Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

БУУ: химиялык курал маселеси кайра талкууда


БУУдагы Сирия боюнча жыйын.
БУУдагы Сирия боюнча жыйын.

Сириядагы химиялык курал маселеси боюнча АКШ жана Орусия кайрадан кайым айтышты.

"Башар Асаддын режими химиялык куралды колдонгону үчүн ириде Орусия жооптуу" деген дооматты Москва кескин түрдө четке кагып жатат. Ал арада жыйырмадан ашуун өлкө Париждеги жыйында химиялык курал колдонулган учурларды аныктап, бул үчүн жоопкер болгондорду жазалаш үчүн жаңы уюм түзүүнү макулдашты.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Вашингтон менен Москва дагы бир сыйра кайым айтышты.

Орусиянын элчиси Василий Небензя 23-январдагы жыйында Кошмо Штаттардын эң кийинки дооматын четке какты:

Василий Небензя.
Василий Небензя.

- АКШ менен Британиянын өкүлдөрү эч уялбастан, иликтөөнү айтпай эле коёлу, эч кандай далилсиз, өздөрү режим деп атап алган сириялыктарды күнөөлөп, "химиялык курал колдонгон" деп жатышат. Буга Орусияны да тартууга аракет кылышууда. Биз пикир келишпестиктерди жеңүүнү каалайбыз, эл аралык жаңы иликтөө органын түзүүнү сунуш кылабыз.

Өз кезегинде ушул эле жыйында орус элчисинин бул айткандарына АКШнын элчиси Никки Хейли жооп берди:

Никки Хейли.
Никки Хейли.

- Орусия фактылар жакпаган кезде сүйлөшүүдөн качууга умтулат. Анткени Асаддын режими өз элине каршы дагы эле химиялык курал колдонуп жатканын фактылар көргөзүүдө. Андыктан Орусиянын чындыкка жете аларыбызга күмөн санаткан же өз алдынча, бейтарап иликтөөнү саясатташтырган эч кайсы сунушун кабыл албайбыз.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги бул кайым айтышуунун алдында Парижде 24 мамлекет катышкан жыйын өтүп, анда химиялык курал колдонгондорду аныктап, жазалай турган жаңы уюм түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жаңы уюм “Химиялык курал колдонгондордун жазасыз калышына каршы өнөктөштүк” деп аталды.

Бирок жыйындын конок ээси болгон Франциянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, “жаңы топ учурдагы эл аралык механизмдерди алмаштырууну же өз иликтөөлөрүн жүргүзүүнү пландабайт”.

Париждеги жыйындын катышуучулары. 23-январь, 2018-жыл.
Париждеги жыйындын катышуучулары. 23-январь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө Сириядан химиялык куралды алып чыгуу боюнча 2013-жылы түзүлгөн макулдашууну Орусия бузуп жатканын белгиледи.

АКШнын башкы дипломаты Орусияны "Сирия өкмөтүнө Химиялык куралдар боюнча конвенцияны бузууга көмөктөшүп жатат" деп күнөөлөгөн:

Орусия 2013-жылкы макулдашуунун кепили катары АКШнын алдындагы милдеттенмесин бузду.

- Орусия өз өнөктөшү Сирияны коргоп жатканын төгүндөө мүмкүн эмес. Ал 2013-жылкы макулдашуунун кепили катары АКШнын алдындагы милдеттенмесин бузду. Химиялык куралдар боюнча конвенцияны жана Коопсуздук кеңешинин №2218 резолюциясын көзгө илген жок. Эки жолу БУУнун биргелешкен иликтөө механизмди камсыз кылуу жана анын мандатын узартуу боюнча резолюциясына вето койду. Орусия Сириядагы химиялык курал маселесин чече албаган соң, анын жалпы кризисти жөнгө салууга жарамдуулугу суроо жаратат. Орусия алдыда Коопсуздук кеңешиндеги добуш берилип жаткан учурларда вето койбошу керек же эч болбосо калыс позицияда калышы зарыл.

Улуттар Уюмунда “Биргелешкен иликтөө механизми” деп аталган топ Сириядагы химиялык чабуулдарды иликтеш үчүн түзүлгөн эле. Бирок былтыр ноябрь айынын соңунда Орусия бул топтун мандатын узартууга эки жолу каршы чыгып, ал тургай бул механизмди “өлдү” деп да жарыялаган.

Коопсуздук кеңешинин курамындагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгү колдогон, бирок Орусия каршы чыккан иликтөө тобу "Сириядагы химиялык чабуулдардын баарына Башар Асаддын режими жооптуу" деген тыянакка келген.

БУУнун иликтөө тобунун "Сириянын Хан-Шейхун шаарчасында былтыр 4-апрелде болгон химиялык чабуулга Башар Асаддын аба күчтөрү жооптуу" деген бүтүмү Москваны нааразы кылган.

Хан-Шейхундагы чабуулдан жабыркаган наристе. 4-апрель, 2017-жыл.
Хан-Шейхундагы чабуулдан жабыркаган наристе. 4-апрель, 2017-жыл.

Анда курамына зарин газы кирген бомба Хан-Шейхунга ташталганда 100дөй киши курман болгон. АКШ болсо Хан-Шейхундагы чабуулга жооп кылып, Сириянын аба базасына ракета менен сокку урган.

Ал арада активисттер менен куткаруучулар борбор шаар Дамасктын жанында, козголоңчулардын колунда турган Чыгыш Гоута районунда 22-январда уулуу газдын колдонулушун да Сирия өкмөтүнөн көрүп жатышат. Андан жыйырмага жакын жайкын тургун жабыркаган.

Сирия өкмөтү "химиялык курал колдонду" деген дооматтарды төгүндөп жатат. Орусия болсо мындай чабуулдар үчүн жоопкерчиликти мурда экстремисттерге жүктөгөн.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун киши курман болуп, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылганда башталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG