Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Борбор Азия

Нурсултан Назарбаев Астанадагы жыйында, 30-январь 2019-жыл.
Нурсултан Назарбаев Астанадагы жыйында, 30-январь 2019-жыл.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында бир катар министрлердин ишин кескин сынга алды. Ал Казакстандын каржы жана банк тармагына жооп берген жетекчилерди "коркоктор" деп атады.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн шаршемби күнү Астанада өткөн кеңейтилген жыйынын жеме менен баштады. "Чү" дегенде эле премьер-министр Бакытжан Сагинтаевди өкмөт мүчөлөрүн үстөлгө туура эмес отургузганы үчүн сындады.

Назарбаев каржы министри Алихан Смаилов үстөлдүн аягына эмес, вице-премьер-министрлерден кийин отурушу керектигин айтты:

- Тур, бери кел. Кожамжаровдон баштап бир орунга жылгыла .(Ред.: Кайрат Кожамжаров - башкы прокурор). Бул каржы министри. Ушундай мамиле жасагандыктан биздин каржы тармагыбыз аксап жатат.

Аны улай президент Назарбаев Казакстандын экономика жана банк тармактарындагы маселелерди козгоого өттү.

Ал соңку жылдары каржы институттарынын жетекчилеринин "акча кымырып, өлкөдөн качып кетишине" өкмөттүн шалаакылыгы түрткү берип жатканын айтты.

Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өкмөттүн жыйынында, Астана, 30-январь 2019-жыл.
Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өкмөттүн жыйынында, Астана, 30-январь 2019-жыл.

Мындан сырткары Казакстанда айрым банктар иши жүрбөй калса да, банкрот деп жарыяланбай, "мамлекеттин көмөгүн эсепсиз алып жатканын" белгилеп, буга чара көрө албаган министрлерди "коркок" деп атады:

- Силер өкмөт же министр эмес, жөн гана коркоксуңар. Колу-бутуңар калтырап турат. Эмне үчүн иштеп жүрөсүңөр? Бардык банктарды тазалагыла. Ошондон кийин бул өкмөт өз милдетин так аткарды деп эсептейм. Андан соң отставкага кете бергиле. Жумуш деп ушуну атаса болот.

Назарбаев банкирлер менен акционерлер өлкөдөн качып кетип жатканын айтканы менен конкреттүү адамдардын атын атаган жок. Бирок былтыр расмий Астана "Казак банкынын" (Qazaq Banki) ири суммадагы акча уурдады деп айыпталган акционери Бахыт Ибрагимди Германиядан экстрадиция кылганы белгилүү. Мындан тышкары учурда казак бийлиги RBK банкынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Жомарт Эртаевди да Москвадан алып келүү аракетин көрүп жатат. Буга чейин бийлик банк тармагында абалды жакшыртуу үчүн бюджеттен 10 миллиард доллар бөлгөнү кабарланган.

Шаршембидеги жыйында Назарбаев Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акышевдин баяндамасына да канааттанган жок.

Ошентсе да өкмөттүн жыл сайын бир жолу өтүп туруучу кеңейтилген жыйынында "элбашы" министрлер менен аймак башчыларын сындап гана чектелбестен, айрымдарын мактаганга да үлгүрдү.

Ал өзгөчө билим берүү министри Ерлан Сагадиевдин соңку реформаларын кубаттап, саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановду да дары-дармектердин баасын иретке салган мыйзам долбоору үчүн башкаларга үлгү катары көрсөттү:

- Ал үчүн саламаттыкты сактоо министрин мактайм. Дары-дармектерди ачык-айкын эсепке алуу системасын ишке киргизүү боюнча тажрыйба 26 миллиард теңгени бюджеттен үнөмдөөгө жардам берди. Мына ушуга үйрөнүшүбүз керек!

Казак өкмөтүнүн кеңейтилген жыйыны, Астана, 30-январь 2019-жыл.
Казак өкмөтүнүн кеңейтилген жыйыны, Астана, 30-январь 2019-жыл.

Жыйындын соңун утурлай Назарбаевдин "ачуусу" тарагансып, ал учурдагы өкмөттүн отставка кетишин талап кылбай турганын айтты.

"Кеткиле деп жөн эле айтып койдум. Кетпегиле, иш кылгыла, билдирип тургула",-деди ал.

Өкмөттүн үч саатка созулган бул жолку жыйыны түз алып көрсөтүлгөн жок. Жеме уккан өкмөт мүчөлөрү жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Социалдык-тармактарда "элбашынын" министрлерди зекигени боюнча пикирлер эки ача. Айрымдары аткаминерлерди ушинтип камчылап туруу керек экенин айтышса, кайсы бири муну Назарбаевдин кезектеги популисттик кадамы деп мүнөздөшүп, өкмөттүн жыйынын "бир адамдын театры" аташты.

Казакстанды совет заманынан бери башкарып келе жаткан Назарбаев жыл сайын январь же февраль айларында өкмөттүн кеңейтилген жыйынын өткөрүп турат. Былтыркы жыйында "элбашы" өкмөт башчы Сагинтаевди сындаган эле.

Анда Сагинтаев сөз сүйлөп, өкмөттүн жетишкендиктери, экономикалык жана социалдык өсүштөрү тууралуу айтып бүткөндөн кийин казак президенти: “Жакшы, жакшы сүйлөдүң, бирок өз ишиңерди сындабай жатасыңар",-деп катуу айткан. Ал жыйында да банк тармагындагы кырдаал негизги тема болгон.

2017-жылкы жыйында Назарбаев жергиликтүү ишкерлерге жолтоо болуп жаткандарды өкмөттүн ичинде издеш керек экенин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Димаш Кудайбергендин Чехиядагы күйөрмандары Лондондо.
Димаш Кудайбергендин Чехиядагы күйөрмандары Лондондо.

29-январда казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген Москвада жана Астанада өтө турган жеке концерттерин утурлай маалымат жыйынын өткөрдү.

Буга чейин ырчы Лондондо Казакстандын Британиядагы маданий күндөрүнүн алкагында концерт койгон.

Ага ырчынын күйөрмандары дүйнөнүн чар тарабынан барышты. Алардын арасында чехиялык Нада Кребцова да бар. Ал казак ырчысынын күйөрманына айланганына бир нече жыл болгонун айтып берди:

- Мен Димаштын аткаруусун кокустан эле "Ютубдан" көрүп калдым. Анын добушун укканда эле денем дүркүрөй түштү. Башында вокалынын күчтүүлүгүнө, мукам үнүнө суктансам, кийинчерээк сүйлөгөнүнө, жүрүм-турумуна баа бердим. Ал эми келбетине сөз жок.

Нада Кребцова казакстандык Гүлжамал менен Лондондо.
Нада Кребцова казакстандык Гүлжамал менен Лондондо.

Димаш Кудайбергендин күйөрмандары өздөрүн “Dears” деп аташат.

Американын ар кайсы штаттарында, Францияда, Мальтада, Финляндияда жана бир топ башка мамлекеттерде казак ырчысынын фанаттары өз клубдарын негиздеп, социалдык тармактарда баракчаларын ачкан.

Нада Кребцованын айтымында, Чехиядагы фанаттардын клубунун негизделгенине төрт ай болду.

- Димаштын чех күйөрмандарынын клубун курбум экөөбүз былтыр сентябрь айында түздүк. Ага 200дөй адам мүчө. Азырынча чехтердин саны жыйырмадан бир аз ашуун. Калганы башка улуттагылар.

Ал эми 24 жаштагы Димаш Кудайбергенди Кытайда миллиондогон күйөрмандар жактырып угат. Анын жылдызы 2016-жылы Кытайда өткөн “Мен ырчымын” же "I am singer" музыкалык телесынагына катышканда жанган.

«Хунан ТВ» телеканалында көрсөтүлгөн бул сынакта ал финалга жетип, экинчи орунга татыган.

Шоунун алкагында ар бир жолу сахнага чыкканда Димаш “Казакстанга кош келиңиздер” деп өз күйөрмандарын тынбай чакырып турган.

Мындан улам анын чет жактардагы айрым күйөрмандары коңшу өлкөгө кызыгып, келип да кеткен. Алардын бири Лос-Анжелестин тургуну Патрис Груйон.

Патрис Казакстанда үч ай жүргөнүн, Алматы, Астана, Орал жана Актөбө шаарларына барганын «Тенгриньюс» порталына айтып берген. Ал эми гонконгдук Лиза Димаш үчүн Казакстанга үч жолу келип кеткенин ушул эле басылмага маалымдаган.

Нада Кребцова жана Димаштын дүйнөнүн чар тарабынан келген күйөрмандары. Лондон.
Нада Кребцова жана Димаштын дүйнөнүн чар тарабынан келген күйөрмандары. Лондон.

Димаштын ушул жылдын ноябрь айында Лондондо өткөн анын концертине Британиядагы жаштардын арасында белгилүү ырчы Талия Сторм да барган.

Ал Инстаграмдагы өз баракчасында концертти түз көрсөтүп жатты. Лондондун "Indigo at the O2" деп аталган концерттик залы жык-жыйма болгон концертке Димаштын күйөрмандары 45 мамлекеттен келгени маалым болду.

Алардын арасында Чехиядан барган Нада Кребцова Димаштын өзү менен сүрөткө түшүүгө мүмкүн болбой калганына өкүндү:

- Димаш мага мекенине жасаган мамилеси менен да жагат. Ал азыркы заманбап мырзанын прототибине туура келет десем болот. Ал ушунчалык жөнөкөй жана ички дүйнөсү таза адамдай сезилет. Мен анын аткаруусундагы "Чарчаган ак куулардын сүйүүсү", "Махабат бер мага тагдыр" деген чыгармаларды өзгөчө жакшы көрөм. Жалпысынын анын аткаруусундагы бардык ырларды эле жактырам. Лондондогу концертте аны менен сүрөткө түшө албай калдым. Эми мартта Москвада өтө турган концертине барып келейин деп камынып атам.

Димаш Кудайберген 29-январда Астанада өткөргөн маалымат жыйында "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысынын Кытайдагы саясий тарбиялоочу лагерлерде камалып жаткан этникалык казактардын маселеси боюнча пикири тууралуу суроосуна мындай деп жооп берди:

- Арийне, ааламдын кайсы гана бурчунда болбосун жаны казак, каны казак жарандар биздин бир туугандарыбыз жана ал адамдардын тагдыры биз үчүн кызыксыз болуп калбайт. Эгер мен колумдан келсе алар үчүн баарын кылат элем. Бирок мен эл аралык деңгээлдеги дипломат эмесмин. Менин колумдан ырдоо гана келет. Менин жүрөгүмө бул маселе оор тийди жана анын тезирээк чечилишин каалаймын.

Димаш Кудайбергендин ата-энеси экөө тең чыгармачыл адамдар. Канат Кудайбергенов жана Светлана Айтбаева экөө тең Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер.

Димаш буга чейин бир катар казакстандык жана Эл аралык музыкалык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Алардын арасында 2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн “Мейкин Азия” фестивалы жана Беларустун Витебск шаарында 2015-жылы өткөн “Славян базары” конкурсу да бар. Ал эми “Мен ырчымын” музыкалык телесынагы апрель айында жыйынтыкталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG