Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын он айында ВИЧ инфекциясын жугузуп алган 152 кош бойлуу аял катталган. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Эркин Тостоковдун айтымында кош бойлуу аялдан соо бала төрөлүшү толук ыктымал.
«ВИЧ энеден түйүлдүккө кош бойлуу кезинде, кийин ымыркай төрөлүп жаткан учурда жана эмизүү учурунда жугушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда ВИЧ инфекциялуу аялдан соо бала төрөлүшү толук ыктымал. Бул үчүн өз убагынан кечиктирбей антиретровирустук дары-дармектерди ичүү жана тиешелүү профилактикалык чараларды колдонуу зарыл», - деди Тостоков.
Расмий маалыматтарга ылайык, ВИЧ инфекциялуу кош бойлуу энелердин 30% илдети баласына өтөт. Боюна болгон убактан тартып тиешелүү дарылануу жүргүзгөн энелердин балдары 97-98% соо болуп төрөлөт.
2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.
Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон.
Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт.
ВИЧ инфекциясы акыркы убактарда жыныстык катыш аркылуу арбын жугуп жатканы айтылып жүрөт. Жалпы көрсөткүчтөрдун ичинен мындай жол менен илдетке кабылгандар 46%, ал эми энесинин курсагында кезинде оору жугузган ымыркайлар 3%. (ZKo)