Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Бирмада демонстранттар коменданттык саатка баш ийбей, нааразылык чараларын улантууда


Коопсуздук күчтөрү бирмалык демонстранттарга каршы газ чабуулун жасаган соң, көздөн жаш чыгарчу газдын күчүн жоготуу үчүн аларга суу чачылды. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 8-марты.
Коопсуздук күчтөрү бирмалык демонстранттарга каршы газ чабуулун жасаган соң, көздөн жаш чыгарчу газдын күчүн жоготуу үчүн аларга суу чачылды. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 8-марты.


Бирманын эң ири шаары Янгондо хунтанын саясатына нааразы болгондор 8-март күнү кечки саат сегизден соң киргизилген коменданттык саатка баш ийбестен, ого бетер көп сандап көчөлөргө чыгышты. Алар ири шаардын райондорунун биринде коопсуздук күчтөрүнүн камалоосунда калган болжол менен 200дөй студентке ушундай чаралар аркылуу колдоо көрсөтүштү.

Дүйшөмбү күнү күндүз Янгондогу студенттер жана башка бирмалыктар февралдын башында жарандык өкмөттүн башчысы Аун Сан Су Чжинин шайланган өкмөтүн кулаткан аскердик бийликтин саясатына каршы ырааттуу өткөрүлүп жаткан нааразылык жыйындарынын бирине катышкан.

Нааразылык жыйынына катышкандарга каршы көздөн жаш агызчу газ чачылды. Найпидо. 2021-жылдын 8-марты.
Нааразылык жыйынына катышкандарга каршы көздөн жаш агызчу газ чачылды. Найпидо. 2021-жылдын 8-марты.

Бирманын аскерлери бийликти басып алгандан бери өлкөдөгү көптөгөн шаарларда жана ири кыштактарда ар кыл нааразылык чаралары күн сайын уюштурулуп жатат жана коопсуздук күчтөрү бул жыйындардын катышуучуларына зомбулук менен мамиле кылып, жапырт камакка алып, айрымдарын өлтүрүүгө чейин барышты.

Бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн зомбулук иш-аракеттеринен улам 50дөн ашуун демонстрант курман болду. БУУнун Адам укуктары боюнча комисариаты билдиргендей, 28-февралда кеминде 18 киши жана 3-мартта 38 киши окко учкан. 8-мартта Бирманын түндүгүндө коопсуздук күчтөрү эки кишини атып салганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.


Ошондой эле, аскердик хунта жергиликтүү беш ЖМКнын лицензиялары жокко чыгарылганын жарыялады. Бул – күчөп жаткан кризисти калыс чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы ооздуктоо аракеттеринин алкагында жүзөгө ашырылды. Бул беш маалымат каражаты өлкөдөгү хунтага каршы нааразылык чараларын кеңири чагылдырып, көбүнесе интернетте обого түз чыккан видео кабарларды сунуштап келишкен.

Эл аралык коомчулук хунтадан Бирмадагы жарандык мыйзамдуу бийликти тез арада калыбына келтирүүнү талап кылып жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG