Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:02

Жайнак Саадаев: Буранадан Австрияга созулган жол


Жайнак Саадаевдин Токмоктогу эстелиги.

Жайнак Саадаев 1916-жылы Биринчи Дүйнөлүк согушка катышкан орус аскерлеринин ооруктагы иштерине тартылып, кара жумушта жүргөндө Австрияда туткунга түшүп, андан эптеп кутулуп, 1917-жылы бийлик алмашканда тагдыр ташы аны алыскы Украинага таштайт.

Кой артында калган балалык

Орус аскерлеринин кара жумушчусу, кызыл аскер, совет бийлигине чын дилден берилген партиялык ишмер, сталиндик кандуу жазалоонун капканына кабылган Жайнак Саадаев 1938-жылы атылып, 18 жылдан кийин акталган.

Ал 1893-жылы Чүйдүн Бурана айылында төрөлгөн. Атасынан эрте ажырап, каргадай бала кезинен кара жумушка бышып, Токмоктогу байлар менен кулактарга жалданып иштеп, зиректигинин аркасында тамга таанып, тестиер чагында мусулман мектебинде окуп, азыноолак сабаты ачылып калган кезинде биринчи дүйнөлүк согуштагы орус аскерлеринин кара жумушуна тартылат. Аскерлердин окобун казып, азык-түлүгүн ташып, кара жумушта жүргөн чагында аз убакыт Австрияда туткунга түшүп, андан бошонуп чыгып, совет бийлиги келгенден кийин биринчилерден болуп Кызыл армиянын катарында кызмат өтөйт. Согуш аны Европа менен Азиянын бир топ жерлерине таштайт. Оболу Орусиянын Орлов губерниясында кызыл аскер болсо, 1918-жылы Орунборго келип, атаман Дутовдун аскерлерине каршы согушка катышат.

Кайдасың, Ала-Тоо?

Башында орус аскерлеринин кара жумушуна тартылган кыргыз жигити 1918-жылы Мекенине кайтып келип, совет бийлигине каршы чыккандар менен күрөшөт. Лепси менен Капалдагы уруштарга, Чүй өрөөнүндөгү Беловодск көтөрүлүшүн басууга катышат. Жыл аягында аскердик милдетин өтөп, Кыргызстанда жаңы заманды куруу иштерине киришет. Ташкендеги кыска мөөнөттүк партиялык курсту аяктап, андан көп узабай Казандагы ички иштер кызматкерлеринин курсун бүтүрүп, 1920-жылы Түркстан крайлык милициянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

Ушул жылдары Нарындагы орус көпөсү Бондаревдин көтөрүлүшүн басууга катышкан. Жайнак Саадаевдин ушул кездеги иштерин мыкты билген кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялинов “Кыйын өткөөл” повестинде тынчы жок учурду минтип эскерген:

Касымаалы Баялиновдун "Тандалмалар" жыйнагы.
Касымаалы Баялиновдун "Тандалмалар" жыйнагы.

- Жайнактын ким экенин андан уктум. Биринчи империалисттик согушка катышкан, Токмокто кызыл гвардия уюшулганда Бекжан Бердибеков экөө кыргыздардан ага биринчи болуп жазылышкан кайраттуу, мыкты жигит экен. Капал согушуна да барып кайтыптыр. Кечээ жакында Токмокто “шаарды коргоо мекемеси” деп аталган милиция уюштурулганда Жайнак анын старший милиционери болуп дайындалыптыр.

Нарындагы көтөрүлүштү басып келгенден кийин Жайнак Саадаев аз убакыт Токмоктогу ички иштер кызматынынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси, андан соң партиянын Токмок райондук комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген. Касымалы Баялинов Жайнак Саадаевге мына ушул кызматта турганда дагы бир ирет кезиккен экен.

- Жайнак болсо мурдагы ордунан которулуп, Токмоктун волревкомунун председатели болуп иштейт экен. Кеңсесинде экенин уктум да, үстүнө барып учурашып, обком комсомолдун карамагына, Алма-Атага кетип бара жатканымды айтканымда "Жакшы болуптур, иничек, окууңду бүтүргөнүң. Кайда жиберишсе ошол жакка бара бер. Бөтөнчө жаштар арасында иштесең, андан бетер жакшы" деген.

Токмоктон кийин Жайнак Саадаев Пишпектеги кедейлердин “Кошчу” союзунун төрагасы болуп бир топ жыл иштеген. 1925-жылы Жайнак Саадаев ВКП(б) Кыргыз обкомунун жооптуу катчысы, 2-катчысы, соңунда 1-катчысына чейин жетип, 1928-жылы Москвага марксизм-ленинизмдин эки жылдык курсуна окууга жиберилет.

Аны бүтүп келгенден кийин Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, обкомдун текшерүү комиссиясынын төрагасы, бир аз жыл Ташкенде ВКП(б)нын Орто Азия бюросунун инструктору, андан кийин 1937-жылга чейин райондук партия комитеттеринин катчысы болуп иштейт, анан 1937-жылы камакка алынып “эл душманы” деп атылып кеткен.

Бир жыл ичинде эки же үч сыйра кызмат ордун которуп, партия кайсы жакка жумшаса, ошол жерге барып иштөөгө кайыл, совет бийлиги үчүн баарына дилгир кыргыздын дагы бир азаматынын өмүрү ошентип орто жолдон кыйылган.

Айыпсыз атылган азаматтын арманы

Белгилүү тарыхчы Жумагул Байдилдеев кыйла жылдардан бери репрессия курмандыктарын изилдеп, коопсуздук кызматынын архивдериндеги маалыматтарды чогултуп, аларды илимий изилдөөгө салып, совет бийлиги кыйла жылдар бою жаап-жашырып келген оор кылмыштын чоо-жайын жарыя кылып келатат. Жумагул мырзадан Жайнак Саадаев тууралуу айтып берүүсүн өтүндүк.

Жумагул Байдилдеев.
Жумагул Байдилдеев.

- Жергебизде совет бийлигин орнотууга жигердүү катышып, ак эмгеги менен таанылып, кийин сталиндик куугунтукка кабылып, жазыксыз жазаланып, запкы тартып, репрессиянын курмандыгына айланган мамлекеттик ишмерлерибиздин бири - Жайнак Саадаев.

Атасынан эрте ажыраган Жайнак да жаш кезинен бай-манаптарга жалданып иштеп, жакырчылык менен жокчулуктан бат эле чыйралып, бирок өзү дээринде зирек болгондуктан ал орус кулактарынын кол алдында иштеп жүрүп орус тилин мыкты билген. Бирок 1916-жылы 1-дүйнөлүк уруш башталганда Орусия армиясынын ооруктагы жумуштарга муктаждыгынан бул ишке миңдеген адамдар кара жумушка чакырылган. Ага кыргыздар да чакырылган. Ошондон 1916-жылы улуттук-боштондук күрөш чыкканы да маалым. Бирок ошол эле убакта кыргыз уландарынын арасынан ошол тыл жумуштарына тартылгандар болгон.

Ошолордун бири Жайнак Саадаев эле. Ал Австрия фронтунан демоблизацияланып, Украинанын Бердичево шаарында кызыл аскерлердин катарына өтүп, жаңы заманды жактырып тосуп алгандардын бири болгон. 1918-жылы ал Кыргызстанга кайтып келип, Токмоктогу кызыл атчандардын катарына биринчилерден болуп кирген.

Ал кезде совет бийлигине каршы чыккан көтөрүлүштөр болгон. Мисалы, Беловодскиде, Нарында. Нарын көтөрүлүшун уюштурган ак гвардиячылар Нарындан Шамшы ашуусу аркылуу Чүйгө өтмөк болгондо Жайнак Саадаев баштаган кызыл атчандар ак гвардиячыларды ашууда талкалап, ошондон кийин анын баркы көтөрүлөт.

1921–23-жылдары ал Токмокто мамлекеттик саясий башкармалыктын же болбосо ГКОнун башчысынын жардамчысы болуп иштейт. Ал эми анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, мамлекеттик пайдубалынын орношуна кошкон салымы үчүн 1922-жылы борборго чакырылып, “Кошчу” союзунун башчысы, борбордук аткаруу комитетин башкарат. Бул союз совет бийлигине элди тартууга, совет бийлигин чындоого опсуз чоң салым кошкон уюм болгон. Архивдик документтерде Жайнак Саадаевдин өтө оор мезгилде түйшүктүү иштерди аткаргандыгын ырастаган маалыматтар сакталуу. Карапайым калкты отурукташтыруу, буга кошумча бир жагынан басмачылык кыймыл жанданып, экинчи жагынан ачарчылык этектеп, ошол эле учурда элдин сабатын ачуу олуттуу маселе болуп турган. Бул иштерде Жайнак Саадаевдин мээнеткечтиги, бел чечпей бекем турганы билинген.

1923-жылы ал Эл депутаттарынын Бишкек уезддик 2-курултайына катышып, Бишкек уезддик аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланган. 1924–25-жылдары партиянын Бишкек шаардык комитетинин жооптуу катчысы болуп иштейт. Кара-кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн тартып ал облустук жооптуу партиялык кызматтарга көтөрүлөт. Бул убакта ал Орто Азия бюросунун, экономикалык кеңештин мүчөсү, кийинчерээк Кыргыз областтык көзөмөл комитетинин башчысы болот. Бул кезде жумушчу-дыйкан инспекциясынын эл комиссарынын милдетин аткарган.

1932-жылы Казакстанды ачарчылык каптаган. 1932-жылы эгин даярдоо боюнча Кыргызстан да планын аткара албай калган. Ушуга байланыштуу бир топ жетекчилер, анын ичинде Жусуп Абдырахманов, Жайнак Саадаев да партиялык жаза алышат. Мына ушул ачарчылык боюнча буга чейин учкай гана айтылып, тереңирээк изилдене элек. Ачарчылык кандайча чыккан, андан Казакстанда канча киши набыт болгон, ачарчылыктан Кыргызстанга канча казак келгени тууралуу да так маалыматтар жок болчу.

Быйыл жазда Бишкекте репрессия курмандыктары, Казакстандагы ачарчылык боюнча эл аралык конференция болуп, ага Орусия менен Казакстандан белгилүү окумуштуулар чакырылды. Ушул конференцияда Казакстандагы ачарчылык, Кыргызстанда эгин даярдоо планынын аткарылбай калышы, Жусуп Абдырахманов менен Жайнак Саадаевдин куугунтукка алынышы боюнча далилдүү фактылар келтирилип, илимий жыйында кенен сөз болду.

Жайнак Саадаев Казакстандан келген качкындардын эсебинен эгин даярдоо планын өзгөртүү боюнча Москвага кайрылганы айтылды. Казакстандык ишмер Турар Рыскуловдун ырастаганы боюнча, Казакстандан миллиондон ашуун адам башка жактарга кетүүгө мажбур болгон. Анын 100 миңден ашууну Кыргызстанга келген. Ага-тууган деп бизге боор тартып келишкен.

Ошол кезде Пишпек шаарынын четинде казак качкындарынан турган өзүнчө бир шаар пайда болгон. Муну Жусуп Абдырахманов күндөлүгүндө да жазган.

Ал кезде Пишпек шаарында 30 миң калк болсо, казактардын он миңден ашууну шаар четинде жайгашкан. Ал кезде республика өз элин дан менен толук камсыздай албай жатып, казак качкындарын сактап калуу аракетинин натыйжасында дан боюнча планды аткара албай калган.

Мунун баары жетекчиликтин мойнуна түшүп, БКнын пленумунда Жусуп Абдырахманов "элди ачарчылыкка алып келгенче бизди күнөөлөсүн, партиядан чыгарсын" деген. Анын катарында Жайнак Саадаев да болгон. Ошондон ал дагы партиялык жаза алып, Ташкенге жиберилген. Ал жерден келгенден кийин Кара-Балтада, Өзгөндө иштеген.

1935-жылы аны "улутчул" деп партиянын катарынан чыгарышып, 1937-жылы "контрреволюциячыл, улутчул “Алаш Ордо” уюмунун мүчөсү" деген жалаа менен камакка алынат. Уюмдун Пишпек бөлүмү 1917-жылы ачылып, ага Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстановдор киришкен. Жайнак Саадаев аларга тилектеш болгон. "Алашордочул" деп 1937-жылы 10-августта камалат да, 1938-жылдын 21-февралында атууга өкүм чыгарылып, март айында атылган.

1956-жылы партиялык жагынан акталган, 1994-жылы репрессия курмандыктарынын катарында толугу менен акталган, - тарыхчы Жумагул Байдилдеев​.

Жаңы бийликтин жалындуу аскери

Атасынан эрте ажырап, жан багуунун оор түйшүгүнө каргадай бала кезинде туш келген Жайнак Саадаевдин тагдыр жолу акыйкатта да оор, карама-каршылыктуу болгон. Боз улан кезинде Буранадан Австрияга кетип, ал жерде согушка катышпаганы менен туткун азабын тартып, 1917-жылкы Октябрь революциясынан кийинки турмуш жолу колуна курал алып жаңы бийликти сактоо, орнотуу иштерине арналган. Европа, Украинага чейин барган кызыл аскердин жолу Сибирге чейин созулуп, уруш сээлдегенден кийинки бир топ жылдарын окуу, билим алууга жумшаган. Партиялык-советтик кызматтар, бел чечпей совет бийлигин орнотуу аракети большевиктердин кандуу репрессиясына такалып, ак жеринен атылган.

Большевиктик бийликтин өз элине жасаган канабайраны он миңдеген улут каймактарын шыпырып кетти. Кандуу жазалоого туш келген саясий ишмердин атылышы аз келгенсип, анын жакындарынын коом тарабынан кодуланышы, эчен жылдар жалган жалаанын азабынан кордолуп, сүргүнгө айдалып, басылып-кысылып келгени кыйла жылдар советтик идеологдор тарабынан жабылып-жашырылып келди.

Ата-Бейит мемориалы.
Ата-Бейит мемориалы.

Жайнак Саадаевди жакшы билген замандаштары анын бийик адамгерчилигин, кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн колунан келген аракеттерди жасаганын айтышат. Соңунда ошондой аракети – элди ачарчылыктан сактап калуу үчүн жасаган иштери, Жусуп Абдырахмановду колдоп, анын жакын санаалаштарынын бири болгону үчүн опсуз чоң жазага - атууга өкүм кылынганы аёосуз доордун трагедиясы болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG