Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.

Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу 19-январда кезектеги иликтөөсүн жарыялады.
Анда Кара деңиз жээгиндеги Геленжиктин жанындагы хан сарай 2005-2010-жылдары дээрлик 1 миллиард долларга мыйзамсыз каражаттар аркылуу курулганын жана аны Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жеке сарайы катары колдонору айтылган.​

Орусиянын Краснодар аймагындагы Геленжик федералдык курорт шаарынан анча узак эмес дөңсөө жерде жайгашкан ажайып имараттын аянты 17 миң чарчы метр, анын азыркы баасы 100 миллиард рубл акчага тете.
Мындан тышкары хан сарайга кошумча 7 миң гектар жер бөлүнүп, анда чиркөө, 80 метрлик көпүрө, амфитеатр, оранжерея, хоккей ойноого жер алдында курулган муз аянтчасы, өзүнчө конок үй жана кошумча тамдар тургузулганы көрүүгө болот.
300 гектар жерде өстүрүлгөн жүзүм, шато, анан калса шарап чыгарчу ишкана жана деңиз моллюскасынын бир түрү – устрица өндүрүү чарбасы да бар.
Ушулардын бардыгынын баасы тири шумдуктай чырмалышкан жемкорлук желеси аркылуу төлөнүп келген.
Алексей Навальный жана анын тобу иликтеп чыккан бул сүрөттөр жана видео тасма өлкөдө өзгөчө кызыгууну жаратты. Тасмадагы «Геленжиктин жанында президент Владимир Путинге мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген доону расмий Кремлдин өкүлү жалаа катары четке какты.

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул - баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз», - деп жооп берген.


Тектеш

XS
SM
MD
LG