Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Борбор Азия

Sorry! No content for 24 Февраль. See content from before

ишемби 23 Февраль 2019

Кыргызстан – "Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан – "Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан бир нече жыл мурда Камбарата-1 ГЭСин куруу планы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин салкындашына алып келсе, ушу тапта экин өлкөнүн биргелешкен долбооруна айланууда.

"Камбарата-1" ГЭСи тууралуу кептин башталганына 30 жылдан ашуун убакыт болсо да долбоор азырынча кагазда гана калып келет. «Ири ГЭС» деп чоң сөзгө арзыган долбоордун өзү кандай?

Эң ири ГЭС

Адистер "Камбарата-1" курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрүп турат. Салыштырып көрөлү: Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт, жылына 4 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрөт.

Долбоор боюнча "Камбарата-1" ГЭСинин тосмосунун бийиктиги 275 метр («Токтогулдуку» – 215 метр). Кууш капчыгайга курулган станциянын төрт гидроагрегаты электр энергиясын өндүрөт.

Токтогул ГЭСи

Анткен менен суу сактагычынын көлөмү боюнча Токтогул ГЭСине республикадагы башка бир да станция тең келе албайт – анын жасалма көлүндө 19 млрд. куб метр суу топтолот. "Камбарата – 1" ГЭСинин суу сактагычынын сыйымдуулугу - 6 млрд. куб метр.

Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Бийликтегилердин эсеби боюнча, "Камбарата - 1" ГЭСи курулуп калса, Кыргызстан суу азайганда электр энергиясын сырттан сатып албай, тескерисинче аны четке экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.

2014-жылы өкмөт "Камбарата – 1" ГЭСинин курулушуна 2,7 миллиард доллардан 3 миллиард долларга чейинки каражат сарпталарын эсептеп чыккан. Эгер "Камбарата-1" долбоору жүзөгө ашып калса, өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң кымбат курулуш болот.

Өзбекстандын өктөсү

Алгач "Камбарата-1" ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле ойлонулган. Курулуштун техникалык-экономикалык негиздемесин «Гидродолбоор» институтунун Ташкенттеги бөлүмү иштеп чыккан, кийинчерээк бул жагдайды Өзбекстандын нааразылыгына жооп кылып Кыргызстан эске салган.

Союз таркаган соң долбоор унутулган. "Камбарата–1" ГЭСи Нарын дарыясынын жогорку жагында Жалал-Абад облусунун аймагында курулмак.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, бул иштин өтөөсүнө чыкчу инвесторду Орусиядан тапкан. Бишкектин мындай планы Өзбекстанга жакпай, анын катуу сынына кабылган.

Нааразылыктын чыныгы себеп-жөнүн 2012-жылы ал кездеги Өзбекстандын президенти ыраматылык Ислам Каримов Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда ачык айткан. Каримовдун сөзүнө караганда, Казакстан менен Өзбекстандын суу керектөөсүнүн жылдык орточо өлчөмү 70–75% гана канааттандырылат.

«Непадам тосмолор курулуп калса, биз канча пайыз суу бизге агып келерин билбей калабыз. Биз жөнөкөй эле нерсени: ири дарыяларда тосмолор туруп калса, суу агымы кантип каларын, биз азыр канча суу алабызды, эртең канча суу аларыбызды билгибиз келет», - деп айткан Каримов.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов (солдо) менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов (солдо) менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.

Ошондо эле Каримов Кыргызстан менен Тажикстан ГЭС курулуштарын коңшулары менен макулдашууга тийиш болорун, андай болбосо ортодон уруш чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирген.

Нарын дарыясы Өзбекстанга агып киргенде Кара-Дарыя менен кошулуп Сыр дарыя болуп кетет. Эксперттердин баамында "Камбарата - 1" ГЭСи - экономикага караганда саясатка көбүрөөк ыктаган долбоор, Өзбекстан менен өз ара карым-катышта Бишкекке таасир этүүгө мүмкүндүк берчү курулуш.

2012-жылы Бишкек орусиялык «РусГидро» компаниясы менен "Камбарата – 1" ГЭСин жана Нарындын жогорку агымында төрт ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон. Бирок төрт жыл илгери инвестордун ишти баштабай атканына нааразы болгон Кыргызстан келишимди жокко чыгарган. Ушу тапта тараптар эл аралык арбитражга даярданышууда. «РусГидро» долбоорго сарпталган 37 млн. долларды кайтарып алууну көздөп турат. Бишкек болсо каражаттар өтө эле кымбат көрсөтүлүп калган деп эсептейт.

Азыр эмне?

"Камбарата - 1" ГЭСин курууга кызыккан инвестор буга чейин чыга элек, ага карабай Бишкек Ташкенттин макулдугун алууга жетишти. Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин долбоорду ишке ашырууга катыша турганын ырастады.

2017-жылдын 6-октябрында «Узбекгидроэнерго» менен Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинги» долбоор боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Камбарата – 1 ГЭС курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык тууралуу Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинг» менен «Узбекгидроэнерго» компаниясынын өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу учуру. Ташкен, 2017-жылдын 6-октябры.
Камбарата – 1 ГЭС курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык тууралуу Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинг» менен «Узбекгидроэнерго» компаниясынын өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу учуру. Ташкен, 2017-жылдын 6-октябры.

​Андан бери бир жарым жыл өтсө да маселе ордунан жылбай турат. 20-февралда Өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев жакын арада Ташкентте долбоордун келечеги жөнүндө жумушчу топтордун ортосунда сүйлөшүү болорун билдирди.

Анткен менен, «Азаттыкка» белгилүү болгондой, азырынча тараптардын бири-бирине сунуш кыла турган эч нерсеси жок.

«Конкреттүү сунуштар азырынча биз тараптан иштелип чыга элек, өзбек тараптан деле сунуштар келип түшө элек. Аларды угуп, ошого жараша андан аркы аракеттер аныкталат», - деп Өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Эрмек Нуржанов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жумушчу топтордун жолугушчу күнү да азырынча тактала элек.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Казакстандын мурдагы премьер-министрлери
Казакстандын мурдагы премьер-министрлери

21-февралдын кечинде Казакстандын саясий айдыңы тездик менен өзгөрдү. Алгач президент Нурсултан Назарбаев "өкмөт кызматтан кетиши керек" деп кайрылуу жасады. Бир нече саат өтпөй министрлер кабинетинин отставкасын кабыл алды. Өлкөгө эми кандай өкмөт керек?

Сагинтаевдин өкмөтү "эки алды"

- Биздин президент - заманыбыздын улуу жаратманы! Казакстандын эли бүгүнкүсү менен келечегин Элбашы менен гана байланыштырат! Эки жарым жылдагы бийик ишеними үчүн Элбашы, президент Нурсултан Абишович Назарбаевге ыраазылык айтам, - деп Бакытжан Сагинтаев отставкасы жарыяланган күнү эле билдирүү жасады.

Бакытжан Сагынтаев менен кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев
Бакытжан Сагынтаев менен кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев

“Элбашы дайыма эл кызыкчылыгына карап чечим чыгарат” деп кошумчалаганына караганда командасына берилген бааны түгөл моюнга алган сыяктанды.

Мурдараак Назарбаев “системалуу иш жүргүзбөгөнү, социалдык маселелерди чече албаганы, элдин тапканынын көбү тамак-аштан артпай жатканы үчүн” бул өкмөт кетиши керектигин билдирген. Социалдык маселе дегенде 6-февралдан бери маал-маал уланып жаткан көп балалуу энелердин нааразылык жыйындарын айтууга болот. Андан мурдараак президент өкмөткө “коркоктор” деп да баа берген эле.

Сагынтаевдин ордун мурдагы биринчи вице-премьер Аскар Мамин убактылуу ээледи. Калган министрлер милдетин аткаруучу макамы менен турушат.

Аскар Мамин кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен
Аскар Мамин кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен

Боло элек өкмөткө берилчү тапшырма

Жаңы кабинеттин курамы азырынча белгисиз, бирок негизги милдеттери аныкталып калды. Тапшырманы президент Назарбаев 27-февралда, өзүнүн партиясынын курултайында жарыялайт:

- “Нур Отан” партиясынын жакынкы курултайында социалдык колдоону күчөтүү, элдин жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар чараларды сунуштайм. Бул үчүн бюджеттен жана улуттук фонддон аз эмес каражат бөлүнөт. Ал төмөнкү маселелерди чечүүгө жумшалат: Биринчи - аз камсыз болгондорго социалдык колдоону күчөтүү. Экинчиси - элдин аялуу катмарынын турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Үчүнчүсү - аймактарды өнүктүрүү саясаты олуттуу өзгөртүлөт.

Саясат талдоочу Ерлан Саиров бул чараларды кубаттайт. Бирок фонддон акча бөлүү менен гана карапайым элдин абалын жакшыртууга болбосун белгиледи:

- Элдин 4-5 пайызы гана жумушсуз дешет. Бул чылгый калп. Айыл жеринде жазында жана күзүндө гана жумуш бар, калган учурда бош. Айылда мугалим менен эле акимиаттагыларда иш бар. Башкасынын нак жумушу жок. Демек, социалдык абалды жакшыртуу үчүн айыл аймактарында чакан өндүрүштөрдү ачуу өтө өзөктүү. Анткени элдин 42% айылда. Кара жумушта иштегендер 50-70 миң теңгеден артык маяна ала албайт. Бүгүн алдыбыздагы эң негизги маселе жумуш, болгондо да сапаттуу жумуш орундары керек. Сапаттуу дегенде ар бир адамдын социалдык абалын жакшыртып, эртеңкисине каражат ашырууга мүмкүнчүлүк берүү.

Бауржан Байбек
Бауржан Байбек

Андай мүмкүнчүлүк кимдин колунан келет? Саясатчы Галым Байтук эки-үч гана министрди калтырып, калган өкмөттүн курамын толук жаңылоо гана эффект берет деген ойдо. Ал азыр оозго алынып, “өкмөт башына келип калышы мүмкүн” деп айтылып жаткан фамилияларды ортого салды:

- Бизге азыр абройлуу, экономиканы түшүнгөн адам келиши зарыл. Аскар Мамин болот деп айтууга болот. Абройлуу адамдардын арасында Имангали Тасмагамбетовдо (Казакстандын Орусиядагы элчиси) да мүмкүнчүлүк бар. Жаштардын арасынан жакында эле премьер-министрдин орун басары болгон, жумушту катыра иштеген Аскар Жумагалиев бар. Аймактардан келиши да ыктымал. Мисалы, Бауржан Байбек (Алматынын акими) да талапкер боло алат.

Имангали Тасмагамбетов
Имангали Тасмагамбетов

​Казакстандын азыркы абалында кандай команда келбесин жаңы өкмөт жаңылык киргизип, өзгөртүү жасарынан күмөн санагандар аз эмес. Алардын бири - саясатчы Владимир Козлов:

- Өлкөдө супер президенттик башкаруу. Өкмөттөгүлөр, премьер-министр дагы техникалык кызматкерлер. Алар бардык сөзүн “өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча” деп башташат. Президенттин тапшырмасы болбосо ал министрлер иштебечүдөй сезилет. Ушул эле президент, ушул эле башкаруу системасы турганда өкмөттү канчалык жаңылаба – майнап жок.

Ал эми оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов "Оппозиция катышкан, акыйкат жана атаандаштык шартында шайлоо өткөрүү керек. Ар бир партия өз программасы менен чыгып, жеңсе өкмөттү курасын. Ал программасын аткарууда максималдуу өз алдынча болушу шарт. Аларды президенттин аппараты башкарбашы керек. Өкмөттүн ишмердигин көзөмөлдөгөн кубаттуу механизм парламентте болгону дурус. Ошондо гана эффективдүү жана жоопкерчиликтүү өкмөт болот!" деп "Фейсбуктагы" барагына жазды.

Карапайым казакстандыктар мындай пикирде:

Казакстанда 1991-жылдан бери өкмөт кеминде 11 ирет алмашты. Советтик доордо өзү да Министрлер кеңешин жетектеген Нурсултан Назарбаев 30 жылга жакын убактан бери президенттик кызматта келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG