Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган митинг өттү


Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына пикетке чыккандар. 2021-жылдын 9-февралы
Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына пикетке чыккандар. 2021-жылдын 9-февралы

Казакстандын Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун алдына сегиз адам, алардын көпчүлүгү аялдар, Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.

9-февралда пикетке чыккандар туугандарынын сүрөттөрүн жана казак, англис, кытай тилдеринде талаптары жазылган кагаздарды кармап турушту. Алар «Атасыз калган балдар», «Экиге бөлүнгөн түгөйлөр» деген ураандарды чакырып жатышты.

Нааразылыкка чыккандардын бири, 74 жаштагы Саркытхан Кызырхан кызы Казакстанда жашоого уруксаты бар уулун Кытай төрт жылдан бери чыгарбай жатканын, азыр андан кабары жок экенин билдирди.

Алматы шаар бийлигинин өкүлү пикетчилер менен жолугуп, алардын топтолушу мыйзамсыз экенин айтты.

Шинжаңда бир жарым миллиондой казактар отурукташкан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенге караганда, эки миллиондой мусулмандар (алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар) аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып жатышат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал мекемелерди "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG