Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:33

Калкты чочуткан каракчылык


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Чүйдүн Москва районундагы кандуу кол салуу боюнча шектүү үч жаран кармалды. Алар турак жайды каракташ үчүн кирип, эки адамды атып кеткен деп айыпталууда. Мунун алдында эле Токмок менен Бишкекте жеке үйдү карактагандар үй ээлерин өлтүрүп салышкан эле. Ушундан улам жарандар жеке коопсуздугуна кепилдик жоктугуна кабатырланса, адистер турак жайларга көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы бышып жетилгенин эскертишүүдө.

Милициянын маалыматы

Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылындагы кандуу окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү, таңга жуук болгон. Беткапчан кишилер жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, анын 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери бул кылмыш боюнча шектүү үч кишини колго түшүргөн.

"Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде иш козголду. Кылмыш боюнча шектүү катары Аламүдүн районунун 19, 20 жана 23 жаштагы үч тургуну кармалды. Алар каракчылык менен алып кеткен акча, алтын, аткан куралы жана айдап келген автомашинасы да табылды. Учурда тергөө иштери уланып жатат", деп айтылат Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта.​

Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя катталган үйдө эки жаштагы ымыркай да болгон, бирок катылгандар ага тийген эмес. Ал эми бет-жаагынан оор жаракат алган үйдүн кожоюну алгач аймактык ооруканага жеткирилип, учурда Бишкекте дарыланууда.

Буга чейинки карактоо окуялары

Мунун алдында, тагыраагы 28-декабрга караган түнү Чүй облусунун Токмок шаарында да ушул сыяктуу кылмыш катталган. Анда да белгисиз жарандар менчик турак жайды каракташ үчүн кирип, үйдө жашаган 22 жана 24 жаштагы тургундарды темир менен сабап өлтүрүп кетишкен. Алардын кол салуусунан дагы бир аял жана келин жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бастырып киргендер үйдөн акча жана алтын-зер буюмдарын алып кеткени аныкталган, шектүүлөр кармала элек.

Ушуга окшош эле факты ноябрда Бишкек шаарында да болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өз үйүнөн белгисиз жарандар атып кетишкен. Милиция Саляновду өлтүрүү боюнча шектүү жаран кармалганын, ал карактоо максатында үйгө киргенин билдирген. Бирок депутат Аида Салянова бул версия күмөн жаратаарын айтып келет.

Милицияга ташталган "чакырык"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов менчик үйлөргө удаа-удаа кол салууну күч кызматтарына чакырык катары баалады:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Чынын айтайын, бул нерселер кылмышкерлердин укук коргоо органдарына "чакырык" таштап жатканы. Тынчтык өкүм сүргөн, туруктуу деген мамлекетте ушинтип үйүңө кирип келип, атып кетип калат деген эмне? Биз эмне, жарандык согуш жүрүп жаткан Иракта же Сирияда жашап жатабызбы? Же мыйзамдар иштебеген Африканын бир өлкөсүндөбүзбү? Укуктук, мыйзам сакталган өлкөдө мындай кылмыштар болбошу керек. Күч кызматтары бул кылмыштарды тезирээк иликтеп чыгып, күнөөкөрлөрдү жазалашы зарыл. Экинчиден, ушундай кылмыштардын алдын алыш үчүн коопсуздук чараларын күчөтүш керек.

Бирок катар-катар катталган бул окуялар айрым тургундарды кадимкидей чочулатты.

Социалдык тармактарда колдонуучулар “өз үйүңдө да коопсуздукка кепилдик жок" экенин жазышса, кээ бирлери “өзүңдү өзүң гана коргош керек болуп калгандыгын” белгилешет. Тургундардын бири Адылбек Батыралиев мындай дейт:

- Таптакыр эле коркуп жатып калган жокпуз дечи, бирок кабатырлануу күчөдү. “Менин да үйүмө кылмышкерлер курал менен кирип келбейт?” деп ким кепилдик бере алат? Милиция деле, башка органдар деле кепилдик бере албайт турбайбы. Ошон үчүн ушул шартта өзүңө өзүң кам көрбөсөң, башка бирөө коргошуна ишенүү кыйын болуп калды. Эми өзүңдү коргош үчүн үйгө чоң акча кармабаш керек, короого чоң ит багыш керек. Эшик-эликти бышыгыраак бекемдеп, сак-сактап жашайт окшойбуз.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кылмышкерден коргонуунун ыкмалары

Ошол эле кезде коопсуздук боюнча адистер жарандардын өз коопсуздугун камсыз кылыш үчүн жеке турак жайларга жана ишканаларга видеобайкоо орнотууну оң көрүшөт. Ушул багытта иштеген Бишкектеги “Дельта” фирмасынын өкүлү Кантемир Тагаев мындай дейт:

Карактоо же башка максат үчүн үйгө кирген кээ бир адамдар камераны көрүп, ал ишке барбай коюшу мүмкүн.

- Үйгө видеобайкоо орнотуу сиздин коопсуздугуңузду 100% камсыздайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок камераларды коюу кылмыштарды алдын алат. Карактоо же башка максат үчүн үйгө кирген кээ бир адамдар камераны көрүп, ал ишке барбай коюшу мүмкүн. Барган учурда деле ал видеого тартылып калат, кылмышкерлерди табууга жардам болот. Бизге негизинен өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулаган жарандар көп кайрылышат жана үйлөрүнө камера койдурушат. Тилекке каршы, көбү кандайдыр окуя катталгандан кийин гана бизге келишет.

“Дельта” компаниясынын өкүлү жылына видео байкоо орноткондордун санын айткысы келбегени менен, алардын 20-25% жеке үйлөр экенин билдирди. Калганы мамлекеттик жана жеке кеңселерге коюлат.

Адистердин айтымында, жасалган кылмыштардан улам үйлөрүнө сигнализация койдургандар да арбый баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG