Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Быйылкы шайлоо өнөктүгү дагы үгүтчүлөрдү марытат


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Президенттикке талпынган талапкерлер шайлоонун үгүт иштерине миллиондогон акча сарптоого даяр турушат.

Кыргызстанда ар кандай шайлоодо саясий технолог, пиар-адистен тартып, ырчы-чоорчу, сүрөтчү, үгүтчүгө чейин жакшы каражат таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ушул тапта шайлоо өнөктүгүнө тиешелүү жумушчулар алдыдагы “чоң казатка” даярданып, кызмат акыларын бычып жаткан учур.

Алгач талапкердин шайлоо өнөктүгүн уюштуруу, пиар стратегиясын иштеп чыгуу үчүн саясий технологдор керек болот. Мурунку шайлоолор көрсөткөндөй, айрым саясатчылар, партиялар чет өлкөлөрдөн ири гонарарга саясий технологдорду алып келгенге даяр. Булардын кызмат акысы 100 миң долларга чейин жетээри айтылат. Мындайга чамасы жетпегендер жергиликтүү саясий технологдор менен иш алып барышат.

Шайлоочулардын көңүлүн алуу үчүн бирде талаада трактор айдатып, бирде спорт залда күрөштүрүп, талапкердин баскан турганын шоуго айлантып, ар кандай пиар ыкмаларын ойлоп тапкан, аларды теле, гезит, интернет, социалдык тармактарга жайылткан иштерди адатта журналисттер колго алышат. Мурунку шайлоодон бери бир да жолу жарык көрбөгөн гезит-журналдар, иштебей турган интернет сайттар жаандан кийинки козу карындай эле жайнайт.

Тынчтык Алтымышов шайлоо учурунда иштеген журналисттердин бири. Анын айтымында, өлкөдө атайын пиар-адистердин аздыгынан партиялар журналисттерди жалдашат.

- Жайдын ортосунан баштап эле чакыруулар түшүп баштаган. Жазмакерлерди штабдарга топтоп, мага да кайрылышкан. Эми журналисттер талапкердин иштерин элге жайылтууга жардам берет. Мен да негизги жумушумдан эс алуу алып, шайлоого иштеген учурларым болгон. Себеби ал жакта жарым жыл иштегениңди бир айда таап аласың.

Типографиялар боегун даярдап ар-кандай көрнөк жарнактар, буклет-баннерлерди басууга даяр турса, дизайнерлер күнү-түнү блокнот, калем саптан тартып момпосуйдун тышына чейин партиянын белгисин түшүрүү менен алек. Продакшн студиялар кино, клип тартууларын токтотуп, жарнама роликтерге киришет.

Талапкердин үгүт кербенин бир ай бою коштоп жүрчү бир ырчынын гонорары эле 10 - 30 миң долларга барабар экени, калың журтка таанымал таланттар эмгек акысын автоунаа, батир менен эсептешери айтылып жүрөт. Партиянын үгүт кербендерин бир канча ырчы коштоп жүргөнүн эске алганда бир да ырчы-бийчи жумушсуз калбаары бышык.

“Кыргызстанда шайлоо өткөндөн кийин массалык кыскартууга туш келген же чоң ишкана токтоп калгандай эле жумушсуз отуруп калабыз” деп тамашалаган куудул Борончу Кудайбергенов дагы сунуш күтүп жаткан чагы экен:

- Биздин элде ушу шайлоо башталса тыйын таап алып, кыз алып, кыз узатып той берсем дегендерда бар. Шайлоо ушундай болуп калды, жыл сайын шайлоо болсо эле эл бир аз тыйын таап алабыз деп күтүп отурушат. Кимиң болсоң ошол бол, "пулуң болсо кулуңмун" дегендей эле.

Борончу Кудайбергенов.
Борончу Кудайбергенов.

Эми аймактардагы, айыл-кыштактардагы шайлоо штабдары ачылып, үгүт иштерин ийне-жибине чейин билгендер жөнүндө кеп кылсак. Айылда анча-мынча аты чыккан, үгүт ыкмаларын жакшы билген, элге чай уюштуруунун “устаттары” алакан ушалап турган чагы. Буларга шайлоону утурлай эле партиялардан “куда түшкөндөр” көбөйүп, жакшы акча үчүн негизги иштеп жаткан кызматтарынан убактылуу бошоп кетүүгө даяр турушат. Нарындык Алмаз Исмаилов үч шайлоодо үгүтчү болуп иштеген. Ал айылындагы шайлоочулардын болжолдуу тизмесин гана эмес, айылдаштарынын көңүлүн алуунун сырларын да жакшы билет экен:

- Быйыл сунуштар акырындап түшүп атат. Акчасына жараша иштейбиз эми. Кагаз, программаларын таратып, эл чогултуп дегендей иштерди кылабыз. Эми менин иштегениме көп болду. Жакшы иштесең, айылда туруп эле 1000 долларга чейин таап аласың.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Кыскасы, Кыргызстандагы шайлоолордогу үгүт иштеринин эбин тапкандар капчыгын жакшы эле кампайтышат. Айрымдары акчалай эмес, талапкер шайлоодо жеңип чыкса майлуу-сүттүү кызмат үчүн дагы жүгүрүп беришет.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо эң көп каражатты "Өнүгүү - Прогресс" партиясы сарптаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, "Өнүгүү - Прогресс" партиясы шайлоо фондунан 112 миллион сомдон ашыгырак, “Республика Ата-Журт” партиясы 105 миллион сомго жакын, КСДП партиясы 103 миллион сомдон ашыгыраак акча жумшаган.

Бирок байкоочулар партиялар саясий технологдордун реалдуу акысын, ырчы-чоорчулардын гонорарын жана үгүтчүлөрдүн чыныгы маянасын жашыраарын айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG