Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

«Карындашымдын ой-боюна койбой нике кыйышкан»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды Түп районунда бекитип жаткан жеринен таап, баш калаага алып келишти. Ала качууга шек саналып үч адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкек шаарынын тургуну Азаматтын бир тууган карындашын үйүнүн түбүнөн белгисиз адамдар ала качып кеткен. Бир күндөн кийин карындашы Ысык-Көлдөгү айылдардын биринде экени билинген.

“Карындашым дүкөнгө чыкканда бир аял жумуш сунуштап, "маалымат берем, көрсөтөм" деп алдаган экен. Эки жагынан эки бала машинеге салып, Ысык-Көлгө алып кетишиптир. Түнкү саат үчтөн өткөндө бизге бирөө чалып, “кулдугубуз бар, кулдугубуз бар" деп телефонду өчүрүп салды. Дагы бир жолу башка номерден чалып, "эртең менен барабыз" дешти. Карындашыма "эмне болду, аман-эсенсиңби?" деп кайра-кайра чалдык. "Байке, мени алып кеткиле, менин жигитим бар. Бул менден улуу киши экен, отурбайм, калсам өзүмдү өзүм асып алам" деп ыйлап жатты. Артында беш-алты аялдын "отур, ай бер телефонду" деген добуштарын угуп турдук. Карындашым кийин сүйлөсөм эле "аялдар каргап жатат" деди”.

Азаматтын ала качууга кабылган карындашы 22 жашта. Жакында эле ашпозчунун окуусун аяктап, иш издеп жаткан. Ала качкан жигит кыздан 16 жаш улуу болуп чыккан.

“Мен карындаштарыма абдан жакынмын. Аларды дайыма колдоп, акыл-насаатымды айтып турчумун. "Өзүңөргө жаккан, өзүңөр тандаган жакшы балдарга турмушка чыккыла" дечүмүн. Бир да жолу көрбөгөн, тааныбаган адам ала качып кетсе жаман болот экенсиң. Ушундай да болобу деп нес болуп отуруп калдым. Анын үстүнө карындашымдын сүйлөшүп, шерттешип койгон жигити да бар эле”.

Азаматтын айтымында, ал карындашын нике кыйылган түнү алып кеткен.

“Никесин ошол эле күнү кыйып коюшуптур. Менде ушул жерде да суроо жаралды. Буга чейин мен көргөн молдолор нике кыйыла турган күнү келип, кыздын макулдугун сурачу. Эмне үчүн бул жолу андай болгон эмес? Ар бир молдодо журнал болот. Анда жубайлардын аты-жөнү, паспортундагы маалыматтар жазылат. Мени өкүндүргөнү карындашым хижаб киет. Аны ой-боюна койбой чечтирип салышкан экен. Көйнөк кийгизип, жоолук салып отургузушкан. "Мен макул эмесмин, ыраазы эмесмин" деген сөзүн молдо да уккан эмес. Көшөгө артынан эле никесин кыйып койгон. Мен нике түнүнө жеткирбей карындашымды алып кетүүгө үлгүрдүм".

8-августта Азамат Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ушул эле күнү Бишкек шаардык, Түп жана Караколдун милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды Ысык-Көлдөн борборго алып келишкен.

Азамат адеп Ысык-Көлдөгү укук коргоо кызматкерлери да бул окуяга маани бербегенин айтууда.

“Мен карындашым эмне болгонун билбей жаттым. Аны менен сүйлөштүргүлө десем тиги тарап көнбөдү. "Никеси кыйылды" деген сөздү укканда шаштым кетип, милицияга жетип бардым. Көлгө жеткенде жергиликтүү милиция кызматкерлери "убара болбой эле коюңуз, карындашыңыз отуруп калыптыр" деп айтышты. Адам тагдыры тууралуу сөз болуп жатканда "убара болбоңуз" деген сөздү кантип кабыл алышым керек эле? Ала качкан адамдардын үйүнө барганда карындашыма "бир гана сөз айтам, ушул жерде каласыңбы же кетесиңби?" дедим. "Кетем" дегенде милиция кызматкерлери жер карап калышты”.

Ушул тапта аталган окуя боюнча Бишкек шаарында тергөө иштери жүрүүдө. Азамат айыпталуучу тарап милиция имаратынын алдына чогулуп, тосмо арыз жаздырууга аракеттенип жатканын, кечирим сурап кыздын үйүнө да барып алышканын кошумчалады.

“Кечээ таң атканча милицияканада көрсөтмө берип отурдук. Тиги тарап улам кирип-чыгып жатты. Карындашыма келип, "жашайсың да, кайда барасың, кайра эле келесиң" деп кетишет. Мага "кичинекей эле нерсени чоңго айлантып жатасың" дешти. Менин карындашым алардын үйүндө бир топ жашагандан бетер ызылдашты. Демек алар үчүн бул болбогон эле нерсе экен. Алар бизге "ала качуу - салт" дешти. Мен эми акыйкаттыкты эле каалап жатам. Алар мыйзам чегинде жооп бериши керек да”.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз бөлүмүнүн инспектору Алмаш Кадырова бул окуя боюнча ала качууга катышы бар үч адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди:

«Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. 23 жаштагы кызды Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна эркине карабай никеге туруу максатында ала качып кетишкени аныкталган. Тергөө учурунда эки эркек жана бир аял «Адамдын эркине карабай мажбурлап никеге тургузуу» беренеси менен шек саналып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди».

Окуяны көзөмөлдөп жаткан «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ала качууга кабылган кыз психологдун жардамына муктаж экенин жана ага карата басым токтобой жатканын кошумчалады:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

“Мен бул окуяны айбанчылык деп айтат элем. Оюна койбой ала качып барып, кыйнап, отургузууну дагы кандай атаса болот? Азыр эми туугандары туш тараптан чыгып, сүйлөшөлү деп жатышат. Мага да чалышты. Кыздын жанын койбой кечээ милицияканага да барып алышыптыр. Агасы алып кетип жатканда да машинелер менен жолду тороп, бир топ тоскоолдук жаратышкан экен. Кыз азыр калчылдап, коркуп калган.”

«Ала качуу гүлдөй кызды солутпасын»
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00

Укук коргоочунын айтымында, айыпталуучу тарап кызды ала качканын мойнуна алып, камакка алынган үч бир тууганды чыгаруу үчүн тосмо арыз жазып берүүнү суранып жатышат.

Ал эми биздин каарман Азамат бул окуя башкаларга сабак болуусун каалайт. Ал өзгөчө мажбурлап нике кыйып, үйлөнгөн эркектерге кайрылды.

“Мен ушул жерден эркектерге кайрылгым келип жатат. Азыр мурдагыдай жашоо эмес. Мурда мындай болчу дегенди токтолу. Азыр бири-бирин жана укуктарын сыйлаган заман. Кыздардын ордуна өзүңөрдү коюп көргүлөчү. Сени да бирөө зордоп, кыйнап машинеге салып, бейтааныш жерге алып барды. Сенин карындашыңдын абалын элестетип көрчү? Бул зордук-зомбулук менен башталган жашоо. Тааныбаган, өмүрү көрбөгөн адамдар менен кантип жашайт?”.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын кейиштүү тагдыры коомчулуктун эсинде. Аны ала качып бара жаткан жигити максаты ишке ашпай калган соң милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG