Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Сот Ишенбай Кадырбековдун ишин карап баштады


И.Кадырбеков соттон кийин карындашы менен учурашууда
И.Кадырбеков соттон кийин карындашы менен учурашууда

17-ноябрда Бишкектин Ленин райондук соту Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун ишин карай баштады. Сотто ага 18 млн.сомдон ашык чыгымдаган деген айып тагылганы жарыяланды.

Кыргызстандын каржы полициясы Ишенбай Кадырбековго кызматынан кыянат пайдаланган, 2006-2007-жылкы жер титирөөлөрдөн жабыркаган айылдардагы мектептердин курулушуна мамлекеттик бюджет акчасын артыкбаш сарптоого жол берген деп айыптоодо.

Соттук териштирүү маалында Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Игорь Шуганский Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңеш депутаты болуп турган кезинде 33 сотук жерди кызматынан пайдаланып бөлдүрүп алууга жетишкен, ага алымсынбай ошол эле Бишкектин түштүк-батыш жагындагы Бакаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен дагы 8 сотук жер бөлдүрүп алган деп айып койду.


Жер титирөөдөн жабыркаган айылдардын мектептери менен фельдшердик-акушердик пункттары да өтөле кымбатка туруп калганын мамлекетик айыптоочу эксперттик бүтүмгө негизденип айтты:

И.Кадырбеков сотто өзүнө коюлган айыптарды четке кагаарын айтты


- 2008-жылдын 5-августунда Нарын менен Ысыккөл облустарындагы курулган 5 мектеп боюнча гана иш көлөмү менен баасын көбөйтүүнүн эсебинен мамлекетке келтирилген зыян 18 229 587 сомду түздү.

Мамлекеттик айыптоочу Ишенбай Кадырбеков Архитектура жана курулуш агенттигин жетектеп турган кезинде түштүк кореялык “Артис Глобал” компаниясы менен Бишкекте 15-кичи районду куруу боюнча макулдашууга кол коюп, ошол курулуш компаниясына Бишкек шаарынан жер бөлдүрүп бергенин ырастады. Айтса, “Артис Глобал” курулуш компаниясынын уставдык фондундагы 5% И.Кадырбековдун өмүрлүк жары С.Тыныбековага таандык экенин, агенттик жетекчиси аялы жетектеген “Айме” жоопкерчилиги чектелүү коомго биртоп колдоолор көрсөткөнүн мамлекеттик айыптоочу белгиледи.

Сотко күбө катары чакырылган Архитектура жана курулуш агенттигинин Турак-жай курулуш башкармалыгынын жетекчиси Өмүрбек Жээнбаев менен курулушка инженердик-техникалык көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Адишев жер титирөөдөн жабыркаган айылдардагы мектептердин курулушун тез бүткөрүш үчүн курулуш менен долбоорлоо иштери чогуу жасалганын, агенттик жетекчиси өкмөттүк токтомду ишке ашырыш үчүн ушундай ишке барганын ырасташты. Акылбек Адишев мектеп курулуштары долбоорлоо иштери бүткөндөн кийин башталса абыдан кеч бүтөрүн, курулуш уюмдарына алиге чейин 26 миллион сом төлөнүп бериле электигин маалымдады.

Ишенбай Кадырбеков соттон кийин “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берүүгө үлгүрдү.

- Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

- Жакшы. Менин оюмча ачыкка чыгышы керек. Өзүңөр уктуңар, көрдүңөр.

Ишенбай Кадырбековдун жактоочусу Петр Михайленко сот жаңы башталганын, ошондуктан азыр ал тууралуу кандайдыр бир пикир айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Сот жараяны жаңы эле башталды. Ал жөнүндө бир нерсе айтууга али эрте. 16 том, 8 эпизод. Болжол менен бир айга созулат го.

Ишенбай Кадырбеков 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин аз убакыт парламент спикери, президенттин милдетин аткаруучу, андан соң транспорт жана байланыш министри, вице премьер-министр, 2005-жылдын 25-октябрынан ушул жылдын 11-январына чейин Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп иштеп келген. Ушул жылдын 25-апрелинде ал Кыргызстандын каржы полициясы тарабынан камакка алынган. И.Кадырбековго Каржы полициясы кызматынан кыянат пайдаланган деп айып коюуда.

XS
SM
MD
LG