Журналист Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын алды

Болот Темиров.

Кыргызстандагы “FactCheck.kg” cайтынын башкы редактору Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыды.

Темиров бүткүл дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөн 12 адам менен катар Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси деп жарыяланды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, бир топ талапкерлердин арасында Темиров коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка көңүл бурган иликтөөчү журналист катары сыйлыкка ээ болду.

Сыйлыкты элчи Дональд Лу Бишкекте 23-февралда тапшырып, Болот Темиров бул сыйлыкка КМШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан татыктуу деп табылган жалгыз адам экенин айтты.

Болот Темиров курч иликтөөчү журналист катары белгилүү. Ал маалыматты ар кыл булактарды салыштырып, факт жүзүндө тастыктап, коомчулуктун назарынан көмүскөдө кала берип жаткан көйгөйлөрдү таасын жана каармандык менен чагылдыруунун устаты катары кадыр-баркка ээ.

Аны 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал окуяны өзүнүн журналисттик кесиби менен байланыштырып келет. Кийинчерээк аны урган эки адамды милиция кармаган.

Темиров мырза ошол окуядан кийин да ар тараптуу журналисттик иликтөөлөрүн улантып келет.

«Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция – бул бир медалдын эки тарабы, Болот Темировдун иши экөөнүн тең бетин ачып турат. Кыргыз эли Болот сыяктуу эр жүрөк журналисттер укук коргоо органдарынын Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаев сыяктуу адамдарды кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында жүргүзгөн иш-аракеттерин колдойт деген ишенимге ээ болушу керек», - деди Дональд Лу.

«Мен бул сыйлыкты алган дүйнө жүзү боюнча алгачкы 12 кишинин катарына киргениме сыймыктанам. Эң башкысы, Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таанылып жаткандыгына кубанычтамын. Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатканыбызды жана бийликтин ачык иш алып барууга бет алып, отчеттуулугун жогорулатуу жолуна түшкөнүн бүткүл дүйнө билет. Кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өлкөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган көз карандысыздыктын жана эрдиктин деңгээлине жете алды», - деди Болот Темиров сыйлыкты алгандан кийин.

2020-жылы Вашингтон 41 коррупциялашкан чет өлкөлүк мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн АКШга киришине тыюу салган. Анын ичинде Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары, ири коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алган, камактагы Райымбек Матраимов да бар.

АКШ кыргызстандык кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тармагын үзгүлтүккө учураткан маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык сунуштоодо.

Дагы караңыз

Болот Темировго кол салуу үчүн айыпталгандарга сот чечими чыктыFactcheck: Жапаров дагы бир кудасына кызмат бергенБасма сөз өкүлдөрүнө коркутуу, кол салуу күчөдү Болот Темировго кол салууга шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтү узартылдыБолот Темировго кол салуу боюнча сот отуруму 6-мартка белгилендиТемировго кол салуу боюнча соттук иш белгисиз мөөнөткө жылдырылдыЖурналист Болот Темировго кол салды деп шектелгендердин иши тергелип бүттүЖурналист Болот Темиров өзүнө кол салгандардын бирин тааныдыЖурналист Темировго кол салууга шектүүлөр кармалдыЖурналисттин ачык билдирүүсү талкууга түштүДепутат журналисттин сабалышын «сөз эркиндигине чабуул» деп бааладыДепутат Акаев журналистке кол салуу боюнча ИИМди сынга алдыЕККУ өкүлү иликтөөчү журналистке кол салууну айыптадыАКШнын Бишкектеги элчилиги журналистке кол салууну айыптадыТемировго кол салуу «тоноо» беренеси менен тергелүүдөЖурналисттерди коргоо эл аралык комитети кыргыз бийлигине кайрылдыИИМдин жетекчилиги Болот Темировдун окуясын иликтөөнү көзөмөлгө алдыАкыйкатчы Болот Темировдун сабалышын жакшылап иликтөөгө чакырдыИликтөөчү журналист чак түштө сабалды (видео)