Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

"Күйөөсү урчу, аягы өлүм менен бүттү". Үч баланы энесиз калтырган зомбулук

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдары жана туугандарынын айтымында, кыргызстандык Земфира Жумадилова 17 жыл бою тозокто күн кечирген. Басынтуу, кол көтөрүү, жаңжал - мунун баары жабык эшик артындагы кадимки үй-бүлөлүк жашоо катары кабылданчу.

Бир жыл мурда кезектеги уруштан кийин Земфира жашоо менен кош айтышкан. Азыр анын жакындары адилеттүүлүк издеп жүргөн кези.

"Дайыма уруп, сөз менен кемирип жатса да чыдап кетчү эмес", - деп эскерди энесин 16 жаштагы кызы Дарига.

Ал 2025-жылы февралда энеден ажыраган. Бул үй-бүлөдө эң жакын адамын үч бала жоготту. "Бактылуу үй-бүлө эмес элек" деп эстейт Дарига. Бишкектин четиндеги чакан айылдагы үйдө күн алыс уруш чыгып, кыздын атасы энесине кол тийгизип, психологиялык басым-кысым кылып турган.

"Биз эс тарткандан бери эле ушундай болчу. Андыктан башкача жашоо барын деле билчү эмеспиз. Бизге баары эле ушундай жашайт деп айтышчу", - дейт Дарига.

Земфира Жумадилова күйөөсү Нурлан менен ажырашууга бир канча жолу аракет кылган. Бирок ал тууралуу ооз ачса эле муш жечү дешет аялдын туугандары.

Кетүүгө акыркы аракет

2025-жылы 3-февралда Земфира ажырашууга дагы аракет кылган. Туугандарынын айтымында, күйөөсү каршы болуп, документтерин тартып алган. Балдары милиция чакырган. Нурлан Жумадиловго аялына жакындоого тыюу салынып, ордер берилген. Бирок кагаз иштеген эмес.

Эртеси күнү таңга маал Нурлан Жумадилов жубайы уй саап жаткан короого кирип барган. Кийинчерээк аялдын денесине 12 жолу бычак тийгени аныкталган. Тергөөнүн материалдарында кол салган адам бычак сынганда гана токтогону жазылган.

Жакындарынын айтымында, ал медиктерди дароо чакырган эмес. "Тез жардамдын" дарыгери берген көрсөтмө да муну ырастап турат. Медиктин айтымында, маркумдун денеси таза болгон, текшерүү учурунда гана оор жарааттарды көрүшкөн.

"Биз кирип барганда эч жерде кан жок болчу. Баарын жууп, тазалап коюшкан экен. Чакадагы сүт чыбырчыктап тоңо баштаптыр. Алар - күйөөсүнүн ата-энеси, иниси маркумду таза кийинтүүгө үлгүрүшүптүр. Илинчектин баарын жаап-жашырууга аракет кылышыптыр. Мен муну дагы кылмыш деп эсептейм", - дейт маркумдун аталаш эжеси Залина Резаханова.

Жумадиловдун апасы Шайыргүл уулу кылмышка аффект абалында барганын айтууда.

"Баарын таштай салып эле жүгүрүп бардым, келин бурчта отурган экен. Жакын барсам денеси жылуу экен. Башынан кучактап "Зифка, Зифка" дедим. Андан кийин кичүү уулум чуркап келип "Апа, тийбе. Мен чуркадым, "Тез жардам" чакырам" деди. Анан "Тез жардам" келди. Жети мент келди, анткени уулум менден кийин дароо эле ошол жакка барыптыр. Кичүү уулум дагы ошол жакка чуркады. Ошол жерден ага "Бычак менен кантип сайганым эсимде жок... деген экен", - дейт айыпкердин энеси.

Аялдын айтымында, маркум келини уулуна кол көтөрүп, көзүнө чөп салып келген. Бирок анын сөзүн ырастаган бир дагы далил жок.

"Ал жети мүнөттө өлгөн"

Тергөө башында ишти "өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" деп баалаган. Бирок соттун биринчи инстанциясында айып күнөөнү оордотуучу жагдайларсыз "адам өлтүрүү" дегенге алмашкан.

Земфиранын туугандарынын айтымында, судья муну "маркум жети мүнөттө өлгөнү" менен түшүндүргөн.

Иш боюнча бир гана адам - Нурлан Жумадилов өзү айыпталууда. Шериктери жок.

Биринчи инстанцияда Жумадиловду шарттуу түрдө эркиндикке чыгуу укугу менен 11 жылга эркинен ажыратышкан. Өкүм Земфиранын туугандарын нааразы кылган. Алар айыпкер байланыштары жана юридикалык колдоонун арты менен жаза мөөнөтү кыскарып кетиши мүмкүн деп чочулашат.

"Биз аны атып же керип салсын дегенден алыспыз. Биз адилетүүлүктү гана сурайбыз. Мен өзүм төрт кыздын энесимин. Кыздарды күйөөгө берип жатканда энелер чүрпөсүн "өлтүрүп коет" деп коркпосо дейм. Эркектер кол салуудан мурда "өлтүрсөм жок дегенде жыйырма жылга соттолом" деп коркушса", - дейт маркумдун эжеси Зумрият Резаханова.

Келиндин туугандарын айрыкча экинчи инстанцияда айтылган сөздөр нааразы кылган.

Айыпталуучу тараптын жакындары жана адвокаты тараптарга "аксакалдардын жардамы менен жарашууну" сунуштап, муну жубайлардын балдары кийин "турмуш курары" менен түшүндүргөн.

Чүй облустук сотунун пресс-катчысы Тилек Оторов судьядан андай сөз чыгышы мүмкүн эмес деп, дооматты четке какты. Анын айтымында, жабырлануучу тарап судья укуктарын жана милдеттерин Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык түшүндүргөндө туура эмес кабыл алышкан.

Земфиранын өлүмүнөн кийин жакындары айыпталуучунун туугандары менен мамилесин үзгөн. Маркумдун балдары учурда таякесинин колунда. Дарига бир жолу чоң апасы чалганда сүйлөшкөнүн айтты:

"Ал (чоң апасы-ред) апаң өзү ошого жеткирген, өзү күнөөлүү деп айтты. Ошондон кийин сүйлөшкүм келбей калды", - дейт кыз.

Экинчи инстанциядагы соттук отурум 19-февралга белгиленген. Земфира Жумадилованын туугандары Кыргызстандын президентине жана УКМК төрагасына ишти көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылышты.

Земфира киши колдуу болгондо 36 жашта болчу, эки жумадан кийин 37ге чыкмак.

Расмий статистикага таянсак, 2025-жылы 11 айда Кыргызстанда 20 миңдей үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. (Бул мурдагы жылдын ушул маалына салыштырганда 27,5% көп). Жети миллиондук калкы бар өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан 31 өмүр кыйылган.

Тектеш

XS
SM
MD
LG