Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Экономика

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова "Фейсбукта" өлкөдөгү кырдаал тууралуу резонанстуу билдирүү жазды. "Азаттыкка" курган маегинде ал эмне үчүн Кыргызстанда "мыйзам өлгөнүн" жана коррупцияга каршы өнөктүк кантип экономикалык кыйроого алып келери тууралуу ой бөлүштү.

- Шаршемби күнү сиз "Фейсбукка" "Азыр болгон жаңылыктын баары эле СИЗО болуп калды! "Ыктыярчылардын көрсөтмөсүнө" таянып эле камай берген туура эмес. Баканооздор жана абактагылардын өлкөсү... Ишкерлер чыгып кеткиле... Юристтер жардам бере албайт - мыйзам өлүп калган!" деген билдирүү жаздыңыз. Бул пикирдин жазылышынын себеп-жөнүн кененирээк чечмелеп бере аласызбы?

- Эки ооз сөз менен айтсам, коррупцияга каршы убада кылынган күрөштүн негизинде жапырт камоолор жүрүп жатканын көрүп турам. "Коррупция" беренесинде мени эки нерсе кабатыр кылууда. Эмненин негизинде экени түшүнүксүз эле акча төктүрүп жатышат. Орой айтканда, акча төлөсөң болду кандай зыян келтиргениңе карабай эркиндикке чыгасың. Төлөбөсөң – абакта каласың. Мага туруктуу кардарлар келип "Чолпон Идиновна, мага каршы көрсөтмө берилгенин уктум" деп айтып жатышат. Ушул ыкма менен эле адамдар көрсөтмөнүн негизинде камалууда.

- Демек, ага каршы көрсөтмө бериле турганын алдын ала билгендер бар экен да?

- Бул деген Кыргызстан. Эч нерсе боло электе эле билип турабыз. Кийин ошондой эле болуп чыгат. Маселе ушуга барып такалып жатпайбы. Камаш үчүн Кылмыш-процессуалдык кодекси, анда негиз жана айыбына жараша деген түшүнүк бар.

Демек, кылмыш ишин ачуу, бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн тергөөчү болгон далилдердин баарын кылдат изилдеп чыгышы керек. Негиздүү далил дайыма эле боло бербейт.

Конкреттүү кылмыш иштери тууралуу комментарий бергим келбейт, жагдайды мага кайрылган адамдардын санынан улам эле айтып жатам. Экинчиден, мени башка жарандардын "туура кылат, бул бай, бизнесмен да, отургузушсун, кустурушсун" деген реакциясы чочулатууда.

Биз ишкерлер бир топ жагдайларга көз каранды экенин түшүнүшүбүз керек. Биз болсо аларга көз карандыбыз. Ишкерлерсиз бизде жумуш орундары түзүлбөйт. Ишкерлер салык төлөйт, экономиканы кыйроодон сактап турушат. Андыктан ойлонбой күчкө салган туура эмес.

Элдин нааразылыгын деле түшүнүп турам, бирок тараза ташынын бери жагында эртеңки күнүбүз турат го. Экономикалык туруктуулук болобу? Түбөлүккө “кустуруп” отура алышпайт да.

Адамды кайсы учурларда отургузуунун шарт-жөнү Кылмыш-процессуалдык кодексинде так көрсөтүлгөн. Баарын эле жөн салды отургуза берүүгө болбойт. Мындай күч колдонуу тажрыйбасы өтө кооптуу. Сот, прокурорлор буга көнүп алса, эртең каалаган адамын кармаганга шарт түзүлөт. Келечекте жөнөкөй жарандар камала баштайт.

- Менин колумда Улуттук статистика комитетинин маалыматтары турат. 2021-жылдын январь-мартында чет элдик түз инвестициянын келиши 112 миллион доллардан бир аз ашыптыр. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштыргандагы көлөмдүн төрттөн бирин түзүптүр. Сыртка 479,1 миллион доллар чыгарылган экен. Айырмасы төрт эсе көп. Биз өтө чоң каражатты жоготкон экенбиз. Бул Кумтөргө байланыштуу окуялар жаңы өнүгө баштаган жылдын биринчи кварталындагы гана маалымат. Акча Канадага гана эмес, башка өлкөлөргө да кетип жатат. Коррупцияга каршы күрөш жергиликтүү ишкерлерге таасир этүүдө. Ички инвесторду, жергиликтүү ишкерди кысымга алуунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Биринчиден, акчанын сыртка карай агымы күчөйт. Бизнес ушундай абалга кептелди: ишкер таза иштегиси келсе да система ага бут тосот. Бажыдан өтүү, кайсы бир лицензияны алуу, тендерден утуу баары акча менен бүтөт. Ошондой экенин баарыбыз эле билебиз. Биздеги эң бай адамдар бизнесмендер эмес эле мамлекеттик кызматтагылар. Ошол себептүү бизде бизнес көмүскө иштейт. Көмүскө иштегенден кийин төккөн акчасы да көмүскөдө болот. Биз киреше өзүбүздө калгыдай шарт түзүшүбүз керек. Бирок азыркы системада бизнесмендер бизде болгон эрежелер менен иштөөгө аргасыз.

- Андыктан ишти системаны оңдоодон башташ керек деп жатасыз да?

- Ар бир ишкерге 10-15 жыл мурдагы иштер боюнча илинчек тапса болот. Ошол эле салыктан качуу, тендер ж.б. Себеби, биздин системанын эрежелери ушундай. Бизнес ага ылайык иштеп жатат. Биз бул жерде күнөө ишкерлерде эмес, системаны жараткан мамлекетте экенин моюнга алышыбыз керек. Биз бул эрежелерди сындырбасак болбойт. Көйгөй адамдарды камоо жолу менен эмес, системаны оңдоо менен чечилет.

Бул үчүн мамлекет башындагыларда саясий эрк болушу кажет. Көпчүлүк өлкөлөрдө ошондой болгон. Бийликке абийири таза эместер келгенде капиталды жыйноо процесси дайыма кыянаттык менен коштолгон. Бизде андайлар толтура эмеспи. Эгер алар (башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларына таянып) эч кимди отургузбай эле коррупцияны жеңгиси келсе, анда коррупциянын булагы болгон системаны сындыргысы келгенин, капитал ушул жерде биздин өлкөнүн экономикасы үчүн иштешин каалай турганын ачык айтышы керек. Андыктан 2020-жылдын 1-январында, 2019-жылдын 1-январында болгон окуяларга көз жумганыбыз оң. "Мен келдим, буга чейин болгондор менен күрөшпөй, системаны азыр сындырып, азыр тазаланууну баштайм" деген позиция болушу шарт.

Маектин орус тилиндеги толук вариантын видеодон көрө аласыз.

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00

Кыргызстандын эң башкы "Токтогул" гидроэлектростанциясын (ГЭС) суу менен камсыздаган кампада суунун көлөмү 10,8 млрд. кубга жетти. Бирок бул баары бир былтыркыдан 2-3 млрд. кубга аз. Жаратылыштагы суунун азаюу циклинен улам чөйчөккө суунун толушу бир-эки жылдан бери азайып жаткан. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу менен аны көбөйтүүгө аракет кылууда. Бирок парадоксалдуу жагдай, аларга кайра ток бериш үчүн сууну дагы агызууга туура келүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG