Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Экс-президенттин Кой-Таштагы «козголоңу»


Кой-Таштагы жыйналыш.
Кой-Таштагы жыйналыш.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага коюлган дооматтардын баарын «калп» деп мүнөздөдү. Ал бул тууралуу 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолукканда айтты.

Аталган жолугушууда Атамбаев сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялады. Саясат талдоочулар мурдагы президенттин кескин билдирүүсү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна терс таасирин тийгизерин эскертип, бийлик менен оппозицияны ымалага келүүгө чакырып жатышат.

Алмазбек Атамбаев катышкан мындай жыйындар буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» имаратынын алдында бир нече жолу болгон. Бул ирет экс-президенттин тарапташтары Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө чогулушту.

Ага Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Анвар Артыков жана Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынан келгени айтылган адамдар катышты. Алар «президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына каршы саясий куугунтук кылып жатат» деп, Жээнбековдон бийликтен кетишин талап кылышты.

Жыйында Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, Жогорку Кеңеште ага коюлган дооматтарга кескин жооп берди:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Ушактарды чыгарып мага жалаа жабайын деп атышат. Бирок көрөсүңөр, мунун бири да чындык эмес. Эртели-кеч чындык чыгат. Мага коюлган күнөөнүн баары тең ыплас, калп. Мен аларга актанып, теңелгим келбейт. Сооронбай Жээнбеков менен парламент «Атамбаевди соттойбуз» деп театр кылып жатат. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин. Мен Кудайдын, элдин сотуна, тарыхтын сотуна даярмын».

Атамбаев азыркы бийлик Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп жатканын дагы бир жолу кайталап, Сапар Исаков баш болгон КСДПнын бир катар мүчөлөрү Матраимовдун кызматтан алынганына байланыштуу абакта отурганын айтты.

Ошондой эле бул жыйындын уюштурулуп калуу себебине токтолуп, акыркы күндөрү ага Чүй облусунун тургундары аны «коргойбуз» деп келип жатышканын, керек болсо өзү курал менен коргонорун билдирди:

«Акыркы жолу жолукканда балдар «мынча киши болуп күнүгө келебиз» деп тизме түзүп алышыптыр. «Байке, сизди кайтарабыз» дешет. Мен айттым, «менде винтовкасы да бар, тапанчасы да бар, мен өзүмдү-өзүм коргоп калам» десем болбой жатышат. Мүмкүн муну азыр «Атамбаев элди чогултуп, «мени коргоп бергиле» деп жалынып атат» деп бурмалашат да. Атамбаев дайыма өзүн-өзү коргоп көнгөн».

Мурдагы президенттин тарапташтарынын Кой-Таштагы жыйыны Алмазбек Атамбаевдин макамын алып, жоопко тартуу аракеттеринен кийин болду. 20-июнда Жогорку Кеӊеш «экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом кабыл алып, Атамбаевге коюлган дооматтарды текшериш үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Мунун алдында Атамбаевдин дарегине айтылып жаткан тогуз айыпты иликтеген депутаттык комиссия анын алтоону «негиздүү» деп тапкан. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы.

КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө өткөн жыйында, мурдагы президентке коюлган дооматтар боюнча мындай деди:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

«Мен жалгыз эле Алмазбек Шаршеновичти колдоп келген жокмун. Мен Кыргызстандын келечегин колдоп, эртеңки күнүбүз кандай болот деп келдим. Эгерде ушундай мыйзамсыздык улана берсе, эртең Алмазбек Шаршеновичти алып барып отургузуп койсо, биз ага жол берсек, унчукпай отурсак тарыхыбыз эмне болот? Мен базарга, дүкөнгө, тойлорго барсам мени көргөн кишилер саясатты эле сүйлөшөт. Бирок ушул күнгө чейин бирөө да «сен туура эмес кылып атасың. Акыйкат башка жакта» деген жок. Баары тең бүгүнкү болуп жаткан мыйзамсыздыкка нааразы».

Саясат талдоочулар Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу боюнча акыркы аракеттер экс-президентти буга окшогон кескин билдирүүлөрдү жасап, радикалдуу кадамдарга барууга түртүп жатат деп баа беришүүдө. Саясий эксперт Марс Сариев Кыргызстанда саясий кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат деп эсептейт.

«Чын эле акыбал аябай курч, - деди ал. - Азыркы бийлик Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүшү керек. Себеби Атамбаевдин жоготчу эч нерсеси жок калды. Антпесе Кыргызстан бул иште утулат. Менин пикиримде эки тарап сүйлөшүү үчүн жолдор да бар. Ушундай негиз менен чыңалууну токтотсо болот. Ансыз деле Кыргызстанда саясий элита бөлүнгөн. Алардын өз күчтөрү бар. Андан тышкары тышкы күчтөр да таасир этиши мүмкүн».

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исмаил Исаков Атамбаев менен анын тарапташтарынын жыйындагы билдирүүлөрүн сынга алды:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

«Алардын коомду башка бир тарапка буруу аракети жыйынтык бербейт. Албетте, адамдардын арасынан нааразы болуп чыккандар болот. Бирок көпчүлүк түшүнөт, баары билимдүү. Атамбаев эгерде мыйзамды, элди, үй-бүлөсүн, өзүнүн статусун сыйласа «баарыңар чыдап тургула. Сот болсун. Ачык сотко келип катышкыла. Мен күнөөсүз экенимди далилдеп берем. Андан көрө мага ден соолук каалагыла» деп айтышы керек эле».

Президенттин аппараты Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын дооматтарына жооп бере элек. Атамбаев ар бир билдирүүсүндө сөз кылган Райымбек Матраимовдун мүлкүн болсо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дагы эле иликтеп жатканын кабарлоодо.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын экономикасы артка кетип жатканда учурдагы саясий окуялардын ага кошул-ташыл болуп атканына кейиди:

«Азыр Кыргызстанга тынчтык, туруктуулук керек болуп турат. Өзгөчө 2019-2020-жылдары. Анткени азыр биздин коңшу өлкөлөр банктардагы акчасын туура пайдаланып, алдыга кетип атат. Биз каражатыбызды пайдалана албай атабыз. Бул экономикага чоң сокку болуп атат».

Парламент Алмазбек Атамбаевге «президент болуп туруп бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн. Атамбаевдин тапшырмасы менен кримтөбөл Азиз Батукаев мыйзамсыз бошотулган жана анда коррупциялык иштер орун алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген дооматтарды коюп жатат. Анын ичинде ушул бүгүнкү жыйын өткөн «Кой-Таш айылындагы салган тамынын жери мыйзамсыз алынган» деген да айып бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG