"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, Баш мыйзамдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу жагдайларды чечмелеп берүүнү өтүндү. Коомчулукта, көбүнесе юристтер арасында мамлекет башчынын мөөнөтү боюнча талкуу чыккан. Мурдагы 75 аткаминер да ушул жөнүндө президентке кат жазган.
Президент Садыр Жапаров Binance эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону кайрадан Кыргызстанда кабыл алып, коноктоду. Мамлекет башчы ишкерди былтыр өзүнө кеңешчи кылып дайындап, виртуалдык активдер боюнча жыйындарга катыштырды.
Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ишкер чөйрөсүн бир аянтчага чогулткан Бишкектеги эки күндүк B5+1 форуму жыйынтыкталды. 4-5-февраль күндөрү өткөн форумда кен иштетүүдөн тартып жогорку технологияларга чейинки бизнестин өкүлдөрү кездешип, айрымдары келишимдерге жетишти.
Чөлкөмдөгү мамлекеттер да Евробиримдик, АКШ, Жапония жана Кытай сыяктуу тараптар менен чогуу жолугушууларды өткөрүп, өздөрүн бир тутум катары көрсөтүүгө умтулууда. Ошентсе да, азырынча алар саясий жана мыйзамдык айырмачылыктардан арыла элек.
Кыргызстан Евробиримдиктин санкцияларына кабылышы ыктымал. Bloomberg агенттиги жазгандай Украинадагы согуштун беш жылдыгын утурлай даярдалып жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга каршы чаралар да талкууланууда. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке какты.
2025-жыл Кыргызстандын маалымат чөйрөсү үчүн талылуу жылдардын бири болду. Бир жагынан жаңы медиа каражаттары ачылса, бир жагынан иштеп жаткандар жабылды, кээлери "экстремист" деп табылды. Журналисттердин кай бири абактан чыкса, башкалары кармалып, камалды. Айрым кабарчыларга издөө жарыяланды.
Бишкекте күйөөсүнүн колунан дагы бир аял каза тапкан окуя коомчулукту кайрадан нес кылды. Жубайлар ажырашкандан кийин күйөөсү аялын тапанча менен атып салган деп шектелүүдө.
Москвада машинадагы жардырууда Башкы штабдын ыкчам даярдык башкармалыгын жетектеген генерал мерт болду. Украинадагы согуш башталганы бул Орусияда жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине жасалган алгачкы кол салуу эмес.
Молдовалык радио жүргүзгөн иликтөөдө бул компаниянын аталган өлкөдө сыртынан 15 жылга соттолгон, издөөдө жүргөн олигарх Илан Шорго байланышы бар экени белгиленет. Шордун ысымы Кыргызстанда мындан башка долбоорлорго да байланыштырылып келет.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда үч күндүк мамлекеттик сапар менен келип, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чегинде такалып калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын, маселени жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө.
2020-жылкы Октябрь окуяларына быйыл беш жыл болду. Ошол жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылыктар ири митингге айланып, соңу 16-октябрда бийлик алмашуу менен аяктаган.
Европа Биримдиги Орусияга салган кезектеги санкцияларынын алкагында Кыргызстандагы “Толубай” банкын жана “Евразия сактык банкын”, орус ишкерлери Бишкекте жүгүртүүгө чыгарган криптовалютаны жана Кыргызстанда уюшулду делген криптобиржаны санкциялык тизмеге киргизди.
Дагы жүктөңүз