14-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
14-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болот.
Чукул билдирүү
2021-жылдын 14-апрелинен 18-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 132-137 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.