Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Борбор Азия

“Экологиялык таза өсүмдүктөр - Кыргызстандын келечеги”
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:26 0:00

2018-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 12 пайызын айыл чарбасы түздү. Агрардык тармакты изилдеген окумуштуу, Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Акасбек Абдурашитовдун иликтөөсү боюнча, экономикалык өнүгүү багыты катары айыл чарбасына артыкчылык берилсе, анын ички дүң продукцияда ээлеген көлөмү көбөйүшү шексиз. Ал үчүн дыйкан чарбаларды ирилештирип, адистештирүүнү калыптандыруу жана кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү зарыл. Экономика илимдеринин доктору бул оюн “Азаттыкка” берген интервьюсунда ортого салды. Илимпоз менен маекти Бүбүкан Досалиева уюштурду.

Өзбекстандагы тез тамактануу жайларынын бири.
Өзбекстандагы тез тамактануу жайларынын бири.

Борбор Азия өлкөлөрүнө байланыштуу айрым жаңылыктар.

«Регнум» агенттиги кабарлагандай, Тажикстан 2018-жылы цементтин экспортун кыйла көбөйттү. Тажик цементинин көбү Өзбекстанга, Ооганстанга жана Кыргызстанга сатылган. Былтыр Тажикстан коңшулаш өлкөлөргө 1 миллион 417 миң тоннага жакын цемент экспорттоп, андан түшкөн акча 65 миллион доллардан ашкан. 2017-жылы Тажикстан жалпысынан 970 миң тоннадай цементти сыртка саткан экен.

Курулушта колдонулчу негизги материалдардын бири болгон цементти биргелешкен тажик-кытай ишканалары өндүрөт. Былтыр өндүрүлгөн жалпы цементтин 30,5% бөлүгү «Чунгтсай Мохир цемент», 28,6% «Хуаксин Гаюр цемент», 25,8% «Хуаксин Гаюр Сугд» ишканаларына туура келген.

Экологдор бул биргелешкен ишканалар өндүрүштө көмүрдү көп колдонгондуктан айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизип жатканын айтып жатышат.

Өлкөнүн баш калаасындагы «Авеста» маалымат агенттиги кабарлагандай, Гиссар шаарында жайгашкан «Агротехсервис» аттуу биргелешкен тажик-беларус ишканасы өзү даярдаган эң алгачкы «Belarus-82.1» жана «Belarus-80Х» аттуу сегиз тракторду Өзбекстанга жеткирип берди. Ишкана жакында «Belarus-512» тракторлорун Ооганстан менен Пакистанга сатууну пландаштырып жатат. Биргелешкен тажик-беларус трактор заводун былтыр эки өлкөнүн президенттери ачышкан. Андан бери ишкана жүздөн ашуун айыл чарба техникасын даярдап чыгарды.

«Global Burden of Disease Study» («Ооруларды изилдөө боюнча глобалдык милдет») аттуу эл аралык изилдөө Европа менен Борбор Азияда туура эмес тамактануудан өлгөндөрдүн саны боюнча Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан баарынан алдыда турарын жарыялады. Эл аралык изилдөөгө катышкан германиялык профессор Стефан Лорковски ушул өлкөлөрдө кант диабети, ашык салмак, жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлгөндөрдүн саны башкалардан көп экенин билдирди. Дал ушул ооруларга туура эмес тамактануу башкы себепчи экени, ага биринчи кезекте мамлекетте жашаган элдин киши башына эсептей келгенде ак ундан жасалган азыктар, малдын майлуу эти жана кумшекер көп керектелиши түрткү берип жатканы статистикалык маалыматтарга негизделип баяндалган. Өзбекстанда туура эмес диетадан көз жумгандар жүз миң кишиге 394 адам болсо, Түркмөнстанда 376, Кыргызстанда 350 адамга жеткен. Алардан кийин күнүмдүк тамактанууда жашылча-жемишти азыраак жеген, адамдын өмүрүн кыскартчу зыяндуу азыктарга басым жасаган өлкөлөр катары Украина, Молдова, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Орусия көргөзүлгөн. Эли кант диабети менен жүрөк ооруларын сезгендирген азыктар менен туура эмес тамактанган өлкөлөрдүн тизмесиндеги эң акыркы саптарды Испания менен Израил ээледи.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва облустук соту казак ишкери Жомарт Ертаевди мекенине экстрадициялоо тууралуу чечим кабыл алды. Бир кезде Казакстандагы «РБК-Банк» акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген Ертаевге Казакстанда «160 миллион доллардай акчаны алдамчылык жолу менен уурдаган» деген оор айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган. 2016-жылы Москвада кармалган казак ишкери Орусиядан саясий башпаанек сурап, казак жарандыгынан чыгуу жөнүндө арызын тапшырган. Ал мекенине кайтып барса «өлүмгө дуушар болом» деп коркуп жатканын билдирген.

Казакстандын хоккей боюнча жаштар командасы кийинки жылы Чехияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. 20 жашка чейинки хоккейчилер ойногон мелдеште 4-январда Канаданын Ванкувер шаарында казактардын командасы Даниянын командасын утуп алды. 2020-жылкы дүйнөлүк чемпионатта эми Даниянын командасынын ордуна Германия катыша турган болду.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG