Кыргыз улуттук илимдер академиясында 11-ноябрда бир катар чыгармачыл адамдар, окумуштуулар ТҮРКСОЙ уюмунун «Абай» жана «Юли Немет» медалдары менен сыйланышты.
Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууда жигердүү эмгектенгендиги үчүн «Абай» медалы КР эл артисти Түгөлбай Казаковго, акындар Атантай Акбаровго, Керимбек Кадыракуновго , жазуучу Айдарбек Сарманбетовго, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Венгриялык чыгыш таануучу жана лингвист Юлиус Немет атындагы медаль окумуштуулар Кадыралы Конкобаевге, Гүлнара Айтбаевага, Ибраим Абдувалиевге, Айнура Кадырмамбетовага жана журналист Памирбек Казыбаевге берилди.
Медалдарды Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин тапшырды.
ТҮРКСОЙ уюму быйылкы 2020-жылды «Абай жылы» деп жарыялаган. (MS)