Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Борбор Азия

Алматыдагы сот: аткезчилик иши
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

Кыргызстандын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган он эки адамдын ишин Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык соту 2018-жылдын 19-октябрынан бери карап жатат. Соттун 6-февралдагы отурумунда адвокаттардын өтүнүчү боюнча видео жана аудио тасмалар көрсөтүлдү жана угузулду. Көрсөтүлгөн тасмалар кылмышка шектүүлөрдү кармоо жараянында жашыруун жаздырылып алынган жана аларды тергөө башкы далил деп эсептеген.

Чыңгыз Анарбек уулу.
Чыңгыз Анарбек уулу.

Орусияда сот кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун жаза мөөнөтүн кыскартты. "Азаттыктын" кабарчысы анын өзү менен байланышып, ал-абалы тууралуу суроо узатты.

8-февралда Орусиядагы Смоленск облустук соту былтыр Москвада футбол чемпионатынын маалында жол жээгинде турган адамдарды автоунаа менен сүзүп кеткен кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун жаза мөөнөтүн кыскартты. Сот чечими 19-февралда күчүнө кирет.

«Азаттык»: - Соттун чечими кандай шарт менен жеңилдетилди?

Чыңгыз: - Москвадагы соттун чечими боюнча Смоленск облусундагы түзөтүү борборуна жөнөтүлгөм. Мамлекетке иштеп беришим керек экен, келгениме үч ай болду. Андан тышкары 500 миң рубль айып төлөйм. Эки жабырлануучу башында 1 миллион рубль кенемте сурап, кийин аны азайткан. Андан кийин «эч кандай дообуз жок» деп өз кайрылууларын жазып беришкен. Биз өз кезегинде Смоленск облустук сотуна шарттуу жаза мөөнөтүн кыскартуу үчүн кайрылганбыз. Бүгүн эртең менен сот болуп, судья менин кайрылуумду жактады. Эми Орусиянын мыйзамы боюнча 19-февралда боштондукка чыгам. «Ага чейин жөн жатпай иштеп тур» дешкен, азыр иштемин.

«Азаттык»: - Өкмөт үчүн кандай жумуштарды аткарып жаттыңыз?

Чыңгыз: - Нан чыгарган заводдо иштедим. Бул жердин жетекчилиги берген мүнөздөмөгө сот аябай маани берет экен. «Тартиптүү, эмгекчил жигит» деп аябай жакшы мүнөздөмө жазып беришти. Түзөтүү борборунун жетекчиси да жакшы мүнөздөмө берди.

«Азаттык»: - Үч жылга айдоочу болуп иштөөгө тыюу салынганы айтылды эле. Бул жагы кандай чечилди?

Чыңгыз: - Айдоочулук күбөлүгүмдү алышкан жок. Өз автоунаамды айдай алам. Бирок айдоочу катары иштегенге болбойт. «Орусиядан чыкпайсың, депортация же «кара тизме» сыяктуу сөздөр болбошу керек» деп айтышты.

«Азаттык»: - Түзөтүү борборунан чыккандан кийин эмне кылайын деп жатасыз?

Чыңгыз: - Москвага барып, түлөө өткөрөм. Элимдин дубасы, колдоосу менен бошодум деп ойлойм. Ошого ыраазычылык билдиришим керек. Өзүңөр билгендей, мен спортчумун. Кыргызстандын желегин көтөрөм. Иш тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Бирок жумушка чакыргандар бар. Келечегим алдыда. Буюрса, кыргыз элиме чоң кызмат көрсөтөм деген тилегим бар.

«Замандаш» партиясына да ыраазымын. Алар башынан аягына чейин жардам беришти. «Кыргызстанга учканда билетиңди алып беребиз» деп жатышат. Кыргыз өкмөтүнө да ыраазымын!

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, көчөдө бараткан кишилерди сүзүп кеткен. Кырсыктан жети киши анча оор эмес жараат алган.

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу суракта адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Ал ичкилик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан ыйлап кечирим сураган.

Былтыр октябрда Москванын Тверь соту Анарбек уулун 264-берене («Жолдо жүрүү жана транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу») менен бир жыл алты айга мажбурлатып иштетүү, ошондой эле андан 500 миң рубль айыппул өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG