Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Шайлоого саналуу сааттар калды


Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо болот.

Ага 11 талапкер катышып жатат. Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 25 миң 770 кишини түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу ыкчам маалымат берүү жана мыйзам бузууларга чара көрүү боюнча атайын координациялык топ түздү. Ошондой эле мыйзам бузууларды маалымдоо үчүн 1255 номерлүү түз байланыш телефону ачылды.

Президенттикке ат салышууга жалпысынан 59 адам арыз берген, БШК анын 13үн каттаган.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, бюллетенден талапкер Азимбек Бекназаровдун аты-жөнү чийилген жок. Бекназаров шайлоого катышпай турганын 12-октябрда түз эфирде теледебат маалында жарыялаган эле:

- Жалпы даярдалган бюллетенде 13 талапкердин аты-жөнү болот. Ал жерде эки талапкердин гана фамилиясы чийилген болот. Алар мындан ары шайлоого катышпайм деп арыз жазган 11-номердеги Камчыбек Ташиевдин жана 13-номердеги Бакыт Төрөбаевдин аты-жөнү жана алардын тушундагы бош квадрат чийилип коюлат. Ошентип 11 талапкерге жана "Баарына каршы" деген позицияга добуш берилет.

Шайлоо алдында "дарегин алмаштыргандар" көбөйдү

Шайлоо алдында "дарегин алмаштыргандар" көбөйдү

Кыргызстанда президенттик шайлоодо №2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны 314 миңден ашты.

Президенттик шайлоого карата жалпысынан 2375 шайлоо участогу ачылат жана анын 37си чет өлкөлөрдө жайгаштырылган. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун маалымдашынча, добуш берүүнүн жүрүшүнө жүздөгөн эл аралык, коомдук жана талапкерлердин байкоочулары көз салмакчы:

- Эл аралык байкоочулардын саны 773. Алар 57 эл аралык уюмдардан жана 58 мамлекеттин өкүлдөрү. Бизде эл аралык байкоочулар жана талапкерлердин байкоочуларынан сырткары, коомдук бирикмелерден жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн коомдук байкоочулар деген үчүнчү топ бар.

Буга чейин добуш берүү күнүндө "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму миң, ал эми "Жарандык платформа" коомдук уюму 500 байкоочу чыгарарын маалымдаган.

Кызыл-Берлик айылы
Кызыл-Берлик айылы

Ички иштер министрлиги шайлоого карата 12-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев добуш берүү күнү 10 миңден ашуун милиция кызматкери жана 12 миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуун коомдук тартипти камсыздай турганын кабарлады:

- Шайлоо учурунда өзгөчө маанидеги объекттер, добуш берүү участоктору кайтарууга алынат. Ички иштер министрлигине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, шайлоо мыйзамдары так аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөө тапшырмасы берилген. Ар кандай мыйзам, тартип бузууларга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт. Ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү милициянын көзөмөлүндө болот, алар колуна "элдик кошуун" деген жазуусу бар кызыл тасма байланып чыгат.

БШК добуш берүү күнүндө ден соолугуна байланыштуу келе албаган, ооруканаларда, түрмөлөрдө иштеген, алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, жайлоо-кыштоолордо жашаган жарандар, ошондой эле аскер бөлүктөрүндө, обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлеринде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлеринен турган 22 миңден ашуун жаран 14-октябрда добушканалардан сырткары жерлерде добуш берет деп маалымдаган. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Алдын ала добуш бергендер. 14-октябрь, 2017-жыл (сүрөт баян)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG