Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

"Кыйноо көп болуп жатат". Баш прокурор милициянын ишин сындады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Оштун айрым райондорундагы милиция жетекчилерин сынга алып, отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын билдирди.

"Көчө балдары менен аралашып калыпсыңар"

Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бийлик өкүлдөрү Ош облусунда эл менен жолугуп жүрөт. Социалдык тармактарда жолугушуулардын биринде башкы прокурор Курманкул Зулушев милиция кызматкерлеринин мушташына өзү күбө болгонун айтып, чара көрүүнү тапшырган видеосу тарады.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

“Милиция кызматкерлери мыйзам эмес, көчө балдары менен аралашып калыпсыңар. Кечээ Оштогу мейманканада окуя болду. Башкы прокурор, ички иштер министринин орун басары мейманканага келип жатса, сыртта милиция кызматкерлери бир саат мушташты. Бир карыш турган Ички иштер башкармалыгынан ыкчам топ келбейт. Акыры келип, аларды кое берип кетип калышты. Мен камерадан көрүп чыктым. Катуу жаза колдонуңуздар. Элдин ыйлаганы чын экен. Азыр суракка чакырса, эч ким келбей жатыптыр”, - деди Зулушев.

"Кыйноо фактылары көп"

Кара-Суу районундагы жыйында Зулушев күч органдарына нааразылык көп экенин белгилеп, териштирүү үчүн орун басарын бир айга жибере турганын билдирди. Ал эми Ноокат районундагы жолугушууда милиция отчеттуулук үчүн шектүүлөрдү кыйнаган учурлар көп болуп жатканын айтты.

“Милиция кызматкерлерине нааразылык көп болду. Урматтуу милиция кызматкерлери, силер формага татыктуу болушуңар керек. Министрге талап койгом, мындай кийин “былтыркы жылга салыштырмалуу” деген план болбойт. Бирөөнү уруп-сабап моюнуна алдырган - былтыркы отчетко жетүү аракети”.

Зулушев кыйноонун натыйжасында чыныгы кылмышкерлер кармалбай жатканын кошумчалады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы милициянын мушташы жана айтылган дооматтар боюнча азырынча үн ката элек.

Turmush.kg сайты Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чырдашып, учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзүп жатканын жазды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Зулушев менен кошо жүргөн ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун эл менен жолугушуусу жөнүндө гана кабар таратып жатат.

“Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендигин жана мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча тыкыр кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришти”, - деп айтылат Ош милициясынын маалыматында.

Реформа эмнеге ишке ашпай жатат?

Соңку мезгилде секелектердин зордукталышы, аялдарга карата зомбулуктун күчөшү, активисттердин суракка чакырылышы Ички иштер министрлигине сын-пикирди күчөттү. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кыргыз милициясын реформалоо демилгеси башталганына 25 жылга чамалаганын белгилеп, анын ишке ашпай жатышынын негизи себебине токтолду.

“Мен азыр Ички иштер министрлигине эң жогорку баа 5 болсо, 3 дегенди берем. Милицияны саясатташтырып, алардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилген жок. Реформа деп чоң акча каражаттары жумшалган иштерден өттүк. Учурда реформага өлкө жетекчилигинин эрки гана керек. Бир канча жылдан бери милиция менен иштеп жүрөм, алардын оңолушуна ишенем. Криминал менен бийлик аралышып кетип милициядагы мыкты кызматкерлердин иштешине тоскоол болуп жатат. Алардын арасында мекенчил балдар бар. Болгону мыйзам жана системаны оңдоо керек”, - деди укук коргоочу.

Буга чейин иштен мыйзамсыз бошотулганын, акыйкат таппай жатканын айткан мурдагы орган кызматкерлеринин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган. Айрым серепчилер мындай көрүнүштөр, үрөй учурган кылмыштарга милиция кызматкерлеринин аралашканы тармакта реформа зарыл экенин көрсөткөнүн айтып жатышат.

ИИМ жетекчилеринин отставкасын талап кылып келген жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров акыркы беш жылда чуулгандуу кылмыш иштериндеги милициянын кемчилиги үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбады деп эсептейт.

“Криминалдык же коомчулуктун үрөйүн учурган кылмыштардын 100% бетин ачпайт. Убакыт өткөрүп кыскача гана маалымат берип коет. Алардын милдети кылмыштын бетин толук ачып же анын алдын алуу керек болчу. Алар тескерисинче кээде зордуктоо иштерине өздөрү аралашып жатканы эмне деген шермендечилик? Мындай учурда ИИМдин башчысы өзү эле кызматтан кетиши керек эле. Мындай окуялар абдан көп болду”, - деди Токтонасыров.

Буга чейин ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып ар кандай акциялар өткөн.

Министр Улан Ниязбеков мындай сындарга 18-июлдагы маалымат жыйынында жооп берген:

Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

"Милиция колдон келген бардык аракетин, тийиштүү чараларды көрүп жатат. Биздин кызматыбызды эл таразалап, эл баалайт", - деген Ниязбеков.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында да акыркы жылдарда Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганы жазылган.

Ички иштер министрлиги майда кылмыштар көбөйгөнү менен оор кылмыштар дээрлик азайганын айтып келет.

Белградда жайгашкан Numbeo сайтынын дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган быйыл августтагы иликтөөсүндө Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээледи.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG