Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:25

Серепчилердин баамында, Кыргызстанда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында бийликтин аракетине каршы оппозициялык дем жанданганы байкалат.

Кыргызстан президенттик шайлоо өнөктүгүнүн ирегесинде турган жагдайда шайлоого чейин оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирүү жана бирдиктүү оппозиция талапкерин колдоо маселеси көтөрүлө баштады.

Ошол эле кезде расмий Бишкектин жактоочулары муну кызматтан сүрүлүп калгандардын шайлоо астындагы "жарма таарынычы" катары гана баалашууда.

Ал арада бийлик партиясынын талапкери, мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандаштары электораттын нааразы бөлүгүн артынан ээрчитип, бирдиктүү оппозиция лидери болууга ашыгып жаткандай.

Эстеликтеги ак менен кара түстүн аралыгы

Саясат талдоочулардын баамында, буга чейин өлкөдө бийликке каш кайтара ала тургандай оппозициялык лагердин бар экени дагы дээрлик унутулуп бараткан болчу.

Президенттик шайлоонун жакындашы менен оппозициялык маанайдагы коомдук ишмерлердин, активисттердин жана укук коргоочулардын бийликке каршы нааразылык билдирген үндөрү чыга баштады. Коомдук активисттердин чакан тобу Бишкектин борбордук аянтындагы 7-апрель курмандыктарына коюлган эстеликке өкүрүп барышты.

"Саясий туткундарды коргоо комитетинин" төрагасы Сапар Аргынбаев алардын бул символикалык кадамынын маани-маңызын эстеликке түшүрүлгөн ак менен кара түстүн орду алмашып калганы менен байланыштырды:

- Өлкөбүз үчүн өмүрүн берген кайрандар, силер өзгөрүүнү каалап, окко учканыңарды эстеп, бирок мына ошол кездеги үмүт-тилектин таш капканына жаныбыз кейип бүгүн мына ушул жерге келип, силерди эскерип отурабыз.

Бүгүн бул кара таш жагы эмес, тээтиги жагы капкарага айланды. Андагы ак таш азайгандан азайып баратат. Акыйкат өлдү. Кичине үн чыгарган кишилерди түрмөгө камап жатышат. Митингдерге тыюу салышты. Буга биз макул эмеспиз.

Ошол эле мезгилде кыргызстандык бир катар коомдук ишмерлер, саясатчылар, коомдук активисттер жана укук коргоочулар топтолушуп, сентябрь айынын башында улуттук курултай уюштуруу боюнча маселени караган жыйынга чогулушту. Анын жүрүшүндө оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирүү жана президенттик шайлоодо бирдиктүү оппозиция лидерин колдоо маселеси талкууланды.

Жыйынга катышкан саясатчылардын бири Адахан Мадумаров учурда түзүлгөн коомдук-саясий абалга баа берүү маселесин көтөрдү:

- Улуттук улуу курултайда эмне маселени талкуулайбыз? Бүгүн кандай абалдабыз? Эртең кандай абалга кептелебиз? Эгерде мына ушуну айткандан кийин дагы калдайган калың журтчулук, кыргыз интеллигенциясы ага кайдыгер мамиле жасай турган болсо, анда өз шорубуз өзүбүздүн колубузда. Анда биз кийин ыйлактабашыбыз керек.

Мына ошол курултайда оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө аракет жасалып, бирдиктүү талапкерге токтолуу жана аны шайлоодо колдоп чыгуу маселеси каралаары белгилүү болду.

Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

Парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев алдыдагы уюштуруу жыйынында бул маселе - курултайдын күн тартибинин негизгиси экенин жарыялады:

- Өзүбүздүн арабыздан чыгарган элдик талапкерди колдойбуз деген маселени ошол жерден талкуулап, карап чечишибиз керек болуп турат. Мына ошого даярдык көрүүнүн аракетин бүгүн биз талкуулоо үчүн сиздерди бул жакка чакырып, чогулуп отурабыз. Бул маселени ошол күнү арай көз чарай отуруп чечип, анан бир багытта иш алып барышыбыз зарыл.

Ошол эле кезде бийликти жактаган саясат талдоочулар оппозициялык күчтөрдүн биригүү демилгесин боло келген көрүнүш катары кабыл алышты. Алар кызматтан кеткен мурдагы саясатчылар жарма таарынычын оппозициялык кыймылдарды түзө салуудан чыгарат деп эсептешет.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев шайлоого байланыштуу алдын ала эле коюлуп жаткан дооматтар арык аттап, суу кечпесин айтты:

- Чындыгында азыр бийликтен сыртта калгандардын бардыгы эле улам бир коомдук уюм түзө калып, асылганы эле бийлик болуп жатпайбы. Азыр Сооронбай Жээнбековго башка талапкерлерден айырмаланган артыкчылыктуу деле шарттар түзүлгөн жок. Баарына бирдей эле шарт түзүлүп жатат. Жээнбеков өзүнүн өкмөт башчылык кызматын тапшырып бербедиби. Болбосо ал эмгек өргүүсүнө чыгып алып деле шайлоого бара берсе болот эле да. Бош жүргөндөр чогула берет. Буга чейин деле бир канча жолу курултай өткөрүштү. Алардын саясий салмагы жок. Анан эле болбой бийликке обу жок асылып жатышпайбы. Бул эми элди жөн эле бир болбогон нерсеге убара кылып, алаксытып жаткан көрүнүш да.

Оппозициянын бирдиктүү лидери болобу?

Анткен менен бул чөйрөнүн өзүндө эле оппозициялык күчтөрдүн башын кошуу демилгесине ишенбегендер бар. Анткени буга окшогон аракеттер мурда да болуп, бирок дайыма эле ийгиликсиз аяктап келген.

Ал эми бул жолу шайлоодо бийликке нааразы электоратты артынан ээрчитүүгө ашыккан айрым талапкерлер, талдоочулардын баамында, учурда майдаланган оппозициялык топторду бириктирүүгө камданып жаткандай.

Ошол эле кезде буга чейин анчейин үн катпай келген кээ бир президенттикке талапкерлер расмий катталгандан бери бийликке каршы билдирүүлөр менен чыга калып, айланасына айрым оппозициялык маанайдагы саясатчыларды топтой баштаганы байкалат.

Бирдиктүү бир оппозициялык күч түзүлөт дегенге ишене албай турам. Бирок бийлик өзүнүн олдоксон сценарийи менен жүрүп отуруп кырдаал күчөп кетсе, анда ал жараянды азыр салыштырмалуу таасирдүү деген талапкерлер башташы мүмкүн.
Адил Турдукулов

Саясат талдоочу Адил Турдукулов бул жагдайга төмөндөгүчө мүнөздөмө берди:

- Бул жерде ким идеялык жактан оппозиционер же оппозиционер эмес экенин так кесе айта албайм. Мисалы, Бабановду "бүгүн президент көрсөткөн талапкерге каршы чыгып, оппозициялык жүрүштөрдү жасагандай болот да, эртеси Атамбаевди мактайт" дешет. Сариев деле. Бүгүн кандайдыр бир күчтүү билдирүүлөр менен чыкканы менен сүйлөшүүлөр болсо оюн өзгөртүп жибербейт деген кепилдик жок. Мына ошондуктан бирдиктүү бир оппозициялык күч түзүлөт дегенге ишене албай турам. Бирок бийлик өзүнүн олдоксон сценарийи менен жүрүп отуруп кырдаал күчөп кетсе, анда ал жараянды азыр салыштырмалуу таасирдүү деген талапкерлер башташы мүмкүн. Бул жерде оппозиция лидери катары Сариев же Бабановдон ошондой кадам болушу мүмкүн.

Оппозициялык маанайдагы коомдук ишмерлер жана саясатчылар курамына кирген уюмдар жана бирикмелер биригип "Улуттук улуу кеңеш" түзүлгөнүн жарыялашты. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук улуу курултай чакыруу демилгеси колго салынып, аны катышуучулардын көпчүлүгү колдоп чыкты. Оппозициялык күчтөрдүн бул курултайы сентябрь айынын башына дайындалды.

Бирок бул кыймылга бир кезде Акаевдин, Бакиевдин "колтугуна кирип" алгандар да, аларга каршы ырааттуу күрөшкөндөр да, парламенттик демократияны колдогондор да, авторитардык бийликти көксөгөндөр да, улам ойт берчүлөр да, пикиринен эч кайтпагандар да чогулуп жаткан маалда кайсы агымдар кайсы лидерлер менен президенттикке талапкерлерди чын жүрөктөн колдоор экен деген суроо да жаралууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG