Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Рахмон дыйкандарды орозо тутпай турууга чакырды


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дыйкандарга орозону кийинчерек кармоого кеңеш берди. 

Ал Орозо айын утурлай жасаган кайрылуусунда өлкөдө азык-түлүк мол болушу үчүн кара күчтүн баарын жер айдоого жумшоого чакырды.

"Имамдар менен диний аалымдардын айтымында, шариятта орозо тутуу кыйын шарттарда, оор өндүрүштө же азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган тармактарда иштеген адамдардын ишин оорлотот. Мындан улам алар орозо кармабай турса болот. Алар кийин деле кармаса болот", - деп жазылат кайрылууда.

Мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы быйыл Борбор Азия өлкөлөрүндө жазгы талаа иштери кызыган маалга туш келди.

Тажикстанда мартта үшүк жүрүп, айрым аймактарда бүчүр байлап калган, жер бетинен кылайып көтөрүлгөн жашылча-жемиш, мөмө-чөмө зыянга учураган.

Гиссар районунда жер тилкесин ижарага алып пияз эккен Амина Юнусова эми ал жерге кайрадан төө буурчак менен жүгөрү айдап жатат. Ал тажик лидеринин айтканын эп көргөнү менен айылдаштары болуп чогуу-чаран орозо кармоону токтоткон жок.

"Биз буга чейин таңкы сегизден баштап, түшкө чейин иштечүбүз. Анан кичине эс алып, тамактангандан кийин намаз кылып алып, кечке чейин иштечүбүз. Орозо маалында биз таңкы алтыда ишке чыгып, онго чейин иштеп, анан кечки бештен саат тогузга чейин иштеп жатабыз", - деди Амина.

Талаа иштериндеги тажикстандык аялдар, апрель 2021-жыл
Талаа иштериндеги тажикстандык аялдар, апрель 2021-жыл

Бул күндөрү Тажикстанда талаа иштери кызып, он миңдеген адам дыйканчылык менен алек. Бул ирээт Рахмондун айтканына көбү кулак салбагандай. Адатта коңшу өлкөдө президенттин сөзү эки болбой, кынтыксыз аткарылып келгени белгилүү.

Деген менен чет жактагы айрым диний аалымдар Рахмондун сунушун сынга ала баштады:

"Президенттин элдин улам бир бөлүгүнө кайрылып, мындай сунуштарды берип жатканы динге туура келбейт. Анын жолун жолдогондор күнөө кылат. Анткени алар президент дин таануучу же диний аалым эмес экенин, дин маселесинде жакшы түшүнүгү жок экенин билишет", - дейт Варшавадагы дин таануучу Исломиддин Саидов.

Ал эми Орусиядагы муфтийлердин бири Нафигулла Аширов тажик президенти жылда мындай билдирүүлөрү менен мусулман коомчулугун таң калтырып келгенине токтолду:

"Эмомали Рахмон мындай каалоолорун дыйкандарга жылда айтат, жыл сайын бир жүйө табат. Тажикстанда дин эркиндигине байланыштуу абал жакшыга ниет кылууга эле түртөт".

Былтыр дагы тажик лидери Орозо айы коронавирус пандемиясынан сырткары талаа жумуштары кызып турган учурга туш келгендиктен, элин орозону кечирек кармоого чакырган.

Үч жыл мурун Рахмон "Рогун" ГЭСинин курулушунда иштегендерди орозо тутуудан карманууга үндөгөн. Мындай кеңешти Тажикстандагы Ислам борборунун Аалымдар кеңеши дагы колдоп, курулушчуларга орозону каалаган мезгилде кармаса болорун айткан.

Тажикстан дин эркиндигин чектеген өлкөлөрдүн бири. Былтыр АКШнын Мамлекеттик департаменттин баяндамасында бул мамлекетте диний ишениминен улам сакал койгондор менен хижаб кийигендер кысымга алынары белгиленген.

Ошондой эле бийлик аялдар менен балдардын диний иш чараларга катышуусун чектери көрсөтүлгөн. Дүйшөмбү жеке менчик медреселерге дагы тыюу салган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG