Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

COVID-19: USAID Кыргызстанга дагы 190 миллион сом бөлдү


Кыргызстан. Вирусолог адис иш учурунда.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшкө кошумча 190 миллион сом бөлдү.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Анын билдирүүсүнө караганда, каражат медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөө, тестирлөө, дартты аныктоо жана вируска байланышкан кооптуу жагдайлар жөнүндө элге маалымат берүүнү жакшыртууга жумшалат.

Каржылык жардам USAIDдин «ABT Associates» уюму ишке ашырып жаткан «Жергиликтүү саламаттык сактоо тармагынын туруктуулугу» долбоору аркылуу берилет. Ал долбоор бейтапканаларга жана башка медициналык уюмдарга инфекциянын алдын алуу жана анын жайылышын токтотуу боюнча иштерди жүргүзүүгө жардам берет.

Быйыл мартта USAID медицина кызматкерлерине коргонуу каражаттарын, пандемияга каршы алгачкы аракеттерди колдоого 95 миллион сом бөлүп берген.

Эки тараптуу кызматташтык башталган 1992-жылдан бери АКШ Кыргызстандын өнүгүшүн колдоо үчүн 2,1 миллиард доллар бөлдү. Анын 132 миллион доллары саламаттык сактоо тармагына сарпталган.

Кыргыз өкмөтү быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин дефицитин жабууга чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG