Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Баткен: кенемтеге ичи чыкпаган ишкерлер


2021-жылдын 29-апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жанжалда талкаланган имарат. Арка айылы, Баткен облусу
2021-жылдын 29-апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жанжалда талкаланган имарат. Арка айылы, Баткен облусу

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта чыгымга учураган ишкерлер үчүн кенемте төлөп берүү маселеси көтөрүлдү.

Министрлер кабинетинин ишкерлерге өзүнчө каражат каралбайт, башка жабыркаган жарандар менен бирдей эле сумма берилет дегени ишкерлерди нааразы кылууда.

Мырзабек Абдикарим уулу чек арадагы жаңжалда чыгымга учураган ишкерлердин бири. 29-апрелде кечке жуук Тажикстан менен чек арадагы Арка айылында анын жер семирткич жана эмерек саткан дүкөнү өрттөлгөн.

Ал үй-бүлөлүк бизнеси 16 млн. сом зыянга учураганын айтууда. Жаңжалдан кийин бийлик өкүлдөрү биринчи кезекте каза болгондор, андан соң үйсүз калгандардын маселесин чечип, ошондон кийин гана башка чыгымдарды жабуу маселеси каралат деп чечкен. Андан бери эки айдан ашык күттүк дейт Мырзабек.

Өткөн аптада Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мекемелер аралык комиссия ишкерлерге жолугуп, чыгымдарды жабуу жолдорун түшүндүрдү.

“Министрлер кабинетинен келип жолугушту. Алар баарыбызга бирдей эле 50 миң сомдон баштап 200 миң сомго чейин беребиз дешти. Бул сумма менен биз карыздарыбыздан да кутула албайбыз. Кайрадан ишкерликти улап кетишибиз керек. Гуманитардык жардамга 120 млн. сом чогулду дешти эле. Ошондон болсо да бир аз чыгымдарыбызды жапканга жардамды көбөйтүшпөсө каржалып турабыз”, - деди Мырзабек Абдикарим уулу.

Министрлер кабинети облус боюнча куралдуу жаңжалда чыгымга учураган 76 ишкер жана мал-мүлкүнөн айрылган жабырлануучулар үчүн кенемтенин болжолдуу суммасын 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин деп белгилеген.

Ага кошумча ишкерлерге 200 миң сомдук пайызсыз насыя сунушталат.

Арка айылынын тургуну Толгонай Арапова ыктыярдуу патент менен иштеп, тиешелүү төлөмдөрүн төлөп келген. Жаңжалда дүкөнү өрттөлүп, азырга чейин ишин кайра жанданта албай турат. Мамлекет ишкердин банктагы насыясын кечкен.

Ишкерлер үчүн жардамдын суммасын баарына бирдей карабай, чыгымдын он пайызын жаап, өрттөлгөн бизнес имараттарды кайра калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтсө болот эле дейт ал.

“Бир миллион сом насыябызды жаап жатышат. Мындан тышкары 200 миң сомго чейин компенсация берилет экен. 200 миң сом ссуда үч жылга берилет экен. Ишкерлерге салыктан жеңилдик болот дешти. Мындан башка жардам жок деп айтышты. Биздин чыгым миллиондоп кетти да. Биз баарынын ордун толтуруп бергиле дебейбиз. Бирок ишти кайра баштоо үчүн колдоого муктажбыз. Карызга алып келген товарларыбыз өрттөлдү. Аны кантип жабабыз? Башка каражатыбыз болгондо ошону иштетмекпиз. Азыр эч нерсебиз жок калды. Имаратты кайра кантип калыбына келтиребиз?”.

Баткен облусу боюнча куралдуу жаңжалдагы чыгымды үч башка комиссия иликтеген. Министрлер кабинети жергиликтүү бийлик эсептеп чыккан 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянды бекитмей болду.

Зыяндын ордун толтурууга сунушталган каражатка ишкерлер алымсынбай жатканы үчүн ссуданын суммасын көбөйтүү Министрлер кабинетине сунушталды.

“Жабыр тарткан ишкерлер үчүн 200 миң сомдон компенсация берип, андан тышкары ссуданын суммасын 500 миң сомго чейин көтөрүү сунушун бердик. Бул жерде 9-10 миллион сомго чейин чыгым тарткандар бар да. Бирок, каза болгондорго 1 миллион сом берилип жатса, анан жабыркагандарга андан көп бергенде болбой калат. Адам өмүрү менен каржылык чыгымды салыштырып болбойт да. Азыр каза болгондордун анча-мынчасы тиешелүү документтерин даярдап жатат. Калгандарына берилди. Ал эми гуманитардык жардам үчүн топтолгон каражатты максаттуу сарптоо үчүн президент жергиликтүү бийлике тапшырма берген. Биз комиссияда карап, эң зарыл деген жумуштарды тактап жатабыз. Чек арадагы айылдардагы таза суу, сугат суу маселесин биротоло чечели деген сунуштар бар”, - деди Баткендеги өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев.

Куралдуу жаңжалда каза болгон 36 адамдын 27синин жакындарына 1 миллион сомдон кенемте төлөнүп берилди. Калгандары тиешелүү кагаздары даярдап жатышат. Жараат алгандарга 50-100 миң сомдон төлөп берүү убада берилген эле.

Баткен облусуна жардам иретинде чогулган 120 млн. сомду кайда сарптоо боюнча облустук атайын комиссия азырынча бир чечимге келе элек. Бул каражатка жаңжал болгон ар бир айылда бирден социалдык обьект куруу сунушталганы белгилүү.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең окуяга байланыштуу кылмыш иштери козголгон эле.

27-майда эки күнгө Баткенге барган президент Садыр Жапаров коогада талкаланган үйлөр калыбына келтирилерин, Баткен облусуна өзгөчө берилерин айткан.

Эки ай мурдагы чек ара жаңжалында Баткен облусунда 136 жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Тажикстанда 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону кабарланган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG