көрүп келет. Аталган порода быйыл Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өткөн.

Мирлан Сатыбековдун билдиришинче, "Арашан" койлору 1970-жылдан берки жүргүзүлгөн тажрыйба, иш-аракеттердин натыйжасынан улам пайда болгон.

"Бул породаны түзүү үчүн атайын биз 2005-жылы "Кыргыз койчуларынын" коомдук бирикмесин түзгөнбүз. Советтер Союзунун тушунда, 1970-жылы "Кант МИС" чарбасына Тажикстандан гиссар кочкорлору алынып, келип, кыргыздын куйруктуу койлору менен аргындаштыруу башталган экен. Ошондон бери улам жакшыларын иргеп алып, кайра дагы аргындаштырып отуруп, ушул породага жетиштик. "Арашан" тукумундагы кой элүү жылдан берки мээнеттин үзүрү".

Сатыбековдун ырасташынча, "Арашан" койунан кадимки койго караганда эт эки-үч эсе көп алынат.

"Азыркы учурда биз негизинен порода алуу, породаны жайылтуу максатында сатып жатабыз. Ошондуктан, баа ушундай кымбат. Бирок буйруса, булардын туягы көбөйсө, кадимкидей эле согумга союп калабыз. Булар эт менен майды көп берет. Эттүүлүгү азыркы койлордон эки-үч эсе көп. Азыркы жөнөкөй кой 20-30 кг. эт берет, булардан 60-80 кг. чейин таза эт чыгат. Жеген-ичкени, баккан түйшүгү берки койлордой эле".

"Арашан" койлору Кыргызстандын өзүндө аргындаштырылгандыктан, жергиликтүү климатка чыдамдуу.

"Жайлоого айдайбыз. Таласта жайдыр-кыштыр жайытта. Өтө катуу суукта эле сарайга камабаса, негизинен сыртта багылат. Жем-чөп жегени жагынан жөнөкөй койдон эч айырмаланбайт".

Абердин ангустун эти баа

Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкиден тышкары бодо мал, жылкы, топоз, тоок, жада калса аарылардын асыл тукумдуулугун арттыруучу 263 чарба бар. Алардын ичинде 27 асыл тукум заводдун жетөө мамлекеттики. 236 асыл тукум ферманын экөө мамлекетке карайт.

Мындай фермалардын басымдуу бөлүгү гиссар, кыргыз кой, "Алай", меринос жана башка породадагы койлорду бакса, ири бодо малдын "Алатоо", абердин ангус, герофорд, швиц, симментал, шароле жана башка түрлөрүн жайылтуу менен аракеттенет. Булардын ичинен абердин ангус менен герофорд породасындагы мал эт багытында багылат. Адистер учурда дүйнө жүзүндө мындай породадагы малдын эти бааланарын айтышат. Ага ылайык, суроо-талап да көп.

Ысык-Көлдөгү “Рейна-Кенч” дыйкан чарбасы мындан сегиз жыл мурун бул уйдун тукумун биринчилерден болуп Кыргызстанга алып келген. Эт багытындагы бодо мал багып, аны көбөйткөн дыйкан чарбанын уйлары азыр Кырызстандын беш облусунда бар.

Алгач 100 уй, төрт бука Америкадагы дыйкан чарбалардын бири менен сүйлөшүүдөн кийин ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен алып келинген. Азыр ал уйлардын 700дөй музоо-торпогу Оштун Алай районуна, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарына сатылган.

“Рейна-Кенч” дыйкан чарбасынын жетекчиси Нурмухамед Аскарбеков бул уйлар кыйла эттүү болорун айтып берди.

"Бул абердин ангус тукумундагы уйларды биз сандан сапатка өтөлү деп алып келгенбиз. Малдын тукуму жакшырсын, жайыт жерлерибиз сакталып калсын, биз өндүргөн эт экспортко чыксын деген ойдо болгонбуз. Азыр фермерлерге музоолорун лизинг катары берип атабыз. Анын үстүнө бул уйларды багууга биздин климаттык шарт абдан туура келет экен. Эгер жөнөкөй уйлар 350-400 кг. эт берсе, бул уйлар 600 кг. чейин эт берет. Аябай жоош келет, тоютту да тандабайт, кадимки мал жеген жемди жейт, адамга да жакын болот".

Аскарбековдун айтымында, бул уйлар саалбайт, ар бир туулган музоо эне сүтүн ээмп, өзүнчө багылат.

"Биз жылда бул уйларды жайлоого чыгарабыз, ал жерден жакшы эт алып келет. Бирок жайытта жүргөндө аябай каралат, себеби башка мал менен аралаштырбаш керек. Тоюттан улпак, арпа, жем, чөп дегенди жейт, тандабайт. Негизи бул уйлардын эти дүйнөдөгү жогору бааланган үч тукумдун катарына кирет. Бул уйдун этинен стейк жасаса мыкты болот. Мисалы, азыр биз Бишкектеги чакан ресторандарга этин жиберип турабыз, аларга башында дегустацияга алып барып көргөнбүз, ошондон тарта тынбай буйрутма берип турушат. Өтө семирте баккан күндө дагы бул уйлардын этин май басып кетпейт экен, көбүнчөсү кара кесек болот".

Азыр абердин ангус тукумундагы уйлардын этин жана тукумун экспортко чыгаруу үчүн жакынкы эки өлкө менен келишим түзүлүп жатат.

"Негизи Орусия жана Казакстан бул уйдун этине кызыгып жатат. Учурда аларга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Иш кагаздары бүтсө эле сатыкка чыгат. Дубайдан дагы кызыккан тараптар бар, алар бул эттин сапатын, баасын билет. Биздин чарбадан чыккан ар бир уй үчүн жооп беребиз. Уйдан эки маал анализ алып турабыз, убагында эмдеп, дарылап турабыз".

“Рейна-Кенч” дыйкан чарбасы ушул жылдын жаз айларында Каракол шаарында эт комбинатын ачкан. Анда күнүнө 100 баш бодо, 500 баш кой союлуп, сатыкка даярдаса болот экен. Абердин ангус уйлары дагы ушул комбинатта союлат. Комбинат толук ишке киришсе, 154 киши иш орду менен камсыз болот. Азырынча мында 25 гана киши иштейт.

Алгач АКШдан алынып келгенде абердин ангус уйларынын бир башы 4800 доллардан болгон. Азыр дыйкан чарба чоң уйларын 120 миңден 200 миң сомго чейин сатыкка чыгарат. Ал эми торпоктору 85 миң сом турат.

Саны өскөнү менен сапаты...

Кыргызстанда 90-жылдары 1,2 млн. ашуун ири бодо мал болсо, 2020-жылы бул көрсөткүч 1,7 миллиондон ашты. Ал эми койдун саны 90-жылдары 10 млн. чукул болсо, учурда 6,5 миллионго чукулдаган. 90-жылдары 312 миңден ашуун жылкы болсо, быйыл эки эсе көп. Бирок ошол эле учурда малдан алынган пайда, тагырагы эт менен сүттүн кирешеси төмөндөп кеткен.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мал чарба жана жайыт бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраевдин ырасташынча, малдын асыл тукумдуулугун арттыруу үчүн министрлик малчыларга багыт берип иштеп жатат.

"Малдын башы көбөйүп баратат. 90-жылдары Кыргызстанда ири бодо 1,2 млн. баш мал болсо, азыр 1,7 млн. баш мал бар. Бирок азыр уйдун эти дагы, сүтү дага азайган. Ошондуктан, биздин министрлик учурда малдын асыл тукумдуулугун арттыруу үчүн бир топ аракеттерди көрүп, "райондоштуруу" ыкмасын киргизгенбиз. Бул чет жактардан алып келинип жаткан же өзүбүздө өстүрүлүп жаткан малды изилдеп, аны кайсы райондо багып, көбөйтүү мүмкүн экенин малчыларыбызга айтып, маалымат берип жатабыз. Мал чарбачылыгына насыя акча алууну каалагандарга да "бул породадагы мал алгыла" деп кеңеш берилет".


Асыл тукум малды көбөйтүү үчүн анын өзүн четтен алып келүү кымбат турат. Тирүүлөй жандыкты алыс жактан учак менен жеткиргенде баасы эселеп көтөрүлөт.

Ушундан улам, министрлик учурда Мал чарбачылыгын илимий-изилдөө институту, менчик чарбалар менен чогуу асыл тукум малдын уругун алып келүүнү, жасалма уруктандыруучу чарбаларды көбөйтүүнү көздөөдө. Бирок буга тиешелүү адистер жетишсиз болууда.

"Биз бардык айыл өкмөттөргө жасалма уруктандыруучу завод ачалы деп жатабыз. Ал үчүн Чүйдө жана Ошто урукту сактоо үчүн азот заводун куруу керек. Анткени, урукту сактоо үчүн суюк азот керек. Жасалма уруктандыруунун артыкчылыгы - малдын оорусу жукпайт, экинчиден, арзан түшөт. Мисалы, биздин Мал чарба илим изилдөөчү институтта өндүрүлгөн уруктун бир дозасы 150 сомдон тартып башталат. Болгону айыл жерлеринде жасалма куутту билген адистер аз болуп жатат. Ушундай адистерди окутуу керек".

"Ветеринар жок, айла жок өзүбүз адистешип жатабыз"

Малдын асыл тукумдуулугун арттыруу жаатында тиешелүү адистер, ветеринарлар жетишсиз.

"Кыргыз койчулары" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирлан Сатыбеков ветеринар жетишсиздигинен койчулар өздөрү адистеше баштаганын айтты.

"Биздин чоң көйгөйүбүз - ветеринар врач жок. Кой ылаңдаганда ветеринар чакырсак, "эмне болуп ооруп атат?" деп сурайт, айтсак, "союп эле салгылачы" деп келишпейт. Ушундан улам, биздин чабандар өздөрү ветеринар болуп бүтүштү. Мисалы, койдо "көкмээ" деген оору бар. Ошону биздин Караколдогу балдар өздөрү операция жасап, дарылап жүрөт. Эптеп аракет кылып иштеп келе жатабыз. Буйруса өзүбүз коомдун атынан балдарды ветеринардын окуусуна жиберип, семинар-тренингдерге катыштырып, окутуп алалы деген оюбуз бар".


Жогоруда айтылгандай, акыркы жылдары Кыргызстанда малдын башы тездик менен өсүп жатат. Бул бир жагынан жайыттардын такырайышына алып келүүдө. Ушундан улам адистер өлкөдө малдын санын эмес, анын пайдасын көбөйтүү зарылчылыгын айтып келишет. Мисалы, учурда Кыргызстанда 6,278 млн. ашуун майда жандык же кой-эчки катталса, асыл тукум кой анын бир пайызына да жетпейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG