"Азаттык"-2021: Чек арадагы жашоо, кайнаган саясат, талбаган журналисттер

2021-жылы Кыргызстан бир катар окуяларды баштан кечирди. “Азаттыктын” журналисттери алардын ар бирине күбө болду. Жамы журттун кубанган, кейиген, толкундаган мүнөттөрү тасмага, аудиого, макалага айланып, доордун үнү катары тарыхта калды. Төмөндө ошол урунттуу учурлардын айрымдарын “Азаттыктын” кабарчылары эскерет.

"Жааган октун алдында калдым"

Акыркы он жылдан бери кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар бат-бат катталууда. Быйыл апрель айынын соңунда Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң ири чек ара жаңжалы орун алды.

Мамлекеттүүлүк маселесин козгоп, көз карандысыздыкка шек келтирген бул кандуу окуяга “Азаттык” радиосунун кабарчылары баштан-аяк күбө болду.

Жеңиш Айдаров Баткендеги Көк-Таш айылы менен "Головной" станциясынын жанындагы атышуу маалында маалымат берип турду, 29-апрель, 2021.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаров дээрлик 10 жылдан бери чек ара жаңжалын чагылдырып келет. Ушул жылдын 29-апрелинде да Баткендеги Көк-Таш айылы менен “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынын ортосунда калып, төрт сааттык ок атышууга күбө болгон. Бул тууралуу Жеңиштин өзүнөн уксак.

“28-апрелде түштөн кийин “Головнойдо” ок атышуу болуп жатканы тууралуу кабар келди. Ал жакка барганыбыз менен бизди киргизишкен жок. Ок атылып жаткан жерден 30-40 метр бери жакта тосмо бар эле. Ошол жерде туруп, кечки алтыда эфирге чыктым.

Таңкы саат 8де Баткендеги облустук администрацияга барсам, Көк-Таштагы аялдарды, бала-чаканы салган биринчи микроавтобус келиптир. Баткен районунун акими түндө аңчылык мылтыктан ок атылып, бир киши жарадар болгонун айтты. Эртең мененки саат 10:30да Көк-Ташка бардым. Эл чогулуп туруптур. Саат 12ге чейин ал жерге келген кишинин аягы үзүлгөн жок.

Саат бирде Ак-Сайда абал курч экенин угуп, ошол жакка кеттим. Кайра саат 2:05те Көк-Ташка келгенде биринчи жолу автоматтан ок атылды. Ошону менен токтогон жок. Миномет да атылып жатты. Саат 4тө “Головной” тараптан алгачкы жарадарларды алып келе башташты. Жаныбызда кыргызстандык, бирок улуту тажик эки бала отурган. Бирөө медик экен, кансыраган адамдарга алгачкы жардамды көрсөттү.

Тажикстанга жакын болгондуктан байланыш да үзүлгөн. Жанымдагы журналисттин роутери аркылуу интернетке туташып, бюро менен байланыштым. Жетекчилик “коопсуздугуң маанилүү, эч кайда чыкпа” деп эскертти. Цемент тосмонун түбүндө окуяга көз салып, төрт саат кыймылдабай отурдук. Бет маңдайыбыздагы аскага тийген ок жерге түшүп жатты. Кечке жуук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машинесинин артынан айдап, Баткенге келдик. Бул окуя өмүрдүн маани-маңызын сездиргени менен эсте калды".

28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болду. 180ден ашык адам жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жараат алганы расмий кабарланган. Бул окуядан кийин "Азаттыктын" кабарчылары Баткендеги өрттөнгөн айылдарды аралап, жакынын жоготуп боздогон адамдардын кайгы-муңун укту. Алардын айрымдары булар:

"Экономиканы түшүнбөсөң, жемкорлукту көрбөйсүң"

Коронавирус пандемиясы, андан кийинки саясий олку-солкулук жана кургакчылык Кыргызстандын экономикасына катуу сокку урду.

Кырдаалга байланыштуу “Азаттык” быйыл экономика темасын ар тараптуу чагылдырганга аракет кылды. Бирде жумушсуз отургандарды тартса, бирде туруксуздуктун бизнеске тийгизген таасирин чагылдырды. Сугат суунун тартыштыгынан күйүп кеткен айдоо талааларын кезип, кырдаалды анализдөөгө аракет кылды.

“Азаттыктын” экономика темасын жазган кабарчысы Эрнист Нурматовдун жыл ичиндеги байкоосу менен бөлүшөт.

"Коронавирус күчөп, чек аралар жабылганда бир эле бизде эмес дүйнө жүзүндө ишканалардын иши аксады. Айрымдары жабылды. Ошол эле маалда суроо-талап көбөйүп, бюджетте таңкыстык пайда болду. Экономиканын өз мыйзамы бар. Бир нерсе кымбаттаса, анын артынан башка товардын баасы көтөрүлөт. Ошол эле маалда кызыл кулактык күчөп, мунун баары жалпы экономикага таасир этти. Адатта адистер мындай окуяларга салкын эле карайт. Журналист да макала жазганда эмоцияга жол бербеш керек. Жеке өзүмө быйылкы кымбатчылыктын себептери жана жаңы салык кодекси тууралуу материалдарды даярдаган оор болду. Сандарды салыштырып, ар бир салыктын пайызын билип, терең окуп чыгууга туура келди.

Менин байкаганым, кыргыз журналисттери анализден аксайт экенбиз. Мисалы, “шаардын бюджети баланча пайызга көбөйдү” деп жазабыз, бирок эмненин эсебинен көбөйгөнүн иликтебейбиз. Экономисттер жалпы анализди эле бербесе, иликтөө алардын милдети эмес да. Иликтөөнү журналисттер жасайт. Ошол себептүү мамлекетпи же эл аралык институттарбы бул теманы жазган кабарчыларга тынбай окууларды уюштуруп турса болмок. Экономиканы жакшы түшүнбөсөң, коррупциянын да бетин ача албайсың. Анткени жемкорлук негизинен акча көп айланган жерлерде болот".

"Мөңгү азайса, илбирс жоголот"

Жер шары климат ысып бараткандыктан кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканына күбө болуудабыз. Абанын табынын көтөрүлүшү Борбор Азияга анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө. Бир жерде кургакчылык болуп, суу тартыштыгы жаралса, экинчи жерде суу ташкындан адам өмүрү кыйылды.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган. Эгер абанын ысыганы токтобосо, Кыргызстан жакынкы 50 жылда көп мөңгүсүнөн кол жуушу ыктымал.

Бул көйгөйдү жеринен чагылдыруу максатында "Азаттыктын" атайын тобу жай айында Ысык-Көлдүн тескейине барып, даректүү тасма тартып келди.

"Азаттыкта" кандай гана долбоор болбосун анын артында чоң команда турат. Айрыкча видео операторлор көрүнбөгөн тоодой жүктү көтөрөт. Жыл ичинде орчундуу иликтөөлөрдү тартып, чек ара чырынан кийин Баткенде жүрүп, келери менен ак кар, көк музга аттанган Бектур Стамкуловго сөз берсек.

"Баткенден келгенден кийин Ысык-Көлдөгү үч мөңгү тууралуу берүүнү тартканга журналист Айбек Бийбосунов, продюсер Гүлайым Ашакеева болуп жөнөдүк. Деңиз деңгээлинен 5000 метр бийиктикке чейин чыктык. Анча жерге каалаган эле киши бара албайт. Аба суюк болгондуктан түтөк болушуң мүмкүн. Бизге кошулуп илимпоздор да жүрдү. Ар бирибиз 10-15 кг жабдык, техниканы көтөрүп, муздун үстү менен 2-3 саат көтөрүлдүк. Мен мурда "Арал деңизи соолуп, андан учкан туздун чаңы мөңгүлөрдү эритип жатат" дегенге анча ишенчү эмесмин.

Бектур Стамкулов Батыш Сөөк мөңгүсүндө, 3-июль, 2021-жыл.

Мөңгүгө чыкканда бул сөз чын экенине ишендим. Алыстан мөңгү аппак болуп көрүнгөнү менен үстү көө болуп жатат. Бизге гляциологдор “чаң канчалык көп каптаган сайын, муз ошончолук тез эрийт” деп айтышты. Аябай эле эриптир. Илимпоздор жылда белги коюп турат экен. Алар биздин көзүбүзчө да ченеп, "быйыл муз алты метр азайганын" көрсөтүштү. Ал сизге аз эле сезилиши мүмкүн, бирок мөңгүнүн бийиктигин эсептегенде бул аябай эле чоң көлөм".

“Азаттык” радиосунун “Климат: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот” деген даректүү тасмасы Глазгодо өткөн дүйнөлүк климат саммитинде да көрсөтүлдү.

Жүздөй лидер катышкан бул иш-чарага Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Журналисттерден “Азаттыктын” кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева барып, эки жумадан ашуун саммиттин жүрүшүн чагылдырды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тумчуккан Жер шары, Кыргызстандын убадасы

"Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча жыйынына (COP) мурдагы постсоветтик аймактан мен анан Украинадан бир журналист барды. Уюштуруучулар сегиз жылдан бери COPтун ишин чагылдырган журналисттерди каржылайт экен. Саммитке катышкандан кийин Кыргызстан экология көйгөйүн жалгыз өзү чече албай турганын сездим. Муну коңшу өлкөдөн барган илимпоздор да белгилеп жатышты. Биз саммиттен кийин Эдинбург шаарында жашаган Рахат Жунусова деген эженин үйүнө бардык. Анын кичине кызынан климаттын өзгөрүшү тууралуу сурасам, ак илбирстин сүрөтү бар төөнөгүчүн көрсөтүп “кар эрип кетсе Кыргызстандын тоолорундагы бул жаныбар жашай албай калат” деп айтты. Биздин коом азырынча табиятты эмнеге сактоо керек деген маселеге маани бербей жатканда Батышта ушинтип экологиялык билимди бала бакчадан эле алууга көңүл буруп жатканына күбө болдум. Бизде экология темасын жазган журналисттер да аз экен. Глазгодон кайтып келгенден кийин өкмөттүн дагы, БУУнун жыйынында да экология темасын медиада чагылдыруу, бул үчүн журналисттерди даярдоо зарылдыгын айттым.

Эске сала кетсек, “Азаттык” соңку үч жылдан бери “Жашыл планета” рубрикасында экология көйгөйлөрүн чагылдырат. Бул жылы кесиптешибиз Сабыр Абдумомунов климаттын өзгөрүшүнүн айынан күчөгөн ички миграция, кургакчылыктын кесепетин, жайыттардын деградациясын чагылдырган бир катар программаларды даярдаган.

Вебкам бизнеси талкалаган тагдырлар

"Азаттык" радиосунун журналисттери июль айында чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда иштеген кыздардын талкаланган тагдырын, Телеграм топтордогу ормон опузаны иликтеген.

Иликтөө көптөгөн көмүскө кылмыштарды ачыкка чыгарды. Анын ичинде шантаж, зордуктоо жана доксинг, тагыраак айтканда вебкам-студиялардан акча табууга аракет кылган кыздардын жеке купуя маалыматтарын жарыялоо бар.

Долбоордун автору, “Азаттыктын” өзбек кызматынын продюсери Уланбек Асаналиев. Ал журналисттик иликтөөнү бир жылдан ашуун жасаган. Аярлуу теманы тартууда Бишкектен “Азаттыктын” кабарчысы Токтосун Шамбетов, оператор Бектур Стамкулов көмөктөшкөн. Иликтөө кантип жасалганы тууралуу маекти видеодон көрсөңүз болот.

“Азаттыктын” иликтөөсү чыккандан кийин Бишкекте “вебкам-студия иштетип, кылмыштуу киреше табуу менен алектенген” деген шек менен негизги уюштуруучу катары бир адам кармалганы, УКМК кызматкерлери анын жанынан 27 миң доллар тапканы кабарланган.

Маалыматта айтылгандай, кармалган адам борбор калаада 15тен ашуун вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турган. Кылмышка кыргызстандыктардан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн жараны болгон адамдар да аралашканы, алар кыздарды алдап, көп маяна убада кылып, интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөттүрүп турганы, бир аптада эле бир студиянын кирешеси 90-100 миң долларга жетип, анын 5-10% гана кыздарга төлөнөрү маалым болгон.

Миң кырдуу турмушту камтыган "Данисте"

Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгиледи. Бул маалда бүтүндөй бир муун өсүп чыкты. Алардын арасында советтик доор урагандан кийин иш издеп, дүйнөгө чачыраган мигранттардын балдары арбын.

“Данистенин” алып баруучусу Айгерим Акылбекова жана оператор Бексултан Абубакир уулу алыскы Орусия жана Казакстанга чейин барып, ошол жакта миграция толкуну менен калып калган мекендештерди таап, “Эгемендиктин балдары” аттуу беш сериядан турган берүүнү тартышты.

Айгерим Акылбекова:

"Эгемендиктин баштапкы жылдары менин деле ата-энем миграцияга кетип, чоң энемдин колунда чоңойгом. Бирок миграция баланын сезиминде чоң боштукту, өксүктү жаратарын ушул берүүнү тартып жатып туйдум.

Орусияга барганда камера көтөрүп жүргөн жокпуз. Ошол маалда Орусияда эркин медиага кысым болуп жаткандыктан, тоскоолдук жаралбасын деп өзүбүздү “блогербиз” деп тааныштырдык. Өң-түсүңө карап эле мигрант катары кабылдашат экен. Орой мамиле кылгандар болду. Сыртта жүргөн мекендештердин түйшүгү кандай оор экенин ошондо сезет экенсиң.

Казакстанга да бардык. Биз видеого тарткан каарман эки жакта чоңойуп, 20 жашында Кыргызстанга келип, эне тилин үйрөнүптүр. Кыргызстандын тарыхын университетте 3-курста окуган экен. Ал жигиттин көзүнөн эгемендиктин, эркин өлкөнүн баа-баркын бизден жакшы билгени көрүнүп турду.

“Данисте” негизги сонун формат. Анда чек жок. Бүгүн айыл, эртең ишкерлер, бүрсүгүнү балдар тууралуу тартабыз. Бирок дайыма эле позитивди чагылдыра бербейбиз. Быйыл ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу берүүдө сөөктү тапкан чабанды биринчи болуп биз сүйлөттүк. ВИЧ-инфекциясын жугузган күйөөсүн сотко берген келинди тарттык. Аялдар абагындагы тагдырларга күбө болдук. Чек арада жашап аткандардын турмушун көрсөттүк.

Канча бекем болсоң да ар бир каармандын тагдыры жүрөктөн өтпөй койбойт. Мисалы, абактагы аялдар тууралуу берүүдөн кийин үч-төрт күн уктай алган жокмун".

“Данистенин” оператору Бексултан Абубакир уулу:

“Эгемендиктин балдарын” монтаждап бүткөндөн кийин “мамлекетти кармап турган эл турбайбы” деген ой келди. Негизи мен Кыргызстан эгемендик алгандан эки жыл өткөндөн кийин туулгам. Андан кийинки доордун оош-кыйышын бала болуп билбей өткөрүпмүн.

“Данисте” – бул мен үчүн эркин ой жүгүртүү, чыгармачылык менен иштөө аянтчасы. Азыр кыска видеолордун, Тик-Токтун заманы да. 30 мүнөттүк берүүнү аягына чейин чыдап көргөндөр аз. Ошол себептүү биз программаны чакан тасма катары тартканга аракет кылабыз.

"Данистенин" алып баруучусу Айгерим Акылбекова менен оператор Бексултан Абубакир уулу.

Баарынан эсте калганы кышында Суусамырга барганыбыз болду. 40 градус суукта Төө-Ашууда иштеген жолчулар менен машиненин үстүнө чыгып, асфальтка кум чачтык. Жарым сааттай жүрдүк. Колум үшүп, камера суукта иштебей катып калды. Жолчулар үчүн бул күнүмдүк жумуш экен. Жатаканасына барсак, буулана берип көгөрүп кетиптир. Жашоо-шартын көрүп зээним кейиди".

Айгерим Акылбекова менен Бексултан Абубакир уулу тарткан дал ушул “Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасма 8-декабрда Бишкекте өткөн “Бир дүйнө-Кыргызстан-2021” документалдык тасмалар фестивалынын алкагында көрсөтүлдү. Анда деңиз деңгээлинен 3400 метр бийик Төө-Ашууда №9 жол тейлөө ишканасынын жолчуларынын жашоосу баяндалат.

Чаткалдын чачыранды алтыны

“Азаттыктын” кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы жана оператор Бектур Стамкулов алыскы Чаткал өрөөнүндөгү алтын кендери жана ал жактагы элдин абалы тууралуу берүүлөрдү тартып келди. Андан тышкары мындан 21 жыл мурда Чаткал тоолорундагы куралдуу топ менен болгон кармаш тууралуу даректүү тасма даярдашты.

Элеонора Бейшенбек кызы:

"Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын башында ант кармап, президенттик ишке жаңы киришкендеги беш жарлыгынын бири ушул тоо кен тармагына байланыштуу болгон. Кендер башаламан казылып, лицензиялардын колдон колго өткөнү кыргыз коому үчүн чоң эле маселе.

Элеонора Бейшенбек кызы.

Чаткалдын өзүндө эле кен казууга 150дөй лицензия берилген экен. Аймакта кенге байланыштуу чыр-чатактар дайыма болуп келет. Экологиялык дооматтар көп айтылат. Бизге “Вертекс голд” компаниясы уу калдыктар сакталган жайды суунун жанына куруп атат деген даттануулар келген. Дагы бир кыргыз-түрк “Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясы айылдагы 60тан ашуун үйдү башка жакка көчүрбөй эле кенди казып, чаңдатып жатат деген дооматтар айтылды. Былтыр Садыр Жапаров президенттин да, премьер-министрдин милдетин аткарып жатканда Терек-Сайга барып калың убадаларды берген экен. Чаткалга барганда эл бийликтин ошол убадаларынын аткарылышын күтүп жатканын көрдүк".

Эки жыл мурда “Азаттык” Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата беш сериялуу даректүү тасма тарткан. Чаткалга барганда анын уландысын тартып келдик. 2000-жылы 11-сентябрда Чаткалда кыргыз-өзбек чек арасындагы Ак-Таш айылында "Өзбекстан ислам кыймылынын" жети жоочусу Кыргызстанга өтүп келип, атышууда биз тараптан эки аскер кызматкери курман болгон. Бул окуя унутулуп деле калган экен. Тасма эфирге чыккандан кийин “Чаткалга да жоочулар барыптырбы?” деп таң калгандар болду. Биз негизинен ошол окуяны көргөн адамдар менен маектештик. Өкүнгөнүм, окуянын башкы күбөсү, жоочулар тууралуу аскерлерге кабарлаган чабан сүйлөп бербей койду. Ал окуя тууралуу айтып берсе, балким белгисиз калган жагдайлар ачылмак. Кантсе да бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бир барак эмеспи".


Жолдогу коррупция

Ноябрь айында Бишкекте жол оңдоого бюджеттен каралган акчанын 360 миллион сому уурдалганы аныкталганын, буга байланыштуу прокуратурага кат жолдонгонун баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирген.

Ага чейин "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов жана оператор Азис Самарбеков "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жасаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат башкалаанын жолдорун салууга жумшалмак.

Айбек Бийбосунов:

"Иликтөөнү жасоого “Бишкекасфальтсервисти” 12 жыл башкарган Мирлан Амантуровдун камалып, бат эле бошоп кеткени себеп болду. Бул кишини УКМК коррупционер катары көрсөтүп, жаңылбасам ал 25 млн. сом төлөп, эркиндикке чыккан.

Айбек Бийбосунов.

Амантуровдун иши тергелип жатканда УКМКнын имаратынын алдына асфальт басылганына күбө болдук. Сураштырып көрсөк, ишти Амантуровдун апасына таандык “Меади” деген компания аткарып жаткан экен. Андан кийин Мирлан Амантуровдун абактан бошоп кеткени тууралуу иликтөө жасадык. Ошол иликтөөнү жасап жаткан учурда "Бишкек мэриясына шаар ичиндеги муниципалдык ишканалардын карызы 1,3 млрд. сом болду” деген маалыматты таап алдым. Анын ичинен “Бишкекасфальтсервистики” 934 млн. сом экен. Иликтей келгенде 2016-2017-жылдан бери борбор калаада ондогон жол салынбаганы, салынса да чала бүткөнүнө күбө болдук. Жол салынса анын эки чакырымы же тротуары желип кеткен, же асфальттын бир катмары төшөлбөгөн болуп чыкты. Кийин мэр Айбек Жунушалиев бизге акча жоголгону чын экенин ырастады. Жолго кеткен акчанын 364 млн. сому такыр табылбай калган экен. Бирок ошол эле маалда бул үчүн ким жоопкерчилик тартканы да беймаалым".

"Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосунов жолдогу коррупция тууралуу иликтөөгө чейин жазында чек ара жаңжалы чыкканда Баткенге барып, бир катар берүүлөрдү тартканын, мөңгү тууралуу даректүү тасманын автору экенин эске сала кетели.

Токио Олимпиадасы: Көптөн күткөн жеңиш

Быйылкы жылдын орчундуу окуяларынын бири Токио Олимпиадасы болду. Ага кыргызстандык спортчулар да барып, жемиштүү кайтып келди.

“Азаттык” дүйнөлүк мелдешти кандай чагылдырганын спорт кабарчысы Эмил Чекировдон сурадык.

Олимпиададан кайткан спортчулар Бишкектеги сыйлык тапшыруу аземинде. 23-август.

"2008-жылы Бээжинден кийин кыргызстандык спортчулар Олимп оюндарында байгеге илинген эмес. Быйыл Токио Олимпиадасында үмүт акталды. Балбандарыбыз Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге утуп алды. Ар бир беттештин алдында килемге чыга турган спортчу жана анын атаандашы тууралуу макала даярдап жаттык.

Окурмандар да бул темаларга аябай кызыгышты. Түнгө чейин беттешти күтүп отурдук. Спорттун күчү ушундай, беттешти көрүп отуруп чарчоону деле унутуп каласың. Тилекке каршы, биз бара алган жокпуз. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбек ошол жерде жүрдү.

Ал казакстандык атлеттердин мелдеши тууралуу маалымат даярдагандан сырткары, кыргыз спортчуларынан да жарым финалдан же финалдан кийин маек алып жөнөтүп турду. Бул дагы биз үчүн эксклюзив, ыкчам маалыматтар болду. Бул үчүн Руслан Меделбекке ыраазычылык билдире кетсек ашыкча болбос. Олимпиадага удаа эле Осло шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Анда бир толкуп алдык. Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды. Мээрим Жуманазарова алтын байке утуп, дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык кыз болуп калды. Эркектер арасында дүйнө чемпиону болгондор чыга элек. Айтор кыргыз спорту үчүн жемиштүү жылга күбө болдук".


"Саясаттын жана шайлоонун жылы болду"

Кыргызстан бир жыл ичинде бир канча саясий процесстерди баштан кечирди. Президенттик, жергиликтүү кеңештерге жана парламенттик шайлоо өттү. Конституциялык реформа болуп, башкаруу системасы алмашты.

“Азаттык” саясий окуяларды ар тараптан анализдеп, жергиликтүү жана эл аралык адистердин эксперттик пикирлери менен берип турду. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн алып баруучусу Бакыт Асанов:

Бакыт Асанов.

"2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бардык баскычтагы шайлоолор өттү. Өлкөнүн башкаруу системасын аныктаган Конституциянын тексти үчүн референдум жарыяланды. Журналисттер үчүн кызыктуу да, түйшүктүү да, жоопкерчиликтүү да жыл болду. Өлкөдөгү саясий процесстерди чагылдыруу менен багытыбыз кайда баратканына баа берип, анализдеп, маалымат жеткирүү милдети бизде да. Бирок Кыргызстан үчүн окуянын нугу кайда барат, бул процесс эмне менен бүтөт деп болжоо да кыйын.

Себеби, 2020-жылы күзүндө таптакыр башкача саясий абал болсо, бир жылдан кийин такыр башка окуяларга күбө болдук. Бир чети ушундай өткөөл доордо жашап, аны өз көзүбүз менен көрүп жатканыбыз да кызыктуу болсо, экинчиден, албетте, татаал. Журналист катары да, жаран катары да “мындан ары кандай болот, элдин, жакындарымдын, менин турмушум эмне болот" деген суроолор түйшөлтпөй койбойт.

Экинчиден, өлкөдөгү, чөлкөмдөгү, дүйнөдөгү абалга да көз салууга туура келет. Биз азыр сөз эркиндигинин, интернеттин аркасы менен ачык коом курууга аракет кылып жаткан катмар бар экенин, алар эгемен Кыргызстанды демократиялык жолдон тайбоого чакырып, коңгуроо какканын да көрүп жатабыз".

Энергетикалык кризис, Кара-Кечедеги абал

Кыргызстанда быйыл энергетикалык кризис өкүм сүрүүдө. Ага кошул-ташыл суук түшкөндө көмүр таппай кыйналгандар көп болду. Баа көтөрүлгөнүндө өлкө жетекчилиги “көмүр баасы 3 миң сомдон ашпасын” деген буйрук чыгарды. Бирок бул абалды жеңилдеткен жок.

Ноябрь айынын башында “Азаттыктын” журналисти Токтосун Шамбетов Кыргызстандагы эң ири Кара-Кече көмүр кенине барып, кырдаал менен таанышып келген.

Токтосун Шамбетов Кара-Кечеде кезек күткөн айдоочу менен.

“Токтогул ГЭСинде суу азайып кеткени үчүн энергетикалык кризис болору жайында эле айтылган. Кара-Кечедеги көмүр эң оңой жол менен казылат. Ошого карабай кенде иш жолго коюла элек. Быйыл өлкө жетекчилиги криминалдан алыс бололу, ырааттуу иштейли деп “Альфа” атайын отрядын алып барган. Бирок жакында эле ал жерде ок атышуу болгонун уктук. Биз барганда криминалдык топтун таасири азайып калганын айтышты.

Бирок 3 миң сомдук көмүр ташыган гана КамАЗдар кирип, башка айдоочулар суукта бир нече күн кезек күтүп, ызырынып турганына күбө болдук. Ал айдоочулар “биз деле көмүрдү эл үчүн ташыйбыз, 3 миң сомдук баа өзүн актабайт, минте берсе чыр чыгат” деп айтып жатышты. 400дөй айдоочу кезекте турган экен. Мамлекет азыр чоң кендерди өзүбүз иштетебиз деп жатат. Бирок Кара-Кеченин абалы коңгуроо болушу керек. Азыр ал жерде тоолор аңырайып оюлган, ар кайсы жерде көлчүктөр пайда болгон. Экологиялык бир да талап сакталган эмес".

Аялуу сырды ачкан подкаст

Акыркы жылдары машинеде же жумушта жүрүп эле укканга ыңгайлуу подкасттарга кызыгуу көп. “Азаттыктан” да ар кандай темага арналган подкасттарды уга аласыз.

Санжар Эралиевден подкасттар тууралуу сурадык.

Санжар Эралиев.

"2012-жылы “Азаттык” подкастты аудио жомоктор деп баштаган. Былтыртан тарта ар кандай темадагы подкасттарды даярдай баштадык. Беш-алты долбоорду жасап, анын ичинен кайсынысы көп угулуп жатат деп карасак, “Ачык тайм” аябай көп угулат экен. Себеби, ал жерде жабык темалар талкууланат. Айталы, ВИЧ жугузуп алган же аны менен жашаган адамдар тууралуу берүүнү көп угушуптур. Эркектердин саламаттыгы тууралуу берүүгө реакциялар көп болду. Мага дарыгердин телефон номерин сурап жазгандар болду.

Бул темаларды буга чейин деле жазып, тартып жүргөнбүз. Бирок анда каармандар ачык сүйлөшкөн эмес. Подкастта алардын өңү көрүнбөйт экен, алар бардыгын ачык сүйлөп, жан дүйнөсүн ачып жатышты. Подкастты көчөдө баратып же паркта сейилдеп жүргөндө деле уксаңыз болот. Ошон үчүн дүйнө жүзүндө акыркы кезде тренд болуп жатат. Биздин подкасттарды Google подкаст, iTunes, Spotify сыяктуу платформалардан угуп, колдоно беришсе болот. 2022-жылы саясий темаларга арналган “Ак сөз” деген подкастты тыңдай аласыздар".

Журтташтар үнү

"Азаттык" радиосу чет жактагы мекендештердин арыз-муңун, ийгилигин такай чагылдырат. Бул жылы да алар бир катар берүүлөрдүн каармандары болушту. "Журтташтар" берүүсүн эфирге алып чыккан Элиза Кененбаеваны уксак.

"Чет жактагы журтташтар Кыргызстанда кандай гана маселе жаралбасын, колунан келгенин чогултуп, ар дайым жардам берүүгө даяр. Быйыл да Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин жабыркагандарга бир эле Америкадагы кыргызстандыктар 18 миллион сомдон ашуун акчалай жардам көрсөттү.

Биз алардын баарын чагылдырып турдук. Андан тышкары Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата спорттук иш-чараларды уюштурушту, башкалары өз шаарларында парадга чыгышты.

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылганы да чоң окуя болду, муну чет өлкөдөгү мекендештерибиз өзгөчө белгилешти.

Тилекке каршы, чет жактагы журтташтардын арасында кайгылуу окуялар да катталды. Америкадагы жүк ташуучу унаа айдаган мекендешибиздин полициянын огунан өлгөнү абдан чоң талкуу жаратты.

Алыста ата-энесин, туугандарын, досторун сагынып, куса болуп жашагандар сөзсүз депрессиянын кайсы бир түрүнө кабылат. Биз бул боюнча атайын талкуу өткөрүп, алыстагы мигранттар депрессиядан кантип арыла алат деген суроого жооп издедик. Алардын көпчүлүгү четте жүрүп, мекени үчүн өзгөчө күйүп-бышып турат. Жаңы бийликтен чоң жылыштарды үмүттөнүшөт. Алар менен жолукканда ушулардын үмүтү дагы бир ирет өчүп калбаса экен деген ой келет".

“Азаттык” жана Эгемендик

Быйыл Кыргызстан Эгемендиктин 30 жылдыгын белгиледи. 60 жылдан ашуун тарыхында Кыргызстандын көз карандысыз, өз алдынча мамлекет болушу үчүн маалыматтык салым кошкон "Азаттык" радиосу бул окуяга кайдыгер караган жок.

"Эгемендиктин балдары" долбоорун, ошол доорду көргөн тарыхый тууралуу бир катар берүүлөрдү даярдады.

"Азаттыктын" сайтында "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу онлайн сынак жарыялады. Кыргыз жана орус тилдеринде 50дөй материал келип, тандалдан 30дан ашуун макала, баяндар azattyk.org сайтына чыкты.

Катышуучулардын көпчүлүгү 30 жыл ичиндеги өлкөдөгү оош-кыйыштарга токтолуп, өлкө экономикалык жактан бутуна тура албай жатканын, миграция көйгөйүн, коррупциянын кесепетин, коомдогу аң-сезим, билим берүүдөгү чабалдыктар, эгемендүүлүккө шек жараткан коркунучтарга кайрылып, өздөрүнүн идеяларын жазышкан.

Сынакка мектеп окуучусунан тарта, студент, пенсионерлерге чейин, эмгек миграциясында жүргөн мекендештер дагы катышты.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 20-сентябрда "Азаттыктын" кеңсесинде өттү.

"Азаттык" радиосунун Бишкек бюросунун жетекчисин Айзада Касмалиева сынакка катышкан Дайырбек Меймановго сыйлык тапшырууда. 20-сентябрь, 2021-жыл.

"Азаттыктын" кабарчылары жараткан ийгиликтер

"Азаттыктын" кабарчылары 2021-жылы бир катар ийгиликтерге жетишти.

12-декабрда Бишкекте Улуттук адабият күнүнө жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада "Азаттыктын" баяндамачысы Бурулкан Сарыгулова кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн "Алтын калем" сынагын жеңди.

Бурулкан Сарыгуловага "Алтын калем" сыйлыгын тапшыруу учуру.

“Алтын калем” адабий сыйлыгы адабияттын поэзия, проза жана драматургия жанры боюнча тогуз адамга ыйгарылат.

Бурулкан Сарыгулова 15-мартта эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган "Беш акын" теледолбоорунда да 3-орунду алган.

Бурулкан Сарыгулова "Азаттыкты" белгилүү адамдардын ой чабытын, көз карашын, пикирин кеңири чагылдырган "Сыябан" берүүсүн алып барат.

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата жаш акындарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган. Алардын арасында "Азаттык" радиосунун кабарчысы Максат Жангазиев да бар.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана "Азаттыктын" кабарчысы Максат Жангазиев.

19-ноябрда Бишкекте аял ишкерлердин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленген. 300дөн ашык аял катышкан жыйында аялдар ишкерлиги тууралуу материал даярдаган журналисттер да сыйланган. "Азаттыктын" Нарындагы кабарчысы Мирлан Кадыровдун "Босогонун көркүн ачкан конок үйлөр" аттуу сюжети мамлекеттик тилдеги эң мыкты видеоматериал деп табылган.

Жыл аяктап баратканда “Азаттык” радиосунун кабарчылары Бактыгүл Чыныбаева жана Дастан Үмөтбай уулу Internews уюмунун эл аралык сыйлыгына татыктуу болушту. "Умтулуу-2021" сыйлыгы 17-декабрда Бишкекте кесипкөй журналистика тармагындагы жыл сайын уюштурулуучу улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнө арналган салтанатта тапшырылды.

"Умтулуунун" атайын сыйлыгы "Улут саламаттыгы" темасын чагылдырууга кошкон салымы үчүн Бактыгүл Чыныбаевага, "Балдарды коргоо" номинациясындагы биринчи орун Дастан Үмөтбай уулуна ("Клооптун" кабарчысы Элвира Султанмурат кызы менен бирге тарткан "Тоюлан" тасмасы үчүн) ыйгарылды.

21-декабрда Бишкекте балдарын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге арналган "Сен жалгыз эмессиң..." деген фотокөргөзмө ачылды. Ага "Азаттык" радиосунун фотокабарчысы Гүлжан Турдубаеванын жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырган 20дан ашык документалдык сүрөттөрү коюлду.

Турдубаева MediaJasa долбоорунун алкагында "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен октябрь айынан бери Кыргызстандагы жалгыз бой энелердин жашоосунун ар кыл өңүттөрүн чагылдырган фотобаяндарды жарыялады. Бул долбоордун максаты - жалгыз бой энелер кабылган көйгөйлөргө жана зордук-зомбулукту токтотууга коомчулуктун көңүлүн буруу.

Жыл соңунда "Азаттыктын" веб-редактору Айбек Абдылдаевдин “От кечкен отуз күн” деп аталган аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Окурмандардын кеңири катмарына арналган бул китепке учурдун курч көйгөйлөрүн кыска тил менен көркөм баяндаган онго жакын чыгарма кирген. Бул автордун алгачкы прозалык жыйнагы.

Өтүп кеткен кесиптештер унутулбайт

2020-жылы мезгилсиз дүйнө салган кесиптешибиз Бүбүкан Досалиеванын "Энелер жөнүндө баллада" жана "Эфирде мезгил тарыхы" деген эки китеби жарык көрдү.

Бүбүкан Досалиеванын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн китептери.

Китепти даярдап, ачылышын өткөрүүгө жардам берген "Азаттыктын" баяндамачысы Бурулкан Сарыгулова бул китептердин кыргыз публицистикасындагы ордуна токтолду.

“Бүбүкан "Эфирде мезгил тарыхы” деген китебин өзү даярдап кетиптир. Көзү тирүүсүндө өзү да параллелдүү дүйнө бар деп айтып калчу. Каза болгондон кийин мага “өзүн экинчи өмүргө даярдаган окшойт” деген ой келди. Аябай баамчыл болчу, “бир нерсени сезип турам” деп көп айтчу. Балким, ошону сездиби, билбейм. Мен Бүбүканды буга чейин билчү эмес экем деп айткым келбейт. Бирок акылы тунук, жөндөм-шыгы, кесипкөйлүгү мыкты экенин каза болгондон кийин ого бетер тааныдым. Өзү дайыма “мен планканы бийик коюп алыпмын, ошого жете албай тырмалап келе жатам” дечү. Кийин болсо “биз эртеңкини пландап жашабай, бүгүн, азыр жашашыбыз керек экен, бүгүн иштеш керек экен” деп айтып жүрдү. Азыр мен дагы “бүгүн жашаш керек” деп калдым.

Бүбүкан Досалиева (солдо) жана Бурулкан Сарыгулова (оңдо). Студенттик альбомдо калган сүрөт.

“Энелер жөнүндө баллада” деген экинчи китебин жаңылап чыгардык. Ал жалаң эскерүүлөрдөн турат. Ошол жерде “чоң энемден, өз энемден, таенемден, кайненемден калган нарк-насилди, аялзатына таандык баалуулуктарды кызыма, балдарыма, айлана-чөйрөмө бере алдымбы, энелердин кадырына жете алдымбы” деген суроону аябай көп коюптур. “Эфирдеги мезгил тарыхы” деген китебине өзү жазган ырларды да киргизиптир. Ал дагы мен үчүн жаңылык болуп калды. Бул китебине чынында тарыхка байланган, эң урунттуу мезгилдин тарыхын чагылдырган маектерин, публицистикаларын киргизген экен".

Театрдагы Зайырбек жана спорттогу Уланбек...

2020-жылы "Азаттыктын" дагы бир кабарчысы, акын Зайырбек Ажыматов дүйнө салган. Быйыл май айында анын элесине арналган спектаклди "Учур" мамлекеттик жаштар театры даярдады. "Жүрөктөгү бороон" аттуу пьесаны акын Сайра Батыркулова жазган. Режиссёру - Чыңгыз Мамаев. Акындын ролун Жакшылык Кубатов ойноду.

Андан тышкары “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты акындын урматына адабий сыйлык негиздеп, аны жаш акын Мелис Мамажан уулу жеңип алды. Июнь айында Бишкектеги №27 китепканада акындын чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын кымбат уулу” аттуу эскерүү кечеси өткөн.

Ноябрь айында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Асан Турсункуловдун көргөзмөсү өтүп, анда "Азаттыктын" көзү өткөн кабарчылары Зайырбек Ажыматов менен Уланбек Эгизбаевдин дагы сүрөттөрү илинди.

Дагы караңыз Эл жакшыларын эске салган көргөзмө

Арабыздан эрте кеткен таанымал иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин атындагы стипендия быйыл Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө тапшырылды.

Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы стипендия 2019-жылы өзү окуп кеткен мектептин мыкты үч бүтүрүүчүсүнө ыйгарылган. Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

27-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол турнири өткөн. Аны Челпек айыл аймагынын депутаты, Улан Эгизбаевдин таежеси Бактыгүл Сариева уюштурган.

Андан тышкары Уланбектин элесине арналган көк бөрү мелдеши 20-21-декабрь күндөрү Кочкор районунун Көк-Жар айылында өттү. Ага UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко да күбө болду.

Венера Сагындык кызы: 2021 журналисттер үчүн татаал, окуяга бай жыл болду

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаеванын 2021-жылы "Азаттыктын" миссиясы жана жалпы команда аткарган иштер тууралуу маеги.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырууда. 20-сентябрь, 2021-жыл.

- Азыр жалгыз гана Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнөдө кайсы бир деңгээлде туруксуздук, эртең эмне болот деген кабатырлануу, тынчсыздануу маанайы үстөмдүк кылып турат. Бул эми пандемияга да байланыштуу. 2021-жыл жалгыз эле “Азаттык” үчүн эмес, Кыргызстандагы бардык журналисттер үчүн татаал жыл болду. Жыл башынан бери шайлоону беш жолу чагылдырдык.

Окурмандарды, көрүүчүлөрдү, угармандарды акыркы жаңылыктар менен ар тараптуу камсыздап турдук. Коомдогу болуп жаткан окуяларды, керек болсо бардык аймактардан ар кандай көз караштарды бергенге аракет кылдык. Кабарчылардын ишине жалпысынан канааттануу менен эле баа берсек болот. Анткени биздин эң башкы максатыбыз элге бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды калыс, бейтарап чагылдыруу. Ошол жагынан ишибизди толугу менен аткардык.

Анткен менен 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин онлайн чабуулдарга туш болуп келебиз. Ар кандай жарандык акцияларды чагылдырганы барган кабарчы, операторлорубузду бөйрөккө муштап, чаап, кубалап жиберген окуялар болду. Бул кыйынчылыктар биздин жамаатты, ар бир журналистти чыйралтты.

Кыргызстанда азыр да туруктуулук орноду деп айтуу кыйын. Азыркы бийликтегилер “аракет кылып жатабыз, жаңы парламент шайланды” деп жатат. Алар өзүн кандай көрсөтөт, кандай чечимдерди кабыл алат, мамлекеттин, элдин тагдырын чече турган кандай маселелерди карайт деген суроолор да турат. Коомдо келечегибиз кандай болот деген суроо дагы деле актуалдуу.

- Ошол акыркы жылдагы окуялар коомду агартуу керек экенин, ал ишти бир гана медиага жүктөп койбой ар бир адам жүргүзүшү керек экенин көрсөткөндөй болду. Ошондон уламбы “Азаттык” быйыл негизинен агартуу программаларын көп тартты...

- Журналисттердин бир миссиясы - бул коомду, элди агартуу. Бардык окуялар боюнча ар тараптуу маалымат бериши керек. Агартуучу программаларды биз мурдагы жылы көп даярдаган элек. Биздин балдар Германияда жол кырсыктарын азайтуу үчүн кандай чаралар, жаза киргизилгенин тартып келген. Чехиянын борбору Прагада парктарды уюштуруу, бак-дарактарды өстүрүү, экологияны жакшыртуу кандай жолго коюлганын да тартышкан. Швециянын, Латвиянын парламенти кандай иштейт, эл өз укуктарын депутаттар аркылуу кандай ишке ашырат дегенди чагылдырып бергенбиз. Ушундай программаларды дагы көп тартсак деген оюбуз бар. Бирок пандемиядан улам Европада көптөгөн чектөөлөр кирип, колубуз байланып калып жатат.

Азыр дүйнө глобалдашып кичинекей айылдай эле болуп калбадыбы. Башка мамлекеттерде билим алуу, иштөө боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр бар, мигрант болом деп АКШ, Австралияга чейин кетип калган биздин журтташтар ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Айрымдарынан “ Кыргызстандан кетпей эле койсом болмок экен, мекендештерим деле жолун таап, иштеп жатыптыр” деген каттар келет. Жалпысынан ар түрдүү маалыматты колдон келишинче жайылтып, Кыргызстанда же мекенден тыш жашап жаткан ар бир адамдын өз жашоосунда туура чечимдерди кабыл алышына жардам берип, “канткенде Кыргызстанда алдыңкы, өнүккөн коомду курабыз” деген маселелердин үстүндө иштеп жатабыз деп ойлойм.

- 60 жылдан ашык тарыхында “Азаттык” кыргыз маданиятына, адабиятына көңүл буруп, бир катар китептерди да чыгарды. Быйыл дагы эгемендик тууралуу берүүлөрдү даярдап, атайын сынак жарыялады.

- 1953-жылы “Азаттык” радиосу уюшулгандан берки эң башкы миссиялардын бири - бул кыргыз тилин, маданиятын, каада-салтын сактап калуу, кыргыз иденттүүлүгүн, улуттук өзгөчөлүгүн кийинки муунга өткөрүү. Мындан эки жыл мурда "Азаттык" Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап, сынак уюштурган. Окурмандардын эскерүүлөрүнүн ичинен өтө уникалдууларын топтоп, “Айтматовдун элдеги элеси” деген китеп чыгарганбыз. Үркүндүн 100 жылдыгына карата эскерүүлөрдү топтоп, “Кылымдар унутулгус кыргын” деген китеп басылды.

Кабарчыбыз Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүүсүндө тарткан иликтөөлөрүн топтоп, аны да китеп кылып чыгардык.

Быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата “Эрктүү элдин эгемендиги” деген китеп чыгардык, буюрса аны коомчулукка жаңы жылдан кийин тартуулайбыз.

Китепте Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхындагы эң орошон, керек болсо эң опурталдуу бурулуш окуялар болгону, ага "Азаттык" маалымат каражаты катары кандай таасир эте алганы, жалпы эле ошол окуялар боюнча даярдаган материалдары, аналитикалык макалалары камтылды. Интернетте макалалар канча сакталарын эч ким билбейт, ошол себептүү 100-200 жылдан кийин жаш муунга тарыхты изилдөөгө булак болуп берсин, бир жардам болсун деген максатта китепти чыгарып жатабыз.

"Азаттык" радиосунун жамааты 2021-жылы саясат, экономика, коопсуздук, адам укугу баштаган олуттуу темалардан тышкары жаштарга арналган берүүлөрдү да даярдады. Прага кеңсеси эл аралык маанидеги маңыздуу макала, видеолорду сунуштап келет. Мындан ары да багытыбыздан тайбай, дайыма элдин үнүн чагылдыра берерибизди, Кыргызстанда ачык, эркин ойлонгон коом курууга салым кошорубузду эске салгыбыз келет.