Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Борбор Азия

Полиция мушташ болгон ресторанды курчоого алган учур.
Полиция мушташ болгон ресторанды курчоого алган учур.

Казакстандын Караганды шаарындагы мушташка байланыштуу издөөгө түшкөн жигит социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу таратып, багынып берүүгө даяр экенин билдирди. Ал арада эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү "окуяга улут аралык кагылыш катары баа бербейли" деген билдирүүлөрдү таратууда.

Калайман мушташтын катышуучуларынын бири - издөөгө алынган Нарек Гурурян. Казакстандын Ички иштер министрлиги ал 1-январга оогон түнү эле Орусиянын аймагына өтүп кеткенин билдирген. 7-январда шектүү Интернет аркылуу видео кайрылуу таратты. Анда мындай дейт:

Нарек Гурурян.
Нарек Гурурян.

- Мен Казакстандын бийлигине багынып берүүгө даярмын. Коопсуздугумду камсыз кылып, ачык-айкын тергөө жүргүзүүнү бийликтен өтүнөм. Өз жоруктарым үчүн жоопкерчилик тартканга даярмын. Бирок бирөөнүн күнөөсүн мойнума ала албайм. Мен киши өлтүргөн эмесмин.

Бирок шектүүнүн өзү кайда экени дагы эле белгисиз. ИИМдин өкүлү Алмас Садубаев Гурурянды да колго түшүүгө чакырды:

- Казакстандын Ички иштер министрлиги ишти ар тараптуу, обьективдүү иликтөөгө кепилдик берет. Гурурянга полицияга ыктыярдуу багынып берүүгө кеңеш беребиз.

Андан тышкары кылмышка шектүү катары сегиз киши кармалган.

Карагандыдагы «Байыркы Рим» ресторанында түн ортосунда жаңы жылдык майрамда конокто отурган эки топтун жапырт мушташы бычакташуу менен аяктаган. Анда 23 жаштагы жигит каза болуп, дагы үчөө жарааты менен ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин ал жердеги камералар тарткан видео дароо Интернетке тарап, кылмышка шектүүлөрдүн тек-жайы, жеке маалыматтары «Whats App» өңдүү мессенжерлер аркылуу да жайылтылган. Таратуучулар мушташка катышкандардын улутуна басым жасап, окуяны армяндар менен казактардын кагылышы катары сүрөттөшкөн.

Казак бийлиги окуя боюнча комментарий бербей келди. Бул «ишти будамайлап жаап коюшту», «кылмышка шектүүлөрдү качырышты» деген күдүк ойлорго жол ачып, нааразылыкты күчөттү. Жекшембиде Карагандынын борборунда 200дөн ашуун киши митингге чыккан. Алар бийликтен түшүндүрмө талап кылышты.

Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү окуяга улут аралык чатак катары баа бербей, катардагы кылмыш катары караш керек экенин билдирип жатышат. Казакстандын ички иштер министринин орун басары Жанат Сулейменов 8-январда улут-улутка бөлүнүп мушташуу болбогонун айтуу менен чектелип, тергөөгө байланыштуу окуянын толук чоо-жайын айтпай турганын билдирди.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян окуяга мындайча комментарий берди:

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

- Курман болгон жигиттин жакындарына көңүл айтам. Окуя улут аралык мүнөздө болбогонун баса белгилей кетейин. Мага билдиришкендей, чатакташкан тараптар бир улуттуу болгон эмес. Мушташты баштагандардын арасында казак да болгон.

Казак прокуратурасы кайсы бир топтор атайын жалган маалымат таратып, коомчулуктун көзүн жазгырып, жагдайдын туруктуулугун бузууну көздөп жатканын белгилөөдө.

Маселенин дароо улут аралык өңүткө өтүп кетишине казак коомчулугунда түрдүү баа берип жатышат. Мажлис депутаты Ирина Смирнова анын себебин мындайча түшүнөт:

- Бул ириде жаштар саясатындагы ийгиликтин жоктугу. Бул биздин мамлекеттин үй-бүлөлүк саясатындагы кемчилик. Маалымат жана коммуникация министрлиги абдан сапатсыз иштеп жатат. Мамлекеттен каржыланган маалымат каражаттарынын баары өнүккөн жери жок. Ошондуктан маалыматтык боштук жаралды. Жагдайды көрөрү менен Ички иштер министрлиги да эмне болуп жатканын кабарлашы керек эле.

Ал эми саясат талдоочу Досым Сатпаев «унчукпоого» таң калбайт. Ал мындай көрүнүш Жаңы-Өзөндөгү митингдердин убагында да болгонун «Фейсбук» аркылуу эске салды:

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

«Карагандыдагы окуя дагы бир жолу көрсөттү: бийлик жасалма түзгөн бир да саясий институт форс-мажор шартында иштегенге жөндөмсүз. Алар президентке жакын саясий партиялар болобу, парламентпи, мамлекеттик медиабы же бийлик менен байланышкан коомдук же өкмөттүк эмес уюмдар болобу, жөндөмсүз».

Дагы бир саясат талдоочу Дос Кошим Казакстанда мындай чыр-чатактар башка аймактарда да болуп өткөнүн, бирок бийлик андан дагы эле сабак албай жатканын белгиледи:

- Бул идеология боюнча мамлекеттик саясат жайылтылбай жатканынан кабар берет. Дегеле андай саясат деле жок. Жаңжал болсо эле улут аралык түскө ээ болуп чыга келет. Мындайды иликтеш керек. Эч ким талдаган жери жок. Эгер бийлик маселени чечүүнүн жолун таппаса, мунун баары сөзсүз сакталып тура берет.

Ал арада кандуу окуядан кийин «бийлик армяндарды депортациялап жатыптыр» деген да сөздөр тарады. Армениянын Тышкы иштер министрлиги «чындыкка дал келбейт» деп, аны жокко чыгарды.

Казакстанда 30 миңдей армян жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Шектүүлөр: Бактиер Умаров, Давид Идриссон, Атабек Абдуллаев (солдон оңго).
Шектүүлөр: Бактиер Умаров, Давид Идриссон, Атабек Абдуллаев (солдон оңго).

Швецияда терроризм боюнча айыпталып жаткан кыргыз жана өзбек жарандарынын соту башталды. 7-январдагы алгачкы соттук териштирүүдө прокуратура айыпталуучулардын айрымдары Швецияда ири теракт уюштурууну көздөшкөнүн билдирди. Бирок соттолуучулар дооматтарды четке кагып жатышат.

Өзбекстандын беш, Кыргызстандын бир жаранынын соту дүйшөмбү күнү Стокгольмдун катуу кайтарылган округдук сотунда башталды. Сотко жөнөтүлгөн документке караганда, алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун каржылаган деп айыпталууда.

Буга кошумча алты адамдын үчөөнө же Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаевге, Өзбекстандын жарандары Бактиер Умаров менен Давид Идриссонго “адамдарды өлтүрүү жана зыян келтирүү максатында” химиялык заттарды жана техникалык компоненттерди сатып алган деген кине коюлуп жатат.

7-январдагы соттук териштирүүдө прокуратура бул адамдар Швецияда теракт уюштурууну пландаганын билдирип, ага бир катар далилдерди көрсөттү. Ошондой эле соттолуучулардын телефондорунда Стокгольмдун эл көп топтолгон райондорунун сүрөттөрү көп болгонун да жүйө келтирди.

- Соттук териштирүүдө негизинен сөз прокурорго берилди. Ал швед коопсуздук кызматы Швецияда гана эмес, Европа аймагында пландалып жаткан ири масштабдагы теракттын алдын алганын айтты. Прокурор муну тастыктаган толтура далилдер чогулганын белгиледи, - деп билдирди "Азаттыкка" соттук териштирүүгө көз салып жаткан, Стокгольмдо жашаган өзбекстандык журналист, "Элтуз" басылмасынын редактору Кудрат Бабажонов.

Теракт уюштурганы үчүн өмүр бою абакка кесилген Рахмат Акилов Cтокольгмдогу сотто. 14-февраль, 2018-жыл.
Теракт уюштурганы үчүн өмүр бою абакка кесилген Рахмат Акилов Cтокольгмдогу сотто. 14-февраль, 2018-жыл.

Дүйшөмбүдөгү соттук териштирүүдө айтылгандай, айыпталуучулардын кеминде бирөө 2017-жылдын апрель айында Стокгольмдун борборунда беш адамдын өмүрүн алган теракт үчүн өмүр бою абакка кесилген өзбекстандык Рахмат Акилов менен байланышта болгон.

"France-Presse " маалымат агенттиги швед прокуратурасына шилтеме кылып кабарлагандай, айыпталуучулардын бири, 34 жаштагы Акромион Эргашев Түркиядагы ортомчу аркылуу Сириядагы ИМ тобунун эки согушкерине 2 миң доллар жөнөткөн.

Швед прокурорлордун жүйөсү боюнча, айыпталуучулар чагымчыл аракеттерин чат программаларындагы код сөздөр менен коштолгон жазышуу аркылуу пландашкан. Маселен "үйлөнүү үлпөтү" деген сөз "жардыруу", ал эми "машинени кооздоо" деген ага "мина коюу" дегенди билдирген.

Андай кат алышуунун бири "Телеграмда" 2017-жылдын июль айында айыпталуучулардын бири Идриссон менен Сирияда жүргөнү айтылган Сайфулла аттуу адамдын ортосунда болгон:

- Бизге автоунаа ондогон адам керек. Өзүнүн ишин жакшы билген, унааны оңдоону үйрөтө алган адис зарыл. Мен өлкөдөн чыга албайм. Алар документтерди такыр бербейт.

- Байке, мыкты адистер силерде го же сизге автоунааны ЗАГС үчүн кооздогон адам керекпи?

- Ооба, үйлөнүү үлпөтүү үчүн.

- Байке, кааласаңыз мен сизге автоунааны кооздогонду үйрөткөн видеону жөнөтө алам. Машинени кооздогон айрым адамдар менен тааныштырып кое алам.

Швециянын полициясы.
Швециянын полициясы.

Басымдуу бөлүгү былтыр жазында колго түшкөн алты айыпталуучунун кичүүсү 24, улуусу 46 жашта. Соттолуп жаткан алты адам тең Швецияда мыйзамдуу жашап жүрүшкөн. Маалыматтарга караганда, алар өзүнө коюлган айыптарды четке кагып жатышат.

Бир нече күн мурда “Азаттыктын” кабарчылары шектүүлөрдүн бири Ош облусунун Араван районунун тургуну экенин аныктап, анын ата-энеси менен байланышкан. Алар уулунун террордук актыларды уюштурууга тиешеси жок экенин айтышты.

- Ал Кыргызстанда үй-бүлөсүн араң багып, анан ал жакта эптеп акча таап үй-бүлөсүнө салып атса, кайдан террористтик кылмак эле? Менин беш кыз, бир уулум бар, уулум ошол Атабек. Абдан боорукер, бирөөгө жамандык кылбаган, тескерисинче кары-картаңдарга жардам берип жүргөн бала болчу. Анан ошондой бала кантип ушундай жолго барат?, - деп билдирген "Азаттыкка" кыргызстандык шектүүнүн апасы Азиза Абдуллаева.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Абдуллаев диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турбаган жаран экенин, бирок анын кандайдыр бир топторго тиешеси бар-жогу териштирилип жатканын маалымдаган.

Швед тараптын маалыматы боюнча, Атабек Абдуллаев Польшада алынган жумушчу виза менен 2017-жылы Швецияга барган. Аны менен кошо беш өзбекстандыктын соту 11-февралга чейин уланмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG