Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Байден Украина жеңерине ишенет


АКШнын президенти Жо Байден Варшавада cөз сүйлөгөндөн кийин. 21-февраль, 2023-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден Варшавада cөз сүйлөгөндөн кийин. 21-февраль, 2023-жыл.

21-февралда АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Украинага басып киргенинин бир жылдыгына карата Варшавада сөз сүйлөдү.

"Согуш башталган бир жылдан кийин да Украина мурдагыдай эле эркин жана көз карандысыз мамлекет катары бекем турат", - деди ал.

Байден өз сөзүндө Орусиянын Украинага басып киргени дүйнө үчүн сыноо болгонун, демократияга коркунуч жаралганын белгиледи.

"Биз эң жөнөкөй суроолорго жооп беришибиз керек болду. Биз күчтүү боло алабызбы же алсызбызбы? Бир жылдан кийин биздин жообубуз бар. Биз бекембиз жана мындан ары суверенитет үчүн, жарандардын агрессияга каршылык көрсөтүү укугу үчүн күрөштү уланта беребиз".

Байден автократтардын каалоосун канааттандыруу мүмкүн эместигин, аларга каршылык көрсөтүү зарылдыгын айтып, Украинадагы согушта Орусия эч качан жеңишке жете албастыгын белгиледи.

"Украинанын эли жеңет жана биз мурдагыдай эле демократияны коргой беребиз. Украина эч качан Орусиянын курмандыгы болбойт. Ал эми дүйнөнү айырбаштагысы келип жаткан диктатор эч качан максатына жетпейт".

АКШ президенти жаңы эле Украинадан келгенине токтолуп, Киев бекем турганын, эң башкысы ал күчтүү жана эркин экендигин айтты. Украинадагы орус аскерлеринин кылмыштарын, жайкын тургундарды бутага алган чабуулдарын сындап, мындай нерселерге көз жумуп коюу мүмкүн эместигине токтолду.

Буга чейин Мүнхенде өткөн эл аралык коопсуздук боюнча жыйында АКШнын вице-президенти Камала Харрис Орусияны "адамзатка каршы кылмыш жасады" деп айыптаган эле.

АКШдагы орус элчиси Анатолий Антонов Ак үйдүн мындай айыптоосун четке кагып, муну "Орусияны мокочо көрсөтүү аракети" деп баалаган.

Мүнхенде Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путин өз армиясын Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан чыгарып кетмейинче Киевге аскердик, саясий, гуманитардык жана каржылык жактан колдоону улантууну бир добуштан макулдашкан.

Варшавадагы сөзүндө Жо Байден орус жарандарына кайрылып, АКШнын Орусияны талкалап, көзөмөлдөө максаты жок экендигин, Украинага согуш ачуу жолун Путин өзү тандап алганын билдирди. Ал Путин куралдуу конфликтти бир гана сөзү менен токтото аларын белгилеп, бирок агрессия уланып жаткандыктан, азыр көптөгөн өлкөлөр Украинаны колдоп, жардам берип жатканына токтолду.

Буга чейин Байден Польшанын президенти Анжей Дуда менен жолуккан. Польша Украинага аскердик жана башка жардам берүүнү ачык колдоп келаткан өлкөлөрдүн бири.

"Мен бардык европалык өлкөлөрдү, НАТО мамлекеттерин Украинага тилектештик көрсөтүп, аскердик жардам берүүгө чакырам. Жардам берүүдөн коркпоңуздар", - деген Дуда ал жолугушууда.

Варшавадан мурда Байден Киевге күтүүсүз сапар менен барган. Украин президенти Владимир Зеленский жана өлкөнүн жогорку аскердик-саясий жетекчилиги менен жолугуп, 500 миллион долларлык курал-жарак менен камсыздоого убада берди.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык кеңешке эки саатка чукул кайрылуу жасады. Украинадагы уруш үчүн Батышты айыптап, Орусия украин эли менен согушкан жок деп, украиндер "Киев режими менен Батыштагы кожоюндарынын барымтасында калды" деп актанды.

Путин ошондой эле Орусия Стратегиялык чабуул койчу курал тууралуу келишимден убактылуу чыгып жатканын жарыялады. Андай чечимге НАТОнун өлкөлөрү Орусиянын Украинада "стратегиялык утулушун" көздөгөнү түрткү болгонун айтты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен муну "өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз кадам" деп атады.

Путиндин билдирүүсүн НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг да айыптап, Орусия эл аралык коопсуздуктун архитектурасын атайлап бузуп жатканын билдирди. Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин айтымында, Москва "кансыз согуш" аяктагандан кийин орногон коопсуздук системасын кыйратып жатат. Ушундай эле дооматты Путин шейшемби күнкү кайрылуусунда Батыштын дарегине айткан.

Сөз болгон документке АКШ менен Орусия 2010-жылы кол койгон. Ал 2021-жылы узартылгандан кийин 2026-жылга чейин иштемек. Келишимде тараптардын өзөктүк стратегиялык куралынын арсеналын чектөө каралган.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы бул ири согуштун кесепетинен он миңдеген киши мерт болуп, миллиондогон киши жер которууга аргасыз болду.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG