"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ишемби күнү Тегеранда Канаданын атуулу, теги ирандык журналист Зехра Каземинин өлүмүнө байланыштуу сот процесси улантылат. Айыпталуучу, Ирандын чалгын министрлигинин агенти Мохаммед Реза Ахмади өткөн октябрда болгон соттун алгачкы сессиясында акталып чыккан. Укук коргоочулар бул ишке байланышы бар расмий адамдардын аты белгисиз бойдон калып калат деп камтама болушууда.
Иракта согушкер топтордун колунда чет өлкөлүк бир нече адам кала берүүдө. Согушкерлер эл аралык контингенттин чыгарылып кетишин жана оккупациялык күчтөр тарабынан туткундалган ирактыктардын бошотулушун талап кылып жатышат.
Кошмо Штаттары Суданды Дарфур чөлкөмүндөгү зордук-зомбулук токтотпосо, Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясына кабылышы ыктымал деп эскертти. АКШ Судан тууралуу резолюция долбоорун сунуш кылган. Ал Коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат. Өткөн аптада БУУнун баш катчысы Коффи Аннан жана АКШнын мамкатчысы Колин Пауэлл гуманитардык кризисти кечирип жаткан Дарфурда болуп, ал жердеги кырдаал менен жакындан таанышып келишкен эле.
Бүгүн эртең менен (жекшембиде) Ирактын билим берүү министрлигинин жогорку кызматкери ок жеп, каза болду. Кечээ болсо Багдадда өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары атып өлтүрүлгөн. Ал эми Киркукта күрддөрдүн диний лидери киши колдуу болду. Вашингтон администрациясы күчөп бараткан куралдуу адабатка карабай, Ирактын суверендүүлүгү белгиленген мөөнөттө, 30-июнда кайтарылып берет деп ырастады.
Апта соңунда экинчи дүйнөлүк согуштун миңдеген ветерандары Францияда чогулуп, батыш фронтунун ачылышынын 60 жылдыгын белгилешти. Нормандияда өткөн салтанатка 20дай мамлекеттин жетекчилери катышты. Эскерүү каадасына тарыхта алгачкы жолу немис канцлери да келди.
Британиянын абройлуу аналитикалык борборлорунун бири – Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун жаңы отчётунда АКШ баштаган Ирак согушу “Ал-Каида” террордук уюшмасын алсыздандырмак турсун, тескерисинче, анын гүлдөп өсүүсүнө түрткү берди деп ырастайт. Топ массалык кыргын салуучу куралга жетүүнү да көздөйт деп эсептейт британиялык аналиктер.
24-майда Тбилиси шаарынын соту чечен улутундагы 4 кишини 4 жылга түрмөгө кести. Чечен сепаратисттери деп болжолдонгон төртөөнө 2002-жылы абактын кароолчулары менен мушташа кеткен деген айып тагылды. Байкоочулар бул сот жараяны расмий Тбилиси чечен согушчандары деп шектелгендерге каршы күрөштү күчөтө баштагандыгын айгинелейт деп жатышат.
60-70-жылдары Вьетнамдагы согуш маалында миңдеген жаштар Американын көчөлөрүнө чыгып, урушту токтотууну талап кылган эле. Ушу тапта Ирактагы согуш АКШ коомчулугунда кызуу талкууланып жатканы менен, 60-жылдардагыдай массалык нааразылык акциялары байкалбайт. Мунун себеби эмнеде?
Президент Жорж Буштун ырастоосунда Саддам Хусейн массалык кыргын салуучу курал программасынан баш тартпагандыгы үчүн АКШ Иракка каршы согуш баштаган. Эски режим кулатылгандан бери 13 ай өтсө да ошондой куралдын ири запастары табыла элек. Кечээ болсо АКШнын аскерий командачылыгы козголоңчулар пайдаланган бомбалар зарин деген уулу газ менен дүрмөттөлгөн деп билдиришти.
Бүгүн (17-майда) эртең менен Багдадда болгон жардыруудан Ирактын Башкаруу Кеңешинин төрагасы Абдул Захра Отман Мохаммад каза тапты. Отман отурган автомашина коалициянын кеңсесине кирүү үчүн кезек күтүп турган жеринен жарылган. Кечээ болсо Насирия шаарында радикал шиийлердин лидери Муктада Садрдын согушчандары менен АКШ баштаган коалиция күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Кошмо Штаттарынын өзүндө "Абу Грейб" түрмөсүндөгү укук бузууларга байланыштуу коргоо министри Доналд Рамсфелдди сындаган апаздар көбөйүүдө.
Ирактын абактарында отургандардын 90 пайызынан ашууну жаңылыш жерден кармалгандар. Мындай тыянакка эл аралык Кызыл Чырым уюму келди. Уюмдун жаңы докладында Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жөнүндө АКШ жетекчилигине буга чейин бир нече ирет маалымдалганы белгиленет.
Бүгүн эртең менен Чеченстандын баш калаасы Грозныйда 9-майга арналган майрамдык салтанат өтүп жаткан стадиондо жардыруу болду. Кол салуудан жумурияттын жетекчиси Ахмад Кадыров набыт болду. Түндүк Кавказдагы аскерлердин командачысы, генерал Валерий Баранов оор жаракат алды.
Афинада жайкы Олимпиаданы утурлай коомдук тартипти сактоо чаралары күчөтүлүүдө. Китепканада жашаган студент. МакДоналдстын кирешеси өсүүдө. Тамак бышыруу - абактагылар үчүн жаңы терапия боло алабы?
Шаршембиде Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази Европа турнесинин алкагында Брюсселде болду. Министрдин бул сапары Евробиримдик менен Ирандын соода алакалары боюнча сүйлөшүүлөрүн жандантууга багытталган. Буга байланыштуу биримдиктин расмий өкүлдөрү Брюссел Ирандагы соңку шайлоолордун жүрүшүнө нааразы экенин, Тегерандын өзөктүк программасы да бир топ күнөм саноолорду туудуруп жатканын белгилешүүдө.
1-майдан тартып Евробиримдикке дагы 10 мамлекет кошулду. Ишембиде биримдиктин азыркы төрагасы Ирландиянын баш калаасы Дублин шаарында салтанаттуу саммит болуп өттү. Бирок майрамдык шаан-шөкөт аяктаары менен биримдиктин алдында турган көптөгөн проблемалар жөнүндө сөз боло баштады.
26-апрелде Люксембургда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жылдык жыйыны өттү. Бир күндүк жолугушуу маалында европалык министрлер уюм менен Орусия ортосундагы алакаларды, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин, Кытайга каршы киргизилген курал эмбаргосун жана Косоводогу кырдаалды талкуулашты.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши уюмдун “Мунай үчүн азык-түлүк” деп аталаган долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузууларды иликтөө үчүн комиссия түзүүнү чечти. Коопсуздук кеңеши мүчө мамлекеттерге кайрылып, Пол Волкер жетектеген комиссия менен кызматташууга чакырды. Бирок кээ бир өкмөттөр ошол программадан киреше алып турган деген божомолдон улам, алардын жардамы канчалык эффективдүү болоор экен? деген суроо жаралууда.
АКШнын БУУдагы миссиясынын башчысы Жон Негропонтенин Иракка элчи болуп дайындалышы Улуттар Уюмунун Ирактагы ролунун кеңейтилишине Ак Үйдүн чоң маани берип жаткандыгынын ишарасы катары бааланып жатат. Негропонтеге жогорку дипломатиялык орундун ыйгарылышы анын жеке жетишкендиктерине жана бай тажрыйбасына да байланыштуу.
Шейшембиде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Косоводогу абалды талкуулап, провинциядагы саясий реформаларды уланта берүү зарылдыгын баса белгиледи. Уюмдун Косоводогу бейпилдик күчтөрүнүн жетекчиси өткөн айда болгон кагылышууларды алдын алуу үчүн жетиштүү аракеттенишкен жок деп этникалык албандардын лидерлерин айыптады.
Дагы жүктөңүз