"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Шаршембиде НАТОнун баш катчысы уюмдун Түштүк Кавказ жана Борбор Азиядагы алгачкы өкүлүн дайындады. Бул кызматты америкалык дипломат Роберт Симмонс аркаламай болду.
Ирактын Абу Грэйб түрмөсүндөгү мыйзам бузуу фактыларын иликтөө улантылып жатат. АКШ армиясынын эки тергөөчүсү - генерал Пол Керн менен Жорж Фэй Конгресске билдиргендей, жүзгө жакын туткунга Кызыл чырым уюмунун инспекторлору менен жолугушууга тыюу салынган. Генерал Керн Америка армиясынын жогорку офицерлерин да жоопко тартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Бесландагы барымта трагедиясынан кийин президент Владимир Путин террористтер менен байланышы бар деп шектелген адамдардын Россияга экстрадицияланышын тездетүү аракети күчөтүлөт деп билдирди. Алардын бири, Масхадовдун кабинетинде жогорку кызматты ээлеп келген Ильяс Ахмадов учурда АКШда башпааналап жүрөт. Америкалык жетекчилик болсо Ак Үй чечен жикчилери менен алака түзүүдө деген кинени жумшартууга аракет кылууда.
Түркмөнстан аймагынын дээрлик 80 процентин чөл түзөт. Суу проблемасын чечүү үчүн Ашгабад эки ири долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Атап айтканда, чөлдүн ортосунда Түркмөн көлү курула баштады. Экинчи долбоор боюнча баш калаада 12 километрлик өстөн казылмакчы. Борбор Азияда суу ресурстары чектелүү болгондуктан, Түркмөнбашынын жаңы пландары региондогу кошуналарды тынчсыздандырбай койбойт.
5-сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы трагедиянын курмандыктары жерге бериле баштады. Эл аралык коомчулук орус элине өз тилектештигин билдирип, кылмышкерлерди айыптап чыкты. Бирок Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри жасаган комментарий Москва менен Амстердам ортосундагы дипломатиялык талашка алып келди.
Руандадагы геноцидден 10 жыл өтүп өтпөй, эл аралык укук коргоо уюмдары Суданда да ошондой окуя кайталанып жатат деп камтамачылыгын билдиришүүдө. Дарфур чөлкөмүндөгү гуманитардык кризис жөнүндө көптөн бери айтылып келатканы менен БУУ чечкиндүү акцияларга өтө элек.
Батышта ислам динине болгон мамиле улам начарлап баратат. Өзгөчө 2001-жылдын 11-сентябрындагы жана быйыл Мадридде 11-мартта болгон терракттардан кийин Батыш прессасында ислам мокочо катары көрсөтүлө баштады. Жаңылыш ой-пикирден арылуу үчүн ал жердеги мусулмандар саясий активдүүлүгүн арттырууга тйииш. Ушундай ой мусулман илимпоздорунун Иорданияда үстүбүздөгү жумада өткөн жыйынында айтылды.
Америкалык көз карандысыз комиссия Ирактын Абу Грэйб түрмөсүндөгү укук бузуулар үчүн ал жердеги офицерлер түздөн түз жооптуу деген тыянак чыгарды. Коргоо министрлигиндеги жогорку адамдардын бул зөөкүрдүктөргө кандайдыр бир тиешеси бар экендигин далилдеген фактылар жок. Бирок Пентагондун тапшырмасы менен өткөрүлгөн иликтөө көрсөткөндөй тармактын чечилбей келаткан проблемалары түрмөдөгү мыйзам бузууларга огожо болуп берген.
Пакистандын президенти Первез Мушарраф оогандык кесиптеши Хамид Карзай менен жолугушуу маалында Ооганстандагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратыш үчүн жоочулар анын өлкөсүн плацдарм катары пайдалана алышпайт деп ишендирди. Ошол эле мезгилде Кабулдагы бир катар дипломаттар Исламабад Пакистандын аймагында жайгашкан талиптердин машыгуу лагерлерине кайдыгер мамиле жасоодо деп ырасташууда.
Багдадда 3 күндүк конференция өз ишин улантууда. 1 миң 300дөй делегат Убактылуу улуттук ассамблеянын мүчөлөрүн шайлоого тийиш. Жыйындын ачылышы Нажаф шаарындагы куралдуу кармаштын күчөшүнө туш келип отурат. Ансыз да бул маанилүү саясий иш-чара пикир-келишпестик, талаш-тартыш менен коштолууда.
Ишемби күнү Тегеранда Канаданын атуулу, теги ирандык журналист Зехра Каземинин өлүмүнө байланыштуу сот процесси улантылат. Айыпталуучу, Ирандын чалгын министрлигинин агенти Мохаммед Реза Ахмади өткөн октябрда болгон соттун алгачкы сессиясында акталып чыккан. Укук коргоочулар бул ишке байланышы бар расмий адамдардын аты белгисиз бойдон калып калат деп камтама болушууда.
Иракта согушкер топтордун колунда чет өлкөлүк бир нече адам кала берүүдө. Согушкерлер эл аралык контингенттин чыгарылып кетишин жана оккупациялык күчтөр тарабынан туткундалган ирактыктардын бошотулушун талап кылып жатышат.
Кошмо Штаттары Суданды Дарфур чөлкөмүндөгү зордук-зомбулук токтотпосо, Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясына кабылышы ыктымал деп эскертти. АКШ Судан тууралуу резолюция долбоорун сунуш кылган. Ал Коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат. Өткөн аптада БУУнун баш катчысы Коффи Аннан жана АКШнын мамкатчысы Колин Пауэлл гуманитардык кризисти кечирип жаткан Дарфурда болуп, ал жердеги кырдаал менен жакындан таанышып келишкен эле.
Бүгүн эртең менен (жекшембиде) Ирактын билим берүү министрлигинин жогорку кызматкери ок жеп, каза болду. Кечээ болсо Багдадда өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары атып өлтүрүлгөн. Ал эми Киркукта күрддөрдүн диний лидери киши колдуу болду. Вашингтон администрациясы күчөп бараткан куралдуу адабатка карабай, Ирактын суверендүүлүгү белгиленген мөөнөттө, 30-июнда кайтарылып берет деп ырастады.
Апта соңунда экинчи дүйнөлүк согуштун миңдеген ветерандары Францияда чогулуп, батыш фронтунун ачылышынын 60 жылдыгын белгилешти. Нормандияда өткөн салтанатка 20дай мамлекеттин жетекчилери катышты. Эскерүү каадасына тарыхта алгачкы жолу немис канцлери да келди.
Британиянын абройлуу аналитикалык борборлорунун бири – Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун жаңы отчётунда АКШ баштаган Ирак согушу “Ал-Каида” террордук уюшмасын алсыздандырмак турсун, тескерисинче, анын гүлдөп өсүүсүнө түрткү берди деп ырастайт. Топ массалык кыргын салуучу куралга жетүүнү да көздөйт деп эсептейт британиялык аналиктер.
24-майда Тбилиси шаарынын соту чечен улутундагы 4 кишини 4 жылга түрмөгө кести. Чечен сепаратисттери деп болжолдонгон төртөөнө 2002-жылы абактын кароолчулары менен мушташа кеткен деген айып тагылды. Байкоочулар бул сот жараяны расмий Тбилиси чечен согушчандары деп шектелгендерге каршы күрөштү күчөтө баштагандыгын айгинелейт деп жатышат.
60-70-жылдары Вьетнамдагы согуш маалында миңдеген жаштар Американын көчөлөрүнө чыгып, урушту токтотууну талап кылган эле. Ушу тапта Ирактагы согуш АКШ коомчулугунда кызуу талкууланып жатканы менен, 60-жылдардагыдай массалык нааразылык акциялары байкалбайт. Мунун себеби эмнеде?
Президент Жорж Буштун ырастоосунда Саддам Хусейн массалык кыргын салуучу курал программасынан баш тартпагандыгы үчүн АКШ Иракка каршы согуш баштаган. Эски режим кулатылгандан бери 13 ай өтсө да ошондой куралдын ири запастары табыла элек. Кечээ болсо АКШнын аскерий командачылыгы козголоңчулар пайдаланган бомбалар зарин деген уулу газ менен дүрмөттөлгөн деп билдиришти.
Дагы жүктөңүз