Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Эне тил: Чыгармаларды интернетке ачык жарыялап, андагы казынаны байытуу


Сагынбайдын варианты чагылдырылган жана манас таануучу Ыбырайым Абдыракман уулунун колу менен жазылган таберик текстти интернеттен ачык окууга болот. Эми manuscript.bizdin.kg барагынын эртеңине да жалпы кам көрүшүбүз керек.
Сагынбайдын варианты чагылдырылган жана манас таануучу Ыбырайым Абдыракман уулунун колу менен жазылган таберик текстти интернеттен ачык окууга болот. Эми manuscript.bizdin.kg барагынын эртеңине да жалпы кам көрүшүбүз керек.
Кыргыз тилинин латын алфавити. 1927–1937.
1927-1937-жылдардагы кыргыз тилинин латын алфавити (1938-жылы жумшак ж үчүн Ƶ тамгасы киргизилген жана h тамгасы кыскартылган). Википедия.

Интернеттин кеңири жайылышы дүйнөдөгү ар бир элге маалымат алуу жана жайылтуу жаатында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Ошол эле учурда интернет шартында эне тилди сактап калуу жана өнүктүрүү көйгөйлөрү да күчөдү. Ушул тапта кыргыз калемгерлери үчүн бир олуттуу чакырык бар. Тарыхчынын блогу.

Кыргыз тили, дүйнөдөгү башка ири жана чакан элдердин тилдериндей эле, XXI кылымды өзгөчө ажарлантып турган интернет доорунда өсүүнүн же өчүүнүн жолунун бир нугун тандап алууга тийиш.

Албетте, ушул кылымга чейин эптеп сакталып келген жана айрым мурастары текст, үн жана видео тасма аркылуу катталып калган ар кандай тилдеги материалды иликтөө үчүн болочокто окумуштуу чыкпай койбойт. Ал гана түгүл эне тили катары кадырлаган эли таптакыр тарыхый сахнадан жоголгон шумер тили сыяктуу байыркы тилдердеги тексттер деле изилденип жатпайбы.

Ал эми эне тилин XXI кылымдын алгачкы чейрегине чейин жандуу тил катары сактоого жетишкен далай чакан этностордун өз эне тилинде эркин сүйлөгөн өкүлдөрү улам суюлуп бара жаткандыгын ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар ар жыл сайын кейип-кепчүү менен каттап жатышат.

Арабыздагы кээ бир асанкайгычылар “кыргыз тили өлүп жок болуп бара жатат” деп жазып калышат, аларды коштоп чын-төгүндөн убайым чеккен далай замандаштарыбыз бар.

Кыргыз тили, бирок, азыркы тапта өлүп-жок болуп бара жаткан тилдерге эч жатпайт. Ал түгүл ал – БУУга мүчө болгон эгемен мамлекеттин Башмыйзамында мамлекеттик тил макамы тастыкталган тил.

Мунун өзү, албетте, кыргыз тилинин болочогунан эч кабатырланбай эле койсок жетиштүү, дегенди да туюнтпайт.

XXI кылымдын алгачкы чейрегиндеги кыргыз тилин аздектөөчүлөр үчүн чоң чакырык – кийинки кылымдарда дагы кыргыз тили телегейи тегиз жашай бериши үчүн санариптик жана интернеттик пайдубалды чыңдоо.

Бул үчүн өкмөттүк расмий чаралар жетишсиз.

Бул маселе – ар бир жарандын жекече жаратмандык салымын да күтүп жаткан көйгөй.

Кыргыз тилине акыры эне тилибизге толук ылайыкташтырылган латын алфавитин кайтаруу зарылчылыгын саясий “каймактарыбыз” жакын арада аңдашат ко деп үмүттөнөм.

Бул жаатта постсоветтик Борбордук Азияда мурдагы оторчулардын мураскорлорунан чочулап, эч бир алгылыктуу саясий кыймыл жасабай жаткан бир гана жумурият калды.

Теребелди, жалпы чөлкөмдү көз чаптырып карап көрөлү, түрк тилдүү жумурияттарды четинен санайлы: Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан... Буларда жылыштар бар!..

Демек, чөлкөмдө Кыргыз Республикасынын саясий каймактары гана кирил жазмасына чап кенедей жармашууда... Муну убактылуу турум деп эсептегибиз келет...

Ал эми бул чакан блогубузда кирил жазмасын колдонуп жатып деле эне тилди интернет торунда кеңири таркатуунун бир ыкмасын унуткарбоого чакыргыбыз келет.

Ал – кайсы ыкма?

Сөз – кыргыз тилин өз эне тили санаган калемгерлердин базар экономикасынын шартындагы атуулдук сезими менен байланыштуу.

Кайсы бир деңгээлде бул чакырык – тигил же бул кыргыз тилдүү калемгердин өзүнүн эне тилдеги чыгармасын интернет аркылуу сатуу мүмкүнчүлүгүнүн тамырын ыктярдуу түрдө кыркуусуна үгүттөгөн үндөө.

Бул чакырык көзү өтүп кеткен калемгердин автордук укугун мыйзамдуу түрдө мурастап калган түздөн-түз урпактарына да багытталат.

Ыр китеппи, кара сөз, драма же башка чыгармабы, айтор, текст менен байланыштуу кайсы бир олуттуу чыгарма XXI кылымдын башында тигил же бул кыргыз авторун кескин байытып жибергендигин мен анчейин уга элекмин. Балким, жңылышып жаткандырмын,

Бирок 100 нускадан 500 нускага чейин эле китеп чыгарып алып, анан анысы чектелүү гана окурмандын, анын ичинде кыйышпас делген дос-туугандын колуна тийген, алардын ичинен далайлары бул же тигил китептин алгачкы беттерин сонуркап караган соң, жөн гана китеп текчесине кыстарып койгон учурлар деле арбын.

Бул – ошол китептин автору начар жазды дегенди эч туюнтпайт. Тек гана мындай китеп өзүнүн чыныгы окурманына, анын ичинде чыныгы сынчысына, жетпей калган, деп санасак болот.

Начар делген китептер топтолсо, алардын жыйындысы керексиз кагаз таштандысына (макулатурага) айланышы мүмкүн.

Ал эми китептер интернет торуна арбын, эркин жана көптөп жарыяланса, анда алар планетанын ар башка континенттерине чачыраган, ошондой эле өлкөбүздүн ар башка дубандарында байырлаган жана бул китептерди эне тилибизде окуй алчу миллиондогон кишилердин мерчеми болуп калат.

Интернеттеги окурмандарда да эне тилибизде тандоо мүмкүнчүлүгү арбыйт. Мындай шартта эне тилибизде окуган жана сүйлөгөн кишилердин табити да артат, тандоо мүмкүнчүлүктөрү да кеңейет.

Албетте, өз чыгармасын интернетте эне тилде бекер жарыялап салган калемгер акча каражатынан утулаары бышык, бирок ал калемгердин чыгармасынын дал ушул тилди өз эне тили катары барктагандардын колуна тийүү ыктымалдыгы жүз миң эсе же миллион эсе артышы ажеп эмес.

Демек, 500 нуска китептин батасын бир нече жыл ичинде дээрлик жарым миңдей же андан көбүрөөк кишиден алган жакшыбы (көптөгөн окурмандар китепканалардагы сейрек нускаларды жылдар бою чет-четинен талдап окуйт ко, деп кыялданып көрөлү), же болбосо бул китепти интернетке ачык (бекер) жарыялоо аркылуу тигил же бул автордун чыгармачылыгы жана өмүр таржымакалы жөнүндө миллиондогон кишилерге дароо сунуштап, алардан бата сураган жакшыбы?

Айрым авторлор өздөрү жана китептери тууралуу интернетте эч бир маалымат көзгө чалдыкпагандыгына наалып калышат.

Бул мага өткөн кылымдагы бир анекдотту эске салат.

Бир киши кудайга жалынып, “лотереядан жок дегенде бир жолу утуп алсам, анда турмушум ой-да оңолот эле!” дей берет экен. Анан бир күнү ал киши наалып, кудайдын өзүн уруша баштайт экен: “Деги Жараткан эгем өзүң жок эле окшойсуң! Эч бир жолу лотереядан ута албай койдум го!..”

Ошондо Жараткан өзү асмандан түшүп келгенби, же каягынан пайда болгон, белгисиз (муну анекдотто үстүрт гана белгилешет), айтор, баягы пенденин маңдайына келиптир да: “Мени урушаардан оболу лотереядан утушуң үчүн мага бир эле мүмкүнчүлүк, бир эле шанс тартуулап койчу! Байболгур, бир эле жолу лотерея сатып алып койчу!” – деген экен.

Анын сыңарындай, эне тилибизди аздектеген калемгерлер (жана алардын болжолдуу же так мураскорлору) өздөрүнүн же өз бабаларынын эне тилдеги чыгармаларын өз ыктыяры менен интернетке ачык (бекер) жарыялашы абзел.

Ошондо көзү тирүү же маркум автордун лотереядан утуу мүмкүнчүлүгү ескин арбыйт.

Ал эми жалпы утушта – эне тилибиз болот.

Кээ бир учурларда кайсы бир калемгер дүйнөдөн өткөн соң, анын чыгармалары жаш муундардын назарына илинбей кала берип жаткан кырдаал мындай шартта чукул өзгөрөт. Анткени тигил же бул калемгердин интернетте ачык турчу чыгармасы Гугл сыяктуу издемелерде өздөрү эле илинип, калкып чыга башташат.

Кыргыз жарандарынын ичинен www.bizdin.kg жана www.qyrgyz.com сыяктуу интернет барактарын ачкан Чоробек Сааданбек, Бахтияр Шаршеев өңдүү демилгелүү инсандар көбөйүп жатат. Аларды мындай саамалыктары үчүн Кыргызстандын бийликтери, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы ж.б. мекемелер гана эмес, жарандык коом да алкоого алууга тийиш.

Ал эми тигил же бул калемгердин ысымын алган коомдук корлор өтө көбөйүп кетти. Алардын арасында, бирок, даңазалуу калемгердин чыгармасын эне тилибизде эркин жарыялагандар азганактай эле го дейм.

Бул сунушту кабыл алуу, албетте, ыктыярдуулукту талап кылат.

Ал эми “Манас” эпосу жана башка фолклордук чыгармалар, битик жазмасында сакталып калган мурастар, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Ахсыкенди, Арстанбек, Молдо Нияз, Нур Молдо, Молдо Кылыч, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Белек Солтоной уулу Солтоноев, жана башка бабаларыбыздын мурастары Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери жана коомдук корлору тарабынан интернетте эне тилибизде ырааттуу түрдө жарыяланып турушу зарыл.

Айтмакчы, тигил же бул чыгарманы интернетте бекер жарыялоо – бул көйгөй чечүүнүн бир учугу. Экинчи учугу – тийешелүү интернет барагын ырааттуу сактоо.

“Кыргызстан-Сорос” кору өлкөбүздөгү руханий байлыкты интернетте ачык жарыялоо жаатында зор салым кошту. Эми бул кор өз ишин жыйынтыктап жаткан чакта, анын буга чейин кошкон айрым салымдарынын болочогу кандай болоор экен, деп санааркообуз да коштолуп келет.

Маселен, дал ушул кордун демөөрчүлүгү менен жаралган интернет барактарынын арасында https://manuscript.bizdin.kg/ барагы да бар.

Эми ал барактын эртеңи кандай болоор экен?

Кыргыз бийликтери жана жарандык коом эне тилибиз жана маданиятыбыз үчүн өзгөчө баалуу мындай интернет барактарын сактап калуу жагын көңүл чордонунда тутушу ылаазым. Бул маселе да ыраттуу каржылык көмөктү талап кылат.

Балким, президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы, тийешелүү министрликтер, “Мурас” фонду, “Эсимде” долбоору ж.б. коомдук уюмдар жана демилгелер ушундай баалуу интернет барактарынын тизмесин биргелешип түзүп, аларды сактап калуу жана байытуу боюнча чогуу-чаран иш алып барышаар?

Айтор, эне тилибиздеги интернет корун чыңдоо – сөздөн ишке өтүүнү талап кылат. Мында авторлордун жана жалпы коомчулуктун демөөрчүлүк салымдарынын олуттуу орду бар.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG