Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

Инвестордун талаштуу репутациясы: Сары-Жаз ГЭСин TBEA курат


Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен ТВЕАнын президенти Чжань Синь меморандумга кол койгондон кийин. Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй алардын артында турат. 16-август, 2023-жыл.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен ТВЕАнын президенти Чжань Синь меморандумга кол койгондон кийин. Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй алардын артында турат. 16-август, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна барды. Анын алкагында кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюлду.

Документтердин ичинде Кытайдын TBEA компаниясы менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын жана "Кемин-Торугарт" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу тууралуу меморандум бар. Аталган компания мурда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылап, анысы чуу менен коштолгон.

Кызматташтыктын багыттары

Акылбек Жапаров иш сапарынын башталышында Үрүмчүдө Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, партиянын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы катчысы Ма Синжуй менен жолукту. Тараптар анда энергетика, транспорт, логистика, почта байланышы, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин карашты.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы 16-17-август күндөрү мындан сырткары “Кытай-Евразия: товарлар жана соода-2023” деп аталган жармаңкеге катышып, Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен кездешти. Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагын көрүп, кытайлык ишкерлер менен жолукту жана кыргыз-кытай бизнес форумуна катышты.

Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй.
Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй.

Жапаров экспо-жармаңкедеги сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2022-жылдын жыйынтыгында үч эсе өскөнүн белгиледи. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы товар айлантуу Бишкектин эсебинде 4 млрд доллардан ашык сумманы түзсө, Бээжиндин эсебинде 15,5 млрд долларды түздү.

“Биз Кыргызстандын экономикасына дүйнө өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кытайдан инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартып келүүгө кызыкдарбыз. Муну менен катар өнөктөш өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө ырааттуу көңүл буруп жатабыз. Кытай Кыргызстандын жакын коңшусу жана Борбор Азия мамлекеттеринин эң ири соода өнөктөшү болуп саналат”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошентип, бул жолугушуулардын алкагында эки тараптуу алты документке кол коюлду. Анын төртөө Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун Элдик өкмөтүнүн ортосунда болду.

Ал меморандумдар электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер, пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолду куруу, чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана жогорку окуу жайларда билим алуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө.

Мындан сырткары Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын Tebian Electric Apparatus же кыскартып айтканда ТВЕА компаниясы менен Сары-Жаз ГЭСтер каскадын курууда кызматташуу боюнча жана 500 кВ “Кемин-Торугарт” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу жөнүндө меморандумдар бар.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдагы сапарында компанияны аталган долбоорлорго тартуу кызыкчылыгы тууралуу буларды айтты:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“Сары-Жаз жана Эңилчек дарыяларына 1160 мегаваттык алты ГЭС курулат. Ал жылына 4 млрд 600 кВ/саат электр энергиясын өндүрөт. Биз ГЭСтерди TBEA компаниясы менен беш-алты жыл ичинде куруп бүтүшүбүз керек. Андан тышкары 500 кВ Кемин-Торугарт электр берүү линиясын куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Өндүрүлгөн электр энергияны Шинжаң-Уйгур автоном районунуна экспорт кылууну келиштик”, – деди кыргыз министри.

Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу жөнүндө май айында президент Садыр Жапаров Кытайга барган учурда да сөз болуп, меморандумдун деңгээлинде документтер кабыл алынган. Анын артынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга барып, ТВЕА компаниясынын лабораториясын жана заводун да көргөн. Төрөбаев ТВЕАнын президенти Чжань Синь менен да жолуккан.

Акылбек Жапаров менен Ду Дэвэн Сары-Жаз ГЭСи курула турган жерлерди көрүп жаткан учуру. 4-август, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров менен Ду Дэвэн Сары-Жаз ГЭСи курула турган жерлерди көрүп жаткан учуру. 4-август, 2023-жыл.

Августтун башында болсо Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сары-Жазга курула турган ГЭСтердин ордун Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен чогуу барып көргөн. Башкача айтканда, соңку макулдашууга даярдык бир топтон бери көрүлүп келатканы түшүнүктүү болуп турат.

Талаштуу компания жана ГЭС

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулуктагы алты ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети мерчемделгени менен, ушул кезге чейин токтоп турган. Кыргызстандын азыркы эң ири ГЭС – Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 эле МВт экенин эске алганда, Сары-Жаз ГЭСтер каскады курулса, реалдуулукта кыргыз энергетикасына чоң дем болуп бермек.

Башка маселе - инвестордун талаштуу репутациясы. ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкектин жылуулук электр борборун модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин чуу башталган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген. Мындан башка да айыптар тагылган Исаков 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып кетип, ага издөө жарыяланган.

Бишкек ЖЭБине байланыштуу айып тагылган негизги аткаминерлер. Үстүңкү катарда: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйда: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов.
Бишкек ЖЭБине байланыштуу айып тагылган негизги аткаминерлер. Үстүңкү катарда: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйда: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов.

TBEA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген кытайлык кыргыз Мусажан Макелек да кармалып, камакка алынган. Кийин анын иши өзүнчө бөлүнүп, үй камагына чыгарылган. Андан бери Мусажан Макелектин кайда экени белгисиз.

ЖЭБди модернизациялоо иштерине кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш. Бул жагдай Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, кенди жаңылоо жана андагы коррупцияга байланыштуу талкуулар азырга чейин токтой элек.

Энергетика боюнча эксперт, "Түндүкэлектр" ишканасынын мурдагы башчысы Сапар Аргынбаев бул окуядан кийин ТВЕА компаниясы Сары-Жаз ГЭСтер каскадын курууга тандалып жатканын мындайча баалады:

Сапар Аргынбаев
Сапар Аргынбаев

"Чырлуу жана чуулуу ТВЕА компаниясы менен иш баштап жатышканы көп суроолорду жаратууда. Алар ЖЭБди оңдоп атышканда, башында, совет учурунда пландалган "660 эле МВт кубаттуулукка" жеткиребиз дешкен. Бирок аны модернизациялангандан кийин болгону 420-450 МВт кубаттуулукка чыгарып алып, "андан жогору көтөрсөк авария болуп кетпейби?" деп коркуп кетишти. Анан ушундай долбоорду ишке ашырган компанияга ГЭС салдырганы жатабызбы? Айтор, бул бийлик да мурдагы бийликтин катасын кайталаганы калды окшойт. Негизи, Кытайдан чек аралаш жерлердеги кызыкчылыктары бар да. Башка жагынан алганда, Сары-Жазга ГЭСтерди курган соң, ал иштеп чыккан электр энергиясын улуттук тармактарга кошуу үчүн өзүнчө каражат керек болот. Ошону үчүн анын продуктусун чогуусу менен Кытайга берүү ыңгайлуу. Эгер келишим өнөктөштүк шартта, бизге зыян келтирбегидей болсо, алар менен иштешсе болот. Же үлүштүк шарттарын жакшылап тактап ишке киргизиш керек, же алар кийин инвестициясын чыгарып алган соң ГЭС бизге өткүдөй болуш керек. Бирок азыр бул боюнча алардын шарттарын тактабай, маалымдабай иш жасап жатышпайбы. Алар салган акчасын электр энергиясы менен алып чыгабы? Мүмкүн, ГЭСтин ордуна башка бир кенди сурап жатышкандыр? Элге да, эксперттерге да бул жөнүндө эч нерсе айтпай жатышпайбы. Ошон үчүн күмөн ойлор жарала берет экен да".

ЖЭБге модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу жагдайларды соттук иштерден Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети жана атайын түзүлгөн депутаттык комиссия өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзүп, бир топ жагдайларды ашкерелеген.

Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Анын ичинде маселен, парламент депутаты Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоо боюнча келишим караларда Кытайдын TBEA компаниясы 30 депутатты Кытайга эс алдырып келгенин айтып чыккан. Ал эми ошол учурдагы комитет башчысы Кожобек Рыспаев ЖЭБди модернизациялоо келишими Жогорку Кеңештен сметасы, техникалык-экономикалык негиздемеси жок ратификацияланганын тастыктаган.

Азыр эми экс-депутат болуп калган Кожобек Рыспаев кыргыз өкмөтүнүн TBEA компаниясы менен иштешүү ниетин мындайча комментарийледи:

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

"ЖЭБди жаңылоо иштериндеги коррупция биздин аткаруу бийлигинин шалаакылыгынан келип чыккан. Ошолор көзөмөлдөшү керек болчу. Жумшалган каражатты үнөмдөөнү жана коррупцияны алдын алууну биздин тиешелүү органдар караш керек эле. TBEA тендерге катышып, утуп чыгып, келишим түзүп, ишти аткарып кетти. Керек болсо ал компанияга кылмыш иши козголгон эмес, биздин органдар лицензиясын деле алышкан жок. Мында деле ГЭС кура турган болсо, каражаты болсо жана шарттары туура келсе кура берсин да. Мен шарттарын билбейм, аны көргөндөн кийин пикир айтса болот. Албетте, TBEA компаниясы тууралуу эл билет, уккан. Кайсы бир жагынан алар менен иштешүүнүн моралдык маселеси бар. Бирок "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей, кыргыз бийлиги эгер келишим түзүшсө, ошол өткөн мисалдын алешемдиктерин эске алып түзүшөр. Биздин өлкөгө пайдалуу кылып пландаш керек, бийлик деле ошентип эске алып жатса керек".

Президент Садыр Жапаров катышкан, 19-майда Сиан шаарында өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммитинде кытай лидери Си Цзинпин Бээжин Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же 4 миллиард долларга жакын каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя бере турганын жарыялаган. Анын ичинде Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант бериле турганы белгилүү болгон.

Кийин Кыргызстандын президенттик администрациясы билдирүү таратып, Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында кол коюлган 26 документ жалпы 1 миллиард долларлык сумманы камтый турганын кабарлаган. Анда да энергетикалык долбоорлор бар болчу.

Мисалы, China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын курууга 800 млн евро салуу тууралуу макулдашуусу. Башка документтерге ылайык, Кытайдын “Хэбэй Бай Доу Цзя” ишканасы Кыргызстанда 260 млн долларга жер семирткич чыгаруучу завод курганы жатат. Universal Energy Co. Ltd компаниясы энергетикалык долбоорлорго 100 млн доллар инвестиция салууну мерчемдөөдө.

Мындай инвестициялык долбоорлор коомчулукта оң бааланганы менен, адатта "бул Кытайга финансылык көз карандылыкты күчөтпөйбү?" деген талкууларды да жаратууда. Майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзсө, анын 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз болгон. Ал сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары Кытайга туура келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG