Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Борбор Азия

ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, Ирак, Тал-Афар, 30-август, 2017
ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, Ирак, Тал-Афар, 30-август, 2017

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде мекенине кете албай жаткан кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун Террорчулук жана контр-террорчулук боюнча программасынын директору Надим Хоури "Азаттыкка" маегинде билдирди.

“Азаттык”: Учурда Сирия менен Ирактагы чет өлкөлүк согушкерлердин үй-бүлөлөрүнүн тагдыры Борбор Азияда гана эмес, Батыш өлкөлөрүндө да талкууланып жатат. Алгач ушул маселенин масштабын түшүндүрүп бересизби? Сирия менен Иракта өз мекенине кайта албай жаткан чет өлкөлүк аялдар менен балдар канчалык көп?

Надим Хоури: Сирияда азыр чет өлкөлүк согушкерлер же алардын үй-бүлө мүчөлөрү деп эсептелген адамдардын арасында 47 өлкөнүн жарандары жүрүшөт. Алардын ичинде европалыктар, борбор азиялыктар, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Африкадан келгендери бар. Айтор, алар дүйнөнүн булуң-бурчундагы көп мамлекеттердин атуулдары. Ирак менен Сириядагы кырдаал бири-биринен айырмаланып турат. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн саясатына жараша.

Надим Хоури
Надим Хоури

Cирияны алсак, АКШ баштаган коалиция колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү чет өлкөлүктөрдү жоопкерчиликке тартпоону чечти. Алар эркектерди түрмөдө кармап, мамлекеттерди “өз жарандарыңарды алып кеткиле” деп жатат. Аялдар менен балдар Сириянын түндүк-чыгышындагы үч лагерде кармалып турат. Алар да жоопкерчиликке тартылган жок. Сириянын демократиялык күчтөрү өлкөлөргө кайрылып, аларды алып кетүүнү суранууда.

Саналуу өлкөлөрдү албаганда азыркыга чейин чет мамлекеттердин көбү өз жарандарын алып кетүүгө көңүлдөнбөй келген. Бирок биз өткөн айдан тарта атуулдарын алып кеткиси келгендер көбөйө баштаганын байкап жатабыз.

Иракта болсо абал башкача. Себеби Ирактын бийлиги чет өлкөлүк эркектер менен аялдарды сот жообуна тартабыз деп билдирген. Андай учурлар көп экенин көрүп жатабыз. Андыктан чоң кишилер соттолуп жатат. Ал эми 9 жашка чейинки өспүрүмдөрдү мамлекеттер алып кетсе болот. Бирок бул процесс жай жүрүп жатат. Ошентсе да көп өлкөлөрдүн Багдадда элчиликтери же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү болгондуктан алар балдарды алып кете алышат.

“Азаттык”: Сирия менен Ирактагы борбор азиялык согушкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу кандай маалыматыңыз бар? Сирияда канча борбор азиялык, алардын ичинде канча кыргызстандык кармалып турганы сизге белгилүүбү?

Надим Хоури: Менде Сириядагылар тууралуу айрым маалыматтар бар. Себеби мен ал жактагы аялдар менен балдардын лагерлерине барып келгем. Эркектердин санын билбейм. Бирок мен бир жыл мурда лагерлерге барганымда ал жерлерде Кыргызстандан кеминде алты аял бар эле. Балдары менен кошкондо алардын саны 18-20 киши болчу. Андан бери бул сан өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул алты үй-бүлөдөн башка эркектердин санын билбейм.

Казакстандыктардын саны көбүрөөк экенин билем. Жыл башында казак бийлиги Сириянын түндүгүнөн ондогон эркек, аял жана балдарды Казакстанга алып кеткени белгилүү.

Сириянын "Рож" лагериндеги босниялык балдар, 2018-жылдын декабрь айы.
Сириянын "Рож" лагериндеги босниялык балдар, 2018-жылдын декабрь айы.

“Азаттык”: Эгер ачык маалымат болсо, сиз кайсы лагерлерге баргансыз жана ал жактагы кыргызстандыктардын тагдыры эмне болгонун билесизби?

Надим Хоури: Чет өлкөлүктөр кармалып турганы лагерлер “Ал-Хол”, “Рож” жана “Аин Исса” деп аталат. Мен лагердегилердин ар биринин окуясын изилдебейм. Тил маселесинен улам кыргыздар менен сүйлөшө алган эмесмин. Алар “Рож” лагеринде болчу. Мен алар дале ошол лагерлерде деп ойлойм. Адатта мындай лагерлерге түшкөндөр өз мамлекеттери алып кеткенге чейин ал жактан чыгышпайт. Албетте, муну так кесе айта албайм. Бирок алар дале лагерде деп ишенем.

Бул бир жыл мурда болчу. Алардын саны көбөйүшү мүмкүн. Себеби акыркы жумаларда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан жаңы жерлер тартылып алынды.

“Азаттык”: Бул лагерлерди "Сириянын демократиялык күчтөрү" көзөмөлдөйбү?

Надим Хоури: Ооба, бул лагерлер Сириянын демократиялык күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн Сириянын түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан. Алар утурумдук лагерлер, ал жактагылар чатырларда жашашат. Аялдар менен балдар лагерлерде ээн-эркин жүрө беришет. Бирок анын чегинен сыртка чыга алышпайт.

Лагерлерде шарт оор эле. Сириядагы башка лагерлерде деле абал ушундай. Аба ырайы тез-тез өзгөрүп турат. Кышкысын абдан суук болсо, жайкысын өтө ысып кетет. Медициналык жардам жетишпейт. Дарыгерлер лагерлерге маал-маалы менен келип турушат. Бирок ымыркайга операция жасоо керек болсо же дагы бир кесипкөй жардам зарыл болсо, алар узак убакытка күтүүгө туура келет.

Лагердегилердин көбү өспүрүмдөр. Алардын көбү алты жашка чыга элек. Ал жайларда бир оору чыкса, өспүрүмдөр арасында канчалык тез жайылып кетерин элестетип көрүңүз. Мен барганда сарык оорусунун эпидемиясы жүрүп жаткан. Кургак учуктан жабыркагандар да бар эле. Алар бейтаптарды дарылаганга аракет кылып жатышат. Бирок бардык нерсе колдон келбейт.

Мындан тышкары балдарды окутууга да мүмкүн болбой жатат. Эгер алар узак убакытка кармала турган болсо, анда алардын билим алуу укугу бизди камтама кылат.

Ирактагы Ал-Хазар лагери, 27-октябрь 2016-жыл.
Ирактагы Ал-Хазар лагери, 27-октябрь 2016-жыл.

“Азаттык”: Сиз алдыда айтып өткөндөй, айрым мамлекеттер Сирия менен Ирактагы жарандарын көзөмөлдөнгөн тартип менен артка алып келүүгө аракет кылып жатышат. Кайсы өлкөлөр атуулдарын, өспүрүмдөрдү артка кайтарууга көбүрөөк кызыкдар болуп жатат?

Надим Хоури: Декабрь айына чейин саналуу өлкөлөр гана өз балдарын алып кеткен. Орусия бир канча аял жана балдарды алып кеткенин көргөнбүз. Индонезия, Судан да жарандарын артка кайтарган. АКШ эки балалуу америкалык аялды алып кеткенин билебиз.

Америка Сириянын түндүк-чыгышынан аскерлерин чыгараарын жарыялагандан кийин атуулдарын алып чыгууга кызыккандар көбөйдү. Январь айынын башында Казакстан 40тан ашык жаранын учак менен алып кетти. Алардын отузга чукулу балдар. Буга чейин анчейин көңүлдөнбөй келген Франция да атуулдарын Сириядан алып кетерин жарыялады. Бирок бул азырынча ишке аша элек. Өлкө ичинде талкууланып жатат. Андыктан жылыш байкалууда.

Биз, “Хьюман Райтс Уотч” уюму, албетте, согуштан жабыркаган балдарды алып кетүү жараянын колдойбуз. Чоңдорду да алып кеткен туура болот. Себеби адамдар мыйзамдуу сот болбостон, кармалбашы керек. Анын үстүнө Сириядагы жергиликтүү бийлик чет өлкөлүк жарандарды жоопко тартууга кызыкдар эместигин билдирип жатат.

Биз мамлекеттер өз атуулдарын алып кетсе дейбиз. Себеби эгер чоңдор кылмыш кылган болсо, алардын иши сотто каралышы керек. Алар кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы зарыл. Балдарга келсек, аларды коомго кайра аралаштыруу аракетине муктаждык бар.

Себеби алардын көбү согуштан жабыркаган, бейкүнөө жандар. Аларды балким ата-энелери алып кетишкен же алар ошол жакта төрөлүшкөн. Аларга үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү менен байланышууга жана өз жашоосун түзөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.

“Азаттык”: Сирия менен Иракка кеткендерди кайтарып келүү көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кайчы пикирлерди жараткан маселе. Айрымдар аларды алып келүүнү колдосо, кайсы бири бул адамдар өз эрки менен экстремисттик топтун катарына кошулганын айтып, аларга жардам берүүнү кажети жок дешет. Бул маселе боюнча пикириңиз кандай? Өз эрки менен террордук топко кошулгандарга кандай мамиле жасалышы керек?

Надим Хоури: Менимче, бул абдан маанилүү маселе. Элдин тынчсыздануусун түшүнсө болот. Бирок мен ар бир адамга өзүнчө мамиле кылынышы керек деп ойлойм. Эгер кимдир бирөө кылмыш жасаган болсо, мен Кыргызстандын же Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн мыйзамдарын билбейм, бирок көп өлкөлөрдө террордук топко кошулуу кылмыш деп саналат. Дүйнөнүн көбүндө ушундай.

Андыктан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна чындап кошулгандарды же бул топ менен бирге кылмышка баргандарды сот жообуна тартып, абакка кесүүгө болот. Өспүрүмдөр сыяктуу эч бир кылмышка аралашпагандар же күйөөсү үчүн эле Сирияга келип калгандар болсо, аларга коомго кайра кошулууга мүмкүнчүлүк берилгени жакшы. Албетте, ар бир адамдын жоопкерчилигин аныктай алган сот системасы болсо, ар бир кишинин кадамына ар башкача баа берилиш керек. Адамдардын жоон тобун бирдей эле айып менен жоопко тартып кое албайбыз. Анткени ар биринин аракети ар башкача.

Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.

Балким араларында үрөй учурган кылмыштарды жасагандары бар чыгаар. Андайлар узак убакытка түрмөгө кесилиши керек. Балким айрымдарды мажбурлап алып келишкендир. Коом аларга ырайымдуулук менен мамиле кылышы зарыл. Себеби алар өз эрки менен кошулган жок. Келгенден кийин чыга албай калышты.

Албетте, мен алардын адвокаты же психологу эмесмин. Ар бир адам эмне ойлоп жатканын биле албайм. Бирок ар бир адамдын ишине өзүнчө баа берүү – бул сот системасынын башкы принциби. Аны ишке ашыруунун негизги жолу – бул ар бир адамдын ишин өзүнчө сотто кароо.

“Азаттык”: Балдар жөнүндө айтып кетпедиңизби, Сирия менен Ирактагы кезинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн аймактарда 2014-жылдан бери далай наристелер жарык дүйнөгө келгени бышык. Араларында томолой жетимдери да бар. Алардын тек-жайын кантип аныктоо керек? Бул чоң маселеби?

Надим Хоури: Бул кыйынчылык, бирок чоң көйгөй эмес. Түшүндүрүп берейин. Көпчүлүк ата-энелер “булар менин балдарым, алар бир нече жыл мурда төрөлгөн” деп айта алышат. Аларды эң жөнөкөй эле ДНК тести менен аныктаса болот.

Эл аралык нормаларга ылайык, ар бир наристе жарандыкка укуктуу. Атуулдугу жок наристелер болбошу керек. Мындай тесттин жардамы менен кайсы бир наристени кайсы бир казак же кыргыз жаранынын уул-кызы деп аныктоого болот.

Эгер ал балдардын ата-энелери өлүп калган болсо, чоң ата, чоң энелеринин ДНКсынын жардамы менен туугандык байланышты табууга мүмкүн. Мындайды көрүп жатабыз. Ал наристелердин жанында баланын тек жайын билген, бирок аларга туугандык байланышы жок чоңдор да болушу мүмкүн.

Айтор, бир да бала ара жолдо калбашы керек деген принцип алдыңкы планда турушу керек. Айрым адамдар аларды убагы келгенде жарыла турган бомбага салыштырышат. Бирок наристелердин күнөөсү жок. Алардын айрымдары өтө эле жаш. Ооба, айрым учурда аларга психологиялык жардам керек. Бирок алар согуштан запкы жегендер экенин унутпашыбыз керек. Ар бир коомдо аларга карата тилектештик болушу кажет.

Ирак сотундагы КМШ жарандары.
Ирак сотундагы КМШ жарандары.

“Азаттык”: Ирактагы кырдаалды да сурай кетейин. Жакында эле тажикстандык беш аял “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы үчүн Иракта өмүр бою абакка кесилди. Сиздердин байкооңуздар боюнча, мындай соттор канчалык мыйзам чегинде өтүп жатат?

Надим Хоури: Биз мындай соттук териштирүүлөрдүн айрымдарына катышканбыз. Андан соң бул маселеге байланыштуу сын-пикирибизди айтканбыз. Биринчиден, сот абдан эле тез бүтөт. Адатта 10 мүнөттүн ичинде чечим чыгат жана өкүм өтө эле катаал болот. Террордук топко кошулду деп айыпталган эркектер менен аялдар өмүр бою түрмөгө кесилип, өлүм жазасына да өкүм кылынышы мүмкүн.

Иштерди карай келгенде көп учурда далилдер чектелүү экенин көрөбүз. Мисалы, бир аял соттолуп жатса, ал кайсы согушкерге турмушка чыкканын, “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп-кошулбаганын гана карашат.

Ал аял эч качан террордук топтун катарында согушпаса да, “ИМ” тобунун согушкерине турмушка чыкканы үчүн эле же жесир калгандан кийин жетим-жесирлерге берилүүчү жөлөк пул алганы үчүн эле өмүр бою абакка кесилип кетиши мүмкүн. Биз өкүмдөр өтө катаал деп эсептейбиз.

Кандуу кылмыштарга баргандар же “ИМ” тобунун катарында согушкандар менен согушкерлерге турмушка чыккандардын ортосунда айырма болушу керек. Ар бир адамдын кадамдарына өзүнчө баа берилиши зарыл.

Айрым аялдар чындап эле экстремист жана кооптуу болушу мүмкүн. Кайсы бири андай эмес. Биз “күйөөм балдарымды алып кетем, балдардан ажырагың келбесе, мени менен кел деп коркутканынан бул жакка келдим” деген аялдарды көрдүк. Биз алардын айткандарынын чын-төгүнүн билбейбиз.

Бирок биз аны сот аныктап чыкканы туура болот деп эсептейбиз. Жаза ошого жараша, ар бир кишинин кадамдарына жараша берилиш керек. Бирок мындайды Иракта көрө алган жокпуз.

Иракта кыска убакытка созулган соттордо айыпталуучулардын баары эле катаал жазага кабылып жатат. Алардын көбү тил билбегендиктен сотто эмнелер айтылып жатканын деле түшүнүшпөйт. Аларга адвокаттар сотко саналуу күн калганда гана бөлүнөт.

“Азаттык”: Сирия менен Ирактагы жакындарын же алардын балдарын кайтаруу үчүн жардам сурап жаткандар бар. Алар эмне кыла алышат?

Надим Хоури: Иракта балким абал жеңилирээк. Алар өздөрүнүн Багдаддагы элчиликтерине кайрыла алышат. Ал элчиликтер кимдер кармалып турганын аныктоого жардам бере алышы мүмкүн. Ооба, Иракта согуштук аракеттерге катышты делген чоңдор жоопко тартылып жатат. Бирок алардын балдары тууралуу маалымат алышса болот.

Сирияда болсо жергиликтүү бийликтер мамлекеттер менен гана иш алып баргысы келишет. Мисалы, Кыргызстандагы чоң ата менен чоң эне Сириядагы неберелерин өздөрү кайтарып келе алышпайт. Бийликке кайрылганы туура болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Мундузбек Табалдиев Москвада дүкөн иштетет.
Мундузбек Табалдиев Москвада дүкөн иштетет.

Москвадагы кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, азыноолак акчасын жеке ишкердикке жумшагандар бар.

Суусамыр менен Алайдын кымызы. Өзгөндүн күрүчү. Жети облустан келген балдын түрү, эт-чучук, улуттук суусундуктар жана башка азыктар.

Москванын Волгоградский проспект метросундагы «Халял маркет» же «Адал дүкөндө» дал ушул азыктар сатылат.

Нурбек Аширбаев
Нурбек Аширбаев

"Такси айдап эле жүргөнгө болбой калды"

Дүкөн иштеткен Нурбек Аширбаев 17 жыл ичинде куруучу болгон, жүк ташып, такси айдап да көргөн. Анан азыноолак акча топтоп, эки досу менен чогуу иш баштаган.

- Эки досум көптөн бери базарда эт менен иштеп жүргөн. Анан ушул дүкөндү ачып, кыргыз товарларын сатууну чечтик. Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр менен WhatsАpp, Skype аркылуу эле байланышып, алар товарларын жөнөтүп жатат. "Тан", "Шоро" суусундуктары, минералдык суу, чучук, кыямдын түрү келип жатат. Дүкөндүн аты айтып тургандай бизде мусулмандар жеген азык-түлүктөр эле сатылат. Этти азырынча Татарстандан алып жатабыз.

Дүкөн Москванын түштүк-чыгышындагы өндүрүштүк аймакта жайгашкандыктан анча белгилүү эмес.

Бирок Нурбек мекендин азыгын сагынгандар бири-биринен угуп эле издеп келишерин айтып, бара-бара кардарлар көбөйөт деген үмүттө.

- Дүкөн ачууга 300 миң рубль каражат салдык. Соода акырындан жүрүп жатат. Адамдар кеч курун, иштен кийин келет. Күнүнө 30-40тай адам соода кылып жатат. Жергиликтүү орустар деле кирип, кызыгып калышат. Кыргыздардын товарларын өткөрүү үчүн эми мындай дүкөндөрдү көбөйтүү гана керек.

Москвадагы «Халял маркет»
Москвадагы «Халял маркет»

​Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл төртүнчү жылга аяк басты. Башында 180 миллион эли бар орус базары кыргызстандыктар үчүн эшигин кенен ачары убада кылынганы менен кыргыз ишкерлери өндүргөн товарлар чек арадан өтө албай, ал тургай кайра артка кайтарылууда.

Мындай шартта айрым мекендештер кыргыз товарларын алып келүүнүн жолун таап, көп учурда товар эмес, бирөөнүн жүгү катары автобус, поезд же жүк ташыгандардан алдыртып, сатыкка чыгарып келет.

Бул «Халял маркет» Москвада кыргызстандыктар иштеткен төртүнчү дүкөн. Миң түркүн буюм сатылган кийинки дүкөндүн ээси да ата мекендик тикмечилерди колдоп келет.

"Ишкердикти үч миң рубль менен баштагам"

«Ишкердикке башкы салым - убакыт менен мээнет» дейт бир топ жыл мурда Баткенден Москвага кадимки мигрант болуп келип, тиричилик буюмдарын саткан дүкөндүн 34 жаштагы ээси Мундузбек Табалдиев.

Мундузбек Таабалдиев
Мундузбек Таабалдиев

Каарманыбыз чет жерде көчүп-конуп иштеп жүргөн мигрантка керектүү нерселерди чоң базарлардан дүңүнөн сатып алып, кардарларга үйүнө чейин жеткирип берет. Мындай кызматты ал эки жыл мурда уюштурган.

- Москвада жүргөнүмө көп болду. Метродо ары-бери жүрүп, павильондо байпак саткан кыргыз эже менен сүйлөшүп калчумун. Ал «бүгүн 50-100 миң рублга соода кылдым» деп айтканын көп уктум. Анан ошол эжеден 3 миң рублга товар алып, Арбатский метро станциясында үч айдай байпак саттым. Ага чейин «Спортмастер» деген дүкөндө иштеп калгам. Анан досум менен бирге иш баштап, ал оңунан чыкпай калып, ары-бери басып эле жүрчүмүн. Соодага киришкенден кийин эл ичинде жүрүп, элге эмне керек экенин байкайт экенсиң. Азыр айына жок дегенде Москвада орточо элүүдөй матрац сатам. Матрац, жууркан, манты казан, казан өтүмдүү товар. Дүкөндө андан башка деле товардын түрү толтура. Баасы кыйла арзан. Мурун Интернет аркылуу жарнама кылып, заказ түшсө, өзүм батирлерине чейин жеткирип барчумун. Дүкөндү ачканыбызга эки жыл болду. Эки-үч курьер жалдагам. Күнүүнү 20дай кардарга товарын жеткиребиз. Мекендештердин көбү күндүз иштейт. Дүкөн кыдырганга убактысы жок. Күнүмдүк турмушка керектүү нерсени кечинде таппай калышат.

Орусияда жалданып иштеп жүрүп, акча табуунун жолун өздөштүргөн, чакан ишкердикке ык алган каарман «идея табыш оңой эле» дегендердин бири. Башкысы, «бирөөгө иштегенди каалабасаң, өзүң үчүн эки-үч эселеп иштөөгө даяр болушуң керек», - дейт ал.

Миң түркүн кыргыз дүкөнү
Миң түркүн кыргыз дүкөнү

Мундузбек Москвада бир гана алып-сатуу менен алектенбестен, Кыргызстанда жасалган товарларды да орус калаасында жайылтуу аракетинде.

- Кыргызстандан азыкүлүк, жуурканөшөктөр келет. «Карго» кызматы аркылуу бир килограммына 20 сомдон төлөйбүз. Бишкекте байланыштарыбыз бар. Алар да жөнөтөт. Биз, албетте, бул жактан кымбатыраак сатабыз. Ижара акы, жумушчулардын айлыгы чыгып, өзүбүзгө пайда түшүшү керек. Бирок, Кыргызстандагы элге да пайдасы тиет. Алар жасаган нерсесин бизге салып жиберип жатат. Биздики эми чакан эле иш. Чоң масштаб үчүн соода алакасы мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Бул деле жакшы нерсе. Акырындык менен эл көнөт. Бирок тажиктерди карасаңыз. Алар чакан дүкөндөрдү ачып, кургатылган жемиштерди сатып жатып, Москваны алып коюшкан. Эч кимди бул тармакка киргизишпейт.

Сооданы эки жыл мурда 3 миң рубль менен баштаган мекендеш биз сүйлөшкөн жарым саатта эле бир үй-бүлөгө төшөнчөсү менен курама бешик, бирине курут, кийинкисине эки чемодан, дагы эки адамга казан сатууга үлгүрдү.

"Мекендештерге түнөк жай берем"

Ош облусундагы Мады айылынан «жакшы жашоо» издеп, он жыл мурун келген 34 жаштагы Жоодарбек Төрөбеков Москвада мекендештер үчүн хостел иштетет. Чоң шаарда ар түрдүү кырдаалга туш болуп, бир күндүк түнөк таппай калгандар үчүн бул жатакананын акысы арзан.

Жоодарбек Төрөбеков
Жоодарбек Төрөбеков

​Орус калаасында үйлөнүп-жайланып, очор-бачарлуу болуп калган мекендеш топтогон акчасын бул ишке жети өлчөп, бир кесип анан салган экен.

- Ойлонуштуруп көрсөк, биздин жердештерге ушундай жатакана жетишпейт экен. Кыргызстандан келип кеткендер бар, бул жакта батир тапкыча убактылуу жай издегендер жолугат, ар кандай акыбалга дуушар болуп, түнөп кеткен жерге муктаж болуп калгандар болот. Буга кошумча, жатаканада жашагандарды акысыз миграциялык каттоого коебуз. Жатакана Москванын борборунан четте болгондуктан, ижарасы акысы анча кымбат эмес. Бул өзү бош, каралбай калган жай болчу. Бир миллион рублдан ашык акча салдык. Өзүбүз оңдоп-түзөп, бөлмөлөргө бөлүп, жасап чыктык.

Волгоградский проспект метросунда жайгашкан «Мари» хостели азырынча эркек кишилер үчүн иштеп жатат. Ага жүк ташып, узак жолдо жүргөндөр, жакынкы соода түйүнүндө иштегендер менен таксисттер токтошот. Эми Жоодарбек мекендештердин суроо-талабына жараша үй-бүлөлүү адамдарга, аялдарга да атайын орундарды түзүү аракетинде.

Жатаканада жалпысынан 160 орундук 20 бөлмө бар. Бир айлык акысы - 5400 рубль, күнүнө -180 рубль.

Жатакананын ашканасында
Жатакананын ашканасында

​Көбүнчө келгиндер топтолгон жатаканада коопсуздук маселеси тыкыр көзөмөлгө алынат. ​Жоодарбектин айтымында, Орусиянын Коопсуздук кызматтарынан, ИИМден атайын уруксат кагаздары алынып видеокөзөмөл орнотулган.

Чет жерде мигранттык турмуштун ысык-суугун баштан өткөргөн ишкер жердештерге кол сунуудан да баш тартпайт:

- Жакында эле Москвага ортомчу ишкана аркылуу келип, «эмгек кулчулугуна кабылдык» деген мекендештерибизге жардам болсун деп, аларды ушул жерге жайгаштырдык.

Кошумчалай кетсек, өткөн декабрь айында Бишкектен ортомчулар аркылуу Москванын четиндеги LG компаниясына ишке жөнөтүлгөн 22 кыргызстандык иш таштаган. Алар кыргыз коомчулугунун жардамы менен иш тапканга чейин ушул жерде жашап турушкан экен.

«Мари» хостели
«Мари» хостели

"Москваны тамшантуу кыйын..."

300-400дөй миңдей кыргызстандыкты коюнуна батырган Москвада кыргыздардын элүүдөй ашкана жана чайханасы бар. Керели-кечке иште жүрүп, кечкисин чакан батирге түнөш үчүн гана кайткан мекендештердин көбүнө мындай ашкана-чайханалар тааныш-тууган, жердештер менен жолугуп, сүйлөшүп, чер жазуучу жай болуп калган.

Орус калаасында имаратты ижарага алып, жумушчу жалдап, кафе иштетүү деле оңой түйшүк эмес. Москванын өзүндө кафенин миң түрү турганда атаандаштыкка туруштук берүү чеберчиликти талап кылат.

"Аль-Баракат" кафеси
"Аль-Баракат" кафеси

Алардын ичинде Анзират Тасмаеванын ашканасы майда мантысы менен элге белгилүү. Тамактын Москвада кездешпеген түрүн сунуштоо менен ишкер айым кафеге кардар тартат.

- Өзүм жалалабаддык болгонум менен, атамдын кызматына байланыштуу Ошто төрөлүп-өскөм. Ошол майда манты менен эле чоңойгонбуз. Москвага келгениме беш жыл болуп калды. Быйыл Кыргызстанга биротоло кеткем. Анан Бишкек, Ошто жүрүп, ушул майда манты менен элди тартса болот турбайбы деп чечтим. Москвага кайтып келип, ушул жайды алып, ишке кириштим. Бишкекте деле, Москвада деле адамдарды бир нерсе менен кызыктыруу кыйын. Тамактар «дүжүр». Анан ашкана ачып алсак, конокторду туруктуу чакыра албайбыз, башка жерде болбогон бир даам киргизиш керек деп чечтик. Нокот шорпобуз да бар. Аны да Ошто бала кезде ичип жүргөнбүз.

Москвалык мекендештерди тамшандырып, издеттирип келген майда мантынын жасалышы эң жөнөкөй, арзан дагы.

- Майда мантыны таластык эжелерге үйрөтүп койдум. Таластыктар камырды үлпүлдөтүп жакшы жаят эмеспи. Өзүм сапатын карап турам. Муну жасоо колду кармайт, майда иш. Бирок туз, суу, картошка, камыр менен гана жасалат. Өтө арзанга түшөт. Бир порциясы 100 рубль турат. Аял кишиге бир порция жетет. Эркек киши эки-үч порция же жарым килограмм алса болот.

Анзират Тасмаева
Анзират Тасмаева

Москвага беш жыл мурда көр тириликтин айынан келген Анзират адегенде кафеде жалданып иштеген. Эми алты мекендешти иш менен камсыз кылат.

- Москвага биринчи келгенимде москвалыктардын «Тодасе» кафесинде идиш жууп иштегем. Ашкана сырын бат эле түшүндүм. Өзүмдүн агамдын кафеси бар болчу. Жаш кезде кирип-чыгып, идиш-аягын жууп, карап жүрчүмүн. Кийин ашпозчулукка окуп алгам. Ошол себептүү бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Негизи айлык менен көпкө иштей албайм. Өзүңө өзүң иштегенде гана мээнетиң берекелүү болот деп ойлойм.

"Кыргыз эли той-топурга жакын, чогулуп алып тамактанганды жакшы көрөт" деген мекендеш конокторду өзү тосуп, ашкананы да өзү башкарат.

- Кыргыздар чогулуп алып, аш үстүндө отурганды жакшы көрөбүз. Жердешчилик күчтүү да. Колдоо көрсөтүп, тынбай келип жатышат.

Өзүнүн колунан келген нерсени өрчүтүп, жоктон бар кылып, ашкана иштетип жаткан ашпозчу мекендештердин колдоосуна ыраазы.

"Кинотеатр ачкыча куруучу айым болуп кала жаздадым"

Кийинки мекендешибиз Венера Токторова Москвада өнөктөштөрү менен бирге «Манас» кинотеатрын иштетет. Бул жерде мекендештер кыргыз киносундагы жаңылыктар менен таанышып, коомдук маданий иш-чаралар өтүп турат. ​

Венера Токторова, "Манас" кинотеатры
Венера Токторова, "Манас" кинотеатры

- 85 орундук залыбыз бар. Ачылгандан бери Кыргызстанда чыккан кинотасмалардын баарын көрсөтүп жатабыз. Продюссер, режиссерлор байланышка чыгып, өздөрү да сунуштап жатат. Бишкектен актерлорду конокко чакырып, Москвадагы эл менен жолугушууларды уюштурдук. Мекенди сагынган кыргызстандыктар келип, ыраазычылык билдирип жатышат. Андан тышкары былтыр залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Москвадагы коомдук уюмдардын иш-чараларын өткөрүп бердик. Айылдык, облустук коомдор чогулуштарын өткөрдү. Айрым иш-чараларды акысыз да уюштурдук. Бул биз үчүн сыймык.

Чакан да болсо Москвада кинотеатр ачуу оңойго турган эмес. Үч бизнес өнөктөш кинозалдан тышкары конокторго чай-кофе сунуштаган фойе менен чакан мейманкана да ачып коюшкан.

- Бош, көптөн бери каралбай калган имаратты ижарага алганбыз. Жок жерден аны кинотеатрга айланттык. Оңдоп-түзөө иштерине үч ай кетти. Аял болгонума карабастан, курулушту жакшы эле түшүнүп калдым окшойт. Өзүбүз тазалап, сырдап, баарын жасадык. Жалпысынан 5 миллиондой акча короттук. Азыр «шүгүр», ишибиз жүрүп жатат. Кыргызстандан Москвага иш менен убактылуу, тойго келгендерди да мейманканабызда тосуп жатабыз.

Венера Токторова өзү Орусияга он жыл мурда келген. Биринчи жылдары кары-картаңдарды багып, дүкөндө сатуучу, кийин сулуулук салондорунда администратор болуп иштеген. Мурдатан ишкердик кылууну эңсеген мекендеш бирөө менен чогуу иш баштаганда «өнөктөшүңө өзүңдөй ишенүү керек» деп кеңеш берди.

- Өзүм жалгыз боймун. Алгач иш баштаганда «акчамды бизнеске салып, банкрот болуп, кызым менен ачка каламбы» деп кыжалат болуп жүрчүмүн. Былтыр бизнес өнөктөшүм Азамат Абылгазиев «кинотеатр ачалы» деп сунуш киргизгенде дароо макул болдум. Азыр үчөөбүз бирге иштеп жатабыз. Алар ишеничтүү болгондуктан, иш шыр кетти. Албетте, бир жерде айлык күтүп отургандан көрө өзүңө иштесең, ишеним, дем-күч пайда болот экен.

Соңку жылдары Орусияда иштеген кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, өз алдынча жеке ишкердикке, өнөктөштүккө умтулуп, тапкан акчасын максаттуу колдонууга аракет кылган мекендештердин жаңы толкуну пайда болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG