Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Борбор Азия

Sorry! No content for 26 Январь. See content from before

жума 25 Январь 2019

Хуснидин Зайнабидинов.
Хуснидин Зайнабидинов.

Орусиянын Магнитогорск шаарында борбор азиялык мигранттарды текшерүү күчөп, айрымдары камакка алынып, зомбулукка кабылганы кабарланууда.

Кыргызстандын жараны Халимахон күйөөсү Хуснидин Зайнабидинов 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынып, кыйноого кабылганын «Азаттык» радиосуна билдирди.

Халимахон Магнитогорскидеги Орусиянын ИИМнин Челябинск облусу боюнча бөлүмүндө камакка алынган күйөөсү менен эртеси жолугушууга барган. Ошол жерден Хуснидиндин көгала болуп сабалганын өз көзү менен көргөн.

- Көмкөрөсүнөн жаткырып, үстүнө кирпич тизип, электр тогу менен урдурушкан. Эсин жоготуп койгондо үстүнө суу куюп, кайрадан кыйнашкан. Анын мурду сынган, бети-башы көгала экен. Ага бир чоочун сакалчан адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, алардын дайын-даректерин сураган. Ал адамдарды «тааныбайм» дегенине ишенишкен эмес.

Хуснидин Зайнабидинов аялына күч органдары Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына катыштыгы бар деп шек санап, ага белгисиз адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, аларга каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып берген. Ал полиция бөлүмүндө алты саат бою кыйноого кабылганын билдирген.

Хуснидин Зайнабидинов камакта
Хуснидин Зайнабидинов камакта

1990-жылы Жалал-Абадда туулган Хуснидин Зайнабидинов Нурмахамадович 2010-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

Халимахон менен былтыр баш кошуп, эки ай мурда кыздуу болушкан. Жаш үй-бүлө көбүнчө Екатеринбургда жашап, Магнитогорскидеги туугандарына тез-тез каттап турушкан. Акыркы убакта Хуснидин бул шаарда ашпозчу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып жаткан.

Полиция бөлүмүндө ур-токмокко алынып, кыйноого дуушар болгон Зайнабидинов оор абалда жатканына карабай Магнитогорскидеги №2 тергөө абагында камакта кармалууда.

Бахром Хамроев
Бахром Хамроев

Орусиядагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин билдиришинче, Зайнабидиновду «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси каралууда.

- Зайнабидиновду Орусиянын коопсуздук кызматкерлери кыйнашкан. Полиция бөлүмүнөн тергөө абагына алып барышканда, Хуснидиндин сабалганын, абалы оор экенин көргөн догдурлар аны камоого макул болгон эмес. Азыр күч кызматкерлери "Зайнабидинов Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган" дешип, ишти башка нукка буруп жатышат.

Магнитогорскидеги Орджоникидзе райондук прокуратурасында ушу тапта «эл аралык издөөдө жүргөн адамды камакка алуу» боюнча протокол түзүлүп, Зайнабидиновду Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Алдын ала маалымат боюнча Зайнабидинов 2010-жылы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган.

Жалал-Абад шаардык соту аны «массалык башаламандык уюштуруу», «бирөөнүн мүлкүн кыйратуу», «улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыптап, камакка алуу чечимин чыгарган.

Москвадагы кыргыз элчилиги Хуснидин Зайнабидинов боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Хуснидиндин аялы Халимахон Зайнабидиновдордун үй-бүлөсү июнь коогасынан кийин Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушканын белгиледи.

Ал эми укук коргоочу Бахром Хамроевдун айтымында, Магнитогорскидеги окуялардан кийин борбор азиялыктар массалык түрдө камакка алынып, кысымга кабылууда.

Магнитогорскиде жарылуу болгон үй
Магнитогорскиде жарылуу болгон үй

31-декабрда Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 39 адам мерт болгон. Анда он кабат үйдүн бир подъезди толугу менен урап түшкөн. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши өлгөн.

Бул окуялар үчүн 18-январда «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алып, бирок расмий Москва муну четке каккан. Орусиянын тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылуунун башкы себеби катары мурдагыдай эле газ түтүгүнүн бузулушу каралып жатканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ак ордонун алдындагы казак желегинин жанында турган аскер. Астана, 5-декабрь, 2014-жыл.
Ак ордонун алдындагы казак желегинин жанында турган аскер. Астана, 5-декабрь, 2014-жыл.

Казакстандык депутат өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал шаршембиде парламент жыйынында Казакстанды "Казак Республикасы" деп атоо зарыл экенин айтты. Беш жыл мурда президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын аталышынан "-стан" деген мүчөнү алып салуу демилгесин көтөргөн эле.

Казакстанда өлкөнүн расмий аталышына байланыштуу маселе кайра көтөрүлдү. Бул жолу жаңы аталышты колдонууну казак Мажлисинин 23-январдагы жыйынында «Ак жол» фракциясынын башчысы Азат Перуашев сунуш кылды.

Ал Казакстанды расмий түрдө «Казак Республикасы» деп атоо зарыл экенин белгилеп, өзү жетектеген фракциянын кайрылуусун премьер-министр Бакытжан Сагинтаевге жиберди.

Депутат Перуашев СССРдин курамында Казак Республикасынын түзүлгөнүнө 2020-жылы 100 жыл толорун, мындай маараке өлкөнүн жаңы аталышын колдонууга ылайыктуу болорун кошумчалады:

Депутат Азат Перуашев.
Депутат Азат Перуашев.

- «Казакстан» деген аталыш менен бирге расмий түрдө колдонуу үчүн «Казак Республикасы» деген аталышты кайра киргизүүнү сунуш кылабыз. Негизи мындай демилгени президент Нурсултан Назарбаев өзү беш жыл мурда «Мангилик Ел» («Түбөлүк эл») концепциясын талкуулоо учурунда эле көтөргөн. Элбашынын сунушун жүзөгө ашырууга убакыт келди деп эсептейбиз. Бардык нерсени өз аты менен - караны кара, акты ак, казакты казак деп аташыбыз керек. «Казак Республикасы» деген аталышты кезинде советтик тоталитардык бийлик да тааныган. Ага кайтып баруу тарыхый адилеттикти калыбына келтирет. Ошондой эле бардык улуттагы мекендештердин биримдиги менен достугун бекемдөөгө көмөкчү болот.

«Ак жол» фракциясынын лидеринин мындай сунушуна башка фракциялардын депутаттары дароо пикирин билдиришкен жок. Бирок жыйын бүткөндөн кийин айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Перуашевдин демилгесин башка эл өкүлдөрү да колдой турганын жазып чыгышты.

Казакстандын 18 миллиондой калкынын 63 пайызын казактар, 24 пайызга жакынын орустар, калганын өзбек, уйгур, татар сыяктуу улуттар түзөт.

Кыргызстандан айырмаланып, Казакстандын Конституциясында «Казак Республикасы» деген аталыш жок. Баш мыйзамда өлкө расмий түрдө «Казакстан Республикасы» деп аталат.

Депутат Перуашев эске салгандай, 2014-жылдын февраль айында казак президенти Нурсултан Назарбаев өлкө аталышынан «-стан» деген мүчөнү алып салып, анын ордуна «Казак Эли» деген аталышты колдонууну сунуш кылган.

Ал аталышы Борбор Азиядагы мамлекеттерден айырмаланып турган Монголияны мисал келтирип, калкынын саны Казакстандан алда канча аз бул өлкөгө көбүрөөк инвестиция келерин, «-стан» деген мүчө инвесторлордо эки ача пикирди жаратаарын ишарат кылган:

Казак президенти Нурсултан Назарбаев.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев.

- «Казакстан» дейбиз, «Казак Республикасы» дейбиз. Бирок Казакстанды атоодо «Казак Эли» дегенге өтүшүбүз керек. Түбөлүктүү эл болуу ата-бабалардын максаты болчу.

Казак президенти Назарбаев өлкөнүн аталышын өзгөртүү маселеси коомчулуктун талкуусуна коюлушу керек экенин да белгилеген. Деген менен андан бери Казакстанда бул багытта аракеттер анчейин байкала элек эле.

Казак депутатынын соңку билдирүүсү Назарбаевдин беш жыл мурда көтөргөн демилгесин ишке ашыруу аракетиби же кезектеги популисттик билдирүүлөрдүн бириби - анысы азырынча так белгисиз.

Дүйнөдө өлкөлөр өз аталышын өзгөрткөн учурлар сейрек болсо да кездешпей койбойт. Учурда Македония Грекиянын басымынан улам өлкө аталышын «Түндүк Македония» деп өзгөрткөнү жатат.

Мындан бир канча жыл мурда чех өкмөтү да өлкөнүн «Чех Республикасы» деген расмий аталышынан сырткары өзгөчө англис тилинде «Чехия» (Czechia) деген кыска вариантты колдонууга өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG