Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Борбор Азия

Нааразылык акциясынын катышуучулары. 6-июль, 2021-жыл.
Нааразылык акциясынын катышуучулары. 6-июль, 2021-жыл.

Шейшембиде Алматыда казак бийлигине каршы митинг уюштурулду. Ага катышкандар азык-түлүктүн кымбатташына жана социалдык абалдын начарлашына бийликти күнөөлөп, өкмөттүн отставкасын талап кылышты.

6-июлда түшкө жакын Казакстанда расмий каттоодон өтпөгөн "Демокартиялык партиянын" тарапташтары Спорт ордосунун алдына митингге чыгышты.

Ал жерге оппозициячыл активист Жанболат Мамай баштаган элүүдөй киши жана ЖМК өкүлдөрү келишти. Мамай Спорт ордосунун жанындагы аялдамада туруп, Казакстандагы кымбатчылык жана жашоо-шарттын начарлашына казак бийлигиндеги Кытайдын таасири себеп болуп жатканын айтты.

"Казакстанда курула турган 56 кытай заводу Троян атына окшош. Булар Казакстанга экономикалык жана демографиялык коркунуч туудурат. Канча жарандарыбыз уурулуктун жана коррупциянын айынан жакырчылыкта жашап жатат? 2,5 миллион кишинин үйү жок. Тарыхтын таштанды челегине Назарбаевдин эстеликтерин эмес, анын кудуретин ыргыта турган мезгил келди", - деди Жанболат Мамай.

Жанболот Мамай жана анын тарапташтары. Алматы, 6-июль, 2021-жыл.
Жанболот Мамай жана анын тарапташтары. Алматы, 6-июль, 2021-жыл.

Анын Нурсултан Назарбаевдин атын атаганынын жөнү бар. Анткени 6-июлда 81 жашка толгон Нурсултан Назарбаев өзү быйылкы туулган күнү юбилейлик дата болбогондуктан өзгөчө шаан-шөкөт менен белгилебей турганын билдирген. Бирок ага карабастан Казакстандын бир катар шаарларында анын урматына жаңы эстеликтер ачылды.

Шейшембиде Нур-Султан шаарында мэриянын алдында Нурсултан Назарбаевге тургузулган эстеликти азыркы президент Касым-Жомарт Токаев өзү ачты. Ал эстеликти ачуу аземинде Казакстандын бүгүнкү жетишкендиктеринин бардыгы биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин эмгеги экенин белгиледи.

Ал эми ошол эле күнү митингге чыккан казакстандыктар болсо "Баалар асманга көтөрүлдү, эмне үчүн киреше өспөйт? Назарбаев кет!", "Баалар кымбат, өкмөт отставкага кетиши керек!" жана башка плакаттарды кармап кыйкырып турушту.

Алматы, 6-июль, 2021-жыл.
Алматы, 6-июль, 2021-жыл.

Көп өтпөй митингчилерге жергиликтүү акимчиликтин өкүлү келип, бул жыйын "мыйзамсыз" экенин билдирген. Чогулгандар буга нааразы болуп, активист Жанболат Мамай аларды митингдин ордуна жөө жүрүш өткөрүүгө чакырган.

Бирок алардын көпчүлүгүнө бөгөт коюу үчүн казак полициясы "кеттлинг" ыкмасын колдонуп, жыйындын 100дөй катышуучусун чар тарабынан тороп, плакаттарын тартып алышты.

Алматы, 6-июль, 2021-жыл.
Алматы, 6-июль, 2021-жыл.


Полициянын курчоосунда калгандардын айрымдары тебелендиде жараат алганын билдиришти. Тез жардам кызматкерлери жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүштү.

Активист Даная Калиева. Алматы, 6-июль, 2021-жыл.
Активист Даная Калиева. Алматы, 6-июль, 2021-жыл.

Митингге келген активист Абзал Достияров премьер-министр Аскар Маминдин өкмөтүн сынга алып, "саясий жоопкерчилик Назарбаев менен Токаевге жүктөлгөн" деп билдирди.

Активист Айгерим Тлеужан болсо "Назарбаев системасынын жемкорлугунан улам Казакстан Кытайдын колониясына айланып баратат. Эгер ушундай улана берсе, биз алардын провинцияларынын бири болуп калабыз. Өлкөдө Кытайсыз эле завод жана ишкана ачсак болот" деди.

Ошондой эле, 6-июлда бийликке каршы дагы бир нааразылык акциясына чыгууга чакырыктар болгон. Аны бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов уюштурган.

6-июль күнү кечинде Мухтар Аблязов "акыркы 30 жыл" урааны астында демонстрация өткөрүп, элди "өлкөдөгү абсурд саясий жана экономикалык кырдаалды шылдыңдоого" үндөгөн. Расмий Нур-Султан Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын ишине өлкөдө тыюу салган. Казак бийлиги бул уюмдун айрым мүчөлөрүн куугунтукка алып, сот жообуна тарткан.

Анткен менен Европарламент быйыл 11-февралда Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алган. Анда Казакстанда саясий негиздеги иштерди кыскартып, оппозиция өкүлдөрүнө карата куугунтуктарды токтотуу чакырыгы камтылган. Бирок расмий Нур-Султан өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

Ал ортодо оппозициячыл активисттердин айтымында, быйыл 6-июлдун алдында Казакстандын ар кайсы аймактарында активисттер камакка алынып, саясий куугунтук күч алган. Жергиликтүү укук коргоочулар Нур-Султан, Алматы, Орол жана Чымкент шаарларында ондогон активисттер камакка алынып, айып пул салынганын билдиришкен.

Ооганстандагы "Талибанга" каршы чыккан жергиликтүү аялдар.
Ооганстандагы "Талибанга" каршы чыккан жергиликтүү аялдар.

Тажикстан кошумча 20 миң аскер менен ооган-тажик чек арасын бекемдейт. Мындай чара “Талибандын” Ооганстандын түндүгүндө чабуулдарын күчөтүп, улам бир районду ээлеп жатканына байланыштуу көрүлүп жатат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды. Мындай талапты Рахмон 5-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коргоо министрине койду. Чек араны бекемдөө зарылчылыгы Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам жаралганы айтылууда.

Тажик бийлиги жалпы узундугу 1 357 чакырымды түзгөн тажик-ооган чек арасынын үчтөн экиси талибдердин колуна өткөнүн кабарлап жатат. 5-июлда өлкөнүн Чек ара кызматы “Талибандын” жоочулары чектеш Бадахшан дубанындагы бир нече районду ээлеп алганын жарыялады. Бул күнү талибдер менен салгылыштан соң 1000дей ооган жоокери Тжикстанга кире качканы белгилүү болду. Буга чейин да жүздөгөн өкмөттүк аскерлер коңшу өлкөгө башкалка издеп, өтүп жаткан. Бирок миңдей аскер бир мезгилде кире качкан учур каттала элек болчу.

Расмий Дүйшөмбү ооган тараптан качкындардын саны көбөйөт деп божомолдоп жатат. Ал эми өтө качкан аскерлерге тамак-аш, баш калка кылчу жай берилгени кабарланды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганын мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. 4-июлда Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен чек арадагы тынчсыздандырган жагдайды талкуулаган.

Акыркы сүйлөшүүдө орус президенти Владимир Путин тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту кайтарууда эки тараптуу жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында сөзсүз жардам берилет деп ишендиргени маалымдалды. Тажикстандын аймагында Орусиянын аскер базасы жайгашкан.

Ооганстан: өкмөт курал берген кошуун талибдерге кошулду

“Азаттыктын” ооган кызматынын кабарлашынча, Тажикстан менен чектеш Бадахшан провинциясында 28 райондун экөө гана өкмөттүн колунда, калганын талибдер басып алган. Согушкерлер Бадахшандын борбору Файзабад калаасын курчап турат.

Ооган бийлиги өкмөттүк күчтөр жакынкы мезгилде түндүктөгү аймактардагы контрчабуулду уюштуруп, талибдерге алдырып жиберген аймактарды кайтарууну убада кылып келет. Өлкөнүн ички иштер министри генерал Абдул Сатар Мирзаквал буларды билдирген:

“Биз коргонуу абалындабыз. Жакынкы арада чабуул жасайбыз. Биздин аба күчтөрүбүздүн кубаты артып бара жатат, жабдыктар жаңыланууда. Жакында чабуулга өтөбүз”.

Мындай маалыматты учурда Москвада орус бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп жүргөн Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб да ырастап, өкмөттүк күчтөр талибдердин мындай чабуулун күтпөгөнүн, бирок сөзсүз аларды кайтарарын билдирди.

Ооганстандын түндүгүндөгү көп аймактар эч кандай каршылыксыз эле жоочулардын карамагына өткөндөй. Өкмөттүк аскерлердин ындыны өчүп, курал-жарак, ок-дарысыз калган.

Бадахшан аймагынын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Мохиб-уль Рахман “Тилекке каршы, көпчүлүк аймактар талибдерге эч каршылыксыз эле өткөрүлдү” деп айтты.

Ал эми Тажикстанга кире качкан Ооган Чек ара кызматынын чалгын тобунун башчысы Мухаммадзохир Сафарали “Азаттыктын” тажик кызматына “Бизди сатып кетишкени үчүн чегинүүгө аргасыз болдук. Талибдерге каршы турган элдик кошуундардын мүчөлөрү сатып кетишти. Алар өкмөттөн курал-жарак алышкан. Бирок акыркы учурда талибдерге өтүп кетишти. Ошондуктан, биздин талибдер менен салгылашууга күчүбүз жетпей калды” деп түшүндүрдү.

Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Андан бери талибдер өз чабуулдарын күчөттү. Жакынкы жумаларда Вашингтон калган аскерлеринин бардыгын чыгарып кетүүнү көздөп жаткан маалда Батыштын колдоосуна ээ Кабулдагы өкмөттүн кулап калуу коркунучу күчөп барат.

2-июлда АКШнын Ооганстандагы эң ири аскердик базасы Баграмдан бардык эл аралык күчтөр чыгарылганы кабарланды.

Германия эки миңден ашык ооганга виза берет

Германиянын өкмөтү Ооганстандагы немис аскерлерине жардам көрсөтүп, бирок азыр талибдердин кол салуу коркунучунан улам коргоого муктаж ооган жарандарын өз карамагына алды.

Немис аскерлеринин контингенти 29-июнда Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда өлкөнүн көпчүлүк райондорун "Талибан" кыймылы басып алууда. Буга чейин эл аралык аскер базаларында түрдүү кызматтарда иштеген жергиликтүү ооган тургундары коркунучка дуушар болгону кабарланган.

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр буга чейин немис аскерлерине көмөк көрсөтүп, кызматташып келген жергиликтүү тургандардын алдында милдеттүү экенин айткан болчу.

Германия аскерлерин Ооганстандан чыгаруунун алдында 446 жергиликтүү кызматкерге жана алардын жакындарына – жалпысынан 2 250 адамга жолго чыгууга тиешелүү документтер тапшырылган. Бул тууралуу Германиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Дэвид Хелмбольд 5-июнда билдирген.

Маалыматка караганда, мурда берилген арыздардын арасынан бир нечеси каралбай туруп калган. Соңку күндөрү алар да канааттандырылып, жалпысынан 2400 адамга виза берилген. Виза алгандардын баары эле өлкөдөн тез арада чыгып кетүүнү каалаган эмес.

“Жергиликтүү жардамчылардын көбү Ооганстанда узакка калууну каалай турганын айтышып, бирок кырдаал кескин курчуп кетсе, өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну суранышты”, – деди Дэвид Хелмбольд.

Ооганстандагы немис аскер бөлүгүндө жергиликтүү тургундар котормочулук, тейлөө жана башка кызматтарды көрсөтүп келишкен.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн арасында Германиянын аскердик контингенти саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда болчу.

Вашингтон өткөн аптада Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бийлигине кайрылып, эл аралык күчтөр менен кызматташкан 9 миңге чукул жергиликтүү жаранды убактылуу жайгаштырып турууну суранган. Аларга документтер даярдалып, АКШга жана Европага туруктуу жашоосун камсыздоо маселеси каралып жатканы айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG