"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ушул аптада Брюсселде Евробиримдиктин коргоо министрлеринин жолугушуусу болду. Коргоо мекемелеринин жетекчилери аскерий кызматташтыкты өөрчүтүү жана биримдиктин алкагында бир катар жаңы структураларды түзүү жөнүндө макулдашышты.
Арменияда өкмөт менен оппозиция ортосундагы тирешүү күчөп баратат. Кечээ оппозициядагы эки негизги саясий топ президент Роберт Кочарянды бийликтен кетирүү аракеттерин уланта беришээрин билдиришти. Андан мурун Кочарянга каршы өткөрүлгөн демонстрацияга байланыштуу оппозициянын кээ бир активисттери камакка алынган эле.
Өткөн эки жуманын ичинде президент Жорж Буштун жардамчылары 11-сентябрь террордук чабуулдарын иликтеп жаткан көз карандысыз комиссиянын суроолоруна жооп берди. Алар терроризм менен күрөш азыркы администрациянын дайыма артыкчылык берген саясаты болуп келгенин баса белгилешти. Бирок аналитиктердин ырастоосунда, маалыматтар Ак үй террорго каршы күрөштү эмес, ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу маселе катары белгилегенин далилдөөдө.
Кечээ испан полициясы 11-марттагы теракттарга тийешеси бар деп шектелген адамдарды кармоо боюнча атайын операция өткөрдү. Рейд учурунда камалоого алынган террорчу деп шектелген төрт киши өздөрүн жардырып жиберишти. Андан алдынкы күнү Мадрид-Севилья темир жолунда 12 килограммдык бир бомба табылган. Өлкө аймагы боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Шаршембиде Грузияда парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары дайын болду. Ага ылайык Ажар автономиясынын лидери Аслан Абашидзенин “Кайра жаралуу” партиясы депутаттык мандаттардан куру калды. Буга нааразы болгон Абашидзе автономияда референдум өткөрүп, бюллетендерди кайра санап чыгуу талабы менен Тбилисиде нааразылык чараларын уюштурабыз деп коркутуп жатат.
Бүгүн (шаршембиде) Берлинде донор-мамлекеттердин Ооганстан боюнча конференциясы башталууда. Аны утурлай НАТОнун Ооганстандагы жарандык жетекчиси Хикмет Четин өлкөгө көбүрөөк экономикалык көмөк көрсөтүүгө үндөдү. Анын айтымында, каржылык жардам Ооганстанга фундаментализм жана экстремизмден арылууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Бүгүн (дүйшөмбүдө) Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү генерал-майор Шавкат Султан АФП агенттигине билдиргендей, Ооганстан менен чек арага жакын жерде өткөн аскерий иш-чаралар расмий түрдө аяктады, бирок талиптер менен “ал-Кайиданын” согушчандарын жок кылуу аракеттери улантылып жатат. Ал аралыкта урду тилинде чыгуучу бир басылма март айынын орто ченинде талиптердин жетекчиси молдо Омор оор жаракат алганын жазып чыкты. Азырынча бул жоромол тастыктала элек.
Ооганстандын мамлекет башчысы Хамид Карзай июнь айына белгиленген президенттик шайлоо сентябрда өтөт деп жарыялады. Буга чейин БУУ өнөктүктү эл аралык макулдашууда каралган мөөнөттө өткөрүү мүмкүн эмес деп белгилеген эле. Эми президенттик жана парламенттик добуш берүү чогу уюштурулмакчы. Бирок ага дейре Ооганстанда бир топ маселелер чечилүүгө тийиш.
Эмки кезек - “Кызыктар дүйнөсүндө”. Германиянын атуулу Микаел Коболд бир тууганын узатам деп, аз жерден түрмөгө түшүп кала жаздады. Италиянын Неапол шаарында өткөн аптанын этегинде таштандылар элдин азабын жедирди. Жапонияда айтылуу Чебурашка жапончо сүйлөмөкчү...
Бүгүн (бейшембиде) «Транспэрэнси интернэшнл” эл аралык уюму коррупциянын дүйнө жүзүндөгү абалы деген жылдык баяндамасын жарыялады. Эл аралык бейөкмөт уюмунун аныктамасында, Кыргызстан коррупция боюнча иликтөөгө алынган 133 өлкөнүн арасынан 118-орунду ээлейт.
Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалыматына ылайык, Ооганстандан качып, башка өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн качкындардын саны 3 жарым миллиондон ашат. Кээ бир мамелекеттер ооган качкындарын үйлөрүнө кайтаруу жараянын ыкчамдатууну көздөп жатышат. Ал эми Америкада баш пааналап жүргөн оогандыктардын айрымдары болсо мекенине ыктыярдуу түрдө кайтып, өлкөнү калыбына келтирүү иштерине кол кабыш кылышууда.
Ак-Үйдө Ирак согушуна байланыштуу дагы бир жаңжал тутанды. Мындан эки айдай мурда АКШнын каржы министри Пол О’Нил “терроризмге каршы согуш башталаардан мурда эле Буш Саддамды кулатуу жолдорун издеп жүргөн” деген сөздөрү үчүн кызматынан айдалган эле. Эми Ак-Үйдүн терроризм менен күрөшүү боюнча мурдагы координатору Ричард Кларк “президент Буш “ал-Кайиданын” коркунучун көңүл сыртында калтырган” деп айтып, Ак Үйдү бушайманга салды.
Пакистан армиясы “ал-Каидананын” согушчандарына каршы багытталган кеңири масштабдуу операциясын улантып жатат. Соңку күндөрү террордук уюшманын жогорку жетекчилеринин айрымдары колго түшүрүлдү деген кабар тараган эле. Буга байланыштуу кээ бир эксперттер Осама бин Ладендин өзү кармалса да, муну менен террорчулардын карасанатай иш-аракеттери токтойт деп айтууга болбойт дешүүдө.
Эми Балкандагы кырдаал жөнүндөгү серепке назар салыңыздар. Жекшембиде Косовска Митровицада албандык эки баланын сөөгү жерге берилди. Алардын өлүмү өткөн аптада сербдер менен албан ортосундагы кагылышууга түрткү берген эле. Натыйжада 28 адам өлүп, 600дөйү жарадар болду. Аза маалында ар кандай зомбулукту алдын алуу үчүн НАТОнун Косоводогу аскерлери күжүрмөн абалга келтирилди.
Эмки кезек - “Кызыктар дүйнөсүндө”.
Иран оогандык качкындарды үйлөрүнө кайтаруу жараянын ыкчамадатыш үчүн жаңы катаал эрежелерди киргизгени жатат. 2002-жылы оогандарды репатриациялоо программасы башталгандан бери 650 миңдей киши мекенине көчүп кеткен. Арийне Иранда калган дагы 2 миллионго чукул качкын Ооганстанга кетүүнү анча каалабай жатат.
Бүгүн Орусияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Алгачкылардан болуп Ыраакы Чыгыш менен Чукотканын тургундары добуш беришти. Кээ бир чөлкөмдөрдө шайлоо аяктады. Алдын-ала калк пикирин сурап билүүлөр көрсөткөндөй, жеңишти күн мурунтан эле азыркы мамлекет башчы Владимир Путинге ыйгарган маанай басымдуулук кылууда.
Эмки кезек “Кызыктар дүйнөсүндө”.
Дүйнө спортчулары Афинада өтүүчү жайкы Олимпиадага кызуу даярданып жатат. Алардын арасында оогандык аялдар да бар. Мындан бир нече жыл мурун мындай окуяны элестетүү да кыйын болчу. Ооган кыздарынын Олимпиадалык оюндарга катышуусу эле согуштардан жабыркаган улут үчүн өзүнчө эле бир символикалык жетишкендик катары бааланууда. Анын үстүнө талиптер куулганы менен, көпчүлүк жергиликтүү диний консерваторлор аялзаттын спорттук машыгуусун айып катары кабыл алышат.
Орусиядагы жергиликтүү адистер жана эл аралык эксперттер өлкөдө түзүлгөн жаңы өкмөттүн курамы боюнча ар кыл пикирлерин билдирип жатышат. Айрымдар Игорь Ивановдун тышкы иштер министри кызматынан кетишин күтүлбөгөн кадам катары баалашууда. Байкоочулардын башка бир даары жаңы өкмөт мурункудан көп айырмаланбайт деп эсептейт.
Дагы жүктөңүз