1-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;
Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градус ысык болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° ысык болушу күтүлөт.
Facebook шеринеси