Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

COVID-19 жуккан саясатчылар үн ката элек


COVID-19 менен күрөшкөн дарыгерлер. Украина.
COVID-19 менен күрөшкөн дарыгерлер. Украина.

Кыргызстанда коронавирус бир күндө дагы 163 кишиден табылды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Коомчулукта вирус жугузуп алганын ачык айтып чыккандар сейрек. Ошол эле кезде вируска, аны менен ооругандарга ишенбегендер четтен чыгат.

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуккан бир бейтап каза болду. Ал Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында дарыланып жаткан 56 жаштагы аял экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 23-июндагы брифингде билдирди.

«Тилекке каршы, Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 1964-жылы туулган бейтап дарыгерлердин аракетине карабай кечээ, 22-июнда кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин атынан жакындарына көңүл айтам. 23-июнга карата COVID-19дан каза болгондор өлкөдө 41 адамга жетти. Бир сутканын ичинде жалпы 163 кишиден бул инфекция тастыкталды».

COVID-19 бир күндүн ичинде 22 медициналык кызматкерден аныкталган. Ал эми март айынан бери вирус 600дөн ашуун медицина кызматкерине жукту. Алардын 35 пайызга жакыны догдурлар.

Баш калаа Бишкек оорунун очогу бойдон калууда. Ошентсе да, ага ишенбегендер, гигиеналык, коопсуздук эрежелерин сактабагандар көп болуп жатат.

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев буга эң негизгиси элдеги кайдыгерлик менен бийликке болгон ишенимдин жоктугу себеп экенин белгиледи .

«Мен акыркы кырдаалдан бир гана нерсени көрүп жатам. Коом өтө кайдыгер болуп кетиптир. Анан элдин бийликке болгон ишеними жок калыптыр. Ушул фактор биздин иш үчүн өтө оор болуп жатат. Биз чындыкты айтып, жөнөкөй тил менен карганганга чейин баруудабыз. Ошого карабай элди ишендире албай жатпайбызбы. Азыр эми илимий тастыкталган негиздерге таянып гана иш алып барбасак болбой калды. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын улам карап, алардан жаңы нерселерди алуу аракетиндебиз».

Эл өкүлдөрү үн ката элек

Жогорку Кеңеште да бир нече депутаттан, аппарат кызматкерлеринен COVID-19 инфекциясы аныкталды. Бирок азырынча ооруну жуктурган эл өкүлдөрү ачыкка чыгып, ал-абалы, вирустун кесепети тууралуу эч нерсе айта элек.

Парламенттин вице-спикери Аида Касмалиева мындай оор учурда коронавирус жуктурган депутаттар, коомдук ишмерлердин пикири ынанымдуу болмок деген пикирде.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Эгерде коомчулукка таанымал адамдар ооруп калганын жашырбай, бул вирус баары бир адамга жугарын ачык айтышса, коомдун саламаттыгына чоң салым болмок. Себеби, кенебестиктен оору жайылып кетти дагы, анын кесепети оор болуп, эми байкала баштады. Азыр эле ооруканада оорундар азайып, пневмония менен түшкөн адамдар көбөйдү. Билген кишиге, маселени ичинен көрүп турган адамга мунун баары өтө оор. Мен азыр ушунун баарын ичинен көрүп, аралашып жүрөм, дарыгерлер менен байланышып, алардын иштегенин көрүп жатам. Маселен, Ибраим Нуракун уулу, Марина Ким, Азим Азимов, Эркин Рыскулбеков ачык айтып чыгышпадыбы. Алардын интервьюларын бардык мамлекеттик телеканалдар көрсөтүп, элге радиодон угузуш керек».

"Ынанымдуу факты жок"

Эл арасында вируска ишенбөөчүлүк, кайдыгерлик мамиленин тамыры жумушсуз, эртеңки күнү каражатсыз калуу коркунучунан улам да күчөп жатканын адистер айтышууда.

Ушундан улам бул вирус менен жашоо, ага ылайыкташып иш алып баруу механизмдери боюнча маалыматтык саясаттан "мамлекет уттурду" дегендер да бар.

Нурхан Жумабаева
Нурхан Жумабаева

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева азыр өкмөт берип жаткан статистиканы текшерүү да мүмкүн эмес деген ойдо.

“Саламаттык сактоо министрлиги, дегеле Республикалык штаб жүргүзүп жаткан маалымат саясаты туура эмес. Алар элди коркуткан эле фактыларды беришип, күндө канча кишиге жукканын, канчоо өлгөнүн эле айтып отурушат. Чыныгы оору тууралуу айтып чыккан бейтаптар жок. Алар берген бул статистика канчалык чындыкка жакын? Аны да эч ким текшерген жок. Маселен, мен үч күндөн бери Бонецкий лабораториясына ПЧР-анализди акча төлөп тапшыра албай жатам. Биз маалыматтык кампанияларды туура жүргүзгөндө гана мамлекетке, элге жардам бере алабыз. Антейин десең, далилдер, фактылар керек да. Аларды кайдан алабыз? Мен штабына да, министрликке да ишенбейм!”

Ал арада адистер коронавирус пандемиясы дагы 1,5 жылдай өкүм сүрөрүн, анын вакцинасын иштеп чыгуу кеминде бир жылды талап кыларын айтышууда.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Алардын ичинен 41 адам каза болуп, 2054ү сакайды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 9 миллиондон ашты. Вируска чалдыккандардын 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG