Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Жаштардын көп тил билүүсү дээр үчүн зарыл


Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова сунуштаган “Инарип” аттуу жаңы кыргыз латын алфавитинин жадыбалы. 2021-жылдын 3-марты.
Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова сунуштаган “Инарип” аттуу жаңы кыргыз латын алфавитинин жадыбалы. 2021-жылдын 3-марты.

Азыркы жаштар жана болочокку муундар көп тилдерди билиши кажетпи? Же алар тексттерди интернет же компүтер аркылуу эле котортуп алышабы? Тарыхчынын блогу.

Айтматовдун осуяты аткарылууда

Элибиздин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өткөн кылымда эле "жаштардын ар бири жок дегенде төрт тил билиши керек" деген осуят сөзүн калтырган.

Ал өзү эки тилди (эне тили катары кыргыз тилин жана өзүнүн айрым мыкты чыгармаларын эркин жаза билгендей деңгээлде орус тилин) мыкты билген. Менимче, ал казак, өзбек, татар, башкыр, малкар (балкар), карачай сыяктуу тили тектеш боордоштордун жазуучулары менен деле ар кимиси менен өз эне тилдеринде баарлаша алган.

Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. Ибрагим Бакировдун белек фотосу.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. Ибрагим Бакировдун белек фотосу.

XX кылымдагы (советтик) кыргыздар үчүн кирил жазмасын жана орус тилин билүү жетишерликтей туюлчу, бирок ошондо эле Чыңгыз Айтматов өксүктү сезгенин алиги төрт тил тууралуу чакырыгынан улам баамдай алабыз.

Албетте, бул төрт тилди бөлүштүрүүдө Чыңгыз Айтматов аларды кыргыз, орус, бир европалык, бир чыгыштык тил катары жиликтесе керек, анын муунунун мындай тандоосун дагы толук түшүнүүгө болот.

Орус тили дегенде кыргыздар Пушкиндин, Толстойдун, Чеховдун, Ахматованын, Шукшиндин, илимпоздор Бичурин, Радлов, Бартольд, Малов, Бернштам, Абрамзон, Сахаров, Худяковдун жана башкалардын орусча чыккан эмгектерин эске түшүрүшөт эмеспи (теги немис Радлов, Бартольд сыяктуу орусиялык полиглот окумуштуулардын чоо-жайын тереңдетип айтып отурбайлык).

XXI кылымдын башында болсо орус тилинен да алда канча бай технологиялык жана энциклопедиялык маалымат топтолгон жана баарлашуу тили катары чыныгы дүйнөлүк тилге айланган англис тилинин баркын дээрлик ар ким эле аңдайт ко дейм.

Демек, сөзсүз үйрөнүү керек делген чет тилдердин төрүнө англис тили чыкты. Бул тил аркылуу латын алфавитин мыкты үйрөнүү кезеңи да келди. Ал эми латын алфавитин жана англис тилин үйрөнгөндөр үчүн латын арибин колдонгон башка да индоевропалык тилдерди үйрөнүү оңой болуп калмакчы (анын үстүнө байыркы доордон жана орто кылымдардан бери бул тилдерде эски латын тилиндеги жана грекче миңдеген терминдер маанилеш же жакын мааниде пайдаланылат эмеспи).

Латын алфавитин өздөштүргөн кыргыздар үчүн боордош түрк, азербайжан, түркмөн жана өзбек тилдериндеги адабиятты да окуу үчүн сонун мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Ал эми орусча үйрөнүү аркылуу кыргыздар кирил тамгасын колдонуп жаткан айрым башка славян тилдерин (украин, беларус, болгар, серб, ж.б.) гана эмес, кээ бир евразиялык түрк элдеринин тилдерин да өздөштүрүүгө жол табышат.

Ушул тапта арап жана парсы (иран) тилдүү өлкөлөр менен да маданий алакалар жүрүүдө. Албетте, англис тили ортомчу болгондугуна карабастан, арап жана парсы тилдерин ынтаа коюп үйрөнгөн алатоолук кыргыздар да бар. Арап жазмасын колдонгон кытайлык кыргыз, казак жана уйгурлардын тексттерин өз алдынча окуу үчүн аларга бир аптадай эле көз көндүрүү, тагыраак айтканда, кошумча көнүгүү жетиштүү.

Азыркы тапта жапон, корей, кытай, хинди, монгол тилдерин да үйрөнүүгө жетишкен кыргыз адистери бар экендигин өзгөчө белгилеп айта алабыз.

Демек, эгерде мурда (1990-жылдардын соңуна чейин) кыргызстандык жетекчилер жана дипломаттар Орусиядан тышкаркы өлкөлөрдө эл аралык баарлашууга келгенде аргасыздан орус тилине байланып келген болсо, эми алар кыргызча эле сүйлөп, котормочулар тиешелүү өлкөнүн эне тилине которууга, бери дегенде кыргызчадан англис тилине которуп берүүгө жарамдуу болуп калышты.

Бул – эгемендиктин 30дан ашкан мезгилдик аралыгы үчүн зор жетишкендик.

Мамлекеттик тил жана башка беш тил

Эгерде мурдагыдай Орусиянын колбаласы бойдон кала берсек, анда эң бийик сереге умтулган учурубуз 1988-жылдагы ураан сымал “кош тилдүүлүк” эле болмок.

Ошол кош тилдүүлүк урааны аркылуу кыргыз тилинин макамын саал бийиктетип алуу далаалаттарына зор салым кошкондордун бири да Чыңгыз Айтматов болчу.

“Кайра куруулар” доорундагы бул “кош тилдүүлүк” ураанына каршы айрым кыргызстандык орус тилдүү айдыңдар (анын ичинде жалаң эле орустар эмес, кээ бир эне тилин унуткандар, айрым ашынган кремлчи коммунисттер, немис Вольтраут Шелике сыяктуу айрым теги башка этностон болгон окумуштуулар деле) сын пикир айтып чыгышкандыгы эсте.

1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили жумуриятыбыздын парламенти тарабынан жалгыз мамлекеттик тил макамына ээ болду, бирок андан соң “кош тилдүүлүк” ураанына каршы болгондор жаңы тактикага өтүшүп, орус тилинин көзгө көрүнбөгөн жетекчи макамын сактоого жетишти жана азыр дагы аны сактап калуу үчүн алпурушууда.

Ушул саптардын ээси орус тилинде алгачкы (кандидаттык) диссертациясын коргоду, орусча макалалар жана китептер жазды. Бул тилдеги маалымат мейкиндигине ал дагы ыракаттанды. Бирок ошол эле учурда бул тил дагы (ар кандай башка тилдер сыяктуу эле) айрым өңүттөрү жагынан тар чөйрөгө ээ экендигине көзүбүз жетти.

Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун көп тил билүү, полиглот болуу чакырыгы азыркы тапта, XXI кылымдын 20-жылдарынын ичинде, ого бетер кубаттуу айтылышы керектигин баса белгилешибиз ылаазым.

Алатоолук жаштар сөзсүз түрдө алты тил билүүсү керек (анын ичинде орус тили алтынчы орунда, ал түгүл жетинчи орунда болушу деле мүмкүн).

Бир күлкүлүү окуяны айта кетейин. 2011-жылы Мажарстандын ордо шаары Будапештте бир кыргыз депутат жигит менен кездешип калдым. Албетте, ал саал манчыркап, депутат каадасы кылып, оболу мага анчейин жолобой турду, анан бир убакта мага айтып калды:

“Бул мажарлар деле караңгы эл болот турбайбы!”

“Эмне болуп кетти?” деп чындап чочуладым.

“Мага жолуккандарынын эч кимиси орусча билбейт экен!”

Мажарлардын көбү, негизи, бери дегенде 2–3 тил билишет. Түрколог Давид Кара Шомфайи сыяктуу полиглот адистери да көп. Ал эми караңгылык орус тилин өздөштүрүү менен эч аныкталбай тургандыгын орусча гана билген азыркы скинхед жана рашисттерден эле айкын көрүп жатпайбызбы. Бир нече дипломго ээ болуу да түркөйлүктөн чыгуу маселесин чече албашы ажеп эмес.

Азыркы тапта жаштарыбыз үчүн эне тилден кийинки экинчи орундагы маанилүү тил – бул англис тили деп ачык эле айта алабыз.

“Битик” жазмасын жана түрк тилдерин билүү – парыз

Ал эми тарыхый жазмаларга келсек, мен Бахтияр Шаршеев, Элери Битикчи, Нурдин Үсөйев (Усеев) сыяктуу инилеримди колдойм, биздин жаштарыбыз “битик” (орхон энесай руна сымал) жазмасын да оңой эле өздөштүрө алышат.

“Манас” эпосунда (Саякбай Каралаевдин вариантында) көп тилдерди билген чоро деп жетимиш тил билген “өткүр чечен Ажыбай” өзгөчө эске алынат.

“Битик” жазма эстеликтеринде болсо Энесай Кыргыз каганатынын эчиси Тибет мамлекетине жөнөтүлгөнүн, Экинчи Чыгыш Түрк каганатына да келип-кетип турушкандыгын билебиз. Көп тил билген кыргыз элчилери Кытайда да болушкан, боордош Түргөш каганатына, Карлук өлкөсүнө да катташкан. Көп тилдүү элчи даярдоо – эл аралык Улуу жибек жолунун пайдасын көрүү үчүн мамлекеттик муктаждык эле.

Дагы бир өңүттү айта кетели. Эгерде кайсы бир жазманы технологиялык, диний жана башка кызыкчылыктар үчүн үйрөнүп жатсак, “битик” жазмасын ошол алфавиттеги руханий мурасыбызды ичтен түшүнүү үчүн атуулдук парыз иретинде ыктыярдуу үйрөнүшүбүз кажет.

(Эми руна сымал “битик” алфавитин өздөштүрүү үчүн мээбиз канча нейрон коротот? деп каныйлаган улутташыма айтаарым: кытай, б.а. ханзу тилинде жазуу үчүн ар сабаттуу киши кеминде 10 миңден ашуун иероглифтик символду жаттоосу керек экен, ал эми алфавиттик тамгалар 30дан 35ке чейин эле санда эмеспи! Анын үстүнө “битик” жазмасында кээ бир үндүү тыбыштар бирдей эле тамганы колдонуу аркылуу чагылдырылган; алар жанындагы каткалаң же жумшак үнсүз тыбыштын тамгасы аркылуу а, о, у, ы же е, ө, ү, и деп окулган).

Албетте, “чет тилдер тууралуу сүйлөп жатып эле, битик жазмасына көчкөнүңүз кандай?” деген маңыздуу суроону узатышыңыздар ыктымал.

Биз битик жазмасынын тилин – байыркы бабаларыбыздын орток тамыры катары билишибиз керек, ал эми азыркы тектеш (азербайжан, алтай, башкыр, гагауз, казак, каракалпак, карачай, кумук, кырым татар, малкар, ногой, өзбек, саха, татар, түрк, түркмөн, тыва, уйгур, хакас, шор, ж.б.) түрк тилдерин үйрөнүү үчүн өз эне тилин билген полиглот кыргыздарга ачкыч тилдер катары өзбек жана анатолиялык түрк тилдери кызмат өтөй алышат. Муну биз жеке тажрыйбабыздан улам билебиз.

Кыргыз латын алфавитинин варианты (даярдаган – Бахтияр Шаршеев).. 07.2.2021.
Кыргыз латын алфавитинин варианты (даярдаган – Бахтияр Шаршеев).. 07.2.2021.

Өзбек, уйгур, азербайжан, түркмөн жана түрк туугандар да кыргыз тилин билүү аркылуу Евразиядагы абдан көп кыргыз–кыпчак тилдерин өздөштүрүүгө ачкыч таба алышат.

Бир кездери кыргыз, кыпчак, карлук, огуз, булгар сыяктуу саналуу гана тилдерге жиктелген азыркы түрк тилдери өз ара чырмалышкан, ошондуктан бабалардын орток маданий мурасынын кыртышында бул азыркы тектеш тилдердин ич ара өздөштүрүлүшү өтө жеңил.

Өрнөктүү инсандар – арабызда

Баса, быйыл 24-майда Анкарадагы бир илимий жыйында Хүлйа Ченгел Касапоглу деген карындашыбыз түркчө сүйлөп жатып, бир маалда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан кыйла узун үзүндүнү кыргызча жатка айта баштаса болобу! Анан ал башка да түрк тилдеринин бириндеги макалды ошол тилде мисал келтирди.

Ал эми жакында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (кыргызча Токоев деп жазуу керек го?) мырза журналисттин кытай тилиндеги суроосуна кытайча жооп берди. Мурдагы президент Роза Отунбаева да англисче татынакай баарлашканына күбө болгон элем. Ал кыргыз, немис жана орус тилдерин да мыкты билет.

ТҮРКСОЙдун азыркы Башкы катчысы, кыргыз эл жазуучусу Султан Раев да түркчө дурус сүйлөп жатканына күбө болдум. Австриядагы элчи Төлөндү Картаңбай уулу Макеев кыргыз, немис, англис жана орус тилдерин мыкты билет.

2010–2012-жылдары Шаңхай кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы, ага чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри болгон Муратбек Иманалиев кытай жазма булактарынын маалыматынын негизинде диссертация жактап, тарых илимдеринин кандидаты даражасын алган. Ал эне тилинен тышкары англис, кытай жана орус тилдерин мыкты билет.

Мурдагы билим берүү министри, профессор Чынар Жакыпова эне тилинен тышкары орус жана англис тилдерин мыкты билет, ошондуктан “Сорос–Кыргызстан” фонду негизделгенде, анын алгачкы жана өтө натыйжалуу жетекчиси болгон.

Ирандагы элчиликте кызмат өтөп жүрүп жакында Бишкекке кайтып келген Акылбек Кылычев орто кылымдардагы парсы тарыхый булактарын оригиналында изилдеп, эне тилде диссертация коргоп, тарых илимдеринин доктору, профессор болгон.

Жазуучу, тарыхчы жана азыркы тапта Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев эне тилден тышкары англис, орус, казак, түрк тилдерин, ошондой эле орток чагатай адабий тилин мыкты өздөштүргөн.

Эне тилден тышкары француз тилин билген Жыргалбек Азылов, түрк, англис тилдерин билген Жылдыз Узакова, кытайча билген Кубан Жусаев сыяктуу дипломаттарды, орус, англис, француз, италиялык, испан, түрк тилдерин билген журналист Айнура Жекше кызын жана башка далай өрнөктүү адистерди учураттым.

Маркум Ишенбай Абдуразаков аксакалды жапон тилин билчү деп сыйлаар элек. Бир ирет ал мага кайрылып, капысынан немисче декламация окуду. Демек, ал жалпысынан (кыргыз жана орус тилдерин кошуп) кеминде төрт тилди билсе керек. Албетте, ал айрым тектеш түрк тилдерин билгендигинде шегим жок.

Ушул чакан гана тизме менен өзүм билген мисалдарды аяктайын.

Аракет кылсаң – берекет

Биз жаштарды жогорудагыдай өрнөктөрдү эске алууга жана көп тил үйрөнүүгө чакыраар элек.

Интернет доорунда ар кыл чет тилдердеги тексттерди даяр колдонмолор аркылуу эле эне тилге котортуп алуу жетиштүү деген аңдоо – бул жалкоо кишинин “өзүм дене тарбия көнүгүүсүн эч жасабастан, сыналгыдан же интернеттен видео тасма көрүү аркылуу эле дене тарбиянын маңызын үстүрт өздөштүрүп алсам ден соолугум үчүн жетишет”, деген сокур ишенимине тете.

Эми күзгүнүн ары жагынан бери карап, азил айталы.

Кыргызстанга келе жаткан бир чет элдикке бул сапарыңызда эки гана сөз билсең жетишет, дешиптир.

Бири – учурашкандагы алгачкы “саламатсызбы!” деген сөз. Экинчиси – макулдук билдирген “ооба” деген сөз. Анан кыргыздарга биринчисин алгачкы жолу айтып, калган учурда “ооба” дей эле берсең, ошого сүйүнүшөт”, – дешет.

Анан ал саякатчы Кыргызстанга келип, ар кишиге “саламатсызбы” деп кайрылса, анын саламын уккан алатоолуктар сүйүнүп кетип, конокко: “нан ооз тийе кетесизби” десе да, конок “ооба” дейт, “бүгүн жатып кетсеңиз болобу?” десе деле, “ооба” дейт.

Башка сөз айтпастан, конок ушул гана сөздү тотукуштай улам кайталай бергенин байкап, бири жылмайып туруп, сыр бербей сураптыр: “Эгерде мен “Сизди тетиги жардан алыс түртүп жиберейинби?” деп сурасам деле ушинтип жооп айтасызбы?”

Анда тигил конок суроонун кытмыр маңызын аңдабастан, колун гимн аткарып жаткандагыдай көкүрөгүнө коюп, жаракөрлүк жылмаюу менен: “Ооба!” деп жооп узатыптыр, дешет.

Күзгүнүн бетинин бери жагына өтсөм, орусча ныпым сөз билбеген чет элдик конокко кайсы бир нерсени түшүндүрүү үчүн орусча–кыргызча аралаштырып сүйлөгөн, орто жолдо англисче “OK” деп койгон жогоруда Будапештте жолуккандагыдай замандаштарыбыз деле учурады.

Бийик тоо койнундагы жайлоодо туристтик жайларды уюштуруп жатып, чет тилдерди өз алдынча үйрөнүп алган зээндүү элеттиктер деле учурашты.

Айтор...

Тиричиликтин башка түйшүктөрүн өз алдынча чечүү камылгасын мындай коёлу, жок дегенде айрым тилдерден интернеттеги же уюкфондогу колдонмо аркылуу жүзөгө ашырылган тигил же бул котормонун туура же ката болгондугун салыштыруу аркылуу тексттин маңызына жекече баа берүү үчүн деле азыркы жана болочокку пенде бир нече тил билиши кажет деп санайм.

Кудай жалгап, көп тил билүү үчүн зарыл эки нерсе ар бир улан-кыздын жеке мүмкүнчүлүгүндө бар: бул – ынтаа жана мээнет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG