Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Борбор Азия

Иракка кеткен аялдар өмүр бою кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:06 0:00

АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын америкалык күчтөрдү Сирия менен Ооганстандан чыгаруу планына каршылыгын билдирди. Иракта тажикстандык дагы беш аял "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою абакка кесилди.

"Түндүк электр" ишканасынын кызматкери кабелдерди орнотуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкери кабелдерди орнотуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги “УМ Левел” аттуу фирма "Түндүк электр" ишканасынан уткан тендердин 4 миллион сомдой каражатын ала албай жатканына даттанып чыкты. Бирикменин өкүлдөрү маселе боюнча органдарга кайрылып, бирок майнап чыкпай жатканын айтышууда.

Алар буга "Түндүк электрдин” жетекчиси Искендер Кадыркулов атайын кызматтын башчысы менен бир тууган болгону үчүн таасирин көрсөтүп жатат деп жүйө келтиришет. Мамлекеттик ишкана болсо бул дооматтарды четке кагууда.

Иштин төркүнү

Мындан дээрлик бир жылдай мурда өткөн тендерге байланыштуу талаш-тартыш менчик фирманын даттануусунан кийин ачыкка чыкты.

“УМ Левел” фирмасынын расмий өкүлү Акжол Умурзак уулу билдиргендей, "Түндүк электр" ишканасы 2018-жылдын 16-февралында Мамлекеттик сатып алуу порталы аркылуу үч түрдүү электр кабелин алууга тендер жарыялаган.

111 миллион сомго жарыялаган сынакты аталган фирма 106 миллион 666 миңге утуп алган. Тараптар келишим түзүп, товарлар былтыр август айына чейин жеткирилип берилген. "Түндүк электр" ишканасы фирманын акысын төлөгөнү менен 3-4 миллионго сомго жакын каражатын бербей койгон.

Акжол Умурзак уулу мамлекеттик мекеме кабелдердин сапатын өндүрүүчү фирма тастыктаган жок деген доомат койгонун айтты:

- Биз товарларды Орусиянын Пермь шаарында жайгашкан “Камский кабель” заводунан алмакпыз. "Түндүк электр" ишканасы бул заводдон чыгарылган кабелдин изоляциясы австриялык Borealis” компаниясынын продукциясынан жасалганын тастыктап беришибизди талап кылды. Ал тастыктаманы алыш үчүн, биз “Borealis” компаниясынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө кат жаздык. Алар “биздин кызматкерлер Пермь шаарына бара албайт, бирок “Камский кабель” кабелди “Borealis” компаниясынын изоляциясынан жасай турганын тастыктайбыз” деген кат жиберишти. Ал катты “Түндүк электр” ишканасына берип, “Borealis” тастыктады” десек, алар “бул жетиштүү эмес, алар ошол жерге барып тастыкташ керек болчу" деп кине коюшту. Эми ойлонсоңор, биз килейген компаниянын адистерин ал жерге барууга кантип милдеттендире алабыз? Алар мына ушуну бетке кармап “келишимди толук аткарган жоксуңар” деген негизде акчабызды толук бербей жатат. Кепилдик салым катары биз берген 2 миллион 200 миң сомду жана дагы 1 миллион 500 миң сомду бербей кармап турушат.

“УМ Левел” фирмасынын өкүлү ырастагандай, алар калдык сумманы алыш үчүн тиешелүү органдардын бир тобуна кайрылышкан. Бирок бул аракеттер маселени чечүүгө жардам берген эмес. Жеке компания буга көмүскө жагдайлар себеп болуп жатат деп күмөн саноодо.

"УМ Левел" менен "Түндүкэлектрдин" келишими.
"УМ Левел" менен "Түндүкэлектрдин" келишими.

Ал "Ишкананын директору Искендер Кадыркулов атайын кызматтын жетекчиси Идрис Кадыркуловдун бир тууганы экенин, бул жагдай ишти басып коюуга таасир этип жатышы мүмкүн" деп күмөн санайт.

- Мыйзам боюнча биз жумушту толук аткарып бүткөндөн кийин үч ай ичинде “Түндүк электр” ишканасы акчаны толук төлөп бериши керек. Азыр болсо жетинчи айга кирип баратат. Биз аларга бир нече жолу барып, “мыйзам чегинде акчабызды толук бергиле” деп талап кылсак, ал жерде иштеген балдар “бизде чымын учса да гендиректор Кадыркуловдун каалоосу менен болот” дешти. Директор Искендер Кадыркулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун бир тууган агасы. Ал биздин ошол эле финполиция же башка органдарга жазган арыздарыбыздын каралышына таасир этип, биздин өтүнүчтөр таптакыр каралбай калууда. Башкача айтканда, алар бизди атайылап тоготпой, “колуңардан эмне келет” дегендей мамиле жасап жатышат, - деди “УМ Левел” фирмасынын расмий өкүлү Акжол Умурзак уулу.

​Бул факты боюнча "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун директору Искендер Кадыркуловдун өзүнөн комментарий жана Идрис Кадыркулов анын бир тууганы экени тууралуу тастыктама ала алган жокпуз.

"Түндүк электр" мемесинин басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева жетекчиси Кадыркуловдун бул ишке жеке кийлигишип жатканын төгүндөдү. Ал бул билдирүүнү “көңүл бурдуруу үчүн жасалган аракет” катары гана сыпаттады.

Мураталиеванын айтымында “УМ Левелдин” каражаты алар айткандан башка себептерге байланыштуу кармалып жатат.

- Ток өткөргүчтөрдүн сапаты жана аны жеткирүү боюнча келишимдеги бир топ шарттарды бузганына карабай "Түндүк электр" ачык акционердик коому жеткирүүчү тарапка акча каражатын кечиктирбей төлөп берген. Бир гана келишимди аткарууну камсыз кылган кепилдик төлөмүн (2,2 млн. сом) жана калган 1,5 млн. сомду алып калган. Буга жеткирүүчү фирманын шектүү эсеп-фактураны көрсөткөнү себеп болгон. Учурда бул эсеп-фактуралар Салык кызматы тарабынан жокко чыгарылган. Финансы полициясынан “УМ Левел” ЖЧКсы салык төлөөнү (12%; КНС) жашырганы боюнча "Түндүк электр” ААКына суроо-талап келген. “УМ Левел” 10 млн. сомдой кошумча нарк салыгын төлөбөй коюшкан. Буга байланыштуу аталган сынакка тиешелүү материалдар Финансы полициясына өткөрүлүп берилди.

"Түндүкэлектр" ишканасынын көрнөгү
"Түндүкэлектр" ишканасынын көрнөгү

"Түндүк электр" ишканасынын өкүлү келтирген бул маалыматты Салык кызматынан жана Финансы полициясынан тактоого мүмкүн боло элек. “УМ Левел” фирмасынын кызматкерлери болсо кеп болуп жаткан айыптоолор аларга карата куугунтуктун бир бөлүгү экенин айтып түшүндүрүүдө. Ошондой эле салыктарын мыйзам талап кылгандай төлөшкөнүн айтууда.

Татаалдашкан жагдайлар

Бул арада Мамлекеттик сатып алуулар департаменти кеп болуп жаткан “УМ Левел” фирмасынын тендерлерге катышууга эки жылга тыюу салды. Буга кайра эле "Түндүк электр" ишканасынын арызы себеп болгон.

Департаменттин даттануулар жана жазаналар-санкциясы бөлүмүнүн башчысы Съездек Сарыбаев буларга токтолду:

- Ишенимсиз (ак ниет эмес) аткаруучу фирмалардын базасына “УМ Левел” ЖЧКсы алардын буюртмачысы - "Түндүк электр" ишканасынын кайрылуусунун негизинде кирген. "Түндүк электр" катында аталган фирма жалган маалыматтарды берген деген кине койгон. Алардын катын көз карандысыз мекемелер аралык комиссия карап, ушундай чечим кабыл алган. Ага ылайык “УМ Левел” эми 2020-жылдын аягына чейин тендерлерге катыша албайт. Бул тизме көбөйүп-азайып турат, башкача айтканда тыюу салынган мөөнөтү бүткөн фирмалар андан чыгарылып турат. Учурда бул тизмеде 100дүн тегерегинде ишкана, фирмалар бар.

"УМ Левел" менен "Түндүкэлектрдин" келишими.
"УМ Левел" менен "Түндүкэлектрдин" келишими.

“УМ Левел” болсо тендер боюнча аларды “кара тизмеге” киргизүү жана “Түндүк электрдин” аракеттерине байланыштуу сотко кайрылганы турат.

Бирок серепчилер чиновниктердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аттары аталган иштердин калыс иликтениши күмөн ойлорду жаратарын белгилеп келишет.

Айбек Таалайбек уулу
Айбек Таалайбек уулу

- Бул фирма канчалык деңгээлде туура айтып, туура кине коюп жатат ал башка маселе. Бирок Кыргызстанда бир туугандар же жакын адамдар чоң кызматтарда бир убакта иштеп жаткан болсо, алар бири-биринин ишин жаап, ар кандай маселелерге карата таасир этип келгени жашыруун эмес. Тендер, кылмыш иши же башка иштер болобу, айырмасы жок, “тигинин тууганы тиякта турганы үчүн жаап койду”, “бул жакта агасы-иниси иштегени үчүн басып койду” дегендерди угуп эле жүрөбүз. Ал күмөн саноолорду жок кылыш үчүн бардыгын ак, таза жүргүзүш керек, бардык чечимдерди кабыл алууда адилет кадам жасаш керек. Азыркы, кеп болуп жаткан учурда болсо ошол эле “Түндүк электрдин” жетекчиси же УКМКнын башчысы коюлган айыптоолор жалган болсо “жалган” деп билдирүү жасап коюшу абзел. Эгер фирма жок жерден аларды күнөөлүү деп жатса анда алар жооп бериши керек. Туурасы, бул талашка сот аркылуу чекит койгон жөндүү болмок, - деди жарандык активист Айбек Таалайбек уулу.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, 2018-жылы жалпысынан 93 млрд. 875 млн. 44 миң сомго 132 849 конкурс жарыяланды. Анын ичинен өткөрүлгөн конкурстардын пландалган суммасы 54 млрд. 111 млн. 260 миң сомду түздү. Бул сумманын ичинен 31 млрд. 613 млн. 488,6 миң сомго келишим түзүлдү.

Республикалык бюджеттен каржыланып, өткөрүлгөн конкурстардан үнөмдөлгөн акча каражаттардын суммасы 1 млрд. 383 млн. сомду түздү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG