Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

“Дело №...” жабылганын саясатка байлады


“Дело №...” гезитинин эң акыркы чыгарылышы. 26-май, 2021-жыл.
“Дело №...” гезитинин эң акыркы чыгарылышы. 26-май, 2021-жыл.

Кыргызстандагы орус тилдүү “Дело №...” медиасы гезит катары ишин токтотконун жарыялады. Басылма мунун себебин өлкөдөгү саясий кырдаал жана сөз эркиндигине болгон кысымга байланыштырды.

Гезит буга чейин талаштуу жана чагымчыл мүнөздөгү материалдары менен таанымал эле. Ортодо резонанстуу иликтөөлөрдү да жасап турчу. Отуз жылдан бери жарык көрүп келген гезиттин тагдыры учурда талкууга түштү.

Отуз жылдан кийинки кадам

Республикалык апталык “Дело №...” басылмасы мындан ары кагаз түрүндө ишмердүүлүгүн токтотконун гезиттин 26-майдагы (№17 (1270) саны) чыгарылышында кабарлады. Билдирме башкы бетте жалпы редакциянын атынан жазылды.

“Дело №...” гезитинин окурмандарга кайрылуусу
“Дело №...” гезитинин окурмандарга кайрылуусу

“Бүгүн сиз биздин гезиттин эң акыркы санын колуңузга кармап турасыз. Кабыл алынгыс саясий кырдаалга, дегеле республикада жана гезитте түзүлгөн абалга байланыштуу редакция “Дело №...” гезитин чыгарууну токтотот. 30 жылдык ишинде биздин гезит өзгөчө окуяларды камтыган татаал жолду басып өттү, Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү из калтырды. Эркиндикти сүйгөн коомчулук менен бирге биз өлкөнү кайра түзүүдө жана Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөөдө көп нерсеге жетиштик. Мына эми болбогон бир жарым жылдык убакыттын ичинде өлкөдө төңкөрүш орун алды. Аяк-башы алмашып жатып калды! Араң жеткен эркиндиктин жана демократиялык принциптер дээрлик чийилди. Жаңы шайланган башкаруучуларда акыл-эс, логика жана мамлекетти башкаруу боюнча элементардык тажрыйба жок экени көрүндү”, - деп айтылат анда.

Медиа гезитти чыгарууну токтотуп жаткандыгынын башка деталдуу себептерин ачыкка чыгаруудан карманууда. “Азаттыктын” басылманын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Расмий телефон номерине чалганыбызда өзүн башкы башкы редактордун орун басары катары тааныштырган Нина кыскача гана буларды айтты.

“Биздин гезиттин башкы бетине чыккан нерсенин баарын биздин редактордун комментарийи деп кабыл ала бериңиздер. Бизде андан башка сөз жок. Эгер редактор кошумча билдирүү бергиси келсе сиздин номериңизге байланышат”, - деди ал.

“Дело №...” басылмасын көз карандысыз гезит катары 1990-жылы журналисттер Виктор Запольский жана Светлана Красильникова негиздеген. Алгачкы саны 1991-жылдын 7-мартында жарык көргөн. Гезит 2000-жылдары өзгөчө популярдуулукка туш болгон, окурмандар анын ар бир санын күтүп калышкан.

Виктор Запольский менен Светлана Красильникова
Виктор Запольский менен Светлана Красильникова

Кеп болгон журналисттер отуз жылдык убакытта медиада баштан-аяк өздөрү кожоюн болуп келген. Учурда Запольский басылманын ээси болсо, Красильникова башкы редакторлукту аркалайт.

Гезит акыркы кезде аптасына орточо 3-4 миң нуска менен жарык көрчү. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий турмуш, криминалдык дүйнө жана социалдык темалар арбын чагылдырылчу. Мурдатан бийликке карата кескин сын материалдары менен таанылса, соңку кездери оппозициялык саясатчыларды, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды сындаган макалаларды көп жарыялап келген.

Ушул жагдайлардан улам басылмага “буйрутма материалдарды чыгарат” жана “чет элдик пропаганданы аткарат” деген дооматтар арбын айтылып келген.

Коомдук ишмер Рита Карасартова гезиттин жабылышын саясаттан эмес, аны сатып алган кардарлардын азайганынан көрөт.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

“Булар негизи Кремлдин саясатын жайылтуу максатында иш алып барчу, ачыктан-ачык эле пропаганда кылышчу. "Америка, Батыш кыргыздын баалуулуктарына терс мамиле кылат" деп эле жаза беришчү кайра-кайра. Укук коргоочуларды, саясатчыларды шыбап турушчу. Мына ушу пропаганда менен эле алектене бергендиктен алардын гезитин эч ким сатып албай калса керек. “Гезит сатылбай калды” деп айтуу ордуна саясатташтырып, “бизди кысымга алып жапты” деген ойду берип коюшту окшойт. Өздөрү аргасыздан барып жаткан нерсени жөн гана популяризация, шылтоо кылып жатат деп ойлойм”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын маалыматына караганда, “Дело №...” гезити Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексин тааныбаган жалгыз басылма болгон. Аталган комиссияга гезиттин үстүнөн бир катар даттануулар түшкөн жайы бар.

Калп-чындыкты аныктаган Factcheck.kg сайты “Дело №...” гезити бир нече жолу маалыматтарды бурмалап, манипуляция кылганын аныктап чыккан.

“Ар түрдүүлүк сакталыш керек эле”...

Ошол эле маалда “Дело №...” басылмасы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан журналисттик иликтөөлөрү менен да белгилүү болчу. Анын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин байлыгы, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаеванын кытайлык инвесторлор менен байланышы, милиция кызматкерлеринин чет элге тыңчылык кылганы, музейде жоголгон картиналар, бажыдагы миллионерлер жана башка темалар жөнүндө материалдары бар.

Соңку мезгилде Кумтөр кени жана чек ара жөнүндө кызыктуу чоң макалаларды чыгарган.

“Российская газета” басылмасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн редактору Данияр Каримов гезиттин тагдырына байланыштуу өз позициясын келтирди.

Данияр Каримов
Данияр Каримов

“Биз кеп кылып жаткан “Дело №...” өлкөдөгү тарыхы терең менчик, орус тилдүү гезиттердин бири. Ал Кыргызстандын өзү менен жашташ десек да болот. Кимдер гана сындабасын, бул гезит саясатчылар, коомдук ишмерлер сыйлаган бирден-бир орус тилдүү басылма болчу. Коркушу мүмкүн, балким жаман көрүшү мүмкүн, бирок сыйлашчу. Басылма алсыздарга жана саясий жагдайлардан улам куугунтукка кабылгандарга, адилетсиз соттолгондорго жардам берчү. Күчтүү иликтөөлөрдү жасаган, эч кимдин көзүн караган эмес. Менин оюмча, мындай гезит эми Кыргызстанда кайра ачылбайт жана болбойт”.

Арийне, “Дело №...” гезити укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен башкаларда чыкпаган маалыматтарды жарыялаганга уста эле.

Маселен, “Батукаев иши” боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атахановдун көрсөтмөсүн биринчилерден жарыялап жиберген.

Төрт-беш жыл мурда экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевдин чыккынчылыкка айыпталган ишине байланыштуу маалыматтарды ачыктаган.

Басылма соңку чыгарылыштарында президент Садыр Жапаровдун жана анын командасынын саясатын сынга алган материалдарды чыгарып келген. Гезит мамлекет башчынын шайлоодо утуп чыгышы, казинону ачуу демилгесине байланыштуу аракеттери, уу коргошун жөнүндө билдирүүсү тууралуу материалдарды жарыялаган.

“Дело №...” гезитинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги чыгарылышы.
“Дело №...” гезитинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги чыгарылышы.

Соңку санында “2020-жылкы мамлекеттик төңкөрүштүн катышуучуларынын бири бийлик башына келип, башка катышуучуларын түрмөгө камады” деп жазды.

Мына ушунун фонунда айрымдар гезит кысымга кабылышы мүмкүн деген да жоромолдорду келтирип жатышат.

Социалдык түйүндөрдө журналисттер Эрнис Кыязов, Кайыргүл Урумканова, юрист Атыр Абдрахматова жана башкалар “гезит иштеп турса медиа айдыңында плюрализм болмок” деген мазмундагы ойлору менен бөлүштү.

Ушундай пикирди карманган “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да “Азаттыкка” мындай комментарий берди.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

“Ооба, жеке мени жана башка ондогон укук коргоочуларды ушул гезит жамандап жазып жүрчү. Мага бул басылма такыр жакчу эмес, керек болсо окучу деле эмесмин. Бирок демократиянын негизги белгилеринин бири - бул ар түрдүүлүк, анын ичинде маалымат булагы да ар түрдүү болгону жакшы. Ар кайсы медиа ар кандай маалыматтарды бериши мүмкүн, бири сындап, бири макташы мүмкүн. Соңку жыйынтыкты окурман, көрөрман жана угарман чыгарышы керек. Аларда тандоо укугу болушу абзел, плюрализм сакталышы керек. “Бизди жамандап жазып жаткандар жабылыш керек” деген ойлорго кошулбайм. Башка көптөгөн медиалар бийликти, аткаминерлерди сындайт эмеспи, анда эмне аларды да "жабыш керек" деп чыгышабы? Жок. Мен гезиттин чыкпай калганынын чыныгы себебин билбейм, бирок алардын жазганына караганда кандайдыр бир саясий контекст бардай сезилет. Мен бул жерде аларды актайын деген оюм жок, бирок мен маалыматтык мейкиндикте ар түрдүүлүктүн сакталышын жактайм”.

Эксперттер талдайт: Сөз эркиндигинин абалы, журналистикадагы көйгөйлөр, 4-май, 2021-жыл.


Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да салттуу журналистика кризиске кептелип, телеканалдар көрүүчүлөрүн жоготсо, гезиттер жабылып келет. Өлкө эгемендик алгандан бери эле Бишкекте жана аймактарда ачылган ондогон гезиттер ишин токтоткону белгилүү.

Маселен, эң чоң форматтагы гезиттердин бири “Полит Клиника” аз жыл мурда кагаз версиясын токтотуп, онлайн иштөөгө өткөн. “Дело №...” да өзүнүн сайты аркылуу иштөөнү уланта береби же жокпу азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG